Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кантип кабар айтам?

Кантип кабар айтам?

Кантип кабар айтам?

Дүйнө жүзүндө олуттуу оорусуна карабай, кабар айтуу ишине туруктуулук менен катышып, бизге мыкты үлгү көрсөтүп жаткан бир туугандарыбыз арбын. Ошондой ишенимдештерибиздин бири — Литванын борбор шаары Вильнюста жашаган Далия.

Азыр отуздан ашып калган Далия бир тууганыбыз катуу оорудан азап чегип келет. Ал төрөлгөндө эле мээсине кан куюлуп, шал болуп калган жана сүйлөө жөндөмүнө доо кеткен. Ошондуктан анын сүйлөгөнүн үйүндөгүлөрү эле түшүнө алат. Апасы Галина дайыма анын жанында болуп, ага кам көрөт. Оорусунан улам жан дүйнөсү уйгу-туйгу болуп, көп азап тартса да, Далия ындынын өчүрбөйт. Ага эмне жардам берет?

Галина мындай дейт: «1999-жылы биздикине Аполония деген тууганыбыз келип калды. Ал Жахабанын Күбөсү болчу. Биз анын Ыйык Китепти аябай жакшы билерин байкадык. Далия ага көп суроолорду бергендиктен, көп өтпөй Аполония аны менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Далиянын айткандарын түшүндүрүп бериш үчүн мен да анда-санда алардын изилдөөсүнө катышып калчумун. Бирок кызыма Ыйык Китептен билгендери аябай жакшы таасир этип жатканын байкап, бир нече убактан кийин өзүм да изилдөөгө макул болдум».

Далия Ыйык Китептеги чындыктарды тереңирээк түшүнгөн сайын, анын жүрөгүн бир суроо өйүй баштады. Акыры, ал бир күнү Аполониядан: «Мага окшогон шал оорулуу кантип кабар айта алат?» — деп сурады (Мт. 28:19, 20). Аполония ага жылуу-жумшак: «Коркпо. Жахаба сага жардам берет» — деп, аны жубатты. Жахаба, чынында эле, Далияга жардам берип келет.

Далия кантип кабар айтат? Ар кандай жолдор менен. Алсак, ишенимдеш эже-карындаштар ага жакшы кабар камтылган каттарды даярдоого жардам беришет. Адегенде Далия аларга өзүнүн ойлорун айтып берет, алар болсо анын ойлорун кагаз бетине түшүрүшөт. Мындан тышкары, Далия чөнтөк телефону аркылуу кат жазат. Ал эми аба ырайы жакшы болгондо, жыйналыштагы бир туугандар аны сейил бактарда, көчөдө кабар айтканы алып чыгышат.

Убакыттын өтүшү менен Далия менен апасы рухий жактан өсүп, экөө тең өздөрүн Жахабага арнап, 2004-жылдын ноябрь айында чөмүлтүлүшкөн. 2008-жылы сентябрда Вильнюста поляк тилинде топ уюштурулган. Ал топто Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык чоң болгондуктан, Далия апасы менен ошол топко которулган. Ал мындай дейт: «Кээ бир айларда кабарга чыга элегиме тынчсызданып, Жахабага тиленчүмүн. Ошондон көп өтпөй кимдир бирөө мени менен кабарга жазылчу». Далия өзүнүн жагдай-шартына кандай карайт? Ал: «Дартым дене мүчөлөрүмдү шал кылса да, акылымды „шал“ кыла алган жок. Мен башкаларга Жахаба жөнүндө айта алганым үчүн өзүмдү аябай бактылуу сезем!» — дейт.