Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде изилдөөң жемиштүү болуп, көбүрөөк ырахат тартуулайт?

Канткенде изилдөөң жемиштүү болуп, көбүрөөк ырахат тартуулайт?

Канткенде изилдөөң жемиштүү болуп, көбүрөөк ырахат тартуулайт?

Канткенде Ыйык Китепти изилдөөдөн көбүрөөк ырахат ала алабыз? Изилдөөбүз жемиштүү болушу үчүн, эмне кылсак болот? Кел анда, Ыйык Жазманы өз алдынча изилдөөдөн көбүрөөк пайда алышыбызга жардам бере турган үч маанилүү кадамды кыскача карап чыгалы.

1 ТИЛЕНҮҮ. Биринчи кадам — тиленүү (Заб. 42:8). Эмне үчүн тиленишибиз керек? Кудайдын Сөзүн изилдөө сыйынуубуздун бир бөлүгү экенин унутпашыбыз зарыл. Андыктан Жахабадан акылыбызды ойготушун жана ыйык рухун беришин сураганыбыз маанилүү (Лк. 11:13). Көп жылдан бери миссионер болуп кызмат кылып келаткан Барбара деген ишенимдешибиз: «Мен Ыйык Китепти окуурдун же изилдээрдин алдында дайыма тиленем. Ошондо Жахабанын мени менен экенин жана изилдеп жатканыма ыраазы болуп жатканын сезем»,— дейт. Ооба, изилдээрдин алдында тиленүү, алдыбызда турган мол рухий тамактан толук пайда алышыбыз үчүн, акылыбыз менен жүрөгүбүздү ачат.

2 ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ. Убактысы тар болгондуктан, айрымдар Кудайдын Сөзүн үстүртөн эле окуп коюшат. Ушундан улам алар Ыйык Китепти изилдөөдөн толук пайда албай калышат. Жахабага 50 жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келаткан Карлос деген бир тууганыбыз, изилдөөсү жемиштүүрөөк болушу үчүн, ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнү маанилүү экенин түшүнгөн. Ал: «Азыр мен Ыйык Китептен мурункуга караганда азыраак бет, күн сайын эки беттей, окуйм. Анан маанилүү ойлорду сиңирүү үчүн окугандарымдын үстүнөн ой жүгүртүүгө көбүрөөк убакыт арнайм»,— деп бөлүшөт (Заб. 77:12). Арийне, ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү Кудайдын эркин так таанып-билишибизге, аны тереңирээк түшүнүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Кол. 1:9—11).

3 ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОНУУ. Кайсы бир иштин бизге пайда алып келип жатканын көргөндө аны ого бетер баалап калабыз. Ыйык Китепти изилдөө тууралуу да ушуну айтууга болот. Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөнү адатка айлантып алган Габриэл деген жаш бир тууганыбыз: «Изилдөө мага күндөлүк жашоомдогу кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жана башкаларга көмөк көрсөтүүгө даяр болууга жардам берет»,— дейт. Анан: «Билгендеримдин баарын жашоомдо колдонууга аракет кылам»,— деп кошумчалайт (Мыйз. 11:18; Жаш. 1:8). Ырас, Ыйык Китепте биз дилибизге сиңирип, жашообузда колдоно турган баа жеткис билимдин кени катылган (Накыл 2:1—5).

КАЙТАЛОО. Бардык акылмандыктын Булагы Жахаба берген билимди казып изилдөө биз үчүн зор сыймык! (Рим. 11:33). Андыктан кийинки жолу Ыйык Китепти изилдээрдин алдында алгач Жахабага тиленип, акылыңды ойготушун жана ыйык рухун беришин суран. Анан изилдеп жатканда мезгил-мезгили менен тыным жасап, окугандарыңдын үстүнөн ой жүгүрт. Бирок ушуну менен эле чектелбе, билгендериңди иш жүзүндө колдонууга аракет кыл. Эгер ушул маанилүү кадамдарды жасасаң, Ыйык Китепти изилдөөң жемиштүү болуп, көбүрөөк ырахат тартуулайт.