Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Армагедон деген чынында эмне?

Армагедон деген чынында эмне?

Армагедон деген чынында эмне?

«Алар [жиндер]... бүт дүйнөнүн падышаларына барып,.. падышаларды еврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту» (АЯН 16:14, 16).

АРМАГЕДОН же «Хар-Магедон» деген сөз жердин атын билдирет. Бирок дүйнө жүзүндө ошентип аталган жер жок деп ойлошубуз мүмкүн.

Анда «Армагедон» деген эмне? Ал сөздү укканда эмне үчүн согушту же ушу сыяктуу жаман нерселерди элестетебиз?

«Армагедон деп аталган жерге чогулушту»

«Хар-Магедон» деген еврей сөзүн түзмө-түз которгондо «Мегидо тоосу» дегенди билдирет. Учурда андай тоо жок болсо да, Мегидо деп белгилүү болгон жер бар. Ал жер согуш жүргүзүүгө ыңгайлуу жерде, байыркы ысрайыл эли отурукташкан аймактын түндүк-батышында, эки чоң жолдун кесилишинде жайгашкан. Ага жакын жерде мааниси зор, көптөгөн айыгышкан салгылашуулар болгон. Мына ошондуктан Мегидо тоосу деген сөз согушка байланыштуу болуп калган *.

Бирок Мегидодо кандай согуштар болгону эмес, ал согуштардын эмне үчүн болгону көңүлгө аларлык. Мегидо Жахаба Кудай ысрайылдыктарга мураска берген жерде жайгашкан болчу (Чыгуу 33:1; Жашыя 12:7, 21). Кудай ысрайыл элине аларга каршы чыккан душмандардан коргой турганын убадалаган жана убадасына туруп, аларды коргогон (Мыйзам 6:18, 19). Мисалы, ал Мегидодо өзүнүн элин канаандыктардын падышасы Жабин менен анын аскер башчысы Сисеранын колунан кереметтүү жол менен куткарган (Бийлер 4:14—16).

Ушул себептен улам «Хар-Магедон», башкача айтканда, «Армагедон» деген сөз каймана мааниге ээ. Ал белгилүү бир жерди эмес, эки тараптын бири-бири менен согушканын билдирет.

Аян китебинде айтылгандай, Шайтан менен анын жин-перилери жакында жер жүзүндөгү өкмөттөрдү Кудайга каршы чыгууга тукурушат. Ошентүү менен алар Кудайдын элине жана алар жүргүзүп жаткан ишке каршы чыгышат. Ал согушта Кудайга каршы чыккан миллиондогон адамдар жок кылынат (Аян 19:11—18).

«Ырайымдуу, кайрымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү» чексиз Кудай эмне үчүн миллиондогондорду жок кылат? (Некемия 9:17). Буга жооп алыш үчүн төмөндөгү үч суроого токтолобуз: 1) согушту ким баштайт? 2) Кудай эмне үчүн кийлигишет? 3) Согуштун жыйынтыгы кандай болот?

1. СОГУШТУ КИМ БАШТАЙТ?

Армагедон согушун Кудай баштабайт. Ал тек гана жакшы адамдарды аларды жок кылгысы келгендерден коргойт. Армагедон согушун «бүт дүйнөнүн падышалары» баштайт. Ага эмне себеп болот? Шайтан Жахаба Кудайга кызмат кылган элди жок кылыш үчүн дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдү, аскер күчтөрүн колдонуп, аларга кол салат (Аян 16:13, 14; 19:17, 18).

Учурда айрым өлкөлөрдө адамдар сөз эркиндигине, дин тутуу эркиндигине ээ болгондуктан, өкмөттөрдүн дин тутууга кандайдыр бир чектөөлөрдү коёру, атүгүл диндерди толугу менен жаап салары мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Бирок мындай көрүнүштөр 20-кылымда болгон, учурда да болуп жатат *. Ошентсе да динди жок кылууга карата кылынган буга чейинки аракеттер менен Армагедондун алдында кылына турган аракеттердин айырмасы абдан чоң болот. Биринчиден, андай иш-аракеттер дүйнө жүзү боюнча кылынат. Экинчиден, ошол учурда Жахаба Кудай буга чейин болуп көрбөгөн иштерди кылат (Жеремия 25:32, 33). Ыйык Китепте ал «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» деп аталат.

2. КУДАЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КИЙЛИГИШЕТ?

Жахаба Кудай элин башкалар менен тынчтыкта болууга, душмандарын сүйүүгө үйрөтүп келет (Микей 4:1—3; Матай 5:43, 44; 26:52). Ошондуктан бийликтегилер Кудайдын элине кол салганда, алар өзүлөрүн коргош үчүн колуна курал алып согушпайт. Эгер Кудай аларды коргош үчүн чара көрбөсө, душмандары аларды тукум курут кылып салышмак. Жахаба Кудайга да сөз тиймек. Душмандар Кудайдын элин жок кылып салышса, Кудай өз элин сүйбөгөн, адилетсиз, өзүнүн элин коргой албаган Кудай болуп калмак. Бирок мындай болушу мүмкүн эмес! (Забур 37:28, 29).

Кудай эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан жакында эмне кыларын адамдарга эскертип жатат (2 Петир 3:9). Ал байыркы убакта анын элине кол салгандарды жок кылганы тууралуу Ыйык Китепке жаздырып койгон (2 Падышалар 19:35). Ошондой эле Шайтан жана анын кол алдындагы адамдар Жахабанын элине каршы көтөрүлүп, кол салганда, ал өзүнүн элин коргоп, душмандардын мизин кайтарарын убадалаган. Ырас, Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын ыймансыз адамдарды биротоло жок кылары илгери эле айтылган (Накыл сөздөр 2:21, 22; 2 Тесалоникалыктар 1:6—9). Кудайдын элине кол салгандар Армагедон согушунда Ааламдын Эгедеринин өзүнө каршы чыкканын түшүнөрү шексиз (Жезекиел 38:21—23).

3. СОГУШТУН ЖЫЙЫНТЫГЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Армагедон согушунда Кудай миллиондогон адамдарды аман алып калат. Ошондон тартып жер жүзүндө тынчтык орноп, бейкут заман болот (Аян 21:3, 4).

Ыйык Китептин акыркы китебинде Армагедондон сан жетпеген, «эбегейсиз көп» адамдардын аман калары айтылган (Аян 7:9, 14). Жахаба Кудайдын жетекчилиги алдында алар жерди, Кудайдын баштапкы ой-ниетине ылайык, бейишке айлантышат.

Душмандар Кудайдын элине качан кол салат?

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Бир жердин аты согушка байланыштуу болгону өөн деле нерсе эмес. Мисалы, атом бомбасынан талкаланган Жапониянын Хиросима деген шаары жөнүндө укканда оюбузга шак эле атомдук согуш келет.

^ 13-абз. Буга бийлик башындагылардын кайсы бир динди туткандарды жана бүтүндөй улутту тукум курут кылууга (Холокост) аракет кылганы мисал боло алат. Советтер Союзунун маалында СССРдин карамагына кирген мамлекеттерде динге ишенген адамдар бийликтегилер тарабынан катуу кысымга алынып, куугунтукталган. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» (ор.) журналынын 2011-жылдын 1-майындагы санына чыккан «Тынчтыкты сүйгөн эл өз ысымын коргойт» деген макаланы карагыла.

[6-беттеги сүрөт]

Байыркы учурда Кудай өз элин коргогон

[7-беттеги сүрөт]

Кудай өз элин Армагедондо да коргойт