Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбардын күндөрүндө киши өлгөндө чоор тартылчу беле?

Ыйык Китепте майрам күндөрү чоор тартылганы тууралуу жазылган (1 Падышалар 1:40; Ышая 5:12; 30:29). Ошондой эле киши өлгөндө да чоор тартылганы жөнүндө билдирүүлөр бар. Ошол билдирүүлөрдөн музыкалык аспаптардын ичинен чоор тууралуу гана айтылганын окуй алабыз. Матай жазган Инжилде жүйүт башкаруучусунун Иса пайгамбардан өлүм алдында жаткан кызын айыктырып беришин суранганы айтылат. Иса пайгамбар анын үйүнө келгенде, кыз өлүп, чоорчулардын «кайгылуу күүлөрдү ойноп жатканын» жана элдин чуру-чуу түшкөнүн көргөн (Матай 9:18, 23).

Матай жазган Инжилдеги ушул каада-салт тууралуу билдирүү так деп айтууга болобу? Уильям Баркли деген бир котормочу: «Байыркы учурда Римде, Грецияда, Финикияда, Ашурда (Ассирияда) жана Палестинада киши өлгөндө же кандайдыр бир кайгылуу окуя болгондо чоордун сыбызгып чыккан үнү угулуп турчу»,— дейт. Талмудда (түшүндүрмөлөр менен коштолгон оозеки мыйзамдардын жыйнагында) жазылгандарга ылайык, б.з. 1-кылымында атүгүл эң жакыр жашаган жүйүт да аялынан айрылганда, эки чоорчу жана кошокчу аял жалдачу. 1-кылымда жашаган тарыхчы Иосиф Флавийдин жазгандарына ылайык, римдиктер б.з. 67-жылы Галилеядагы Жотапатаны басып алып, тургундарын кырып таштаган. Бул жөнүндө Иерусалимге кабар келгенде, ал жердин тургундары өлгөн жакындарын жоктоп ыйлап, чоорчуларды жалдашкан.

Иса пайгамбар менен кошо устунга кадалган кылмышкерлер кандай кылмыш кылышкан?

Ал кылмышкерлер Ыйык Китепте «каракчылар» деп аталат (Матай 27:38; Марк 15:27). Ыйык Китептеги сөздөрдү түшүндүргөн сөздүктөрдүн айрымдарынан ар кандай кылмышты бири-биринен айырмалоо үчүн Ыйык Китепте ар башка сөздөрдүн колдонулганын билүүгө болот. Алсак, клептес деген грек сөзү жашырынып иш кылган ууруга карата айтылат. Бул сөз Иса пайгамбардын шакирттеринин акча салган кутусунан акча уурдап жүргөн Жүйүт Искариотко карата колдонулган (Жакан 12:6). Ал эми лестес деген сөз, көбүнесе, бирөөнүн бир нерсесин күч колдонуп тартып алган, козголоң чыгарган жана төңкөрүшкө катышкан, атүгүл бирөөнүн өмүрүн кыйган кишиге карата айтылат. Иса пайгамбар менен бирге жазага тартылгандар ушундай кылмышкерлер болушкан. Чынында эле, Ыйык Китептен алардын биринин: «Кылган иштерибизге жараша жазаланып жатабыз»,— дегенин окуйбуз (Лука 23:41). Бул сөздөрдөн алардын каракчы болгондон тышкары, дагы башка көп жаман иштерди кылганын биле алабыз.

Лестес деген сөз жогорудагы эки каракчыга карата колдонулгандай эле, Барабага карата да колдонулган (Жакан 18:40). Лука жазган Инжилдин 23-бөлүмүнүн 19-аятында Барабанын «козголоңго катышып, киши өлтүргөндүктөн түрмөгө камалганы» айтылат. Мындан анын жөн эле каракчы болбогону көрүнүп турат.

Демек, Иса пайгамбар менен бирге жазаланган кылмышкерлер талап-тоноо ишине катышкандан сырткары, козголоң чыгарышкан, атүгүл киши өлтүрүшкөн деп божомолдоого болот. Кандай болбосун, рим башкаруучусу Понтий Пилат аларды жаза устунуна кадатууну туура тапкан.