Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы убактагы жашоо. Музыкалык аспаптар

Байыркы убактагы жашоо. Музыкалык аспаптар

Байыркы убактагы жашоо. Музыкалык аспаптар

«[Кудайды] мүйүз сурнай тартып даңктагыла, кыл аспап, арфа чертип даңктагыла. Дап кагып, тегерене бийлеп даңктагыла, кыл аспап чертип, чоор тартып даңктагыла. Мукам үндүү жез табак кагып даңктагыла, даңгырата жез табак кагып даңктагыла» (ЗАБУР 150:3—5).

МУЗЫКА жана Кудайды даңктап ырдоо таза сыйынууда байыркы убактан бери эле маанилүү орунду ээлеп келген. Мисалы, Кудай ысрайыл элин Мисир кулчулугунан бошотуп, Кызыл деңиз аркылуу алып өткөндө, Муса пайгамбардын эжеси Мириям жана башка көптөгөн аялдар жеңиш ырын ырдап, дап кагып бийлешкен. Алар аркасынан калбай кууп келе жаткан мисирликтердин колунан жаңы эле кутулган болчу. Ошого карабай ысрайылдык аялдар дароо эле колдоруна музыкалык аспаптарды алып, ырдай башташкан. Мындан көрүнүп тургандай, ысрайыл элинин жашоосунда музыка чоң роль ойногон (Чыгуу 15:20). Кийинчерээк Дөөтү пайгамбар да ар кандай аспаптарда ойногон миңдеген өнөрпоздорду жыйын чатырында Кудайды даңктап кызмат кылууга дайындаган. Кийин уулу Сулайман пайгамбар курган ибадатканада да ырчылар Кудайды даңктап ырдашчу (1 Жылнаама 23:5).

Ал аспаптар эмнеден жасалган? Алар кандай эле? Алардын үндөрү кандай болгон? Ал аспаптарды качан колдонушкан?

Музыкалык аспаптардын түрлөрү

Ыйык Китепте сөз кылынган музыкалык аспаптар сапаттуу жыгачтан, темирден, жаныбарлардын терисинен, сөөгүнөн, айрымдары пилдин сөөгүнөн жасалчу. Ал эми аспаптардын кылдарын жаныбарлардын ичегисинен же өсүмдүктөрдүн буласынан жасашчу. Байыркы убактагы аспаптар сакталып калбаса да, алардын сүрөттөрү табылган.

Байыркы убактагы музыкалык аспаптарды үч түргө бөлсө болот. Биринчиси — кыл аспаптар: арфа же лира (1), дутар (үч кылдуу аспап) (2). Экинчиси — үйлөмө аспаптар: мүйүз сурнай же мүйүз керней (3), сурнай (4), мукам үндүү сыбызгы же чоор (5). Үчүнчүсү — урма аспаптар: дап (6), шылдырак (7), жез табак (8) жана жылаажын (9). Ушул аспаптардын коштоосунда эл бийлеп, ырдап көңүл аччу (1 Шемуел 18:6, 7). Мындан да маанилүүсү, аспаптар музыка жаратуу шыгын берген Кудайды даңктоодо колдонулчу (1 Жылнаама 15:16). Келгиле анда, аспаптардын ушул түрлөрүнө кененирээк токтололу.

Кыл аспаптар. Арфа менен лиранын кылдары жыгачка керилип жасалчу, алар абдан жеңил, көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу болчу. Дөөтү пайгамбар ачуулуу Шабул падышанын көңүлүн тынчытыш үчүн ага ушул сыяктуу кыл аспаптарды чертип берчү (1 Шемуел 16:23). Кыл аспаптар башка аспаптардын коштоосунда Сулайман пайгамбар Кудайга сыйынуу үчүн курган ибадаткананын арноо аземинде жана башка салтанаттуу майрамдарда чертилген (2 Жылнаама 5:12; 9:11).

Дутар, арфа сыяктуу эле, жыгачтан жасалган, бирок түзүлүшү башкача аспап болгон. Анын кылдары мойнунан тулкусунун этек жагына чейин керилип тартылган. Ал эми дутардын көңдөйү анын үнүн катуураак чыгарып турган. Анын үнү азыркы гитаранын үнүнө окшош болгон. Кылдары өсүмдүктөрдүн буласынан же жаныбарлардын ичегисинен чыйратылып жасалчу.

Үйлөмө аспаптар. Ыйык Китепте үйлөмө аспаптар жөнүндө көп жолу айтылат. Алардын бири — мүйүз керней. Аны шофар деп да аташчу. Мүйүз кернейди кочкордун мүйүзүнөн жасаша турган. Мүйүз кернейден кулак тундурган катуу үн чыкчу. Кудайдын эли урууларды согушка чогултарда жана элге иш-аракет кылганга белги бериш үчүн мүйүз керней тартышчу (Бийлер 3:27; 7:22).

Үйлөмө аспаптардын дагы бири темирден жасалган сурнай болгон. Окумуштуулар Жансыз деңиз түрмөктөрүндө жазылгандардан өнөрпоздордун сурнайды ар кандай кылып тартышканын аныкташкан. Жахаба Кудай Муса пайгамбарга элге көрсөтмө бергенде колдонуш үчүн эки күмүш сурнай жасоону буйруган (Сандар 10:2—7). Ошондон бир нече кылым өткөндөн кийин Сулайман пайгамбар курган ибадаткананын арноо аземинде 120 сурнайчы башка аспаптарды черткен ырчылар менен бирге сурнай тартып турушкан (2 Жылнаама 5:12, 13). Кол өнөрчүлөр ар кандай узундуктагы сурнайларды жасашчу. Айрымдарынын узундугу 91 сантиметрге чейин жетчү.

Ысрайыл эли үйлөмө аспаптардын ичинен, айрыкча, үнү сыбызгып чыккан чоорду жакшы көрүшчү. Анын мукам үнү ысрайылдыктар туугандары менен чогулганда, тойлордо, үйлөнүү үлпөттөрүндө элдин көңүлүн көтөргөнү күмөнсүз (1 Падышалар 1:40; Ышая 30:29). Ошондой эле алар киши өлгөндө да чоор тартышчу. Анткени чоор тартуу, ырдоо сөөк коюу каадасынын ажырагыс бөлүгү болгон (Матай 9:23). (14-бетти карагыла.)

Урма аспаптар. Ысрайылдыктар майрамдарда түрдүү урма аспаптарды колдонушчу. Алардын үнү угуп тургандардын жүрөгүн өрөпкүтүп, күчтүү сезимдерди пайда кылчу. Дап тегерек жыгачка жаныбардын териси керилип жасалган аспап болгон. Аны колго кармап алып же бийлеп жатканда кагышчу. Даптын үнү барабандыкына окшош болгон жана аны силкилдете какканда, тегерете бекитилген жылаажындардан шыңгыраган үндөр чыгып турган.

Урма аспаптардын дагы бири — шылдырак. Ал сүйрүрөөк келген, кармагычы бар темир аспап болгон. Анын капталдарынан темир дисктер илинген шиштер чыгып турган. Аны силкилдеткенде, шылдыраган үн чыга турган.

Коло табактарды бири-бирине кагыштырганда, кулак тундурган катуу үн чыкчу. Анын эки түрү болгон. Чоңун бири-бирине катуу кагыштыра чабышчу. Ал эми кичинекейин эки манжага кийип алып кагыштырышчу. Чоңунан абдан катуу, кичинекейинен акырыныраак үн чыкчу (Забур 150:5).

Биздин күндөрдө

Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынуу үчүн чогулганда жолугушууларынын башында жана аягында Кудайды даңктап ырдашат. Ал эми чоң жыйындарында ар кандай аспаптарда, анын ичинде азыркы учурдагы кыл аспап, үйлөмө аспап, урма аспаптардын коштоосунда аткарган оркестрдин музыкасы коюлат.

Жахабанын Күбөлөрү байыркы учурда жана 1-кылымда жашаган Кудайдын кызматчыларындай болуп, Кудайды даңктап ырдашат (Эфестиктер 5:19). Аларга музыка менен ырды айкалыштырып Кудайды даңктоо зор кубаныч тартуулайт.

[23-беттеги сүрөт]

(Аспаптардын чоңдугу сүрөттө көрсөтүлгөндөй эмес)

(Адабиятты кара)