Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кайраттуу, бекем бол»

«Кайраттуу, бекем бол»

«Кайраттуу, бекем бол»

«Кайраттуу, бекем бол... Жахаба Кудайың сени менен болот» (ЖАШ. 1:7—9).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Энох менен Нух кантип кайраттуулук көрсөтүшкөн?

Байыркы учурдагы кээ бир аялдар ишеним жана кайраттуулук көрсөтүү жагынан кандай үлгү калтырышкан?

Сени кайсы кайраттуу жаштардын үлгүсү таасирлентет?

1, 2. а) Кээде күнүмдүк турмушта туура иштерди кылуу үчүн эмне талап кылынат? б) Азыр эмне тууралуу изилдейбиз?

КАЙРАТТУУЛУК — коркоктуктун, чечкинсиздиктин, жүрөксүздүктүн карама-каршысы. Адатта, кайраттуу киши дегенде күчтүү, тайманбас, эр жүрөк кишини элестетебиз. Анткен менен күнүмдүк турмушта дайыма туура иш кылуу үчүн да кээде кайраттуулук талап кылынат.

2 Ыйык Китепте айтылып өткөн айрым кишилер тайгак кечүү, тар жолдо турганда да эр жүрөктүк көрсөтүшкөн. Башкалары болсо Жахабанын кызматчылары көп кабылган жагдайларда кайраттуу болушкан. Алардан эмнеге үйрөнсөк болот? Бизге кайраттуу болууга эмне жардам берет?

ЫЙМАНСЫЗ ДҮЙНӨДӨ КАЙРАТТУУЛУК МЕНЕН КАБАР АЙТКАНДАР

3. Энох ыймансыз адамдар жөнүндө кандай пайгамбарлык айткан?

3 Нухтун күндөрүндө болгон Топон сууга чейин жашаган ыймансыз адамдардын арасында Жахабанын күбөсү болуу үчүн кайраттуулук талап кылынган. «Адамдан тартып эсептегенде, жетинчи киши болгон Энох» тайманбастык менен мындай деп пайгамбарлык кылган: «Мына, Жахаба түмөндөгөн ыйык периштелери менен келди. Ал баарын соттоп, ыймансыз күнөөкөрлөрдү ыймансыздык менен жасаган бардык иштери жана Ага каршы айткан үрөй учурарлык бардык сөздөрү үчүн ашкерелейт» (Жүй. 14, 15). Энох ал пайгамбарлыктын сөзсүз аткарыларына бекем ишенгендиктен: «Жахаба... келди»,— деп өткөн чакта айткан. Чынында эле, бүткүл жер шарын Топон суу каптаганда, ыймансыз адамдардын баары кырылган.

4. Кандай жагдайга карабай Нух «Кудайдын жолунда жүргөн»?

4 Топон суу б.з.ч. 2370-жылы, Энох пайгамбар кызмат кылгандан 650 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, каптаган. Энох көз жумгандан Топон сууга чейинки убакыт аралыгында Нух жарык дүйнөгө келген, бала-чакалуу болгон жана уулдары менен бирге кеме курган. Бузулган периштелер адам кейпин кийип, чырайлуу кыздарга үйлөнүп, алардан нефилимдер төрөлгөн. Ал кезде адамдар жаман иштерди ушунчалык көп кылгандыктан, жер бети зордук-зомбулукка толуп кеткен (Башт. 6:1—5, 9, 11). Ошондой жагдайга карабай Нух «чыныгы Кудайдын жолунда жүрүп», «адилдиктин кабарчысы» катары кайраттуулук менен күбөлөндүргөн. (Оку: 2 Петир 2:4, 5.) Азыркы акыркы күндөрдө биз да кайраттуу болушубуз керек.

КҮЧТҮҮ ИШЕНИМ, КАЙРАТТУУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨР

5. Муса кантип күчтүү ишеним, кайраттуулук көрсөткөн?

5 Муса күчтүү ишеними, кайраттуулугу менен бизге мыкты үлгү калтырган (Евр. 11:24—27). Б.з.ч. 1513—1473-жылдары Кудай аны ысрайыл элин Мисирден алып чыгып, чөлдө жетектеш үчүн колдонгон. Муса ал тапшырманы аткарууга өзүн жөндөмсүз сезсе да, аны аткарууга макул болгон (Чыг. 6:12). Ал агасы Арун экөө Мисирдин мыкаачы фараонунун алдына кайра-кайра барып, Жахабанын мисирликтердин кудайларын маскара кылыш үчүн жана өз элин куткарыш үчүн жиберген он жазасын тайманбастык менен жарыялашкан (Чыг. 7—12-бөл.). Кудай Мусаны дайыма колдогондуктан, ал күчтүү ишеним, кайраттуулук көрсөткөн. Жахаба Кудай бүгүн бизди да ар убак колдойт (Мыйз. 33:27).

6. Бийликтегилердин алдында сурак берүүгө туура келсе, бизге кайраттуулук менен күбөлөндүрүүгө эмне көмөк кылат?

6 Биз да Мусадай кайраттуу болушубуз зарыл, себеби Иса мындай деген: «Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот. Силерди сотко беришкенде, эмне айтарыңарды, кантип айтарыңарды ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиңер. Себеби силер эле сүйлөбөйсүңөр, силер аркылуу асмандагы Атаңардын руху сүйлөйт» (Мт. 10:18—20). Эгер бийликтегилердин алдында сурак берүүгө туура келсе, Жахабанын руху бизге ишеним жана кайраттуулук менен, ошол эле учурда урмат-сый менен күбөлөндүрүүгө көмөк кылат. (Оку: Лука 12:11, 12.)

7. Жашыя эмненин аркасында кайраттуу болуп, ийгиликке жеткен?

7 Кудайдын Мыйзамын үзгүлтүксүз окуу ысрайыл элинин Мусадан кийинки жол башчысы Жашыянын ишенимин бекемдеп, кайраттандырган. Б.з.ч. 1473-жылы ысрайылдыктар Убадаланган жерге киргени турган. Ошондо Кудай Жашыяга: «Кайраттуу, бекем бол»,— деген. Эгер ал Кудайдын Мыйзамын аткарса, акылмандык менен иш кылып, ийгиликке жетмек. Ошондой эле Кудай ага: «Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деп айткан (Жаш. 1:7—9). Бул сөздөр Жашыяны кандай гана кайраттандырган! Чынында эле, Кудай аны менен болгон, анткени ал Убадаланган жердин көбүн 6 эле жылдын ичинде, б.з.ч. 1467-жылга чейин эле, басып алган.

ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛГАН КАЙРАТТУУ АЯЛДАР

8. Ишеним, кайраттуулук көрсөтүү жагынан Рахап бизге кандай үлгү калтырган?

8 Байыркы убакта Жахабага кайраттуулук менен кызмат кылган аялдар көп болгон. Мисалы, Жерихо шаарында жашаган Рахап деген сойку аял Жашыя жиберген эки чалгынчыны коркпой жашырып жана шаардын падышасы жөнөткөн кишилерди башка жолго салып, Жахабага ишенерин көрсөткөн. Ошол себептен ысрайылдыктар Жерихону басып алганда, ал үйүндөгүлөрү, урук-тууганы менен аман калган. Анан жаман жолунан бурулуп, Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла баштаган жана кийинчерээк Машаяктын чоң энелеринен болуу сыймыгына ээ болгон (Жаш. 2:1—6; 6:22, 23; Мт. 1:1, 5). Ооба, ишеними, кайраттуулугу үчүн ал кандай зор бата алган!

9. Дебора, Барак жана Жаел кантип кайраттуулук көрсөтүшкөн?

9 Болжол менен б.з.ч. 1450-жылы Жашыя каза болгондон кийин, Ысрайылда бийлер башкара баштаган. Канаан падышасы Жабин ысрайылдыктарды 20 жыл бою аёосуз эзген. Ошондуктан Жахаба Дебора деген пайгамбар аял аркылуу Баракты иш-аракет кылууга үндөгөн. Ошондо Барак Табор тоосуна 10 000 кол чогултуп, өзүнүн аскери жана 900 майдан арабасы менен Кишон өзөнүнө барган канаандык аскер башчы Сисера менен беттешмекчи болгон. Ысрайылдыктар өзөнгө жеткенде, Кудай күтүлбөгөн жерден кыян каптаткандыктан, майдан балчыкка айланып, канаандыктардын арабалары жүрбөй калган. Барактын аскери жеңишке жетип, «Сисеранын бүт аскери кылычтан кырылган». Сисера болсо качып барып, Жаел деген аялдын чатырына жашынып калган. Бирок ал уктап жатканда, Жаел аны өлтүрүп салган. Ошентип, Деборанын Баракка айткан пайгамбарлык сөздөрүнө ылайык, жеңишке жеткени үчүн даңкка ал эмес, Жаел ээ болгон. Дебора, Барак жана Жаел кайраттуулук менен иш кылгандыктан, Ысрайыл жеринде «кырк жыл тынчтык болгон» (Бий. 4:1—9, 14—22; 5:20, 21, 31). Алар сыяктуу эле, Кудайга берилген башка көптөгөн эркек-аялдар да ошондой ишеним жана кайраттуулук көрсөтүшкөн.

СӨЗДӨРҮБҮЗ БАШКАЛАРГА КАЙРАТ БЕРЕТ

10. Биздин сөздөрүбүз башкаларга кайрат берет деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Биздин сөздөрүбүз Жахабага биз менен ийиндеш туруп кызмат кылып жаткан ишенимдештерибизге кайрат берет. Б.з.ч. 11-кылымда Дөөтү падыша уулу Сулайманга мындай деген: «Кайраттуу, бекем бол да, ишке кириш. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени Жахаба Кудайым сени менен болот. Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан иштердин баары аткарылып бүтмөйүн, ал сени калтырбайт, таштабайт» (1 Жылн. 28:20). Арийне, Сулайман кайраттуулук менен иш кылып, Иерусалимде Жахабага арнап укмуштуудай кооз ибадаткана курган.

11. Ысрайылдык кыздын кайраттуулук менен айткан сөздөрү бир кишинин жашоосуна кандай таасир эткен?

11 Б.з.ч. 10-кылымда бир ысрайылдык кыздын кайраттуулук менен айткан сөздөрүнүн аркасында пес оорулуу бир киши Кудайдан бата алган. Ал кыз сириялыктар тарабынан туткундалып, пес оорулуу аскер башчы Наамандын үйүндө кызматчы болуп калган. Жахабанын Элиша пайгамбар аркылуу жасаган кереметтери жөнүндө билгендиктен ал Наамандын аялына, эгер анын жолдошу Ысрайыл жерине барса, Кудайдын пайгамбары аны сакайтмактыгын айткан. Ошентип, Нааман Ысрайылга барып, кереметтүү түрдө айыккан жана Жахабанын кызматчысы болуп калган (2 Пад. 5:1—3, 10—17). Эгер сен да Жахабаны сүйгөн улан-кыздардан болсоң, Жахаба сага мугалимдериңе, чогуу окуган балдар-кыздарга жана башкаларга кабар айтууга кайрат берет.

12. Хиския падышанын сөздөрү элине кандай таасир эткен?

12 Жакшы тандалган сөздөр жүрөк титиреткен опурталдуу учурларда да кайрат байлатат. Б.з.ч. 8-кылымда ашурлуктар Иерусалимди басып алганы барганда, Хиския падыша элине: «Кайраттуу, бекем болгула. Ашур падышасынан жана аны менен келаткан кара колдон коркпогула, үрөйүңөр учпасын, анткени алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп. Ал адамдын күчүнө таянып жатат, биз болсо Жахаба Кудайыбызга таянып жатабыз. Ал бизге жардам берип, биз үчүн салгылашат»,— деген. Бул сөздөр элге кандай таасир эткен? «Хискиянын сөздөрүн укканда эл кайраттанып калган» (2 Жылн. 32:7, 8). Куугунтукка алынганыбызда ушу сыяктуу сөздөр бизди да, ишенимдештерибизди да кайраттандырат.

13. Ахап падышанын ак сарай башчысы Обадия кайраттуу болуу жагынан кандай үлгү көрсөткөн?

13 Кээде кайсы бир нерсени айтпоо менен да кайраттуулук, эр жүрөктүк көрсөтө алабыз. Мисалы, б.з.ч. 10-кылымда Ахап падышанын ак сарай башчысы Обадия эр жүрөктүк менен Жахабанын 100 пайгамбарын, каардуу каныша Изабел өлтүрүп салбашы үчүн, «50 кишиден үңкүрлөргө жашырып» койгон (1 Пад. 18:4). Кудайдан корккон Обадиядай болуп, Жахабанын бүгүнкү күндөгү көптөгөн берилген кызматчылары да куугунтуктоочуларга ишенимдештери тууралуу маалымат бербей, аларды эр жүрөктүк менен коргошот.

ЭСТЕР — КАЙРАТТУУ КАНЫША

14, 15. Эстер каныша кантип ишеним, кайраттуулук көрсөткөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

14 Б.з.ч. 5-кылымда кара өзгөй Аман Персия империясында жашаган жүйүттөрдү тукум курут кылууга далалат кылганда, Эстер каныша күчтүү ишеним жана кайраттуулук көрсөткөн. Жүйүттөр Амандын арам ою тууралуу укканда катуу кайгырып, орозо тутушкан жана кыязы, Кудайга чын жүрөктөн жалынып-жалбарышкан (Эст. 4:1—3). Эстер канышанын да ичи өрт менен жалын болуп, санаасы санга бөлүнгөн. Аталаш агасы Мордохай ага жүйүттөрдүн өлтүрүлүшү керектиги жөнүндөгү мыйзамдын көчүрмөсүн берип жиберип, падышадан жүйүттөргө ырайым этишин суранууну буйруган. Бирок падышанын алдына чакырылбай туруп барган киши өлүмгө дуушар болмок (Эст. 4:4—11).

15 Анткен менен Мордохай Эстерге: «Эгер сен азыр унчукпай койсоң,.. куткарылуу башка жактан келет... Ким билет, балким, сен ушундай оор мезгил үчүн канышалык даражага жеткендирсиң»,— деген. Ошондо Эстер Мордохайдан Шушан шаарындагы жүйүттөрдү чогултуп, ал үчүн орозо кармоону суранган. «Мен да... орозо кармайм, анан мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм өлөм»,— деген ал (Эст. 4:12—17). Эстер кайраттуулук менен иш кылган жана Ыйык Жазмадагы анын ысмы менен аталган китептен көрүнүп тургандай, Кудай өзүнүн элин куткарып калган. Бүгүн да Исанын майланган жолдоочулары менен алардын ишенимдүү шериктери сыноо учурунда, Эстердей болуп, кайраттуулук менен иш кылышат. Ал эми «тиленүүлөрдү Угуучу» аларды дайыма колдоп-коргойт. (Оку: Забур 65:2; 118:6.)

«КАЙРАТТУУ БОЛ»

16. Иса жыйналыштагы жаштарга кандай үлгү калтырган?

16 Б.з. 1-кылымында бир жолу 12 жаштагы Исаны ата-энеси ибадатканада «окутуучулардын айткандарын угуп, аларга суроо берип отурган» жеринен табышкан. Исаны «угуп жаткандардын баары анын акылына, берген жоопторуна абдан таң калышкан» (Лк. 2:41—50). Ал жаш болсо да, ишеними күчтүү жана кайраттуу болгондуктан ибадатканадагы өзүнөн алда канча улуу окутуучуларга суроолорду бере алган. Анын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү жыйналыштагы жаштарга ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, үмүтүбүз «жөнүндө сураган ар бир адамга... жооп берүүгө» түрткү берет (1 Пет. 3:15).

17. Иса эмне себептен шакирттерин кайраттуу болууга үндөгөн жана эмне үчүн биз кайраттуу болушубуз керек?

17 Иса башкаларды «кайраттуу болууга» үндөгөн (Мт. 9:2, 22). Ал шакирттерине мындай деген: «Мына, ар кимиңер өз үйүңөргө качып, мени жалгыз калтырып кете турган убак келатат, атүгүл келип да калды. Бирок мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен. Мунун баарын мен аркылуу тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым. Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим» (Жкн. 16:32, 33). Дүйнө Исанын алгачкы жолдоочуларын жек көргөндөй эле, бизди да жек көрөт. Бирок биз дүйнө жек көрбөсүн деп эле аны менен камыр-жумур болуп кеткибиз келбейт. Кудайдын Уулунун кайраттуулугу жөнүндө ой жүгүртүү бизди кайраттандырып, мындан ары да бул дүйнөдөн оолак болууга түрткү берет. Ал дүйнөнү жеңген, биз да жеңе алабыз (Жкн. 17:16; Жкп. 1:27).

18, 19. Элчи Пабылдын ишеними күчтүү, кайраттуу киши болгонун эмне көрсөтүп турат?

18 Элчи Пабыл далай сыноону башынан кечирген. Бир жолу Иерусалимде аны жүйүттөр тытып жеп сала жаздашканда, Рим жоокерлери сактап калган. «Ошол түнү Мырзабыз Пабылдын жанына келип: „Кайраттуу бол! Иерусалимде мен жөнүндө кандай кылдат күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек“,— деген» (Элч. 23:11). Пабыл так Иса айткандай кылган.

19 Пабыл Корунттагы жыйналышты бузууну көздөгөн «мыкты» элчилерди тайманбастык менен ашкерелеген (2 Кор. 11:5; 12:11). Алардан айырмаланып, ал түрмөдө отурганын, таяк жегенин, опурталдуу сапарларга чыкканын, көптөгөн коркунучтарга дуушар болгонун, ачка болгонун, суусаганын, уйкусуз түндөрдү өткөргөнүн, ошондой эле ишенимдештерин ойлоп тынчсызданганын айтып, өзүнүн Исанын чыныгы элчиси экенин далилдей алган. (Оку: 2 Корунттуктар 11:23—28.) Күчтүү ишеним, кайраттуулук көрсөтүү жагынан Пабыл бизге кандай сонун үлгү калтырган! Мунун баарын ал Кудай күч бергендиктен кыла алган.

20, 21. а) Кайраттуу болушубуз керектигин көрсөткөн мисал айтып бер. б) Кандай жагдайларда бизден кайраттуулук талап кылынышы мүмкүн жана эмнеден шектенбесек болот?

20 Албетте, Исанын бардык эле жолдоочулары катуу куугунтукка туш боло бербейт. Анткен менен жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн ар бири кайраттуу болушу кажет. Бир мисал алып көрөлү. Бразилияда жашаган бир жигит кылмыштуу топтун мүчөсү болчу. Ыйык Китепти изилдей баштаганда ал өзгөрүүлөрдү жасашы керектигин түшүнгөн. Бирок ошол кылмыштуу топтон чыккан киши, адатта, өмүрү менен кош айтышчу. Ошого карабай ал жигит тиленип алып, кылмыштуу топтун ана башына эмне себептен андан чыккысы келип жатканын аяттардын негизинде түшүндүрүп берген. Натыйжада топтогулар ага эч кандай зыян келтирбей, коё беришкен. Ошентип, ал Падышалыктын жарчысы болгон.

21 Жакшы кабарды таратуу үчүн да кайраттуулук керек. Жыйналыштагы жаштар мектепте кынтыксыз жүрүү үчүн кайраттуу болушу зарыл. Жыйындын бардык бөлүктөрүнө катышуу үчүн жумуштан сурануу да кайраттуулукту талап кылышы мүмкүн. Санай берсе, мындай жагдайлар четтен чыгат. Анткен менен, кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, Жахаба «ишеним менен айтылган тиленүүбүздү» угат (Жкп. 5:15). Ошондой эле ал бизге ыйык рухун сөзсүз берет, ошондуктан «кайраттуу, бекем» боло алабыз.

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги сүрөт]

Энох ыймансыз дүйнөдө тайманбай кабар айткан

[12-беттеги сүрөт]

Жаел кайраттуу, эрки күчтүү аял болгон