Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдөгүлөр бактылуу боло алат

Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдөгүлөр бактылуу боло алат

Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдөгүлөр бактылуу боло алат

«Кайдан билесиң, балким, [өмүрлүк жарыңды] куткарып каларсың?» (1 КОР. 7:16).

ЖООБУН ТАБА АЛАСЫҢБЫ?

Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандар үйүндө тынчтыкты сакташ үчүн эмне кылса болот?

Исанын жолдоочусу жакындарына чындыкка келүүгө кантип жардам бере алат?

Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандарга башкалар кантип жардам бере алат?

1. Кимдир бирөөнүн Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алганы үй-бүлөсүнө кандай таасир этиши мүмкүн?

БИР жолу элчилерин кабар айтууга жөнөтүп жатып Иса: «Баратканыңарда: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла»,— деген (Мт. 10:1, 7). Бул жакшы кабар аны кабыл алгандарга тынчтык, бакыт тартууламак. Бирок Иса элчилерине кабар айтуу ишине көптөрдүн каршы болорун эскерткен (Мт. 10:16—23). Мындай каршылык үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөндө, өзгөчө оор болушу мүмкүн. (Оку: Матай 10:34—36.)

2. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандар да бактылуу боло алат деп эмне үчүн айта алабыз?

2 Бул диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандар бактылуу боло албайт дегенди билдиреби? Албетте, жок! Кээ бир үй-бүлөлөрдө чындыкты кабыл алган кишиге катуу каршылык көрсөтүлсө да, бардыгында эле андай боло бербейт. Ошондой эле убакыттын өтүшү менен үй-бүлө мүчөлөрү каршылык көрсөтпөй калышы мүмкүн. Көп нерсе чындыктагы кишинин каршылыкка же кош көңүлдүккө кандай жооп кайтарганынан көз каранды. Андан тышкары, Жахаба ага берилгендигин сактагандарга батасын берип, ошондой жагымсыз жагдайларга карабай кубанычын жоготпогонго жардам берет. Андай үй-бүлөлөрдөгү бир туугандар 1) үйдө тынчтыкты сактоого умтулуу менен, 2) жакынына чындыкка келүүгө чын ыкластан жардам берүү менен кубанычын арттыра алат.

ҮЙҮҢДӨ ТЫНЧТЫКТЫ САКТООГО УМТУЛ

3. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандар эмне үчүн тынчтыкты сактоого умтулушу керек?

3 Үй-бүлөдө адилдиктин үрөнү жемиш бериши үчүн, тынчтыкты сактоо маанилүү. (Оку: Жакып 3:18.) Атүгүл үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары чыныгы Кудайга сыйынбаса да, Исанын жолдоочусу тынчтыкты сактоого бүт күч-аракетин жумшашы керек. Кантип?

4. Исанын жолдоочусу канткенде жан дүйнө тынчтыгын сактай алат?

4 Исанын жолдоочусу жан дүйнө тынчтыгын сакташы кажет. Ан үчүн Кудайдан «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сурап чын жүрөктөн тилениши зарыл (Флп. 4:6, 7). Жан дүйнөсүнө бейкуттук орноп, бактылуу болушу үчүн Кудай жөнүндө билим алып, Ыйык Жазмадагы принциптерге ылайык жашаганы, ошондой эле жыйналыш жолугушууларына дайыма барып, кабар айтуу ишине жигердүү катышканы маанилүү (Ыш. 54:13). Мындай рухий иштерге диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашагандар да кандайдыр бир жол менен катыша алышат. Мисалга күйөөсү аябай катуу каршылык көрсөткөн Энзаны * алалы. Ал үйдөгү иштерин бүтүрүп коюп, шакирт даярдоо ишине катышат. Энза: «Мен башкаларга кабар айтууга аракет жасаган сайын, Жахаба мага батасын мол берип, жакшы натыйжага жетүүгө жардам берет»,— дейт. Мунун аркасында анын жан дүйнөсүнө тынчтык орноп, кубаныч, канааттануу алат.

5. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашагандар көбүнчө кандай кыйынчылыкка кабылышат жана алар кандай жардам ала алышат?

5 Биз Жахабага сыйынбаган жакындарыбыз менен тынчтыкта болууга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. Бул дайыма эле оңойго тура бербейт, анткени алардын бизден талап кылган нерселери кээде Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келип калат. Туура принциптерге бекем карманганыбыз айрымдарын кыжырдантышы мүмкүн, бирок бул бизди токтотпошу керек. Эгер туруктуу болсок, убакыттын өтүшү менен үйүбүздө тынчтык орношу ыктымал. Албетте, Ыйык Жазмадагы принциптерге каршы келбеген нерселерде да өзүбүздүкүн бербей, өжөрлөнө берсек, мунун ашыкча чыр-чатактын чыгышына себеп болору турган иш. (Оку: Накыл сөздөр 16:7.) Кыйынчылыкка туш болгондо Ыйык Жазмага негизделген кеңештерди алыш үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарына жана аксакалдарга кайрылуу маанилүү (Накыл 11:14).

6, 7. а) Үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштаганда, айрымдар эмне үчүн каршылык көрсөтүшөт? б) Исанын жолдоочусу же Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши, үй-бүлөсү каршылык көрсөткөндө, эмне кылышы керек?

6 Үй-бүлөдө тынчтыкты сактоо үчүн Жахабага таянышыбыз жана ишенимдешибиз болбогон жакындарыбыздын сезимдерин түшүнө билишибиз талап (Накыл 16:20). Атүгүл Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштагандар да бул жагынан эстүүлүк көрсөтө алышат. Айрымдар жубайынын Ыйык Китепти изилдешине каршы болбошу, атүгүл мунун үй-бүлөсү үчүн пайдалуу болорун түшүнүшү мүмкүн. Бирок башкалары каршылык көрсөтүшү ыктымал. Азыр Жахабага кызмат кылып жаткан Эстер, жолдошу Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп баштаганда, ачуусу шакардай кайнаганын эстеп: «Мен анын китептерин же ыргытып, же өрттөп салчумун»,— дейт. Ал эми жубайынын Ыйык Китепти изилдей баштаганына адегенде каршы болгон Хауард мындай дейт: «Көптөгөн күйөөлөр диний сектадагылар аялын алдап, өздөрүнө киргизип алды деп коркушат. Ошондон улам аялын өзү болжогон тузактан чыгарып алыш үчүн каршылык көрсөтө башташы мүмкүн».

7 Андыктан Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга жубайы каршылык көрсөткөндүктөн эле изилдөөсүн токтотуп койбошу керектигин түшүнүүгө жардам бергенибиз абзел. Көп учурда көйгөйдү чечүү үчүн анын жубайына жумшактык, урмат-сый менен мамиле кылганы жетиштүү болот (1 Пет. 3:15). «Мен жубайымдын чатак салбай, сабырдуу болгонуна аябай ыраазымын»,— дейт Хауард. Жубайы болсо мындай дейт: «Хауард Ыйык Китепти изилдегенимди токтошумду талап кылган, анткени ал Күбөлөр менин башымды айлантып жатышат деп кооптонгон. Аны менен талашып-тартышкандын ордуна, мен: „Балким, сен туура айтып жаткандырсың, бирок, чынын айтсам, мага андай деле көрүнгөн жок. Ошондуктан мен изилдеп жаткан китепти өзүң окуп көрбөйсүңбү“,— дедим. Ал окуп көрүп, китепте жазылгандарга каршы болгон жок. Тескерисинче, окугандары анын жүрөгүнө күчтүү таасир этти». Эске алчу нерсе, жубайы жыйналышка же кабарга кеткенде, чындыкта болбогон киши өзүн четке кагылгандай же никесине коркунуч туулгандай сезиши мүмкүн. Бирок жубайы ага жылуу-жумшак мамиле кылып, аны сүйөрүнө ынандырып турса, бул ага терс сезимдерден арылууга жардам берет.

ЧЫНДЫКТЫ КАБЫЛ АЛУУГА ЖАРДАМ БЕР

8. Элчи Пабыл өмүрлүк жары ишенимдеши болбогондорго кандай кеңеш айткан?

8 Элчи Пабыл Исанын жолдоочусу өмүрлүк жары ишенимдеши болбогондуктан эле аны менен ажырашып кетпеши керектигин айткан *. (Оку: 1 Корунттуктар 7:12—16.) Жубайынын да бир күнү Исанын жолдоочусу болушу мүмкүн экенин эсинде сактоо ага диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаганына карабай кубанычын жоготпогонго көмөк кылат. Анткен менен, төмөнкү мисалдардан көрүнүп тургандай, чындыкты жакын адамынын жүрөгүнө жеткирүүгө аракет кылып жаткандар айрым нерселерден сак болгону оң.

9. Ыйык Китептеги чындыкты үй-бүлө мүчөлөрүнө айтканда эмнеден сак болуу керек?

9 Жейсон Ыйык Китептеги чындыкты билгенде кандай сезимде болгонун эскерип: «Мен ал тууралуу баарына айткым келген!» — дейт. Ыйык Китепти изилдей баштаган киши окуп-билгендеринин чындык экенин түшүнгөндө ушунчалык кубанып, баскан-турган жеринин баарында эле айта бериши мүмкүн. Ал үйүндөгүлөрү Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды дароо эле кабыл алат деп ойлошу, бирок чынында такыр башкача болушу ыктымал. Мисалы, Жейсондун күйүп-жанганы аялына кандай таасир эткен? «Анын айткандары кулагымдын кужурун ала баштаган»,— дейт аялы. Күйөөсү Жахабага кызмат кыла баштагандан 18 жылдан кийин чындык жолуна түшкөн бир ишенимдешибиз: «Мага чындыкты өздөштүрүш үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынды»,— дейт. Эгер сен жубайы чыныгы Кудайга сыйынууну каалабаган киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатсаң, ага окуп-билгендерин жарына кантип акыл-эстүүлүк, сылыктык менен түшүндүрсө болорун көрсөтүп берип турганың дурус. Муса пайгамбар: «Акыл-насаатым жамгыр болуп төгүлөт, сөздөрүм шүүдүрүмдүн тамчыларындай, көк чөпкө майдалап жааган жамгырдай»,— деген (Мыйз. 32:2). Ооба, чындыкты кара нөшөрдөй жаадырып салганга караганда, орду менен аз-аздан себелеп туруу алда канча жакшы натыйжа берет.

10—12. а) Элчи Петир жубайы Исанын жолун жолдобогон ишенимдештерине кандай кеңеш берген? б) Бир кызыгуучу 1 Петир 3:1, 2деги кеңешти колдонууга кантип үйрөнгөн?

10 Элчи Петир диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган аялдарга рухтун жетеги менен мындай кеңеш берген: «Күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин» (1 Пет. 3:1, 2). Күйөөсү жаман мамиле кылса да, аялы ага баш ийип, терең урмат-сый көрсөтө берсе, чындыкка келүүгө түрткү бериши мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, чындык жолундагы күйөө аялынын каршылыгына карабай, өзүн Кудайга жаккыдай алып жүрүшү, сүйүү менен башчылык кылышы керек (1 Пет. 3:7—9).

11 Бүгүнкү күндө Петирдин жогорудагы кеңешин колдонуу абдан пайдалуу экенин тастыктаган мисалдар арбын. Селманын окуясына токтололу. Анын Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганы жолдошу Стивге жаккан эмес. Стив: «Мен ачууланып, кызганып, кооптоно баштагам»,— дейт. Селма мындай дейт: «Атүгүл чындыкты изилдей баштаганыма чейин эле, Стив менен жашоо өзүнчө бир азап болчу. Анын ачуусу чукул болгондуктан, жинине тийип алгандан дайыма коркуп турчумун. Ал эми Ыйык Китепти изилдей баштаганымда, ал ого бетер кызуу кандуу болуп кеткен». Ага жагдайын жакшыртканга эмне жардам берген?

12 Селма аны менен изилдеген Күбөдөн эмнеге үйрөнгөнүн эскерип, мындай дейт: «Бир күнү мен Ыйык Китепти изилдөөнү токтоткум келди. Андан мурунку күнү кечинде Стивге көз карашымды түшүндүрөм деп, андан токмок жегем. Ошондуктан аябай капаланып, өзүмдү аяп кеттим. Мени менен изилдеген эжеге эмне болгонун жана кандай сезимде болуп жатканымды айтып бергенимде, ал 1 Корунттуктар 13:4—7-аяттарды окууну суранды. Аяттарды окуганымдан кийин: „Стив мага мындай сүйүүнүн бир да белгисин көрсөткөн эмес“,— деп ойлоно баштадым. Бирок ал оюмдун багытын өзгөртүп: „Жолдошуңа ушулардын канчасын көрсөтүп жатасың?“ — деп сурады. Мен: „Эч бирин, анткени Стив менен жашоо аябай кыйын“,— деп жооп бердим. Ал эже жумшак үн менен: „Селма, ким Исанын жолдоочусу болууга аракет кылып жатат? Сенби же Стивби?“ — деп сурады. Ошондон кийин оюмду өзгөртүшүм керектигин түшүнүп, Жахабадан Стивге көбүрөөк сүйүү көрсөтүүгө жардам беришин сурап тилене баштадым. Акырындап жагдай өзгөрө баштады». 17 жылдан кийин Стив чындыкты кабыл алган.

БАШКАЛАР КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАТ?

13, 14. Жыйналыштагы бир туугандар диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашагандарга кантип жардам көрсөтө алышат?

13 Себелеп жааган жамгырдын ар бир тамчысы жерди сугарып, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзгөндөй эле, жыйналыштагы ар бир жарчы диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандардын бактылуу болушуна салым кошо алат. «Чындык жолунда бекем турууга мага бир туугандарымдын сүйүүсү жардам берген»,— дейт Бразилияда жашаган Элвина.

14 Жыйналыштагы бир туугандардын жакшы мамилеси жана көңүл бурганы үй-бүлөнүн чындыкка келе элек мүчөлөрүнүн жүрөгүн козгошу мүмкүн. Аялынан 13 жылдан кийин чындыкты кабыл алган нигериялык ишенимдешибиз мындай дейт: «Бир жолу бир Күбө менен сапарга чыгып калдым. Жолдон машинеси бузулуп калып, ал коңшу айылдан Жахабанын Күбөлөрүн издеп-тапты. Алар бизди түнөк жай менен камсыздап, бизге бала чагынан берки тааныштарындай кам көрүштү. Так ошондо жубайым көп айткан бир туугандык сүйүүнү сездим». Ал эми күйөөсүнөн 18 жылдан кийин чындыкка келген англиялык бир эже: «Күбөлөр жолдошум экөөбүздү тең конокко чакырышчу. Алар мени дайыма жылуу тосуп алышчу»,— деп эскерет *. Ошол эле өлкөдө жашаган жана зайыбынан кийин Жахабанын Күбөсү болгон бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Бир туугандар биздикине келип же бизди үйүнө чакырып турушчу. Мен алардын абдан камкор экенин байкагам. Ооруканага жатып калганымда, көбү мени көргөнү келип кетишкен. Алардын камкордугун ошондо өзгөчө сезгем». Сен да бир туугандардын чындыкка келе элек жакындарына көңүл буруунун жолдорун издейсиңби?

15, 16. Үй-бүлөбүздөгүлөр чындыкка келбесе да, кантип кубанычыбызды сактай алабыз?

15 Албетте, атүгүл бир нече жылдар бою өзүбүздү туура алып жүрүп, сылыктык, эстүүлүк менен күбөлөндүрсөк да, жубайыбыз, балдарыбыз, ата-энебиз же башка туугандарыбыз чындыкты кабыл албашы мүмкүн. Айрымдары мурдагыдай эле чындыкка кызыкпашы же катуу каршылык көрсөтүшү ыктымал (Мт. 10:35—37). Анткен менен Исанын жолдоочусу Кудайга жаккан сапаттарды чагылдыра берсе, натыйжасы абдан жакшы болушу этимал. Чындыкка аялынан кийин келген бир бир тууган мындай дейт: «Чындыктагы жубай жакшы сапаттарды жаркырата баштаганда, анын ишенимдеши болбогон жарынын акылында жана жүрөгүндө эмне болорун билбейсиң. Андыктан чындыкка келе элек жубайыңа эч качан кол шилтеп койбо».

16 Жакындары чыныгы сыйынууга кошулбаса да, адам бактылуу боло алат. 21 жылдан бери колунан келген аракетин кылып келсе да, жолдошу жакшы кабарга кулак какпаган бир эже мындай деп ой бөлүшөт: «Мен Жахабага жагууга умтулуп, ага берилгендик сактоо менен жана рухийлигимди бекемдөөгө аракет кылуу менен кубанычымды сактап келем. Рухий иштерге: өздүк изилдөөгө, жолугушууларга катышууга, кабар айтууга жана жыйналыштагыларга жардам берүүгө бүт көңүлүмдү буруу мени Жахабага жакындатып, жүрөгүмдү коргоп келет» (Накыл 4:23).

БАГЫНБА!

17, 18. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандарга багынбоого эмне жардам берет?

17 Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашап, Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсаң, кыйынчылыкка багынба. Жахабанын «өзүнүн улуу ысмы үчүн өз элин таштабай» турганын эч качан унутпа (1 Шем. 12:22). Аны менен болсоң, ал да сени менен болот. (Оку: 2 Жылнаама 15:2.) Ошондуктан «Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан». Ошондой эле «жолуңду Жахабага тапшыр, ага таян» (Заб. 37:4, 5). Дайыма тилен жана асмандагы мээримдүү Атабыздын сага бардык кыйынчылыктарыңды көтөрүүгө жардам берерине бекем ишен (Рим. 12:12).

18 Жахабадан ыйык руху аркылуу үйүңдө тынчтыкты сактоого жардам беришин сурап тилен (Евр. 12:14). Ошентсең, үй-бүлөңдө тынчтык өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзө аласың. Ал эми бул убакыттын өтүшү менен чындыкка келе элек жакындарыңдын жүрөгүн козгошу мүмкүн. Эгер «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылсаң», жан дүйнөңдө кубаныч, тынчтык болот (1 Кор. 10:31). Ошондой эле жыйналыштагы бир туугандарыңдын сага сүйүү менен колдоо көрсөтөрүнө бекем ишенсең болот.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 8-абз. Пабылдын кеңеши Исанын жолдоочусу өзгөчө жагдайларда да жубайынан бөлөк жашаса болбойт дегенди билдирбейт. Бул — ар ким өзү чече турган маанилүү маселе. «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» китебинин 220, 221-беттерин кара.

^ 14-абз. Ыйык Китепте ишенимдеш эместер менен бир дасторкондо отуруп тамактанууга тыюу салынбайт (1 Кор. 10:27).

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Көз карашыңды түшүндүрүү үчүн ылайыктуу учурду танда

[29-беттеги сүрөт]

Бир туугандардын чындыкка келе элек жубайларына көңүл бур