Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктын жолдоочуларынын баары эле анын жолун жолдойбу?

Машаяктын жолдоочуларынын баары эле анын жолун жолдойбу?

Машаяктын жолдоочуларынын баары эле анын жолун жолдойбу?

Дүйнө жүзүндө канча Машаяктын жолдоочусу бар? Бир эмгекке ылайык, 2010-жылы алардын саны дээрлик 2 миллиард 300 миллионго жеткен («Atlas of Global Christianity»). Бирок ошол эле эмгекте алардын 41 000ден ашык диний топко бөлүнөрү жана ишенген нерселери, карманган мыйзамдары ар башка экени айтылган. Машаяктын жолдоочулары деп атангандар ушунчалык көп болгондуктан, айрымдардын башы маң болуп, иренжигени таң калыштуу деле эмес. Ошондуктан алар: «Машаяктын жолдоочуларыбыз деп атангандардын баары эле анын жолун жолдойбу?» — деп башы катышы мүмкүн.

Көптөрдү ойлондурган бул суроого жооп алыш үчүн бир мисал карап көрөлү. Башка өлкөгө баратасыңар дейли. Анан чек арадан өтөрдө документ текшергендерге аты-жөнүңөрдү эле айтып койбой, ким экениңерди тастыктап турган паспортуңарды көрсөтөсүңөр. Ушу сыяктуу эле, Машаяктын чыныгы жолдоочулары ага ишенем деп эле айтып коюшпайт. Алар муну далилдеши керек. Кантип?

«Машаяктын жолдоочулары» деген сөз айкашы б. з. 44-жылдарынан баштап колдонула баштаган. Ыйык Китепти жазганга катышкан Лука деген бир тарыхчы: «Шакирттер Кудайдын жетекчилиги менен биринчи жолу Антиохияда Машаяктын жолдоочулары деп аталышты»,— деп жазган (Элчилер 11:26). Анда Машаяктын жолдоочусу деген ким? Бир сөздүктө мындай делген: «Машаяктын жолун жолдогон киши өмүрү өткөнчө жашоосунун ар бир тармагында Иса Машаякты туурашы керек» («The New International Dictionary of New Testament Theology»). Демек, Машаяктын жолдоочусу — анын осуяттарын эч шарт койбой, толугу менен аткарган киши.

Өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептегендердин ичинен ушундай кишилерди табуу мүмкүнбү? Исанын сөздөрүнө ылайык, аларды кантип айырмаласа болот? Бул суроолордун жообу Ыйык Китепте жазылган. Биз силерди ошолорду окуп көрүүгө чакырабыз. Кийинки макалаларда Иса айткан беш нерсеге токтолобуз. Алар анын чыныгы жолдоочуларын аныктаганга жардам берет. Ошондой эле Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын анын айткандарын кантип аткарышканына токтолобуз. Мындан тышкары, өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп атагандардын ичинен кимдер анын осуяттарына ылайык жашап жатканын билебиз.