Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Менин сөздөрүм боюнча жашагыла»

«Менин сөздөрүм боюнча жашагыла»

«Менин сөздөрүм боюнча жашагыла»

«Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат» (ЖАКАН 8:31, 32).

Бул эмнени билдирет? Исанын «сөздөрү» ал окуткан нерселерди билдирет. Алардын булагы — Кудай. Иса өзү: «Эмнени айтып, эмнени сүйлөшүм керектигин мага мени жиберген Атам осуят кылган»,— деп айткан (Жакан 12:49). Асмандагы Атасы Жахаба Кудайдан тиленип жатканда ал: «Cенин сөзүң — чындык»,— деген. Иса дайыма Кудайдын Сөзүнөн үзүндү келтирип, айткандарын ага негиздеген (Жакан 17:17; Матай 4:4, 7, 10). Ошол себептен Машаяктын чыныгы жолдоочулары анын сөздөрү боюнча жашашат. Алар муну Ыйык Китепти Кудайдын Сөзү катары эсептеп, анда жазылгандарды жашоосунда колдонуу менен көрсөтүшөт.

Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайдын Сөзүн жогору баалашкан. Ыйык Китептеги китептердин көбүн жазган элчи Пабыл, Исага окшоп, Кудайдын Сөзүн терең урматтаган. Ал: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу»,— деген (2 Тиметей 3:16). Машаяктын жолдоочуларын жетектегенге дайындалган кишилерден «окутканда Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек кармануу» талап кылынган (Тит 1:7, 9). Элчи Пабыл ишенимдештерин «Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпка» алданбай, аларды четке какканга үндөгөн (Колосалыктар 2:8).

Бүгүнкү күндө кимдер Кудайдын Сөзүн жогору баалашат? «Католик чиркөөсүнүн катехизисинде», чиркөөнүн негизги окуулары суроо-жооп иретинде камтылган адабиятта, мындай делген: «Католик дининин окуулары Ыйык Китепке эле негизделген эмес. Андыктан чиркөө диний жол-жоболорду, жөрөлгөлөрдү Ыйык Китептей эле маанилүү деп эсептеп, аларга карманат». Торонтодо (Канада) чыккан «Маклинз» деген журналга бир дин кызматчы аялдын сөздөрү жазылган. Ал мындай деген: «Эмне үчүн биз 2000 жыл мурун айтылган сөздөргө кулак кагышыбыз керек? Исанын ошондо айткан сөздөрүнө жана Ыйык Китепте жазылгандарга карманабыз деп жатып өзүбүздүн канчалаган сонун ой-толгоолорубуз күчүн жоготуп жатат!»

«Жаңы католик энциклопедиясында» Жахабанын Күбөлөрү тууралуу: «Алар ишенген нерселерин бир гана Ыйык Китепке негиздешет жана анда жазылгандарга ылайык жашашат»,— делген. Жакында эле Канадада Жахабанын Күбөсү бир кишинин үйүнө кабар айтып барган. Ал киши анын Ыйык Китепти көтөрүп жүргөнүнөн дароо эле Жахабанын Күбөсү экенин түшүнүп: «Мен силердин ким экениңерди билем»,— деген.