Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мурункулар мындан ары эскерилбейт»

«Мурункулар мындан ары эскерилбейт»

Кудайга жакындагыла

«Мурункулар мындан ары эскерилбейт»

ӨТКӨНДҮ эстөө кубаныч тартуулайт. Мисалы, жакын адамдарыбыз менен өткөргөн жагымдуу күндөрдү эстегенде жүрөгүбүз жылый түшөт. Бирок кээде мурда болгон нерселерди эстеп жүрөгүбүз сыздашы мүмкүн. Жүрөгүңөргө так калтырган окуялардан улам кайгырган учурларыңар болобу? Балким: «Ушул жаман ойлордон арыламбы?» — деп ойлоноттурсуңар. Анда Ышая пайгамбардын китебинде жазылган сөздөр силерди бекемдеп, сооротушу мүмкүн. (Оку: Ышая 65:17.)

Жахаба Кудай бизди бушайман кылган бардык ойлордон арылтууну убадалайт. Ал ошол убадасын кантип аткарат? Ал бул ыймансыз дүйнөнү, бардык азап-кайгыны жок кылат. Андан тышкары, Кудай Ышая пайгамбар аркылуу «жаңы асман менен жаңы жерди жаратарын» убадалайт. Бул убаданын эмнени билдирерин жакшы түшүнсөк, келечекке болгон үмүтүбүз бекемделет.

Жаңы асман деген эмне? Ыйык Китептен мунун эки нерсеге карата колдонуларын билүүгө болот. Биринчиден, асман деген сөз жер бетинде боло турган жаңы өзгөрүүлөргө карата колдонулат. Ал жөнүндө Ыйык Китепти жазууга катышкан эки пайгамбар айтып өткөн жана эки учурда тең ал сөз ошондой мааниде колдонулган (2 Петир 3:13; Аян 21:1—4). Экинчиден, Ыйык Китепте «асман» деген сөз көп учурда өкмөткө же бийликке карата колдонулат (Ышая 14:4, 12; Даниел 4:25, 26). Демек, жаңы асман деген жаңы өкмөттү билдирет. Жаңы өкмөт гана жер үстүнө адилдикти орнотот. Иса пайгамбар айткан ал өкмөт, башкача айтканда, Кудайдын Падышалыгы жер бетин гүлдөгөн бейишке айлантат. Падышалык аркылуу Жахаба Кудайдын эрки бүт жер жүзүндө аткарылат (Матай 6:9, 10).

Ал эми жаңы жер эмнени билдирет? Келгиле, муну түшүнүш үчүн Ыйык Китептеги эки аятты карап көрөлү. Биринчиден, Ыйык Китепте кээде «жер» деген сөз жер шарына карата эмес, адамдарга карата колдонулат (Забур 96:1). Экинчиден, жаңы жер Кудайдын бийлигине баш ие турган жана анын адил мыйзамдары боюнча жашай турган адамзат коомун билдирет (Ышая 26:9). Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, берилгендигин сактаган бүт жер жүзүндөгү ошол адамдар Кудай башкарган убакта адилдикке үйрөнүшөт.

Жахаба Кудай жүрөгүбүздү өйүп келген нерселердин баарын жок кылганда, жашоо кандай болорун элестете аласыңарбы? Жакында ал жаңы асман менен жаңы жер жөнүндөгү убадасын толугу менен аткарып, адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөнү орнотот *. Жаңы дүйнөдө жүрөгүбүздү сыздаткан, жан-дүйнөбүздү жабыркаткан нерселер жана оору аттуунун баары өткөндүн ишине айланат. Кудайга берилген адамдар бакытка бөлөнүп жашап, өткөргөн ар бир күнүн кубаныч менен эскеришет.

Бирок учурда жүрөгүбүздү ооруткан кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатсакчы? Кудай Ышая пайгамбар аркылуу: «Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деп убадалаган. Ооба, азыркы күндө башыбыздан өткөрүп жаткан азап-кайгынын баары акырындык менен унутулат. Ушундай дүйнөдө жашагыңар келет беле? Анда жаркын келечекти убадалаган Кудайга канткенде жакындай аларыңар жөнүндө билүүгө умтулганыңар маанилүү.

МАРТТА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Ышая 63Жеремия 16

[Шилтеме]

^ 7-абз. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жана анын эмнелерди ишке ашырары тууралуу көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3, 8, 9-бөлүмдөрүн карагыла.

[19-беттеги кыстырма]

Жахаба Кудай бизди бушайман кылган бардык ойлордон арылтууну убадалайт