Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Спиритизм канчалык зыяндуу?

Спиритизм канчалык зыяндуу?

Спиритизм канчалык зыяндуу?

Барбара * бала чагынан эле аян алчу, ага ар кандай үндөр угула берчү. Ал көзү өтүп кеткен туугандары ага аян берип жатат деп ойлочу. Кийинчерээк жолдошу Жоаким экөө төлгө ачуу, көз ачыктык кылуу жөнүндөгү китептерди окуп, карта менен төлгө ачканды үйрөнүшкөн. Ошону менен иш жүргүзүп, көп акча табышчу. Бир күнү алар картадагы белгилерден үйүнө бир кишилер келерин, ал кишилерден абайлашы керектигин жана алардын сөзүн укпашы керектигин билишкен.

МУРУН көп адамдар сыйкырдуу күчкө ишенишчү. Азыр адамдардын көбү андай нерселерге ишенбей калгандай көрүнсө да, табияттан тыш нерселерге кызыккандар барган сайын көбөйүп баратат. Алсак, көптөр тумар чийдиришет, келечегин билиш үчүн же жамандыктан алыс болуш үчүн бүбү-бакшыларга кайрылышат. Германияда чыккан «Фокус» деген журналдагы бир макалада: «Интернетте сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү бүйүрдү кызыткан маалыматтар көбөйгөндөн көбөйүп баратат»,— деп жазылган.

Ыйык Китепте спиритизм жөнүндө эмне айтылганын билесиңерби? Анда айтылгандар силерди таң калтырышы мүмкүн.

Ыйык Китепте спиритизм жөнүндө эмне делет?

Кудайдын өз элине берген мыйзамында мындай делген: «Элиңдин арасында... төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү» (Мыйзам 18:10—12). Мындай нерселерге Кудай эмне үчүн катуу тыюу салган?

Макаланын башында айтылган окуядан көрүнүп тургандай, көптөр тирүүлөр өлгөндөр менен сүйлөшө алышат жана сыйкырдуу, табияттан тыш нерселер өлгөн адамдардан деп ишенишет. Мындай көз караш адам өлгөндөн кийин жашай берет деп окуткан диндердин окууларына негизделет. Бирок бул Ыйык Китепке карама-каршы келет. Анткени анда ачык эле: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп айтылат (Насаатчы 9:5). Ыйык Китепте өлгөндөр катуу уктап жаткан адамга салыштырылат: алар эч нерсе сезишпейт, эч нерсе билишпейт * (Матай 9:18, 24; Жакан 11:11—14). Балким, силерде: «Эгер ушундай болсо, табияттан тыш нерселерди кантип түшүндүрсө болот? Андай нерселердин артында ким турат?» — деген суроолор туулушу мүмкүн.

Көзгө көрүнбөгөн жаратуулар менен байланышуу

Инжилде жазылган билдирүүлөрдөн Иса пайгамбардын жерде жүргөн убакта көзгө көрүнбөгөн жаратуулар менен сүйлөшкөнү жөнүндө биле алабыз. Мисалы, Марк китебинин 1-бөлүмүнүн 23, 24-аяттарынан бир жиндин Иса пайгамбарга: «Сенин ким экениңди билем»,— деп айтканын окуйбуз. Жиндер силердин да ким экениңерди жакшы билишет. Ал эми силер алар жөнүндө билесиңерби?

Кудай адамды жаратканга чейин көзгө көрүнбөгөн миңдеген жаратууларды, тагыраак айтканда, периштелерди жараткан (Аюп 38:4—7). Периштелердин жашоосу адамдардыкынан жогорураак турат (Еврейлер 2:6, 7). Алар абдан күчтүү жана акылдуу. Периштелер Кудайдын эркин аткарыш үчүн жаратылган. Дөөтү пайгамбар алар жөнүндө: «Жахабанын периштелери, күчтүүлөрү, анын сөзүн аткарып,.. аны алкагыла»,— деп жазган (Забур 103:20).

Ыйык Китепте периштелердин айрымдары Кудайдын эркине ылайык келбеген жол менен адамдар менен байланышканы жөнүндө айтылат. Алар адамдар менен эмне үчүн байланышкан? Андай периштелердин эң биринчиси Адам ата менен Обо энени алдап, аларды Кудайдын мыйзамын бузганга, ага каршы чыкканга азгырган. Ошентип, ал Шайтан Ибилис, башкача айтканда, ушакчы жана Кудайдын душманы болуп калган (Башталыш 3:1—6).

Кийинчерээк башка периштелер асмандагы «өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып», адам кейпин кийип, жерге келишкен да, чырайлуу кыздарга үйлөнүшкөн (Жүйүт 6; Башталыш 6:1, 2). Алардан төрөлгөн алп адамдар башкаларды кыйнап, азапка салып, жер бети «зордук-зомбулукка толуп» кеткен. Ошондо Кудай жер бетине Топон суу каптатып, зордук-зомбулукту, ыймансыз адамдарды жок кылган. Балким, Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон ошол окуялар жөнүндө билет чыгарсыңар (Башталыш 6:3, 4, 11—13).

Топон суу болгондо, периштелер адамдык денесин калтырып, кайра асманга кайтып барышкан. Бирок Жараткан Кудай аларга мурунку өздөрү жашаган жайга кайтып келишине жол берген эмес. Ал аларды «коюу караңгылыктын туңгуюгуна камап койгон». Бул алардын кемсинтилген абалын билдирет (2 Петир 2:4, 5). Ыйык Китепте Кудайга каршы чыккан периштелер «жиндер» деп айтылат (Жакып 2:19). Спиритизмдин артында мына ошол жиндер турат.

Жиндердин көздөгөнү эмне?

Адамдар менен байланышып жаткан жиндердин негизги максаты — адамдарды чыныгы Кудай Жахабага сыйынуудан алыстатуу. Көптөр көзү ачыктык кылууну, төлгө ачууну жана башка ушу сыяктуу иштерди Кудайдын жардамы менен кылып жатабыз деп ойлошот. Бирок чынында андай иштер жиндердин адамдарды кармаш үчүн жайган «тору» болуп эсептелет. Алар болгон күчүн жумшап, адамдардын чыныгы Кудай жөнүндө билим алышына, аны менен ынак мамиледе болушуна тоскоолдук кылат.

Жиндердин дагы бир максаты кандай экенин Шайтандын Иса пайгамбарды азгырганынан билүүгө болот. Шайтан ага «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын» сунуш кылган. Шайтан анын ордуна Исанын эмне кылышын сураган? Ал ага: «Мага бир эле жолу сыйынып кой»,— деген. Бирок Иса пайгамбар Кудайга гана сыйынарын айтып, анын азгырыгын четке каккан. Бул билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Шайтан менен жиндер адамдардын аларга сыйынышын каалашат (Матай 4:8—10).

Жиндер Иса пайгамбар менен сүйлөшкөндөй, биз менен бетме-бет сүйлөшпөшү мүмкүн. Алар сак болбогондорду байкатпай торго түшүрүүнү көздөшөт. Ан үчүн карта менен төлгө ачуу же жылдыздарды карап келечекти билгенге аракет кылуу сыяктуу спиритизмдин анча зыяндуу эместей көрүнгөн түрлөрүнө кызыктырышат. Мындай нерселерге алданып калбагыла! Көзгө көрүнбгөн жаратуулар менен байланышуунун жаман деле жери жок деп ойлоо жаңылыштык. Жиндер адамдарды тузакка түшүрүп, Жахаба Кудайга сыйынуудан алыстатыш үчүн спиритизмге кызыктырышат. Алар торуна түшүп калгандарды оңой менен коё бербейт. Жиндер максатына жетпей калганда, алар менен байланышын үзгүсү келгендерди коркутуп-үркүтүшү, атүгүл кол салышы мүмкүн. Эгер спиритизм менен байланышкан иштерди таштап, жиндердин таасиринен арылгыңар келсе, эмне кылышыңар керек?

Жиндердин таасиринен арылыш үчүн...

Адамдар менен байланышып жаткан жиндердин Кудайдын душманы экенин унутпагыла. Аларга сот өкүмү чыгарылган (Жүйүт 6). Жиндер көзү өтүп кеткен жакын адамдарыбыздай болуп көрүнүп, бизди алдашы ыктымал. Эгер силер менен дос болуп жүргөн кимдир бирөөнүн кара ниеттик кылып, силерди алдап жүргөнүн билсеңер, эмне кылат элеңер? Же Интернет аркылуу өзүңөр билбей эле бузуку киши менен байланышып жүргөнүңөрдү билип калсаңар, кандай иш-аракет кылат элеңер? Жиндер менен байланышуу мындан да кооптуу. Андыктан алар менен байланышты үзүш үчүн колуңардан келгендин баарын кылышыңар керек. Мисалы, кандай иш-аракеттерди кылсаңар болот?

Ыйык Жазмада спиритизм жөнүндө эмне айтыларын билгенден кийин байыркы Эфес шаарында жашаган айрым кишилер сыйкырчылык кылуу жөнүндөгү китептерин жок кылышы керектигин түшүнүшкөн. Ал китептер абдан кымбат турса да, китептерин «баарынын көзүнчө өрттөп жиберишкен» (Элчилер 19:19, 20). Бүгүнкү күндө айрымдарда спиритизм жөнүндөгү китептер, тумар, төлгө тарткан карталар, таштар эле эмес, спиритизм камтылган дисктер жана Интернеттен көчүрүп алган ар кандай материалдар да бар. Эгер силерде да спиритизмге байланышы бар ушундай нерселер болсо, алардын баарын жок кылганыңар абдан маанилүү.

Макаланын башында айтылган жубайларды эстесеңер. Алар төлгө ачкан картадагы белгилерден үйүнө бир аял келерин, бирок ал аялды укпашы керектигин көрүшкөн. Анан үйүнө Кони жана Гудрун деген эки Жахабанын Күбөсү келип, Кудай жөнүндө жакшы кабар айтып жүрүшкөнүн айтышканда, Жоаким менен Барбара угуп көрүүнү чечишкен. Кони менен Гудрун спиритизм тууралуу сүйлөшүп, аларга Ыйык Китепте спиритизм жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп беришкен. Ошентип, Жоаким менен Барбара Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан.

Ошондон көп өтпөй эле Жоаким менен Барбара жиндер менен болгон байланышын үзүүнү чечишкен. Бирок Жахабанын Күбөлөрү эскерткендей, жиндер аларды жөн койгон эмес. Ал экөө жиндердин айынан көп кыйынчылыкка кабылып, атүгүл азап чегип, алардын таасиринен араң арылышкан. Алар күндө кечинде коркуп жатышчу. Башка үйгө көчүп кеткенден кийин гана тынч уктап калышкан. Ошол оор сыноо учурунда Жоаким менен Барбара Филипиликтер 4:13төгү: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген сөздөргө бекем ишенишкен. Жахаба Кудай алардын туруктуулук менен кылган аракетине батасын берип, акыры, алар жиндердин таасиринен толугу менен арылышкан. Учурда Жоаким менен Барбара чыныгы Кудай Жахабага кубаныч менен кызмат кылып жатышат.

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын батасын алгысы келгендерге: «Кудайга баш ийгиле да, Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат. Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деген кеңеш берилет (Жакып 4:7, 8). Ооба, силерди жиндерден коргогонго Кудайдын кудурети жетет жана андан жардам сурасаңар, жиндердин таасиринен арылууга жардам берет. Спиритизмдин таасиринен арылып, эркиндикке чыккан Жоаким менен Барбара Забур 121:2деги: «Мага жардам Жахабадан... келет»,— деген сөздөргө чын жүрөктөн кошулушат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 7-абз. Өлгөндөрдүн абалы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Өлгөндө адам каякка барат?» деген 6-бөлүмүн карагыла.

[21-беттеги сүрөт]

Спиритизм адамдарга Кудай менен ынак мамиледе болууга тоскоолдук кылат

[22-беттеги сүрөт]

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (ЖАКЫП 4:8).