Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Убакыттын тардыгын эсиңен чыгарба

Убакыттын тардыгын эсиңен чыгарба

Убакыттын тардыгын эсиңен чыгарба

«Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла» (2 ТИМ. 4:2).

ТҮШҮНДҮРӨ АЛАСЫҢБЫ?

Эмне үчүн Тиметей шашылыш түрдө иш-аракет кылышы керек эле?

Канткенде убакыттын тар экенин унутпайбыз?

Падышалык жөнүндө кабар айтуу эмне үчүн болуп көрбөгөндөй шашылыш?

1, 2. «Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарлоого» байланыштуу кандай суроолор туулат?

АДАМДАРДЫН өмүрүн сактап калууга байланыштуу жумуштарда иштегендер, адатта, создуктурбай иш кылышат. Мисалы, өрт өчүргүчтөр кырсык болгон жерге учкан бойдон жөнөшөт, анткени адамдын өмүрү коркунуч алдында турганын билишет.

2 Биз, Жахабанын Күбөлөрү, адамдардын аман калышын каалайбыз. Ошон үчүн Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо тапшырмабызга олуттуу карайбыз. Бирок ал ишти шашылыш түрдө аткарышыбыз керек болсо да, жөн эле дүрбөлөңгө түшүп, чымын-куюн боло бербейбиз. Анда элчи Пабыл: «Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла»,— дегенде эмнени айткысы келген? (2 Тим. 4:2). Канткенде Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарлай алабыз? Эмне үчүн шашылыш түрдө кабар айтышыбыз керек?

ЭМНЕ ҮЧҮН ШАШЫЛЫШ ТҮРДӨ КАБАР АЙТЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

3. Адамдардын жакшы кабарды кабыл алганынын же четке какканынын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

3 Кабар айтуу ишибиздин өмүр менен өлүм маселесинин чечилишине түздөн-түз таасир этерин ойлогонуңда жакшы кабарды кийинкиге калтырбай айтууга түрткү аларың күмөнсүз (Рим. 10:13, 14). Кудай Сөзүндө: «Ыймансызга: „Сөзсүз өлөсүң“,— десем, ал күнөө кылганын токтотуп, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса... ал сөзсүз тирүү болот, өлбөйт. Анын кылган бир да күнөөсү эсте калбайт»,— делет (Жез. 33:14—16). Ооба, Ыйык Жазмада жакшы кабар тараткандарга: «Өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деп айтылган (1 Тим. 4:16; Жез. 3:17—21).

4. Эмне үчүн Тиметей шашылыш түрдө иш-аракет кылышы керек эле?

4 Элчи Пабылдын Тиметейди эмне үчүн шашылыш түрдө иш-аракет кылууга үндөгөнүн түшүнүү үчүн макаланын негизги аятынын контекстин карап чыгалы. Ал жерден мындай дегенди окуйбуз: «Ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла. Окутуу чеберчилигин колдонуп, чыдамкайлык менен ашкереле, эскерт, үндө. Анткени адамдар туура окууну жактырбай, өз каалоолору боюнча, өздөрү уккусу келген нерселерди сүйлөгөн окутуучуларды тандай турган убак келет. Алар чындыкты угуудан баш тартып, ойдон чыгарылган кептерге кулак төшөшөт» (2 Тим. 4:2—4). Иса Машаяк да чындыктан четтегендер пайда болорун алдын ала айткан (Мт. 13:24, 25, 38). Ошол убак жакындап калгандыктан, ишенимдештерин чындыктан четтегендер жалган окуулары аркылуу азгырып, түз жолдон адаштырып кетпеши үчүн, Тиметей Кудайдын сөзүн жыйналыштагыларга да шашылыш түрдө айтышы керек болчу. Ошол убакта адамдардын өмүрү кыл таразада турган. Ал эми бүгүнкү күн жөнүндө эмне айтууга болот?

5, 6. Кызматта жолуктурган адамдар кеңири таралган кандай ой-түшүнүктөргө ишенишет?

5 Чыныгы сыйынуудан четтөөчүлүк бүгүнкү күндө жел тийген оттой күч алууда (2 Тес. 2:3, 8). Көптөр кандай жалган окууларды «уккусу келет»? Дүйнөнүн чар тарабында көптөр эволюция жөнүндөгү окууну, динчил кишилер өзүнүн динин кандай ынталуулук менен жактаса, ошондой ынталуулук менен жакташат. Эволюция, демейде, илимий тил менен түшүндүрүлсө да, Кудайга ишенбегендердин динине айланып, адамдардын Кудайга жана башкаларга болгон көз карашына таасир этүүдө. Мындан тышкары, Кудайдын биз менен иши жок, ошондуктан аны таанып-билүүнүн зарылдыгы жок деген түшүнүк да кеңири таралган. Эмне үчүн миллиондогондор рухий жактан уктата турган мындай окууларды ушунчалык жактырышат? Себеби алардын негизинде: «Каалаганыңды кыла бер, сени эч ким жоопко тартпайт»,— деген ой жатат. Бул болсо көптөргө майдай жагат. (Оку: Забур 10:4.)

6 Көптөр «уккусу келген нерселерге» дагы эмнелер кирет? Сыйынуу жайларына барып тургандардын айрымдары: «Кандай иш кылба, Кудай сени баары бир деле жакшы көрөт»,— деп айткан окутуучуларды жактырышат. Дин кызматчылар диний майрамдарга катышкан, диний каадаларга, ырым-жырымдарга карманган адамдын башына бак конуп, Кудайдын батасы тиет деп, көптөрдүн кулагынын кычуусун кандырууда. Бирок андай сөздөргө ишенгендер өздөрүнүн кандай опурталдуу жолдо баратканын түшүнбөшү мүмкүн (Заб. 115:4—8). Эгер аларды рухий уйкудан ойготуп, Ыйык Китепте камтылган чындыкты түшүнүүгө жардам берсек, алар да Кудайдын Падышалыгы аркылуу төгүлө турган баталарды алышат.

ШАШЫЛЫШ ТҮРДӨ КАБАР АЙТУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

7. Убакыттын тар экенин түшүнөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

7 Жумушун чын ниеттен аткарган хирург адамды ажалдан алып калыш үчүн ишине бүт дитин коёт. Анын сыңарындай, биз убакыттын тардыгын түшүнөрүбүздү кабар айтуу кызматыбызга көңүлүбүздү топтоо менен, мисалы, адамдарды кандай темалар, суроолор, маалыматтар кызыктырышы мүмкүн экени тууралуу ой жүгүртүү менен көрсөтө алабыз. Ошондой эле адамдарга алар жакшыраак уга турган учурда баруу үчүн графигибизди өзгөртүү менен да айгинелейбиз (Рим. 1:15, 16; 1 Тим. 4:16).

8. Убакыттын тар экенин түшүнүү эмнени билдирет?

8 Убакыттын тар экенин түшүнүү маанилүү иштерди алдыңкы орунга коюуну да билдирет. (Оку: Башталыш 19:15.) Мисалы, доктуруң анализиңдин жыйынтыгын көргөндөн кийин сени кабинетине чакырып алып, аябай тынчсыздана: «Жагдайың өтө оор. Бир айдын ичинде тезинен иш-аракет кылбасаң болбойт»,— дегенин элестетсең. Ошондо эмне кылат элең? Албетте, өрт чыккан жерге учкан тейден жөнөгөн өрт өчүргүчтөй болуп, анын кабинетинен атып чыкмак эмессиң. Тескерисинче, кеңештерин кунт коюп укмаксың, анан үйүңө барып, биринчи кезекте эмне кылышың керектиги тууралуу терең ой жүгүртмөксүң.

9. Пабылды Эфесте жүргөндө шашылыш түрдө кабар айткан деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Пабылдын эфестик аксакалдарга өзүнүн Азия чөлкөмүндөгү кызматы жөнүндө айткандарынан анын Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай жарыялаганын биле алабыз. (Оку: Элчилер 20:18—21.) Пабыл, калыбы, Азияга барган күндөн тартып эле үймө-үй кыдырып, жакшы кабар таратуу менен алек болгон. Мындан тышкары, эки жыл бою «Турандын мектебинде күн сайын сөз сүйлөгөн» (Элч. 19:1, 8—10). Ооба, Пабылдын шашылыш түрдө кабар айтышы керектигин түшүнгөнү күн тартибине таасир эткен. Албетте, «Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла»,— деген чакырык кабар айтуу ишин оор жүктөй көрүп, тынчсызданышыбыз керектигин билдирбейт. Ал бизге кабар айтуу кызматын жашообузда биринчи орунга коюуга түрткү бериши керек.

10. Жүз жылдай мурун кызмат кылган бир туугандарыбыздын шашылыш түрдө кабар айтканына эмне үчүн ыраазыбыз?

10 1914-жылга чейин жакшы кабарды таратуу ишине чыйыр салган Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн үлгүсү шашылыш түрдө кабар айтуу эмнени билдирерин айкын көрсөтүп турат. Алардын саны бир нече эле миң болсо да, убакыттын тар экенин түшүнүп, кабар айтуу ишин жалындап аткарышкан. Алар жакшы кабарды 2000ден ашуун гезитке жарыялап, түстүү слайддардан жана кинокартиналардан турган «Жаратуу фотодрамасын» көрсөтө башташкан. Ошонун аркасында миллиондогондорго жакшы кабар жеткен. Эгер алар шашылыш түрдө кабар айтпаса, Падышалык жөнүндөгү кабарды канчабыз угат элек? (Оку: Забур 119:60.)

УБАКЫТТЫН ТАР ЭКЕНИН УНУТПА

11. Айрымдар эмненин айынан убакыттын аз калганын унутуп калышкан?

11 Ар кандай алаксытуулар кабар айтуунун маанилүүлүгүн унутуп калышыбызга себеп болушу мүмкүн. Шайтан бул дүйнө аркылуу жеке кызыкчылыктарыбызды көздөөгө, анча маанилүү эмес иштерге баш-отубуз менен кирип кетүүгө азгырат (1 Пет. 5:8; 1 Жкн. 2:15—17). Тилекке каршы, бир учурда Жахаба тапшырган кызмат үчүн жанын берген айрым бир туугандар убакыттын канчалык аз калганын унутуп калышкан. Алсак, 1-кылымда жашаган Димас элчи Пабыл менен бирге кызмат кылган, бирок кийин ыймансыз дүйнөгө азгырылып кеткен. Ал оор учурда бир тууганы Пабылдын жанында болуп, ага жөлөк-таяк болгондун ордуна, аны таштап кеткен (Флм. 23, 24; 2 Тим. 4:10).

12. Бүгүнкү күндө кандай сыймыкка ээбиз, ал эми келечекте кандай мүмкүнчүлүгүбүз болот?

12 Убакыттын тар экенин унутуп калбаш үчүн биз ырахатка батып жашоого болгон каалоо менен күрөшүп, «чыныгы жашоого бекем карманууга» аракет кылышыбыз зарыл (1 Тим. 6:18, 19). Сен бекем ишенгендей, келечекте Падышалыктын бийлиги астында жерде түбөлүк өмүр сүргөнүбүздө ары түрдүү, ары кызыктуу иштер менен алек болууга чексиз көп мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ал эми азыркы тапта биз эч качан кайталанбай турган ишке — башкаларга Армагедондо аман калууга жардам берүү ишине — катышуу сыймыгына ээбиз!

13. Убакыттын аз калганын унутуп калбоого эмне жардам берет?

13 Адамдардын көбү рухий мааниде уктап жаткан азыркы учурда бизге убакыттын аз калганын унутуп калбоого эмне жардам берет? Бир кезде чылк караңгылыкта уктап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Бирок, Пабыл айткандай, Машаяк бизге жарыгын чачып, рухий уйкудан ойготкон. Азыр рухий жарыкты башкаларга жаркыратуу сыймыгына ээбиз. (Оку: Эфестиктер 5:14.) Пабыл андан ары: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Ылайыктуу убакыт сатып алгыла, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз»,— деп жазган (Эф. 5:15, 16, шилт.). Ыймансыздык күч алган мезгилде жашап жаткандыктан рухий жактан сергек болууга жардам бере турган иштерди кылууга «убакыт сатып алганыбыз» канчалык маанилүү!

ӨЗГӨЧӨ УЧУРДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ

14—16. Эмне үчүн азыр Падышалык жөнүндө кабар айтуу болуп көрбөгөндөй шашылыш?

14 Негизи, кабар айтуу иши дайыма шашылыш иш болуп келген, бирок бүгүнкү тапта ал болуп көрбөгөндөй шашылыш! 1914-жылдан тартып акыркы күндөрдүн Ыйык Китепте айтылган курама белгиси аткарылып келет (Мт. 24:3—51). Азыр адамзаттын өмүрү кылдын учунда турат. Анткени тынчтык келишимдери түзүлүп жатса да, дүйнөдөгү кубаттуу державалардын колдонууга даяр 2000дей ядролук куралы бар. Бийликтегилер ядролук материалдар «жоголгон» учурлар жүздөп саналарын маалымдашат. Алардын айрымдары террорчулардын колунда болушу мүмкүнбү? Серепчилердин айтымында, адамзатты бир эле террорчу баштаган согуш опоңой эле жер менен жексен кылышы ыктымал. Бирок согуштар адам баласын каргашага кептеши мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн бири гана.

15 «Ланцет» журналы менен Лондон университетинин коллежи 2009-жылы жарыялаган отчётко ылайык, «21-кылымда баарынан да климаттагы өзгөрүүлөр дүйнө жүзүндөгү адамдардын ден соолугуна чоң коркунуч туудурууда». Ал отчётто «климаттагы өзгөрүүлөр кийинки он жылдыктарда жашаган адамдардын басымдуу бөлүгүнө таасир этип, миллиарддагандардын өмүрүнө, саламаттыгына залакасын тийгизери» маалымдалган. Андай өзгөрүүлөрдүн кесепетинде көп жерлер деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн, кургакчылыктан, суу ташкынынан, эпидемиялардан, чоң куюндардан жана азайып бараткан ресурстар үчүн болгон согуштардан улам бүлгүнгө учурашы мүмкүн. Ооба, согуштар, табигый кырсыктар бүтүндөй адамзат цивилизациясына коркунуч туудурууда.

16 Кээ бирөөлөр ядролук согуш тутанып кетсе, анын кесепеттери Иса айткан «белгинин» аткарылышына алып барат деп ойлошот. Анткен менен көптөр «белгинин» чыныгы маанисин түшүнүшпөйт. Чынында, ал «белгини» түзгөн окуялар ондогон жылдардан бери эле болуп келатат. Бул болсо Машаяктын асманда падышалык кылып жатканын жана бул дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келатканын айгинелеп турат (Мт. 24:3). Акыркы күндөрдүн «белгиси» буга чейин мынчалык деңгээлде аткарыла элек болчу. Андыктан азыр адамдар үчүн рухий уйкудан ойгоно турган учур. Ал эми биздин кызматыбыз аларга ойгонууга жардам берет.

17, 18. а) Акыркы күндөрдө жашап жатканыбыз бизге кандай таасир этет? б) Адамдардын Падышалык жөнүндөгү кабарга болгон көз карашы эмнеден улам өзгөрүшү мүмкүн?

17 Жахабаны сүйөрүбүздү далилдөөгө жана акыркы күндөрдөгү кабар айтуу ишин соңуна чыгарууга аз эле убакыт калды! Андыктан Пабылдын 1-кылымдагы Римдеги ишенимдештерине: «Кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак келгенин билесиңер. Себеби азыр куткарылуубузга биз ишене баштаган убактагыдан аз калды»,— деп айткан сөздөрү биз үчүн зор мааниге ээ (Рим. 13:11).

18 Айрымдар акыркы күндөрдө болуп жаткан окуялардан улам Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин сезиши мүмкүн. Башкалары бийликтегилердин каатчылык, ядролук согуш чыгып кетүү коркунучу, зордук-зомбулук, кылмыштуулук же айлана-чөйрөнүн кыйратылышы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө кудуретсиз экени тууралуу ой жүгүрткөндө адамзаттын жардамга муктаж экенин түшүнүшү ыктымал. Дагы бирөөлөрү үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктардан, мисалы, жакын адамынын өлүмүнөн, оору-сыркоодон же ажырашуудан улам рухий муктаждыгын сезиши этимал. Биз кабар айтуу менен ушундай адамдарга жардам бере алабыз.

УБАКЫТТЫН ТАР ЭКЕНИН ТҮШҮНҮШКӨН

19, 20. Убакыттын тар экенин түшүнүү көптөргө жашоосун өзгөртүүгө кандайча түрткү берген?

19 Кудайдын көптөгөн кызматчылары убакыттын тар экенин түшүнгөндүктөн ага көбүрөөк кызмат кылууга түрткү алышкан. Алсак, эквадордук бир жаш жубайлар 2006-жылдагы «Көзүңөрдү жөнөкөй сактагыла» деген бир күндүк атайын жыйындан кийин жашоосун жөнөкөйлөтүүнү чечишкен. Алар кереги жок буюмдарынын тизмесин түзүшкөн жана үч айдын ичинде үч бөлмөлүү үйдөн бир бөлмөлүү үйгө көчүшкөн. Ошондой эле айрым нерселерин сатып, карыздарынан кутулушкан. Көп өтпөй көмөкчү пионердик кызматты баштап, райондук көзөмөлчүнүн кеңешине ылайык, жарчыларга муктаждык көбүрөөк жыйналышка которулушкан.

20 Ал эми түндүк америкалык бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жубайым экөөбүз 2006-жылы бир жыйынга катышканда чөмүлтүлгөнүбүзгө 30 жылдын жүзү болуп калган. Жыйындан кетип баратып жашообузду жөнөкөйлөтүүгө байланыштуу кеңешти кантип колдонсок болорун талкууладык (Мт. 6:19—22). Биздин үч үйүбүз, жерибиз, кычыраган машинелерибиз, моторлуу кайыгыбыз, автоүйүбүз бар болчу. Өзүбүздү Иса Машаяктын акылдуулук менен иш кылбаган жолдоочусундай сезип, толук убакыт кызмат кылууну максат кылып койдук. 2008-жылы кызыбызга кошулуп үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштадык. Бир туугандар менен тыгыз кызматташуу кандай гана кубанычтуу! Биз жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерде да кызмат кыла алдык. Ошондой эле Жахаба үчүн мурдагыдан да көптү кылуунун аркасында ага ого бетер жакындадык. Ал эми адамдардын Кудай Сөзүндөгү чындыкты угуп, түшүнгөндө көзүнөн нур жанганын көрүү бизге өзгөчө кубаныч тартуулайт».

21. Эмнени билгенибиз бизге иш-аракет кылууга түрткү берет?

21 Биз жакында, «ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнү» келгенде, бул каардуу дүйнөнүн түп-тамыры менен жок болорун билебиз (2 Пет. 3:7). Кудай Сөзүнөн билгендерибиз бизге жакындап келаткан улуу алаамат жана жаңы дүйнө жөнүндө ынталуулук менен жарыялоого түрткү берет. Келгиле, мындан ары да убакыттын тар экенин терең түшүнүп, адамдарга жаркын келечекке үмүт байлоого жардам бере берели. Бул шашылыш ишке толук кандуу катышуу менен Кудайды жана жакындарыбызды чындап сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

[Изилдөө суроолору]