Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбарга байланыштуу суроолордун жообу

Иса пайгамбарга байланыштуу суроолордун жообу

Иса пайгамбарга байланыштуу суроолордун жообу

«Эл мени ким деп ойлойт?» (ЛУКА 9:18).

ИСА пайгамбар бул суроону шакирттерине берген, себеби эл ал жөнүндө ар кандай ойдо эле. Бирок анын чынында ким болгону белгилүү эле болчу. Ал жашырынып жүрчү эмес, кыштактарды, шаарларды кыдырып, эл менен аралашып жүрчү. Иса пайгамбар башкалардын ал жөнүндө чындыкты билишин каалагандыктан көп кишилердин алдында кабар айтчу (Лука 8:1).

Иса пайгамбар жөнүндөгү чындыкты анын сөздөрү, иштери жазылган төрт Инжилден — Матайдын, Марктын, Луканын, Жакандын Инжилинен — билүүгө болот. Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган ал китептерден Иса пайгамбарга байланыштуу суроолорго жооп ала алабыз * (Жакан 17:17).

СУРОО: Иса пайгамбар тарыхта болгонбу?

ЖООБУ: Ооба. Иосиф Флавий, Тацит сыяктуу 1-кылымдагы тарыхчылар Иса пайгамбардын чынында эле жашаганын айтышкан. Андан да маанилүүсү, анын ойдон чыгарылган каарман эмес экенин, чынында эле тарыхта болгондугун Инжилдерден билүүгө болот. Аларда окуялардын качан жана кайсы жерде болгону майда-чүйдөсүнө чейин так жазылган. Мисалы, Инжилди жазууга катышкан Лука Иса пайгамбардын качан кызмат кыла баштаганы жөнүндө жазганда ошол учурдагы 7 башкаруучуну айтып өткөн. Ал башкаруучулардын жашап өткөнүн тарыхчылар да ырасташкан (Лука 3:1, 2, 23).

Иса пайгамбардын тарыхта болгондугуна шек жок. Бир китепте: «Көптөгөн окумуштуулар назареттик Иса деп белгилүү болгон кишинин 1-кылымда чынында эле жашаганын талашка салышпайт»,— делет («Evidence for the Historical Jesus»).

СУРОО: Иса Кудайбы?

ЖООБУ: Жок. Иса пайгамбар өзүн эч качан Кудайга теңеген эмес. Тескерисинче, Жахаба * Кудайдын андан жогору турарын көп жолу айткан. Алсак, ал Жахаба Кудай жөнүндө «Кудайым», «жалгыз чыныгы Кудай» деп айткан (Матай 27:46; Жакан 17:3). Эгер ал Кудай болсо, минтип айтмак эмес. Мисалы, жумушчу «жетекчим» же «башчым» деп өзүнөн жогорку абалды ээлеген кишини гана айтат.

Ошондой эле Иса пайгамбар Кудай экөө эки башка экенин айткан. Бир жолу каршылаштары анын элди окутканга бийлиги бар экенине шек туудурушканда, ал мындай деген: «Өзүңөрдүн Мыйзамыңарда да: „Эки кишинин ырастоосу чындык“,— деп жазылган. Мен өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрөм, ошондой эле мен жөнүндө мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт» (Жакан 8:17, 18). Бул аяттан Кудай менен Иса пайгамбардын эки башка экендиги көрүнүп турат. Эгер бир болсо, алар эки күбө деп эсептелет беле? *

СУРОО: Иса пайгамбар жөн эле жакшы киши болгонбу?

ЖООБУ: Жок. Ал жөн эле жакшы киши болгон эмес. Кудайдын ой-ниетинин баары ал аркылуу ишке ашат. Келгиле анда, Иса пайгамбардын айрым наамдарына токтололу.

«Кудайдын жалгыз Уулу». (Жакан 3:18). Иса пайгамбар өзүнүн кайсы жактан келгенин жакшы билген. Ал жерге келгенге чейин эле бар болчу. Иса пайгамбар: «Мен асмандан... келгем»,— деп айткан (Жакан 6:38). Ал Кудайдын биринчи жаратуусу болгон жана Кудайдын жанында болуп, калган бардык нерселерди жаратууга катышкан. Ыйык Китепте анын «Кудайдын жалгыз Уулу» экени айтылат, себеби аны Кудай өзү жалгыз жараткан (Жакан 1:3, 14; Колосалыктар 1:15, 16).

«Адам Уулу». (Матай 8:20). Иса пайгамбар өзү жөнүндө «адам Уулу» деп айткан. Инжилдерде ал сөз айкашы 80 жолудай кездешет. Бул анын адам кейпин кийп келген кудай болгондугун эмес, кадимкидей эле адам болгонун көрсөтүп турат. Ал кантип адам болуп төрөлгөн? Кудай анын өмүрүн кереметтүү түрдө Мариям деген жүйүт кыздын жатынына көчүргөн. Ошентип, Иса пайгамбар күнөөсүз, жеткилең болуп төрөлгөн (Матай 1:18; Лука 1:35; Жакан 8:46).

«Устат». (Жакан 13:13). Иса пайгамбар Кудайдын ага «элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого» жибергенин айткан (Матай 4:23; Лука 4:43). Ал Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана Падышалык аркылуу Кудайдын эрки кантип аткарыларын элге жөнөкөй, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берген (Матай 6:9, 10).

«Сөз». (Жакан 1:1). Иса пайгамбар Кудайдын өкүлү болгон. Кудай ал аркылуу башкаларга маалымат жана көрсөтмөлөрдү берип турган. Ошондой эле ал аркылуу адамдарга жакшы кабарды жеткирген (Жакан 7:16, 17).

СУРОО: Иса убадаланган Машаяк болгонбу?

ЖООБУ: Ооба. Ыйык Китепте Машаяктын келери алдын ала айтылган. Машаяк деген сөз «Майланган» дегенди билдирет. Жахаба Кудайдын ой-ниети ошол убадаланган Машаяк аркылуу ишке ашмак. Бир жолу самариялык бир аял Иса пайгамбарга: «Машаяк деп аталган бирөөнүн келерин билем»,— дегенде, ал ага: «Сен дал ошонун өзү менен сүйлөшүп турасың»,— деп айткан (Жакан 4:25, 26).

Иса пайгамбардын чынында эле Машаяк болгонуна далилдер барбы? Анын Машаяк экенин далилдеген үч нерсе бар. Манжанын изи бир эле адамга таандык болгондой, ал үч нерсе Иса пайгамбардын гана жашоосуна туура келет.

Санжырасы. Ыйык Китепте Машаяктын Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан болгон Дөөтү пайгамбардын тукумунан чыгары айтылган (Башталыш 22:18; Забур 132:11, 12). Иса пайгамбар дал ошол тукумдан чыккан (Матай 1:1—16; Лука 3:23—38).

Аткарылган пайгамбарлыктар. Ыйык Китепте Машаяктын жердеги жашоосу, анын ичинде анын төрөлүшү, өлүмү жөнүндө ийне-жибине чейин жазылган көп пайгамбарлыктар бар. Алар Иса пайгамбардын үстүнөн аткарылган. Мисалы, ал Бетлехемде төрөлгөн (Микей 5:2; Лука 2:4—11). Мисирден чакыртып алынган (Ошуя 11:1; Матай 2:15). Өлүм жазасына тартылган, бирок бир да сөөгү сындырылган эмес (Забур 34:20; Жакан 19:33, 36). Иса пайгамбар бул пайгамбарлыктардын аткарылышына таасир эте алмак эмес *.

Кудайдын күбөлүгү. Иса пайгамбар төрөлгөндө, Кудай периштелерин жиберип, койчуларга Машаяктын төрөлгөнүн кабарлаган (Лука 2:10—14). Иса пайгамбар жерде кызмат кылып жүргөндө, Кудай аны колдой турганын билдирип, асмандан бир нече жолу сүйлөгөн (Матай 3:16, 17; 17:1—5). Ошондой эле Иса пайгамбарга керемет жасаганга күч берип, анын убадаланган Машаяк экенин далилдеген (Элчилер 10:38).

СУРОО: Иса пайгамбар эмне үчүн азап чегиши, өлүшү керек болгон?

ЖООБУ: Иса пайгамбар күнөөсүз болсо да азап чеккен. Аны шылдыңдашкан, кылмышкер деп эсептеп, устунга кадап өлтүрүшкөн. Иса пайгамбар адамдардын ага ошондой мамиле кыларын билсе да, ошонун баарына даяр болгон (Матай 20:17—19; 1 Петир 2:21—23).

Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарда анын адам баласынын күнөөсүн жууш үчүн азап тартып, өлөрү айтылган (Ышая 53:5; Даниел 9:24, 26). Иса пайгамбар өзү да «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келгенин» айткан (Матай 20:28). Ошондуктан Иса пайгамбардын куткаруу курмандыгына ишенгендер күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонуп, жер бетине орной турган бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт * (Жакан 3:16; 1 Жакан 4:9, 10).

СУРОО: Иса пайгамбардын тирилгенине ишенсек болобу?

ЖООБУ: Ооба. Иса пайгамбар тирилерин билген (Матай 16:21). Бирок, баса белгилей кетчү нерсе, Иса пайгамбар өзүнөн өзү тирилерин эч качан айткан эмес. Ыйык Китепте да бул жөнүндө айтылбайт. Анын өзүнөн өзү тирилиши мүмкүн эмес болчу. Ыйык Китепте: «Кудай аны өлүм аркандарынан бошотуп, тирилтип алды»,— деп айтылат (Элчилер 2:24). Эгер Кудайдын бар экенине жана анын баарын жаратканына ишенсек, Иса пайгамбарды тирилткенине да толук ишене алабыз (Еврейлер 3:4).

Иса пайгамбардын тирилгенине далилдер барбы? Келгиле, төмөндөгү далилдерди карап чыгалы.

Өз көзү менен көргөндөрдүн күбөлүгү. Иса пайгамбардын өлгөнүнөн 22 жылдай өткөндөн кийин анын элчиси болгон Пабыл Иса пайгамбардын тирилгенин 500дөн ашуун киши көргөнүн жана алардын көбү ошол убакта тирүү болгонун жазган (1 Корунттуктар 15:6). Бир же эки күбөнүн айткандарына ишенүү кыйын, ал эми өз көзү менен көргөн 500 кишинин айткандарына ишенбей коюу мүмкүн эмес.

Ишеничтүү кишилердин күбөлүгү. Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочулары баарын өз көзү менен көргөндүктөн анын тирилгенин эр жүрөктүк менен жарыялашкан (Элчилер 2:29—32; 3:13—15). Алар Иса пайгамбардын жолдоочусу болуш үчүн анын тирилгенине ишенүүнү маанилүү деп эсептешкен (1 Корунттуктар 15:12—19). Ошондой эле Иса пайгамбарга ишенгендиги үчүн өлгөнгө да даяр болушкан (Элчилер 7:51—60; 12:1, 2). Эгер алар ишенген нерселер жалган болсо, өлгөнгө даяр болушат беле?

Биз Иса пайгамбарга байланыштуу алты суроого Ыйык Китептен жооп алдык. Алар анын чынында ким болгонун көрсөтүп турат. Ал суроолорго жооп алганыңар силерге кандай таасир этиши керек, тактап айтканда, Иса пайгамбарга болгон көз карашыңарды өзгөртүшү керекпи?

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Төрт Инжилде жазылгандар Иса пайгамбар жөнүндө жазылган башка жазуулардан эмне үчүн айырмаланарын билиш үчүн 18, 19-беттердеги «Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?» деген макаланы карагыла.

^ 9-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ 10-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн 20—22-беттердеги «Иса Кудайбы?» деген макаланы карагыла.

^ 21-абз. Иса пайгамбарга байланыштуу дагы башка пайгамбарлыктар тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 200-бетин карагыла.

^ 25-абз. Куткаруу курмандыгы жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.