Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбар: «Эки чакырым жол жүр»,— дегенде эмнени айткысы келген?

Иса пайгамбар бир жолу көп элдин алдында насаат айтып: «Бийлиги бар бирөө сени бир чакырым жол жүрүүгө мажбурласа, аны менен эки чакырым жол жүр»,— деген (Матай 5:41). Аны уккан адамдар бул сөздөрдүн бийлик тарабынан талап кылынган кайсы бир ишти аткарууга карата айтылганын түшүнүшкөн көрүнөт.

Б.з. 1-кылымында ысрайыл эли римдиктердин бийлиги алдында эле. Римдиктер адамдарды да, жаныбарларды да аяшчу эмес. Алар мамлекет тарабынан тапшырылган кайсы бир ишти тезирээк бүтүрүш үчүн каалаган кишисин мажбурлап, ал ишти кылдырган. Мисалы, римдик аскерлер киреналык Симон деген кишини күчкө салып, Иса пайгамбарды аса турган устунду бир топ жерге чейин көтөртүп коюшкан (Матай 27:32). Римдиктердин элди ошентип таш боордук менен кыйнаганына жүйүттөр аябай нааразы болушчу.

Жарандардын аларды кайсы бир ишти кылганга мажбурлагандарга канчалык деңгээлде баш ийгени белгисиз. Алар талап кылынган нерсени даярдуулук менен аткарышкан деп айтуу кыйын. Ошондуктан Иса пайгамбар: «Эки чакырым жол жүр»,— деп айтуу менен угуучуларына бийликтегилер мыйзамга ылайык келген нерсени кылууну талап кылганда, кыжырданбай кылышы керектигин айткысы келген (Марк 12:17).

Инжилде айтылган Анас ким болгон?

Инжилде Иса пайгамбарды соттоп жатканда сотко катышкан Анастын «жогорку дин кызматчы» болгону айтылат (Жакан 18:13, 19; Элчилер 4:6). Ал башкы дин кызматчы Каяпанын кайын атасы болгон. Анас б.з. алтынчы же жетинчи жылынан баштап б.з. 15-жылына чейин башкы дин кызматчы болуп кызмат кылган. Римдик башкаруучу Валерий Грат аны б.з. 15-жылы кызматтан бошоткон. Анас башкы дин кызматчы болбой калса да, ысрайыл элине тиешелүү иштерге кийлигише алган. Анын беш уулу жана күйөө баласы башкы дин кызматчы болушкан.

Ысрайылдыктар көз карандысыз эл болгон убакта башкы дин кызматчы кызматын өмүрү өткөнчө аткарчу (Сандар 35:25). Бирок ысрайыл элин Рим империясы басып алгандан кийин башкы дин кызматчыны Римдин башкаруучулары жана падышалары дайындап калган. Алардын башкы дин кызматчыны кызматтан бошотконго да бийлиги бар болчу. Иосиф Флавий деген тарыхчы Сирияны башкарган римдик башкаруучу Кибренийдин б.з. алтынчы же жетинчи жылы Жоазар деген башкы дин кызматчыны кызматынан алып, ордуна Анасты дайындаганын жазган. Римдин башкаруучулары жаңы башкы дин кызматчыны дин кызматчылардын арасынан дайындаган көрүнөт.

Анастын үй-бүлөсүндөгүлөр аябай ач көз, чириген бай кишилер катары белгилүү болушкан. Алар май, шарап жана ибадатканада курмандыкка чалына турган көгүчкөн, кой саткан сатуучуларды көзөмөлдөшкөн жана алардан түшкөн акчанын эсебинен байышкан. Иосиф Флавийдин жазгандарына ылайык, Анастын баласы Ананиянын «элден ондук чогулткан куйту кишилери болгон». Алар «дин кызматчыларга бериле турган ондукту элден күч менен чогултуп алышчу, бербегендерди болсо уруп-сабашчу».