Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бизди үйүбүзгө кайрып келе көр!»

«Бизди үйүбүзгө кайрып келе көр!»

Кудайга жакындагыла

«Бизди үйүбүзгө кайрып келе көр!»

Балким, силер мурда Жахабага кызмат кылып, кийин андан алыстап кеткендирсиң. Ага кайрадан кызмат кылгың келип, бирок ал мага ырайым кылабы деп бушайман болуп жүргөндүрсүң. Анда ушул жана мындан кийинки макалалар сага дем-шык берери шексиз. Алар Жахабага кайрылып келгиси келгендер үчүн даярдалган.

«ЖАХАБА Кудайга жалынып, мага „үйгө“ кайрылып келгенге жардам беришин жана жүрөгүн оорутканым үчүн кечиришин сурап тилендим». Бул сөздөрдү Кудайдын жолунда тарбияланып, бирок кийин ал жолдон чыгып кеткен бир эже айткан. Анын кандай сезимде болгонун түшүнүп жатсаңар керек. Балким: «Кудай мурда ага кызмат кылган кызматчыларына кандай карайт? Алар анын эсиндеби? Алардын „үйгө кайрылып келишин“ каалайбы?» — деген суроолор туулаттыр. Бул суроолорго жооп алыш үчүн, келгиле, Жеремия пайгамбардын сөздөрүн карап чыгалы. Ал суроолордун жообу силерди сооротуп-жубатары күмөнсүз. (Окугула: Жеремия 31:18—20.)

Адегенде Жеремия пайгамбардын ал сөздөрдү качан жазганына токтололу. Ал жашаган убакка чейин ондогон жылдар мурун, б.з.ч. 740-жылы, он уруудан турган ысрайыл элин ашурлуктар туткундап кетишкен *. Ысрайыл эли Жахаба Кудайдын алдында чоң күнөөгө батып, пайгамбарлары аркылуу берген эскертүүсүнө кулак какпагандыктан, Кудай аларды оңдоп-түзөш үчүн алардын туткундалып кетишине жол берип койгон (2 Падышалар 17:5—18). Ысрайылдыктар өздөрүнүн мекенинен алыс жерде туткунда жүрүп, башына мүшкүл түшкөндө акылына келгенби? Жахаба аларды эсинен чыгарып койгонбу? Аларды мекенине кайрып келди беле?

«Өкүндүм»

Ысрайыл эли кулчулукта жүргөндө акылына келип, өкүнүшкөн. Жахаба Кудай алардын чын жүрөктөн өкүнүп жатканын көргөн. Келгиле анда, туткунда жүргөндө Эпрайымдын, тактап айтканда, ысрайылдыктардын кандай сезимде болгонун Жахабанын кантип сүрөттөгөнүнө көңүл буралы.

Жахаба: «Мен Эпрайымдын... ыйлап жатканын уктум»,— дейт (18-аят). Ал ысрайылдыктардын күнөөсүнүн кесепетин тартып, ыйлап жатканын уккан. Бир изилдөөчүнүн айтымында, «ыйлоо» деп которулган еврей сөзү «башты жерге салууну, башты чайкоону» билдириши мүмкүн. Алар өзүн-өзү азапка салганына кайгырып, өкүнгөнүнөн башын чайкап, үйүнө кайтып келүүнү эңсеген адашкан уулдай болушкан (Лука 15:11—17). Ысрайылдыктар Кудайга эмне деп кайрылышкан?

«Сен мени оңдоп-түзөгөнсүң... торпокту үйрөткөндөй үйрөткөнсүң» (18-аят). Ысрайыл эли өздөрүнүн жазаланууга тийиш экенин моюнга алышкан. Анткени алар моюн бербеген торпоктой болушкан. Бир эмгекте бул салыштыруу ысрайылдыктардын «учтуу таяк менен саймайын, моюнтурукка көнбөй, булкунуп туруп алган» торпокко окшош болгонун билдириши мүмкүн экени айтылат.

«Мени кайры, ошондо дароо кайрылам, анткени сен Жахабасың, менин Кудайымсың» (18-аят). Ысрайылдыктар өзгөрүп, Кудайга кайрылышкан. Алар жаман жолун таштап, Кудай аларга ырайым кылышы үчүн, жардам сурап жалынышкан. Ыйык Китептин бир котормосунда Жеремия 31:18деги сөздөр: «Сен биздин Кудайыбызсың, бизди үйүбүзгө кайрып келе көр!» — деп которулган («Contemporary English Version»).

«Өкүндүм... уялып, басынып калдым» (19-аят). Эл кылган күнөөсү үчүн өкүнгөн. Кудай аларды ашкерелегенде, алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Күнөө кылганы үчүн уялып, өздөрүн Кудайдын кайрымдуулук кылышына татыксыз сезишкен (Лука 15:18, 19, 21).

Ооба, ысрайылдыктар чынында эле өкүнүшкөн. Алар кайгырып, күнөөлөрүн Кудайга ачык айтып, туура эмес жолунан бурулушкан. Алардын өкүнгөнүн көрүп, Кудай ырайым кылды беле? Аларды «үйүнө» кайрып келди беле?

«Аны сөзсүз аяйм»

Жахаба Кудай ысрайыл элин канчалык жакшы көрөрүн билдирип: «Мен Ысрайылдын атасымын, Эпрайым болсо менин туңгучум»,— деген (Жеремия 31:9). Чын жүрөктөн өкүнүп, үйүнө кайтып келген канынан бүткөн баласын ата кантип кабыл албай койсун?! Келгиле, Жахаба Кудайдын өз элине кандай сезимдерди туярын карап көрөлү.

«Эпрайым сүйүктүү уулум эмеспи, алпештеген чүрпөм эмеспи? Ага каршы сүйлөгөн сайын аны эстейм» (20-аят). Бул кандай гана жүрөк жылытарлык сөздөр! Балдарын катуу кармаган, ошол эле учурда мээримдүүлүк менен кам көргөн атадай болуп, Жахаба өз элине кайра-кайра эскертүү берип, түз жолго кайрып келгенге аракет кылган. Бирок ысрайыл эли өжөрлөнүп, эскертүүгө кулак какпай койгондо, Ал алардын бөтөн жерге туткундалып кетишине жол берген. Жахаба аларды жазаласа да, эч качан унуткан эмес. Ал өз элин кантип унутсун? Мээримдүү ата балдарын эч убакта унутпайт. Жахаба балдарынын чындап өкүнгөнүн көрүп кандай сезимде болгон?

«Аны ойлогонумда ичим уйгу-туйгу болот. Аны сөзсүз аяйм» (20-аят). Жахаба балдарына аябай боору ооруган. Алардын чын жүрөктөн өкүнгөнү анын жүрөгүн козгогон, ошондуктан алардын ага кайрылып келишин абдан каалаган. Исанын адашкан уул жөнүндөгү аңгемесиндеги атадай болуп, Жахаба балдарына «боору ооруп», аларды үйүнө — мекенине — кайрып келген (Лука 15:20).

Жахаба «мени „үйүмө“ кайрып келди»

Жеремия 31:18—20-аяттардагы сөздөр Жахаба Кудайдын аябай боорукер, ырайымдуу экенин көрсөтүп турат. Кудай ага бир учурда кызмат кылгандарды эч качан унутпайт. Кудай ага кайра кайтып келүүнү каалагандарды «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5). Ал өкүнүп, кайрылып келгендерди эч убакта четке какпайт (Забур 51:17). Тескерисинче, аларды кучагын жайып тосуп алууга даяр (Лука 15:22—24).

Макаланын башында айтылып өткөн ишенимдешибиз Жахабага кайрылып келүүнү чечип, Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышына барган. Ал адегенде жаман ойлорунан арылышы керек болгон. «Мен өзүмдү Кудайга кызмат кылууга татыксыз сезгем»,— деп эскерет ал. Бирок жыйналыштагы аксакалдар аны жубатып, Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө жардам беришкен. Ал: «Мени „үйүмө“ кайрып келгенине Жахабага ушунчалык ыраазымын!» — дейт.

Эгер сен да кайрадан Жахабага кызмат кылгың келип жатса, сени Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына чакырабыз. Өкүнгөндөр Жахабага: «Бизди үйүбүзгө кайрып келе көр!» — деп кайрылышканда, анын боору ооруп, ырайым кыларына эч күмөн санаба!

АПРЕЛДЕ ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Жеремия 17—31

[Шилтеме]

^ 5-абз. Жүздөгөн жылдар мурун, б.з.ч. 997-жылы, ысрайылдыктар эки падышалыкка бөлүнүп кетишкен. Алардын бири — эки уруудан турган Жүйүт түштүк падышалыгы, экинчиси он уруудан турган Ысрайыл түндүк падышалыгы болгон. Ал Эпрайым деп да белгилүү болгон, себеби ал уруу башка уруулардын ичинен көрүнүктүүсү эле.