Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын жолдоочулары эмне үчүн чөмүлтүлүшөт?

Иса пайгамбардын жолдоочулары эмне үчүн чөмүлтүлүшөт?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Иса пайгамбардын жолдоочулары эмне үчүн чөмүлтүлүшөт?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Чөмүлтүлүү эмнени билдирет?

Чөмүлтүлүү Кудай менен ынак мамиледе болуш үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан Исанын жолдоочусу болуш үчүн ымыркай кезде эмес, Кудай жөнүндө билим алып, Исанын жолдоочусу болууну өз алдынча чече алгыдай куракка келип калганда гана чөмүлтүлүш керек (Элчилер 8:12; 1 Петир 3:21). Ошондой эле Иса Машаяктын үйрөткөндөрүн билип, аларга ылайык иш кылуу зарыл. (Окугула: Матай 28:19, 20.)

Биздин замандын биринчи кылымында көптөр Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө билим алууга ынтызар болушкан. Мисалы, бир киши Иса Машаяктын адамзат үчүн өмүрүн берип, куткарылууга жол ачканын билгенде дароо анын шакирти болгон. Бүгүнкү күндө да көптөгөн жүрөгү таза адамдар Иса Машаяктын жолун жолдоону чечишүүдө. (Окугула: Элчилер 8:26—31, 35—38.)

2. Иса Машаяк эмне үчүн чөмүлтүлгөн?

Иса Машаяк 30 жашка чыгып калганда, Чөмүлдүрүүчү Жакан аны Иордан дарыясына чөмүлдүргөн. Ал чөмүлтүлүү менен Кудайдын эркин аткарууга даяр экенин көрсөткөн (Еврейлер 10:7). Ошондой эле ал адамзаттын күнөөсү үчүн өмүрүн бермек. Ал жерге келгенге чейин асманда жүргөндө эле Кудайга баш ийип, анын эркин аткарган. (Окугула: Марк 1:9—11; Жакан 8:29; 17:5.)

3. Анын жолдоочулары эмне үчүн чөмүлтүлүшү керек?

Иса Машаяктан айырмаланып, биз күнөөлүү болуп төрөлөбүз. Бирок ал, Кудай менен ынак мамиледе боло алышыбыз үчүн, өмүрүн курмандыкка берген (Римдиктер 5:10, 12; 12:1, 2). Ошондуктан биз Кудайдын уул-кыздары боло алабыз (2 Корунттуктар 6:18). Мындай сыймыкка ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? Ал үчүн Кудайга кайрылып тиленип, өмүр бою анын эркин аткарып жашоого убада беришибиз керек. Андан кийин убада бергенибизди эл алдында көрсөтүш үчүн сууга чөмүлтүлүшүбүз зарыл. (Окугула: Матай 16:24; 1 Петир 4:2.)

4. Чөмүлтүлүүгө кантип даярданууга болот?

Жахабанын Күбөлөрү Кудай менен ынак мамиледе болгусу келгендерге Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришет. Ыйык Китепти изилдөө, жыйналыштарга баруу Кудайга болгон сүйүүңөрдү өстүрүп, ишенимиңерди бекемдейт. Ошондой эле жакшы сапаттарды жана Кудайга жаккан адаттарды өрчүткөнгө жардам берет. Ал эми сүйүү, ишеним жана Жахаба Кудайга жаккан дагы башка сапаттарды өрчүтүү Ага түбөлүк кызмат кылам деген убадаңарга бек турууга көмөк кылат. (Окугула: Жакан 17:3; Еврейлер 10:24, 25.)

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 18-бөлүмүн карагыла.

[17-беттеги сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?