Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?

Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?

Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?

«БУЛ чоң ачылыш! Эми көптөр таң калышы мүмкүн». «Бул ачылыш Иса пайгамбар, анын окуулары, алгачкы жолдоочулары жөнүндөгү түшүнүгүбүздү өзгөртөт». «Жүйүттүн инжили» деген китептин жарык көргөнүнө сүйүнгөн окумуштуулар ушундай сөздөрдү айтышкан. Ал кол жазмалар көптөрдүн ою боюнча, 16 кылымдан ашуун убакыт бою табылбай келген. (Сүрөтү жогоруда көрсөтүлгөн.)

Учурда апокрифтик инжилдерге кызыккандар көп. Айрымдар ал инжилдерде Иса пайгамбар, анын окуулары, жашоосу жөнүндө көптөн бери жашыруун болуп келген маалыматтар камтылган деп ырасташат. Бирок ал инжилдерде Иса пайгамбар жана анын окуулары жөнүндө чындык жазылганбы? Апокрифтик инжилдер деген эмне?

Ыйык Китепке кирген Инжилдер жана апокрифтик инжилдер

Б.з. 41—98-жылдар аралыгында Иса пайгамбардын Матай, Марк, Лука жана Жакан деген шакирттери анын жашоосун баяндап жазышкан (Матай 1:1). Алар жазган китептер «Инжил» деп аталат. Ал сөз Иса пайгамбар жөнүндөгү «жакшы кабар» дегенди билдирет (Марк 1:1).

Иса пайгамбар жөнүндө ар кандай кол жазмалар, эл оозунда айтылып калган аңгемелер бар болушу мүмкүн. Бирок ушул төрт шакирт жазган Инжил гана Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана Ыйык Китепти түзгөн китептердин катарына кирет. Ошол Инжилден гана Иса пайгамбардын жашоосу жана окуулары жөнүндө чындыкты биле алабыз (Лука 1:1—4; Элчилер 1:1, 2; 2 Тиметей 3:16, 17). Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыгы далилденген китептердин байыркы тизмесинде ал төрт китеп да бар. Ошондуктан ал китептерди Кудайдын Сөзү деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Кийинчерээк инжилдер деп аталган башка кол жазмалар пайда боло баштаган. Алар «апокрифтик инжилдер» деп аталып калган *.

2-кылымдын аягында Лиондук Ириней деген жазуучу «Иса пайгамбардын окууларынан четтей баштагандарда толгон-токой апокрифтик жана жалган кол жазмалар», анын ичинде инжилдер да бар болгонун жазган. Алар «терең ой жүгүртпөгөн кишилерди адаштырыш үчүн ал инжилдерге ойдон чыгарылган», ар кандай билдирүүлөрдү кошуп коюшкан. Ошондуктан апокрифтик инжилдерди окумак тургай, аларга ээ болуунун өзү эле опурталдуу деп эсептелген.

Бирок орто кылымда жашаган кечилдер жана көчүрмөчүлөр андай кол жазмаларды жана инжилдерди сактап келишкен. 19-кылымда аларга кызыккандар көбөйгөндүктөн ар кандай кол жазмалар жана апокрифтер, анын ичинде инжилдер жарыкка чыга баштаган. Бүгүнкү күндө көп тилге которулуп, басылып чыгарылган андай кол жазмалар кеңири таралган.

Иса пайгамбар жөнүндөгү ойдон чыгарылган билдирүүлөр

Апокрифтик инжилдерде Ыйык Китепке кирген Инжилде көп деле айтылбаган же такыр эле айтылбаган адамдар жөнүндө жазылат. Ошондой эле ал инжилдерде Иса пайгамбардын кичинекей кези жөнүндө чындыкка коошпогон билдирүүлөр бар. Келгиле, алардын айрымдарын карап чыгалы.

▪ «Жакыптын инжилинде» («Мариямдын төрөлүшү» деп да аталат) Мариямдын төрөлүшү, бала чагы, Жусупка турмушка чыгышы жөнүндө билдирүүлөр жазылган. Көптөр жүйөлүү себептерден улам ал инжилди уламыш деп айтышат. Мисалы, анда Мариямдын өмүр бою кыз бойдон калганы айтылат. Ал инжил, чынында, Мариямды даңазалаш үчүн жазылган (Матай 1:24, 25; 13:55, 56).

▪ Апокрифтик дагы бир инжилде Иса пайгамбардын бала кези, 5—12 жашка чейинки курагы жөнүндө жана ошол курагында укмуштуудай кереметтерди жасаганы баяндалат (Жакан 2:11). Ал инжилде Иса тил албаган, ачуусу чукул, кекчил бала катары сүрөттөлөт. Ошондой эле окутуучулардан, кошуналарынан жана башка балдардан өч алганы, алардын айрымдарын сокур, майып кылып, ал тургай, өлтүрүп койгону айтылат.

▪ «Петирдин инжилинде» Иса пайгамбар соттолуп, өлүмгө кыйылып, кийин кайра тирилгенде болгон окуялар жөнүндө айтылат. Ал эми «Пилаттын иштери» (бул инжил «Никедимдин инжилине» кирет) деген инжилде, ошол окуяларга катыштыгы бар кишилер тууралуу жазылат. Ал жерде жазылгандар ойдон чыгарылган жана анда айтылган кишилер чындыгында жашаган эмес. Ошондуктан ал инжилдерге ишенүүгө болбойт. «Петирдин инжилинде» Понтий Пилаттын кылган иштери акталып, Иса пайгамбардын тирилгени жөнүндөгү билдирүүлөр болсо апыртылып жазылган.

Апокрифтик инжилдер жана Иса пайгамбардын окууларынан четтегендер

1945-жылдын декабрь айында бир кыштактын тургундары Мисирдеги Наг-Хаммади шаарына жакын жерден 52 кол жазма камтылган 13 папирус таап алышкан. 4-кылымга таандык ал кол жазмалардын гностицизм деп аталган диний, философиялык агымга тиешелүү экени аныкталган. Ал агым табияттан тыш нерселерге ишенгендердин, көп кудайларга сыйынгандардын, Иса пайгамбардын жолун жолдойбуз дегендердин, ошондой эле грек философторунун, иудаизм динин туткандардын айрым окууларынын негизинде келип чыккан. Ал Иса пайгамбардын айрым жолдоочуларына терс таасир эткен (1 Тиметей 6:20, 21).

«Наг-Хаммади китепканасына» кирген «Томастын инжилинде», «Филиптин инжилинде» жана «Чындыктын инжилинде» диний философияны жактагандардын ар кандай ой-толгоолору жазылат. Алар ал инжилдерде жазылгандарды Иса пайгамбар ачып берген деп ырасташат. Жакында эле табылган «Жүйүттүн инжили» да ошондой инжилдердин катарына кирет. Ал инжилде Жүйүт Искариот Иса пайгамбарды түшүнгөн жакшы киши катары сүрөттөлөт. Ал инжилди жакшы билген бир киши анда Иса пайгамбардын «адам баласын күнөөдөн куткарыш үчүн өлгөн киши эмес, акылмандык менен билимдин чынында эмне экенин ачып берген окутуучу» болгону жазыларын айткан. Ал эми Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Инжилде Иса пайгамбардын адамзаттын күнөөсү үчүн өмүрүн курмандыкка бергени жазылат (Матай 20:28; 26:28; 1 Жакан 2:1, 2). Жогоруда айтылгандардан айкын көрүнүп тургандай, апокрифтик инжилдер Ыйык Китепке болгон ишенимибизди бекемдөө максатында эмес, солгундатуу үчүн жазылган (Элчилер 20:30).

Ыйык Китепке кирген Инжилдин артыкчылыгы

Апокрифтик инжилдерди кылдат карап чыккандан кийин алардын, чындыгында, Кудайдын руху менен жазылбаганын биле алдык (2 Тиметей 1:13). Ал инжилдерди Иса пайгамбарды, анын элчилерин эч качан көрүп-билбеген кишилер жазгандыктан, аларда Иса пайгамбар жана анын окуулары жөнүндө чындык жазылган эмес. Андай инжилдерде так эмес, ойдон чыгарылган, чындыкка коошпогон билдирүүлөр жазылган (1 Тиметей 4:1, 2).

Ал эми Ыйык Китепке кирген Инжилди жазган Матай менен Жакан Иса пайгамбардын жанында жүргөн элчилер болушкан. Марк менен Лука болсо Иса пайгамбарды жакшы билген Петир менен Пабылды жакшы таанышкан. Матайдын, Марктын, Луканын, Жакандын Инжили Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган (2 Тиметей 3:14—17). Андыктан алар жазган төрт Инжилде Иса Машаяктын Кудайдын Уулу экенине ишенүүгө жетиштүү далилдер бар (Жакан 20:31).

[Шилтеме]

^ 7-абз. Апокрифтик деп которулган термин «жашырылган» дегенди билдирген грек сөзүнөн келип чыккан. Башында ал сөз белгилүү бир окууну жактаган ойчулдардын жолдоочулары үчүн гана сакталган кол жазмага карата колдонулган. Ал кол жазма жашыруун сакталган. Кийин ал сөз Ыйык Китепке кирбеген кол жазмаларга карата колдонулуп калган.

[18-беттеги сүрөт]

Kenneth Garrett/National Geographic Stock