Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Милдетин мыкты аткарган ата

Милдетин мыкты аткарган ата

Ишенимдин үлгүсү

Милдетин мыкты аткарган ата

БЕТЛЕХЕМ шаары. Күүгүм кирип калган кез. Жусуп эшегине жүк артып, Мисирге карай жол тартууга камданып жатат. Ал улам айланасын карап, жүк артылган эшегин капталга акырын чаап-чаап коёт. Жусуптун оюн алдыдагы узак жол ээлеп турат. Тили, каада-салты башка Мисирдеги бөтөн элдин арасында үй-бүлөсү менен жан багып кете алабы?

Жусупка түшүндө Кудайдын периштеси көрүнүп, Ирод падыша алардын уулун өлтүрүүнү көздөп жатканын, тез аранын ичинде башка жакка көчүп кетиши керектигин айтат (Матай 2:13, 14). Жусуп сүйүктүү жубайы Мариям муну укса жаман болорун билет. Бирок айтпаска айла барбы, ага бул тууралуу айтат. Мариям муну укканда жүрөгү алкымына тыгыла түшөт. Эч күнөөсү жок наристени өлтүргөнгө кимдин колу барат? Мунун себебин Мариям да, Жусуп да билбейт. Ошентсе да алар Жахабага таянып, жолго чыгышат.

Элдин баары таттуу уйкуда жатканда, Жусуп үй-бүлөсүн алып, түн жамынып эч кимге билгизбей кыштактан чыгып кетет. Алар түштүктү көздөй бет алышат. Жусуптун жолдо баратып эртеңки күнүм кандай болот деп ойлонгону шексиз. Ал үй-бүлөсүн андан алда канча күчтүү адамдардан коргой алабы? Үйүндөгүлөрүн эч нерседен кем кылбай бага алабы? Жахаба Кудай берген оор тапшырманы аткара алабы, тагыраак айтканда, Исага кам көрүп, чоңойтуп-өстүрүп, аталык милдетин тийиштүү түрдө аткара алабы? Чынында эле Жусупка жоопкерчиликтүү иш тапшырылган. Анын аталык милдетин кантип аткарганын карап чыгуу менен бүгүнкү күндөгү аталардын эмнеге үйрөнө алышарын жана деги эле, баарыбыз андан кандай үлгү алсак болорун билебиз.

Жусуп үй-бүлөсүн коргогон

Бир нече ай мурун Жусуп өзү төрөлүп-өскөн Назарет шаарында Элинин кызы Мариям менен убадалашып койгон эле. Ошондон кийин анын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Ал Мариямдын Кудайдан корккон, ыймандуу кыз экенин билчү. Бирок кийинчерээк Мариямдын боюна бүтүп калганын угат. Ошондуктан Мариям элге уят болбошу үчүн, аны менен жашыруун ажырашып кетүүнү чечет *. Бирок Кудайдын периштеси ага түшүндө Мариямдын боюндагы бала Кудайдын ыйык руху аркылуу бүткөнүн билдирет. Ошондой эле төрөлө турган бала «өз элин күнөөлөрүнөн куткарарын» айтат. Анан: «Мариямды үйүңө алып келгенден коркпо»,— деп айтат (Матай 1:18—21).

Жусуп адил жана Кудайга баш ийген киши болгон. Ошондуктан дароо периште айткандай кылган. Кудайдын уулуна кам көрүп, багып-чоңойтуу Жусуп үчүн аябай эле чоң жоопкерчилик болгон. Кийин ал падышанын буйругуна баш ийип, эл каттоодон өтүш үчүн кош бойлуу аялын алып, Бетлехемди көздөй жөнөгөн. Ошентип, Мариям ошол жактан көз жарган *.

Жусуп үй-бүлөсү менен кайра Назарет шаарына кайтып келген эмес. Алар Иерусалимден бир нече чакырым алыс жайгашкан Бетлехемде жашап калышкан. Колунда жок болсо да, Жусуп үй-бүлөсүн эч нерседен өксүтпөш үчүн жанын үрөп иштеген. Алар убактылуу бир чакан үйдө жашап турушкан. Ошол учурда Иса бир жаштан өтүп калган эле. Ошондо алардын жашоосу күтүлбөгөн жерден дагы өзгөргөн.

Чыгыштан, кыязы, алыскы Бабылдан астрологдор Жүйүт элинин падышасы боло турган баланы издеп жолго чыгышкан. Алар бир жылдызды ээрчип отуруп, Жусуп менен Мариямдын үйүнө келишкен. Астрологдор Жусуп менен анын үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылышкан.

Астрологдор өздөрү билбей, Исанын өмүрүнө коркунуч туудурушкан. Анткени алар көргөн жылдыз аларды адегенде Иерусалимге, андан кийин гана Бетлехемге алып барган. Иерусалимден астрологдор Ирод падышага жолугуп, жүйүттөрдүн падышасы боло турган баланы издеп жүрүшкөнүн айтышкан. Аны укканда кара мүртөз падыша каарданып, тынчсыздана баштаган. (29-беттеги «Астрологдорду „жылдыз“ аркылуу ким жетектеген?» деген макаланы карагыла.)

Бактыга жараша, Ирод падышадан да күчтүү бирөө бар эле. Ал Жусупту жана анын үй-бүлөсүн коргогон. Кандайча? Астрологдор Ирод падышага баланын кайсы жерде экенин айтууну ойлошкондо, Жахаба түш аркылуу аларга үйүнө башка жол менен кетүүнү буйруган. Астрологдор Исаны көргөнү келгенде белек-бечкек алып келишкен эле. Алар «ладан, мирра деген жыпарзаттар менен алтын тартуу» кылышкан. Жусуп менен Мариям ага чейин андай кымбат баалуу белек алып көргөн эмес. Алар ошондой нерселерибиз болот деп эч качан ойлобосо керек (Матай 2:1—12).

Астрологдор кеткенден кийин, Жахабанын периштеси Жусупка: «Тур, бала менен анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол, анткени Ирод баланы өлтүрүш үчүн издегени жатат»,— деп эскерткен (Матай 2:13). Ошондо Жусуп, макаланын башында айтылгандай, жолго чыкканга дароо камына баштаган. Ал баласынын жана жубайынын коопсуздугун баарынан жогору койгондуктан Мисирге жол тарткан. Жусуп үй-бүлөсү менен Мисирде убактылуу жашап турган убакта астрологдор алып келген кымбат баалуу белектердин пайдасы тийген.

Апокрифтик уламыштарда Жусуптун үй-бүлөсү менен Мисирге жол тартканы жөнүндөгү билдирүүгө ойдон чыгарылган ар кандай божомолдоолор кошулуп жазылган. Аларда Исанын керемет жасап, жолду кыскартканы, үй-бүлөсүн каракчылардан коргоп калганы, энеси финик пальмасынын мөмөсүнөн үзүп алышы үчүн, бакты ийгени айтылат *. Бирок чынында Мисирге карай жол тартуу Жусуптун үй-бүлөсү үчүн оор сапар болгон.

Ата-энелер Жусуптан көп нерсеге үйрөнө алышат. Жусуп үй-бүлөсүн коргош үчүн баарын таштап, өз кызыкчылыгынан кечкенге даяр болгон. Анткени үй-бүлөсүнө кам көрүүнү Жахаба Кудай ишенип тапшырган ыйык иш катары көргөн. Бүгүнкү күндө дүйнөдө балдардын ой жүгүртүүсүн бузган, жүрүм-турумуна терс таасир эткен, өмүрүнө коркунуч туудурган нерселер аябай көп. Балдарын ушундай нерселерден коргош үчүн, Жусуптай болуп, чечкиндүү иш-аракет кылган ата-энелер чынында эле мактоого татырлык!

Жусуп үй-бүлөсүнө кам көргөн

Жусуп үй-бүлөсү менен Мисирде аз эле убакыт жашаган көрүнөт, себеби периште ага Ирод падышанын өлгөнүн кабарлаган. Ошондон кийин ал үй-бүлөсүн кайра өз мекенине көчүрүп келген. Ошентип, Жусуп Жахаба Кудай алдын ала айттырган: «Уулумду Мисирден чакырып алгам»,— деген пайгамбарлыктын аткарылышына катышкан (Матай 2:15). Бирок ал үй-бүлөсү менен кайсы шаарга барат?

Жусуп сак болушу керектигин жакшы түшүнгөн. Себеби Ироддон кийин такка келген таш боор, канкор Архелай да ага коркунуч туудурушу мүмкүн эле. Ошондуктан Кудайдын жетекчилигине баш ийип, Жусуп Иерусалимден алыс жайгашкан түндүктөгү Галилеянын Назарет деген шаарына кеткен. Ошентип, ошол жерге отурукташып калган (Матай 2:19—23).

Алар аябай эле жупуну жашашкан. Жан багуу бир топ эле оор болгон. Ыйык Китепте Жусуптун жыгач уста болгону айтылат. Ал учурда жыгач усталардын жумушу оңой болгон эмес. Жыгачтан ар кандай нерселерди, мисалы, кайык, көпүрө, дөңгөлөк, араба, моюнтурук же айыл чарбада колдонула турган дагы башка нерселерди жасаш үчүн, үй салыш үчүн, адегенде бак кыйып, аны сүйрөп келип, кургатууга туура келген (Матай 13:55). Мунун баары кара күчтү талап кылган. Жыгач усталар, адатта, үйүнүн жанында же өзүнүн устаканасында иштешчү.

Жусуп ар кандай шаймандарды, балким, атасынан калган шаймандарды колдонсо керек. Мисалы, бурчтук, тиктикти белгилей турган жипке асма салмоор, белги сала турган боорлонгон жип, балта, араа, сүргүч, балка, жыгач балка, жалпак миздүү тешкич, көзөгүч, ошондой эле желимдин түрлөрүн, ошол учурда кымбат турган мык колдонгон.

Атасы иштеп жатканда, кичинекей Исанын көзүн бакырайтып алып, анын ар бир кыймылынан көзүн албай тиктеп турганын элестетсеңер. Ал карылуу колдору күчкө чыңалып, чебердик менен ар кандай нерселерди жасап жаткан атасынын күчүнө, акылмандыгына далай жолу суктанып, колунан көөрү төгүлгөн атасы бар экенине сыймыктанган болушу керек. Жусуп Исага жөнөкөй нерселерди, мисалы, балыктын кургатылган териси менен бактын одуракай жерлерин сүрүп-жылмалаганды үйрөткөнү шексиз. Ошондой эле жыгач устачылыкта колдонулган сикомор, эмен, зайтун дарагы бири-биринен эмнеси менен айырмаланарын да айтып берсе керек.

Иса кара күчкө толгон атасынын мээримдүү экенин да билген. Анткени Жусуп балдарын, жубайын эркелетип, аларга дайыма көңүл буруп турчу. Жусуп менен Мариям кийин Исадан башка дагы алты балалуу болушкан (Матай 13:55, 56). Көп баланын курсагын тойгузуш үчүн Жусуп кара жанын карч уруп иштеген.

Бирок ал үй-бүлөсүнө Кудайдын осуяттарын үйрөтүү баарынан маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан балдарына Жахаба Кудай жана анын мыйзамдары жөнүндө айтып берүүгө убакыт бөлгөн. Мариям экөө балдарын ошол учурда сыйынуу жайы болуп эсептелген жергиликтүү синагогага алып барып турушчу. Ал жерде Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамы үн чыгара окулуп, түшүндүрүлүп берилчү. Синагогадан келгенден кийин Жусуп Исанын толгон-токой суроолоруна жооп бергенге аракет кылганы күмөнсүз. Ошондой эле ал үй-бүлөсүн Иерусалимде жыл сайын өткөрүлгөн Пасах майрамына да алып барып турчу. Иерусалимге барыш үчүн аларга 112дей чакырым жол жүрүүгө туура келген. Майрамга барып келүүгө эки жума кетсе керек.

Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөсү болгон үй-бүлө башчылары Жусуптан үлгү алышат. Алар балдарын кийим-кече, тамак-аш менен камсыз кылышат. Бирок аларга Кудайдын осуяттарын үйрөтүү андан да маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт. Алар, жол алыс болсо да, балдарын жыйналыштарга, жыйындарга алып барышат. Анткени, Жусуптай болуп, балдарынын жыргалчылыгын көздөгөн аталар балдары үчүн мындан артык жакшы нерсе жок экенин билишет.

«Сарсанаа болуп бүттүк»

Иса 12 жашка чыгып калганда, Жусуп адаттагыдай эле үй-бүлөсүн алып, Иерусалимге Пасах майрамына барат. Жадыраган жазда көп балалуу үй-бүлөлөр Пасах майрамына барыш үчүн биринин артынан бири чууруп, айыл-кыштактарды аралай жол жүрүп отурушчу. Бийик жерде жайгашкан Иерусалим шаарына жакындап калганда көптөр бийик үн сала Кудайды даңктаган белгилүү ырларды ырдашчу (Забур 120—134). Ошол учурда Иерусалим чар тараптан келген миңдеген кишилерге толуп калчу. Майрам бүткөн соң баары кайра үйүнө кайтышчу. Жусуп менен Мариям да майрамдан кийин жолго чыгышат. Алар Иса башкалар менен, кыязы, туугандары менен келатат деп ойлоп, ага көңүл бурбай кете беришет. Бирок Иерусалимден чыккандан бир күн өткөндөн кийин Исанын жок экенин билгенде тынчы кетип, аны тызылдап издей башташат (Лука 2:41—44).

Жусуп менен Мариям буту-бутуна тийбей Иерусалимге кайра тартышат. Алар үнү бүткөнчө уулун чакырып, аны өздөрү басып өткөн жерлердин баарынан, көчөлөрдөн издешет. Уулун алар эми кайдан табышат? Исаны үч күн издеп, таппай койгондо Жусупка Жахаба ишенип тапшырган жоопкерчиликти аткара албай калдымбы деген ойлор келгендир. Акыры, алар ибадатканага барышат. Ибадаткананын ичинен издеп жүрүп, Исаны Кудайдын мыйзамдарын жакшы билген кишилердин арасында отурган жеринен табышат. Ошондо Жусуп менен Мариямдын кандай гана жеңилдей түшкөнүн элестетсеңер! (Лука 2:45, 46).

Иса тегерегинде отурган билимдүү кишилерди кунт коюп угуп, аларга суроо берип отурган. Ал кишилер анын акылына, берген суроолоруна аябай таңыркашкан. Жусуп менен Мариям Исанын алардын арасында отурганын көргөндө аң-таң болушкан. Билдирүүдө Жусуптун бирдеме дегени айтылбайт. Бирок Мариямдын айткан сөздөрүнөн экөөнүн тең абдан тынчсызданганын билүүгө болот. Мариям Исага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сени издеп, сарсанаа болуп бүттүк»,— деген (Лука 2:47, 48).

Кудай Сөзүндө жазылган ушул кыска эле билдирүү ата-энелер үчүн бала тарбиялоо канчалык оор экенин көрсөтүп турат. Атүгүл балаң жеткилең болгон күндө да, кыйынчылыктар болбой койбойт. Дүйнө барган сайын бузулуп бараткандыктан ата-энелерди сарсанаага батырган нерселер барган сайын көбөйүп баратат. Бирок Кудай алардын кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын жакшы билет. Муну билүү көп ата-энелерди сооротуп-жубатат.

Бактыга жараша, Жусуп менен Мариям Исаны ибадатканадан табышкан. Иса Кудай жөнүндө билимге суусап, ар бир сөздү жүрөгүнө, акылына түйүп отурган. Ал өзүнүн атасынын — Кудайдын — үйүндө отургандыктан энесинин суроосуна: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп жооп берген (Лука 2:49).

Исанын бул сөздөрү тууралуу Жусуп далай жолу ойлонгондур. Ал уулунун ошондой сөздөрдү айтканына сыймыктанса керек. Анткени бүт күч-аракетин жумшап, Исага кичинекей кезинен бери Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берген. Иса дайыма Жусуптун жанында жүрүп, анын камкордугун, мээримин көрүп өскөн. Ал Жусупту көрүп ата чынында кандай болушу керектигин билген.

Аталарда балдарына мээримдүү, камкор ата кандай болорун көрсөткөнгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Өгөй аталар же багып алган балдары бар аталар, Жусуптай болуп, балдарынын ар бирине мүнөзүнө жараша мамиле кылып, бирин экинчисинен жогору көрбөшү керек. Балдарга Жараткан Кудай Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берүү маанилүү.

Жусуп туруктуу болгон

Ыйык Китепте Жусуптун жашоосу жөнүндө аз эле маалымат жазылса да, ал маалыматтарды карап чыгуунун аркасында Жусуп тууралуу көптү биле алабыз. Алсак, анда Исанын «ата-энесине баш ийип, дайыма тил алчаак болгону» айтылат. Ошондой эле Ыйык Китептен: «Иса өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ боло берди»,— дегенди окуйбуз (Лука 2:51, 52). Бул сөздөрдөн Жусуп тууралуу эмнени билүүгө болот? Анын үй-бүлөсүн жакшы башкарган киши болгонун биле алабыз. Себеби жеткилең уулу Иса ага баш ийип, дайыма анын тилин алган.

Жогорудагы аяттан окуганыбыздай, Исанын күндөн күнгө акылмандыгы арта берген. Уулу акылдуу болуп чоңоюшу үчүн, Жусуптун бир топ күч жумшаганы шексиз. Ошол убакта жүйүт элинин оозунда айтылып жүргөн бир макал бар болчу. Ал макалда колу бош адамдар гана акылдуу боло алат, ал эми жыгач усталар, дыйкандар, зергерлер «адилеттик жана акылмандык деген эмне экенин билбейт, алар макал айтылып жаткан жерге келбей эле коюшсун» дегендей ой камтылган. Иса ал макалды төгүнгө чыгарган. Анткени ал бала кезинде атасы ага, жөнөкөй эле жыгач уста болсо да, Жахаба Кудай жөнүндө айтып берип, адилеттик, акылмандык деген эмне экенин үйрөткөн. Жусуп ага андай нерселерди бир эле жолу эмес, кайра-кайра айтып үйрөткөнү талашсыз.

Жусуп Исанын сак-саламат чоңоюшуна да чоң салым кошкон деп айта алабыз. Ата-энеси ага жакшы кам көргөндүктөн Иса күчтүү, дени сак болуп чоңойгон. Андан тышкары, Жусуп аны устачылыкка да үйрөткөн. Ошондуктан Иса жыгач устанын уулу катары эле эмес, «жыгач уста» катары да белгилүү болгон (Марк 6:3). Чынында эле, Жусуп аталык милдетин жакшы аткарган. Бүгүнкү күндөгү үй-бүлө башчылары, Жусуптан үлгү алып, балдары кийин өзүн багып кете алышы үчүн, аларды эмгек кылганга үйрөткөнү маанилүү.

Исанын 30 жашында чөмүлтүлгөнү жөнүндө жазылган билдирүүлөрдөн кийин Ыйык Китепте Жусуп тууралуу эч нерсе айтылбайт. Ушундан улам Иса кызматын баштаган убакта Мариям жесир болгон деп божомолдогонго болот. (27-беттеги «Жусуп качан каза болгон?» деген кутучаны карагыла.) Ошентип, Жусуп үй-бүлөсүнө кам көрүп, коргоп жана өмүрүнүн акырына чейин аталык милдетин туруктуулук менен аткарып, эң мыкты үлгү калтырган. Жусуп үй-бүлө башчылары үчүн да, аталар үчүн да, деги эле, баарыбыз үчүн эң сонун үлгү десек жаңылбайбыз.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ошол убакта убадалашуу никеге туруу менен эле бирдей каралган.

^ 8-абз. «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын 1-октябрдагы санынын 22—25-беттериндеги «Бардыгын жүрөгүнө түйүп алган» деген макаланы карагыла, ор.

^ 14-абз. Ыйык Китепте Иса пайгамбар биринчи кереметин чөмүлтүлгөндөн кийин гана жасаганы ачык эле айтылат (Жакан 2:1—11). Апокрифтик Инжилдердеги билдирүүлөр жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн 18-беттеги «Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?» деген макаланы карагыла.

[27-беттеги кутуча]

Жусуп качан каза болгон?

Ыйык Китепте жазылгандай, Исанын 12 жашында Жусуптун көзү тирүү болчу. 12 жаштагы балдар атасынын ишин үйрөнө башташчу, ал эми 15 жашында кимдир бирөөдөн кайсы бир ишке үйрөнүшчү. Жусуп Иса жыгач устачылыкка үйрөнүп калган убактарда каза болсо керек. Ал эми Иса 30 жашында кызматын баштаган убакта Жусуп тирүү беле? Тирүү болушу күмөн. Ыйык Китепте ошол учурда Исанын энеси, инилери, карындаштары тирүү болгону айтылат, Жусуп жөнүндө болсо эч нерсе айтылбайт. Ошондой эле, Ыйык Китепте жазылгандай, Исаны элдер Жусуптун уулу деп эмес, «Мариямдын уулу» деп айтышкан (Марк 6:3). Андан тышкары, Ыйык Китепте Мариямдын демилгени колго алып, өз алдынча иш кылганы жөнүндө да айтылат (Жакан 2:1—5). Байыркы убакта жесир аялдар гана ошентип иш кыла алышчу. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, Иса өлөр алдында энесин өзүнүн элчиси Жаканга тапшырган (Жакан 19:26, 27). Эгер Жусуп тирүү болсо, энесин Жаканга тапшырбайт болчу. Андыктан Жусуп Исанын өспүрүм кезинде эле каза болуп калган деп божомолдоого болот. Иса үйдүн улуусу болгондуктан чөмүлтүлгөнгө чейин атасынын ишин улап, жыгач устачылык менен алек болуп, үй-бүлөсүн бакканы шексиз.

[24-беттеги сүрөт]

Жусуп үй-бүлөсүн коргош үчүн чечкиндүү иш-аракет кылган, алардан жанын аяган эмес

[25-беттеги сүрөт]

Жусуп үй-бүлөсүн багыш үчүн кара жанын карч уруп иштеген

[26-беттеги сүрөт]

Кудайга сыйыныш үчүн Жусуп үй-бүлөсүн Иерусалимдеги ибадатканага алып барып турган

[28-беттеги сүрөт]

Жусуп уулун устачылыкка үйрөткөн