Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Астрологдорду «жылдыз» аркылуу ким жетектеген?

Астрологдорду «жылдыз» аркылуу ким жетектеген?

Окурмандардын суроолору

Астрологдорду «жылдыз» аркылуу ким жетектеген?

▪ Айрым жерлерде үч падышанын же акылдуу кишинин акырда жаткан ымыркай Исаны көргөнү келгени жөнүндө аңгеме айтылып жүрөт. Ал аңгемеге ылайык, Кудай үч кишини бир жылдыз аркылуу Бетлехемге алып барган. Алардын аттары Мельхиор, Каспар, Бальтазар болгон деп айтылат. Бирок ал аңгеме Ыйык Китепте жазылгандарга дал келеби? Жок. Буга бир нече далил бар.

Биринчиден, алардын ким болгонун карап көрөлү. Ыйык Жазманын түп нускасында алар падыша болгон деп да, акылдуу кишилер болгон деп да айтылбайт. Алар сыйкырчы, тагыраак айтканда, астролог болушкан. Ал кишилер жылдыздарды карап төлгө ачышчу. Ыйык Китепте алардын саны да, ысымдары да айтылбайт.

Экинчиден, алардын Исаны көргөнү качан барышканына токтололу. Алар барганда Иса ымыркай эмес болчу. Муну кайдан билебиз? Инжилди жазууга катышкан Матай: «Алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүштү»,— деп жазган (Матай 2:11). Бул аятта Исанын жаңы эле төрөлгөн ымыркай эмес, бала болгону айтылып жатат. Ошондой эле астрологдор барганда, Жусуп менен Мариям малканада эмес болчу, алар үйдө жашап жатышкан.

Үчүнчүдөн, астрологдорду «жылдыз» аркылуу ким жетектегенин карап чыгалы. Көптөгөн диний жетекчилер астрологдорду Кудай жетектеген деп айтышат. Бирок чынында эле ошондойбу? Эске ала турчу нерсе, жылдыз астрологдорду дароо эле Бетлехемге алып барган эмес. Ал аларды адегенде Иерусалимде жашаган Ирод падышага алып барган. Астрологдор ичи таар, киши өлтүргүч ал падышага Исанын төрөлгөнүн айтышкан. Ал кабар Ирод падышанын каарын кайнаткан, себеби жаңы төрөлгөн бала келечекте «жүйүттөрдүн... падышасы» болмок (Матай 2:2). Ирод падыша астрологдорду балага таазим кылгысы келип жатканын айтып алдап, кайра кайтып келатканда баланын кайсы жерде экенин айта кетишин суранган. Жылдыз астрологдорду ошондон кийин гана Жусуп менен Мариямдыкына алып барган. Ошондуктан астрологдордун биринчи Ирод падышага барганы баланын өмүрүнө коркунуч туудурган. Эгер Кудай кийлигишпегенде, Ирод баланы издеп-таап, өлтүрүп коймок. Бирок Кудай астрологдорго башка жол менен кетүүнү буйругандыктан, алар Ирод падышага барышкан эмес. Астрологдордун башка жол менен кетип калганын укканда Ирод каары кайнап, Бетлехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жашка чейинки балдарды өлтүрткөн (Матай 2:16).

Жахаба Кудай кийинчерээк Иса жөнүндө: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деп айткан (Матай 3:17). Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: мээримдүү, адил Кудай өз элине берген мыйзамда тыюу салынган ишти кылган, башкача айтканда, жылдыздарды карап төлгө ачкан кишилерди кабарчы кылып жөнөтөт беле? (Мыйзам 18:10). Ал астрологдорго жылдыз аркылуу жол көрсөтүп, баланы өлтүргүсү келген мыкаачы Ирод падышага алып барып, анан аларды кайра өзүнүн уулу төрөлгөн жерге алып барат беле?

Бир мисалга токтололу. Аскер башчы өзүнүн бир мыкты жоокерине анын өмүрүнө коркунуч туудура турган тапшырма берип, душмандын жерине жиберет. Ал жоокерин жиберип коюп, кайра душмандарга аны кайсы жерден кармап, кол салса болорун айтат беле? Албетте, антмек эмес! Анын сыңарындай, Жахаба Кудай да өз Уулуна өзгөчө тапшырма берип, оомалуу-төкмөлүү дүйнөгө жиберген. Анан ал кара өзгөй Ирод падышага өзүнүн Уулунун кайсы жерде экендигин көрсөтүп, анын колуна салып берип коёт беле? Албетте, антпейт болчу!

Астрологдорду «жылдыз» же жылдыз сыяктуу көрүнгөн нерсе аркылуу ким жетектеген? Кичинекей Исанын өлүмүн көздөгөн, анын чоңоюп-өсүшүн, Кудай берген тапшырмасын аткарышын каалабаган ким бар эле? Жер жүзүндө болуп жаткан жамандыкка, зордук-зомбулукка ким себепкер, адам баласын адаштырып жаткан ким? Иса пайгамбар анын «жалганчы жана жалгандын атасы», «башынан эле киши өлтүргүч болгон» Шайтан Ибилис экенин айткан (Жакан 8:44).