Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Муса пайгамбар өзгөчө тапшырма алат

Муса пайгамбар өзгөчө тапшырма алат

Жаш окурмандарга

Муса пайгамбар өзгөчө тапшырма алат

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

Негизги каармандар: Жахаба Кудай жана Муса пайгамбар

Кыскача маалымат: Жахаба Кудай Муса пайгамбарды ысрайыл элин Мисирден алып чыгууга жиберет.

1 ОКУЯНЫ ТАЛДА. ЧЫГУУ 3:1—14-АЯТТАРДЫ ЖАНА 4:1—17-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Бадал кантип күйгөн деп ойлойсуң?

․․․․․

Чыгуу 3:4тө жазылгандай, Кудай Муса пайгамбарга кайрылганда, Муса пайгамбардын жүзү, үнү кандай болуп өзгөргөн деп ойлойсуң?

․․․․․

Чыгуу 3:11, 13; 4:1, 10-аяттарда жазылгандай, Муса пайгамбар Жахаба Кудай менен сүйлөшүп жатканда кандай сезимде болгон деп ойлойсуң?

․․․․․

2 ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Башка адабияттарды колдонуп, «Мен ким болгум келсе, ошол болом» деген сөздөрдүн эмнени билдирерин тереңирээк изилдеп көр (Чыгуу 3:14). Муса пайгамбар Кудайдан анын ысымы ким экенин сураганда, Кудай эмне үчүн ал сөздөрдү айткан? *

․․․․․

Кандай деп ойлойсуң, Муса пайгамбар фараонго баргандан эмне үчүн корккон? (Жардам: Сандар 12:3.)

․․․․․

Муса пайгамбар ысрайыл элине баргандан эмне үчүн корккон?

․․․․․

3 БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Өзүңдү ишенимдүү сезүүгө байланыштуу.

․․․․․

Жахаба Кудайдын сага ишенерине, сени жөндөмдүү деп эсептээрине байланыштуу.

․․․․․

КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?

Кандай жагдайларда өзүңдү ишенимсиз сезесиң?

․․․․․

Кээ бир нерселерди кыла албасаң да, Жахаба Кудай сени кантип колдонушу мүмкүн?

․․․․․

4 БУЛ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ ЭМНЕЛЕР ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․

[31-беттеги сүрөт]

Бул рубриканы www.pr418.com сайтынан көчүрүп же чыгарып алса болот

[31-беттеги сүрөт]

ЭГЕР ЫЙЫК КИТЕБИҢ ЖОК БОЛСО, ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНӨН СУРАСАҢ ЖЕ www.watchtower.org САЙТЫНАН ОКУСАҢ БОЛОТ

[30-беттеги сүрөт]

[Шилтеме]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти терең изилдегенге жардам берген көптөгөн китептерди жана китепчелерди басып чыгарышат. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот же бул журналды басып чыгаргандарга жазсаңар болот.