Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыккынчылык — акыркы күндөрдүн белгиси

Чыккынчылык — акыркы күндөрдүн белгиси

Чыккынчылык — акыркы күндөрдүн белгиси

«Өзүбүздү... берилгендик, адилдик менен жана кемчиликсиз алып жүргөнбүз» (1 ТЕС. 2:10).

УРУНТТУУ ОЙЛОРДУ ТАП:

Делиланын, Абышаломдун, Жүйүт Искариоттун чыккынчылык кылганынан кандай сабак алсак болот?

Берилгендик көрсөткөн Жонатан менен Петирден кандай үлгү алсак болот?

Канткенде жубайыбызга жана Жахабага берилгендигибизди сактай алабыз?

1—3. а) Акыркы күндөрдүн бир белгиси кайсы жана ал эмнени билдирет? б) Кайсы үч суроону талкуулайбыз?

ДЕЛИЛА, Абышалом, Жүйүт Искариот — булардын ортосунда кандай жалпылык бар? Үчөө тең ишенимсиздик кылган: Делила өзүн сүйгөн Шымшон бийге, Абышалом атасы Дөөтү падышага, ал эми Жүйүт өзүнүн Мырзасы Иса Машаякка ишенимсиздик кылган. Үчөөнүн тең кыянаттыгы башкалардын жүрөгүн жаралап, башына оор мүшкүл түшүргөн. Эмне үчүн бул бизди кызыктырышы керек?

2 Бир жазуучу чыккынчылык бүгүнкү күндө кеңири канат жайган көйгөйлөрдүн бири экенин айткан. Бул таң калыштуу эмес. Анткени Иса Машаяк азыркы «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн белги жөнүндө айтып жатып: «Көптөр... бири-бирине чыккынчылык кылат»,— деген (Мт. 24:3, 10). «Чыккынчылык кылуу» деген кимдир бирөөгө ишенимсиздик кылып, аны душмандын колуна салып берүүнү билдирет. Көптөрдүн ишенимсиздик кылып жатканы элчи Пабыл алдын ала айткан «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды тастыктап турат. Ал адамдардын «ишенимсиз,.. чыккынчы» болорун айткан (2 Тим. 3:1, 2, 4). Жазуучулар менен киносценаристтер адабияттарда жана фильмдерде ишенимсиздикти, чыккынчылыкты махабат сезимин чагылдырган, жүрөк козгоорлук иштей кылып көрсөтсө да, чынында, андай иштер жашоодо адамды азапка салып, жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрөт. Ооба, чыккынчылык акыркы күндөрдүн жан сыздаткан белгиси десек жаңылбайбыз.

3 Ыйык Китептеги ишенимсиздик кылган кишилер жөнүндөгү билдирүүлөрдөн кандай сабак ала алабыз? Ал эми берилгендик көрсөткөндөрдөн кандай үлгү алсак болот? Кимдерге берилгендик сактоого чечкиндүү болушубуз керек? Анда эмесе, ушул суроолорду талкуулайлы.

БИЗГЕ ЭСКЕРТҮҮ БОЛОРЛУК ОКУЯЛАР

4. Делила Шымшонго кантип чыккынчылык кылган жана бул эмне үчүн барып турган жүзү каралык болгон?

4 Адегенде Шымшон бий ашык болуп калган митаам Делиланын окуясына токтололу. Шымшон Кудайдын элин коргош үчүн кишилери менен пелиштиликтерге каршы согушканы жаткан. Сыягы, Делиланын Шымшонду чындап сүйбөй турганын билгендиктен пелиштиликтердин беш башкаруучусу ага, эгер анын күчүнүн сыры эмнеде экенин билип берсе, көп акча берерин убадалашкан. Алар Шымшонду өлтүрүүнү көздөшкөн. Акча жандуу Делила жан деп макул болгон, бирок Шымшондун күчүнүн сырын билүүгө жасаган аракети үч жолу оңунан чыкпай калган. Ошентсе да ал «такыр жанын койбой» сурай берген. Акыры, «Шымшондун жаны кыйналып, чыдай албай кеткендиктен» башына эч качан устара тийбегенин, эгер чачын кыркып салса, күчү кетип каларын айтып койгон *. Ошондо Делила, Шымшон анын тизесин жазданып уктап жатканда, анын чачын кырктырып, душмандарынын колуна салып берген (Бий. 16:4, 5, 15—21). Бул кандай гана жүзү каралык болгон! Ач көздүгүнөн улам Делила өзүн сүйгөн кишини сатып кеткен.

5. а) Абышалом атасы Дөөтүгө кантип ишенимсиздик кылган жана бул эмнени көрсөткөн? б) Акитопелдин чыккынчылыгы Дөөтү падышага кандай таасир эткен?

5 Чыккынчы Абышаломдун мисалын да карап көрөлү. Ал атак сүйүүчүлүккө уугуп, атасы Дөөтү падышанын тактысын мыйзамсыз түрдө ээлеп алууну көксөгөн. Ошол арам оюн ишке ашырыш үчүн адегенде ысрайылдыктардын «жүрөгүн уурдоого», тактап айтканда, «алардын ишенимине кирүүгө» далалат кылган. Ал аларга курулай убадаларды берген жана кучактап өөп, жакшы көргөн, камын ойлогон кишидей мамиле кылган (2 Шем. 15:2—6). Абышалом атүгүл Дөөтү падышанын белине таңуу кылган ишенимдүү кишиси Акитопелди да өзү тарапка тартып алган. Ал да падышага чыккынчылык кылып, козголоңго кошулуп кеткен (2 Шем. 15:31). Андай чыккынчылык жүрөгүн канчалык жаралаганын Дөөтү падыша 3 жана 55-забурларда баяндаган. (Заб. 3:1—8; оку: Забур 55:12—14.) Абышалом Жахаба дайындаган падышага ачыктан-ачык каршы чыгып, амалкөйлүк менен иш жүргүзүп, кимди падыша кылып дайындоону Жахаба гана чечерин кабыл алгысы келбегенин көрсөткөн (1 Жылн. 28:5). Акыр-түбү, Абышаломдун ою ойрон болуп, Дөөтү Жахабанын майланган падышасы катары бийлик кыла берген.

6. Жүйүт Устатына кантип чыккынчылык кылган жана анын аты кайсы сөздүн синоними болуп калган?

6 Эми Жүйүт Искариоттун Машаякка кантип чыккынчылык кылганына токтололу. Иса Машаяк 12 элчиси менен акыркы жолу пасах майрамын белгилеп жатып аларга: «Силерге айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп айткан (Мт. 26:21). Ошол түнү Гетсемани багында ал Петир, Жакып жана Жакандарга: «Мага чыккынчылык кыла турган киши келатат»,— деген. Ошол замат Жүйүт өзүнүн таламдаштары менен бакка кирип келген да, түз эле ага барып: «Кандайсың, Устат!» — деп, аны акырын өпкөн (Мт. 26:46—50; Лк. 22:47, 52). Ал Иса Машаякты душмандарынын колуна салып берип, «адил адамга чыккынчылык кылган». Акчаны сүйгөн Жүйүт аны канча баага саткан? Жарыбаган 30 күмүш тыйынга! (Мт. 27:3—5). Ошондон тартып айрым тилдерде Жүйүттүн аты «чыккынчы» деген сөздүн синоними болуп калган, атап айтканда, чыккынчыларга, айрыкча, досун сызга отургузуп кеткендерге карата колдонулуп калган *.

7. а) Абышалом менен Жүйүттүн жана б) Делиланын окуясынан кандай сабак алсак болот?

7 Жогорудагы окуялардан кандай сабак алсак болот? Жахабанын майланганына чыккынчылык кылганы үчүн Абышалом да, Жүйүт да маскара болуп өлгөн (2 Шем. 18:9, 14—17; Элч. 1:18—20). Ал эми Делиланын ысмы түбөлүккө чыккынчылык, жалган сүйүү менен байланышып кала берет (Заб. 119:158). Ошондуктан Жахабанын ырайымынан ажырап калбаш үчүн атак сүйүүчүлүк менен ач көздүктүн бардык түрүнөн жаа бою качканыбыз канчалык маанилүү! Бул окуялар жийиркеничтүү сапатты, ишенимсиздикти, четке кагууга түрткү бербейби?!

БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТКӨНДӨРДӨН ҮЛГҮ АЛ

8, 9. а) Эмне үчүн Жонатан Дөөтүгө берилгендик көрсөтөрүн убадалаган? б) Жонатанды кантип туурай алабыз?

8 Ыйык Китепте көптөгөн ишенимдүү инсандар жөнүндө да баяндалат. Ал инсандардын экөөнө токтолуп, алардан эмнеге үйрөнсөк болорун талкуулайлы. Эң оболу, Дөөтүгө берилгендик көрсөткөн Жонатандын үлгүсүн карап чыгалы. Ал Ысрайылдын падышасы Шабулдун тун уулу болгондуктан анын тактысын мурастамак, бирок Жахаба падышалыкты Дөөтүгө берүүнү чечкен. Жонатан Кудайдын чечимин сыйлаган. Ал Дөөтүнү атаандашындай көрүп, ич күйдүлүк кылган эмес, тескерисинче, ага «бүт жүрөгү менен тартылып», берилгендик көрсөтөрүн убадалаган. Ал гана эмес, ага кийимдерин, кылычын, жаасын, курун берип, аны падыша катары кабыл аларын, сыйлаарын көрсөткөн (1 Шем. 18:1—4). Ал аны кайраттандырыш үчүн колунан келгендин баарын кылган, атүгүл атасы Шабулдун алдында анын таламын талашып, өмүрүн тобокелге салган. Ал Дөөтүгө берилгендигин сактап: «Сен Ысрайылга падыша болосуң, мен болсо сенден кийин турган адам болом»,— деген (1 Шем. 20:30—34; 23:16, 17). Ошондуктан Жонатан курман болгондо, Дөөтү падыша кошок кошуп, аны канчалык жакшы көргөнүн, аны жоктоп күйүт тартып жатканын билдирген (2 Шем. 1:17, 26).

9 Жонатан кимге берилгендик көрсөтүшү керектигин жакшы билген. Ал ааламдын Эгедери Жахабага толук баш ийген жана Дөөтүгө анын майланганы катары чын жүрөктөн колдоо көрсөткөн. Анын сыңарындай, биз да жыйналышта кандайдыр бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болбосок да, арабызда жетекчиликти колго алууга дайындалган бир туугандарды чын көңүлдөн колдогонубуз маанилүү (1 Тес. 5:12, 13; Евр. 13:17, 24).

10, 11. а) Эмне үчүн Петир Иса Машаякка болгон берилгендигин сактаган? б) Петирди кантип туурай алабыз?

10 Эми Иса Машаякка берилгендик сактаарын айткан элчи Петирдин үлгүсүн карап көрөлү. Иса Машаяк жакында курмандыкка чалына турган денесине жана төгүлө турган канына ишенүү маанилүү экенин баса белгилеш үчүн каймана маанидеги сөздөрдү колдонгондо, көп шакирттери чалкасынан кетип, аны таштап кетишкен (Жкн. 6:53—60, 66). Ошондо ал 12 элчисинен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сураган. Петир ага: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да. Биз сенин Кудайдын Ыйыгы экениңди билип, ишенип калдык»,— деп жооп берген (Жкн. 6:67—69). Бул анын Машаяктын жакында өзүн курмандыкка берери жөнүндө айткандарын толук түшүнгөнүн билдиреби? Кыязы, андай эмес. Ошентсе да Петир Кудайдын майланган Уулуна берилгендик сактоого чечкиндүү болгон.

11 Ал: «Иса жаңылып жатса керек, убакыттын өтүшү менен туура эмес айтып алганын мойнуна алат болуш керек»,— деп ойлогон эмес. Тескерисинче, Мырзасынын сөздөрү «түбөлүк өмүргө алып барарын» айтып, момундук көрсөткөн. Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө «ишенимдүү... башкаруучунун» адабияттарындагы кайсы бир ой түшүнүүгө кыйын болушу же оюбузга төп келбей калышы мүмкүн. Андай учурда эмне кылабыз? Кийинчерээк биз ойлогондой өзгөрөт болуш керек деп күтпөстөн, аны түшүнүүгө аракет кылышыбыз зарыл. (Оку: Лука 12:42.)

ӨМҮРЛҮК ЖАРЫҢА БЕРИЛГЕНДИГИҢДИ САКТА

12, 13. Ойноштукка эмне себеп болушу мүмкүн жана эмне үчүн адамдын жашы ойноштукка барганын актабайт?

12 Чыккынчылыктын бардык түрү жыйналыштын жана үй-бүлөнүн тынчтыгына, биримдигине доо кетире турган жийиркеничтүү иш болуп эсептелет. Ошондуктан андан алыс болушубуз керек. Ушуну эске алып, өмүрлүк жарыбызга жана Кудайыбызга болгон берилгендигибизден жазбоого эмне жардам берерин карап чыгалы.

13 Ойноштук — чыккынчылыктын эң эле жаман, өзөктү өрттөгөн түрлөрүнүн бири. Ага барган киши жарынын көзүнө чөп салып, башка бирөөгө көңүлүн байлаган болот. Ал эми күтпөгөн жерден жалгыз калган бейкүнөө жубайына жашоосу астын-үстүн боло түшкөндөй эле туюлат. Адамдын бир кезде жанынан артык көргөн жарына ишенимсиздик кылышына эмне себеп болот? Көбүнчө жубайына болгон сезимдери сууп, андан алыстай баштаганда адам ойноштукка карай алгачкы кадамын таштайт. Социология илиминин профессору Габриела Турнатуринин айтымында, ойноштукка жубайлардын бири-бири менен болгон мамилесин чыңдоого күч-аракет жумшабай калышы себеп болот. Атүгүл орто жаштагылардын арасында да өмүрлүк жарын таштап кеткендер аз эмес. Мисалы, 50 жаштагы бир киши башка аялга ашык болуп калып, 25 жыл чогуу өмүр сүргөн ишенимдүү зайыбын таштап кеткен. Айрымдар муну орто жаштагыларга мүнөздүү нерсе деп акташат. Бирок, чынында, ал орто жаштагылар кача албай турган кадимки нерсе эмес, чыккынчылык болуп эсептелет *!

14. а) Жахаба ажырашууга кандай карайт? б) Иса Машаяк жубайлардын ортосундагы берилгендик жөнүндө эмне деген?

14 Ыйык китептик негиз жок эле ажырашып кеткендерге Жахаба кандай карайт? Ал «ажырашууну жек көрөт». Ошондуктан жубайын кордогондорду, таштап кеткендерди катуу айыптаган. (Оку: Малаки 2:13—16.) Ажырашууга байланыштуу Атасы менен бир ойдо экенин тастыктап, Иса Машаяк адамдын бейкүнөө жубайын кетирип жибергени же таштап кеткени таптакыр туура эмес экенин айткан. (Оку: Матай 19:3—6, 9.)

15. Никеде тургандар канткенде жарына болгон берилгендигин сактай алышат?

15 Никеде тургандар канткенде жарына болгон берилгендигин сактай алышат? Кудайдын Сөзүндө: «Жаш кезиңде алган аялың [же баш кошкон күйөөң] менен кубан»,— деп айтылат, ошондой эле: «Сүйгөн аялың [же күйөөң] менен жашоонун ырахатын көр»,— деп жазылат (Накыл 5:18; Нас. 9:9). Жашы өткөн сайын, түгөйлөр жубайлык милдетине, бири-биринин эмоциялык муктаждыктарына тийиштүү көңүл буруп, ортодогу мамилесин ысык сактоого бүт күчүн жумшай бериши кажет. Бул алардын бири-бирине кам көрүшү, бири-бири менен убакыт өткөрүшү жана бири-бирине жакын болушу керектигин билдирет. Алар никесин, ошондой эле Жахаба менен болгон мамилесин бекем сакташ үчүн талыкпай аракет кылышы зарыл. Ан үчүн Ыйык Китепти чогуу изилдеши, чогуу кабарга чыгышы, Жахабадан бата сурап чогуу тилениши керек.

ЖАХАБАГА БЕРИЛГЕНДИГИҢДИ САКТА

16, 17. а) Жахабага болгон берилгендигибиз үй-бүлөдө жана жыйналышта кантип сыналышы мүмкүн? б) Жахабанын жыйналыштан чыгарылган киши менен мамилелешпөөгө байланыштуу буйругуна баш ийүү жакшы натыйжа берерин кайсы мисал көрсөтүп турат?

16 Жыйналышта кээ бирөөлөр олуттуу күнөө кетиришкен жана «ишенимин бекем сакташы үчүн... катуу ашкереленишкен» (Тит 1:13). Айрымдарын жүрүм-турумунан улам жыйналыштан чыгарууга туура келген. Ошол чараны кабыл алып, «ал аркылуу тарбиялангандар» кайрадан рухий жактан бутуна тура алышкан (Евр. 12:11). Эгер жыйналыштан чыгарылган адам жакын досубуз же тууганыбыз болсо, эмне кылышыбыз керек? Андай учурда ага эмес, Кудайга болгон берилгендигибизди сактоо маанилүү деп эсептээр-эсептебесибиз сыналат. Жахаба жыйналыштан чыгарылгандардын эч кимиси менен мамилелешпөөгө карата берген көрсөтмөсүнө канчалык карманарыбызга көз салып турат. (Оку: 1 Корунттуктар 5:11—13.)

17 Үй-бүлөдөгүлөрдүн баары Жахабанын жыйналыштан чыгарылган киши менен мамилелешпөөгө байланыштуу буйругуна берилгендик менен баш ийгенде, натыйжасы жакшы болорун көрсөткөн бир эле мисалга токтололу. Бир жигит жыйналыштан чыгарылып, кайра он жылдан ашык убакыттан кийин кабыл алынган. Ошол убакыт аралыгында атасы, апасы, агасы жана үч иниси аны менен такыр мамилелешкен эмес. Кээде ал үйүндөгүлөрү менен аралашканга аракет кылчу, бирок алардын ар бири Кудайдын буйругуна бекем карманган. Жыйналышка кабыл алынгандан кийин ал дайыма, өзгөчө, жалгыз калган кечтеринде үй-бүлөсү менен пикирлешүүнү абдан самаганын, ошондой эле үйүндөгүлөрү менен бир аз эле пикирлешсе, ошого эле ыраазы болмоктугун айткан. Бирок үйүндөгүлөрүнүн эч кимиси аны менен атүгүл кичине да пикир алышкан эмес. Ошондуктан алар менен болууну аябай эңсеп, Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө түрткү алган. Жахабанын жыйналыштан чыгарылган киши менен мамилелешпөөгө байланыштуу буйругун бузууга азгырык пайда болсо, ушул окуяны эсте.

18. Берилгендиктин жакшы натыйжасы менен чыккынчылыктын кесепетин карап чыккандан кийин эмнеге кылууга түрткү алдың?

18 Биз чыккынчылык, ишенимсиздик күч алган дүйнөдө жашап жатабыз. Ошентсе да жыйналышыбызда берилгендигин бек сактаган, биз үлгү ала турган бир туугандарыбыз көп. Алар өздөрүнүн жашоосу менен, мындайча айтканда: «Силердин, ишенгендердин, алдында өзүбүздү кандай берилгендик, адилдик менен жана кемчиликсиз алып жүргөнүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө»,— деп жатышат (1 Тес. 2:10). Эмесе, баарыбыз Кудайыбызга жана бири-бирибизге болгон берилгендигибизди бек сактоого чечкиндүү бололу!

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Шымшондун күчүнүн булагы чачы эмес, назир катары Жахаба менен болгон өзгөчө мамилеси болгон; ал эми чачы ошол өзгөчө мамилесинин белгиси болгон.

^ 6-абз. Айрым тилдерде «Жүйүттүн өбүүсү» деген сөз айкашы «чыккынчылык кылуу» деген маанини туюнтат.

^ 13-абз. Жубайы ойноштук кылган адамга кайгыга чөгүп кетпөөгө эмне жардам берерин билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» 2010-жылдын 15-июнундагы санынын 29—32-беттериндеги «Өмүрлүк жарың таштап кеткенде...» деген макаланы кара.

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Башкалар баш тартып кетсе да, Петир Кудайдын майланган Уулуна берилгендик көрсөткөн