Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары саясатка аралашканбы?

Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары саясатка аралашканбы?

Окурмандардын суроолору

Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары саясатка аралашканбы?

▪ Иса пайгамбар асманга көтөрүлөр алдында өзүнүн шакирттерине тапшырма берип, аны кантип аткаруу керектиги жөнүндө сөз кылганда аларга саясатка аралашышы керектигин айткан эмес (Матай 28:18—20). Ошондуктан Иса пайгамбардын жолдоочулары анын: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген сөздөрүнө ылайык жашашкан (Марк 12:17).

Бул сөздөр анын шакирттерине саясатка аралашпай жашаганга кандайча жардам берген? Алар Падышага, башкача айтканда, өкмөткө тиешелүү нерсе менен Кудайга тиешелүү нерсени кантип айырмалай алышкан?

Элчи Пабыл саясатка аралашуу Иса пайгамбардын айткандарына каршы иш кылгандыкка жатарын жакшы түшүнгөн. Ыйык Китепте саясат жөнүндө эмне айтылганы талкууланган бир китепте мындай делген: «Элчи Пабыл Римдин жараны болгондуктан Римдин жарандарына берилген укукту колдонуп, ага мыйзамга ылайык сот жүргүзүлүшүн талап кылган. Бирок ал өкмөт чыгарган кайсы бир мыйзамдын өзгөртүлүшүн талап кылгандарга такыр кошулган эмес» («Beyond Good Intentions—A Biblical View of Politics»).

Ал ишенимдештерине кандай көрсөтмө берген? Жогоруда айтылган китепте: «Анын чоң-чоң шаарларда, мисалы, Корунтта, Эфесте, атүгүл Римде жашаган ишенимдештерине жазган каттарында саясий иштерге кийлигишүү жөнүндө бир да жолу сөз кылган эмес»,— деп жазылган. Ошондой эле: «Пабыл аларды өкмөткө баш ийүүгө чакырган. Элчи Пабылдын бир да катында ишенимдештерин кайсы бир саясий уюмдун саясатын жактоого үндөгөнү айтылбайт»,— делет (Римдиктер 12:18; 13:1, 5—7).

Элчи Пабыл өлгөндөн ондогон жылдар өткөндөн кийин жашаган Иса пайгамбардын жолдоочулары да Кудайга тиешелүү нерсе менен өкмөткө тиешелүү нерсени жакшы ажырата билишкен. Алар жогорку бийликтегилерди урматташкан, анткен менен саясий иштерге катышуудан баш тартышкан. Алар жөнүндө жогорудагы китепте да мындай делет: «Алар бийлик башындагыларга баш ийүүгө милдеттүү экенин жакшы түшүнүшкөн, бирок саясатка аралашышкан эмес».

Иса пайгамбар өлгөндөн 300 жылдай өткөндөн кийин өздөрүн Иса пайгамбардын жолдоочуларыбыз деп эсептегендер саясатка аралаша башташкан. Ыйык Китепти изилдеген Чарльз Вилла-Висенсио мындай деген: «Константин башкарган убакта саясий түзүлүш өзгөргөн, кыязы, ошондон тартып Иса пайгамбардын жолдоочуларыбыз дегендер өкмөттүн иштерине аралаша башташкан, аскерге бара башташкан, жогорку кызматтарда иштей башташкан» («Between Christ and Caesar»). Анын жыйынтыгы кандай болгон? Дин менен саясат чогуу иш алып бара баштагандыктан, 4-кылымдын аягында христиан дини Рим империясынын мамлекеттик дини болуп калган.

Бүгүнкү күндө Иса пайгамбардын жолдоочуларыбыз дегендер саясатка кийлигишип келишет. Бирок аларды Иса пайгамбардын айткандарына жана анын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын үлгүсүнө ылайык жашап жатышат деп айтууга болбойт.