Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын белеги никени жогору баалайсыңбы?

Кудайдын белеги никени жогору баалайсыңбы?

Кудайдын белеги никени жогору баалайсыңбы?

«Жахаба силерге батасын берсин, экөөң тең турмушка чыгып, күйөөңөрдүн үйүнөн бейкуттук тапкыла» (РУТ 1:9).

ЖООБУН ТАП

Кудайдын байыркы учурдагы кызматчылары никени жогору баалашкан деп эмне үчүн айта алабыз?

Кандай жар тандаарыбыз Жахабага баары бир эмес экенин кайдан билебиз?

Ыйык Китептеги никеге байланыштуу кайсы кеңешти колдоноюн деп жатасың?

1. Жахаба аял жаратып бергенде, Адам ата кандай сезимде болгон?

«МЫНА, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, денемден алынган дене. Бул аял деп аталат, анткени эркектен алынды» (Башт. 2:23). Жахаба аял жаратып бергенде, биринчи киши Адам ата кандай гана кубанган! Ал атүгүл жогорудагыдай ыр чыгарып жиберген! Жахаба Адам атаны катуу уктатып койгондон кийин анын бир кабыргасынан төгөрөгү төп келишкен ошол аялды жараткан. Адам ата ага Обо деген ат койгон. Анан Жахаба экөөнүн башын кошуп, алгачкы бактылуу никени негиздеген. Обо эне Адам атанын кабыргасынан жаратылгандыктан, экөө бүгүнкү күндөгү түгөйлөрдүн баарынан ынак болушкан.

2. Эмне үчүн эркек менен аял бири-бирине тартылып турат?

2 Теңдешсиз акылман Кудай Жахаба эркек менен аялга аларды бири-бирине тартып тура турган махабат сезимин салган. «Уорлд бук энциклопедиясында»: «Эркек менен аял баш кошкондо бири-бири менен жыныстык мамиледе болоруна, бири-бирин түбөлүккө сүйөрүнө үмүттөнүшөт»,— делет. Жахабанын кызматчылары да ошондой үмүттө баш кошушат.

НИКЕНИ ЖОГОРУ БААЛАГАНДАР

3. Ыбрайым пайгамбар кантип Ыскакка колукту таап берген?

3 Ишенимдүү Ыбрайым пайгамбар никени абдан жогору баалаган. Ошондуктан ал үйүндөгү кызматчыларынын эң улуусун Месопотамияга уулу Ыскакка колукту алып келүүгө жиберген. Ал кызматчы Жахабага тиленген жана анын батасына ээ болуп, Кудайдан корккон Ребека деген кызга жолуккан. Ребека Ыскактын сүйүктүү жубайы болуп, Жахабанын Ыбрайым пайгамбардын тукумун көбөйтүүгө байланыштуу убадасынын аткарылышына салым кошкон (Башт. 22:18; 24:12—14, 67). Бирок бул окуя өзүбүз билип эле кимдир бирөөгө жар таап бере берсек болот деп ойлоого негиз бербейт. Ниетибиз таза болсо да, эгер адам өзү суранбаса, ортомчу болбошубуз керек. Бүгүнкү күндө көптөр өмүрлүк жарды өздөрү тандашат. Албетте, ким менен ким баш кошору асмандан чечилбейт, бирок эгер Кудайдын кызматчысы жетекчилик сурап тиленсе жана ыйык рухка жетектелсе, Кудай ага жашоосунун ушул жана башка тармактарында жол көрсөтөт (Гал. 5:18, 25).

4, 5. Шуламдык кыз менен койчу жигиттин бири-бирине болгон махабат сезими оргуп, ташып турганын кайдан билебиз?

4 Байыркы Ысрайылда жашаган ай жамалдуу шуламдык кыз башкалардан Сулайман падышанын көп аялдарынын бири болууга көндүрбөшүн өтүнүп: «Оо, Иерусалим кыздары, өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп, аны тутандырбайбыз деп ант бергиле»,— деген (Ыр 8:4). Шуламдык кыз менен койчу жигиттин бири-бирине болгон махабат сезими оргуп, ташып турган. Ал кыз өзү жөнүндө момундук менен: «Мен, болгону, деңиз жээгиндеги түздүктүн шафранымын, өрөөндөрдө өскөн лилиямын»,— деп айтканда, жигити: «Тикендердин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой»,— деген (Ыр 2:1, 2). Ооба, алар бири-бирин жанынан артык көргөн.

5 Экөө тең биринчи кезекте Кудайды сүйгөндүктөн, алардын никеси бекем болмоктугу шексиз. Ал селки сүйгөн жигитине мындай деген: «Мени жүрөгүңө, колуңа мөөр кылып бас. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү, көрдөй чегингис, ал толук берилгендикти талап кылат. Анын алоолонгону оттун алоолонгонундай, ал — Жахтын жалыны [анткени ал андан]. Сүйүүнү чоң суулар өчүрө албайт, дарыялар агызып кете албайт. Адам сүйүүнүн ордуна үйүндөгү мүлкүнүн баарын берсе да, алар четке кагылмак» (Ыр 8:6, 7). Жахабанын кызматчысынын болочок жубайынан так ушундай сүйүүнү күткөнү орундуу эмеспи?!

ЧЕЧИМИҢ КУДАЙ ҮЧҮН АБДАН МААНИЛҮҮ

6, 7. Кандай жар тандаарыбыз Жахабага баары бир эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

6 Кандай жар тандаарың Жахабага баары бир эмес. Маселен, ал ысрайылдыктарга Канаандын тургундарына байланыштуу мындай буйрук берген: «Алар менен куда-сөөк болбо: кыз алышып, кыз беришпе. Анткени алар уулдарыңды Кудайдын жолунан буруп кетишет, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калат. Ошондо Жахабанын каары кайнап, силерди тез эле жок кылып коёт» (Мыйз. 7:3, 4). Жүздөгөн жылдардан кийин дин кызматчы Эзра ысрайыл элине: «Силер бөтөн элдердин кыздарынан аял алып ишенимсиздик көрсөтүп, Ысрайылдын күнөөсүн көбөйттүңөр»,— деп айткан (Эзра 10:10). Ал эми элчи Пабыл ишенимдештерине: «Күйөөсү тирүү кезде, аялдын башы байланган болот. Ал эми күйөөсү өлүм уйкусуна кетсе, аялдын башы бош болот жана каалаган адамына турмушка чыга алат, бирок ал адам Мырзабыздын жолдоочусу болушу керек»,— деген (1 Кор. 7:39).

7 Эгер Жахабанын арналган кызматчысы ишенимдеши эмес киши менен үй-бүлө курса, Ага баш ийбеген болот. Мисалы, Эзранын күндөрүндөгү ысрайылдыктардын «бөтөн элдердин кыздарынан аял алганы» Кудайга ишенимсиздик кылганга жаткан. Бүгүнкү күндө да Кудайдын Ыйык Жазмада айкын-так жазылган буйругун баркка албай коюу туура эмес болуп калар эле (Эзра 10:10; 2 Кор. 6:14, 15). Ошондуктан ишенимдеши эмес бирөө менен баш кошкон бир тууган үлгүлүү болбой калат жана Кудайдын белегин, никени, баалабаганын көрсөтөт. Ошондуктан ал Кудайдын уюмундагы сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылат. Анын туура эмес кылганын билип туруп эле: «Жахаба, мен баарын түшүнүп турсам да, сенин тилиңди албай койдум. Ошентсе да батаңды берчи» — деп, андан бата сураганы акыл-эстүүлүккө жатпай калмак.

АСМАНДАГЫ АТАБЫЗ БААРЫНАН ЖАКШЫ БИЛЕТ

8. Эмне үчүн Кудайдын никеге байланыштуу көрсөтмөлөрүнө баш ийишибиз керек?

8 Кайсы бир техниканын кантип иштээрин аны жасаган киши жакшы билет. Аны чогултуш керек болсо, ал зарыл көрсөтмөлөрдү бере алат. Эгер анын көрсөтмөлөрүнө карманбай эле өзүбүз каалагандай чогултуп койсок, эмне болот? Ал таптакыр иштебей коюшу, иштесе да, чоң каргашага дуушар кылышы мүмкүн. Анын сыңарындай, эгер жубайыбыз менен бактылуу өмүр сүргүбүз келсе, никенин Негиздөөчүсү Жахабанын көрсөтмөлөрүнө карманганыбыз талап.

9. Жахаба жалгыздык дегенди жана никенин кубаныч тартууларын жакшы билет деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Жахаба адам баласы жана нике жөнүндө баарын билет. Ал адамдарга, «укумдап-тукумдашы» үчүн, жыныстык мамилеге болгон муктаждык берген (Башт. 1:28). Анын Обо энени жаратарда: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деп айтканынан жалгыздык дегенди жакшы түшүнөрү көрүнүп турат (Башт. 2:18). Андан тышкары, ал никенин адамдарга кандай кубаныч тартууларын да жакшы билет. (Оку: Накыл сөздөр 5:15—18.)

10. Кудайга кызмат кылган жубайлар жыныстык мамилесинде эмнелерди эске алышы керек?

10 Баарыбызга Адам атадан күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, бүгүнкү күндө бир да жеткилең нике жок. Ошентсе да Жахабанын кызматчылары Ыйык Китептеги кеңештерге бекем карманышса, бак-таалайлуу үй-бүлөлөрдөн боло алышат. Маселен, Пабылдын никедеги жыныстык мамилеге байланыштуу берген кеңешине көңүл бурсаң. (Оку: 1 Корунттуктар 7:1—5.) Ыйык Жазмада жубайлардын балалуу болуу максатында гана жыныстык мамиледе болушу керектиги айтылбайт. Андай мамиле алардын эмоциялык, денелик муктаждыгын да канааттандырат. Бирок күйөө менен зайыптын жыныстык мамилесинде табиятка карама-каршы келген иштерди кылганы Кудайга жакпай турганы айдан ачык. Кудайга кызмат кылган жубайлар бул жагынан да бири-бирине назик мамиле кылып, бири-бирин чындап сүйөрүн далилдеши керек. Ошондой эле ага жакпаган иштердин баарынан оолак болушу кажет.

11. Рут Жахабага жакканды кылганы үчүн кандай бата алган?

11 Никеде турган эки киши бактысыз болуп, эптеп эле күн өткөрбөстөн, кубанычка бөлөнүп жашашы керек. Өзгөчө, Кудайдын кызматчыларынын үйү бейкуттук, тынчтык өкүм сүргөн жай болушу зарыл. 3000 жылдай мурун Наами аттуу улгайган жесир аял өзүнүн жесир калган келиндери Орпа жана Рут менен Мааптан Жүйүт жерине сапар тартып баратканда эмне болгонун карап көрөлү. Наами келиндерин өз элине кайтууга үндөгөн. Бирок мааптык Рут кайненесин таштаган эмес жана чыныгы Кудайга ишенимдүүлүк көрсөткөн. Ошон үчүн ал «канатынын астынан баш маана издеп келген Ысрайылдын Кудайы Жахабадан» «толук сыйлык» алган (Рут 1:9; 2:12). Кудайдын белегин, никени, жогору баалагандыктан Рут жашы өр тартып калган Буузга, Жахабанын чыныгы кызматчысына, турмушка чыккан. Ал Кудай убада кылган жаңы заманда тирилгенде өзүнүн Иса Машаяктын чоң энелеринен болгонун билип, кубанычка бөлөнөрү күмөнсүз (Мт. 1:1, 5, 6; Лк. 3:23, 32). Жахабага жаккандай иш кылганы үчүн Рут кандай чоң бата алган!

БАКТЫЛУУ БОЛУУГА ӨБӨЛГӨ ТҮЗГӨН КЕҢЕШ

12. Никеге байланыштуу жакшы кеңештерди кайдан табууга болот?

12 Никенин Негиздөөчүсү, үй-бүлөбүз бактылуу болушу үчүн, эмнелерди билишибиз керектигин ачып берет. Эч бир киши нике жөнүндө ал билгенчелик жакшы билбейт. Ыйык Китепте айтылгандар дайыма туура болгондуктан, никеге байланыштуу берген кеңешибиз андагы принциптерге негизделгенде гана эң жакшы кеңеш болот. Мисалы, элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп жазган (Эф. 5:33). Рухий жактан жетилген бир туугандарга мындай ачык-айкын кеңештердин маанисин түшүнүү кыйынга деле турбайт. Бирок аларды иш жүзүндө колдонушабы, жокпу, кеп ошондо. Эгер Кудайдын белеги болуп эсептелген никени жогору баалашса, сөзсүз колдонушат *.

13. Күйөө 1 Петир 3:7деги кеңешке кулак какпаса, кесепети кандай болушу мүмкүн?

13 Машаяктын жолун жолдогон күйөө жан шеригине сүйүү менен мамиле кылышы талап. Элчи Петир: «Силер, күйөөлөр, мындан ары да аялыңарга алган билимиңерге жараша мамиле кылгыла. Алар менен бирге силер баа жеткис өмүр белегинин мураскорлору болгондуктан, аялзатынын алсызыраак экенин, морт идиштей экенин эске алып, аларга урмат көрсөткүлө. Ошондо тиленүүлөрүңөргө тоскоолдук болбойт»,— деп жазган (1 Пет. 3:7). Эгер күйөө бул кеңешке кулак какпаса, Жахаба анын тиленүүсүн укпайт. Ошондой эле бул жубайы экөөнүн тең Кудай менен болгон мамилесине терс таасир этип, катуу стресске, уруш-талашка, бири-бирине катаал мамиле кылышына алып барышы мүмкүн.

14. Мээримдүү аял үй-бүлөсүнө кандай таасир этет?

14 Кудайдын Сөзүнө жана ыйык рухуна жетектелген зайып, үйү кубаныч, бейкуттук өкүм сүргөн жай болушу үчүн, көп нерсе кыла алат. Кудайдан корккон күйөөнүн зайыбын сүйүп, ага бардык жактан кам көрүшү — табигый нерсе. Албетте, зайып күйөөсүнүн сүйүүсүнө бөлөнгүсү келет, бирок ан үчүн ал өзү да анын купулуна толгудай аял болууга аракет кылышы керек. «Акылдуу аял үйүн бекемдейт,— делет Накыл сөздөр 14:1де,— ал эми акылсыз аял аны өз колу менен бузат». Ооба, акылдуу, мээримдүү аял, үй-бүлөсүнүн гүлдөп-өсүп, бактылуу болушуна чоң салым кошо алат. Ошондой эле ал бүтүндөй жашоосу менен Кудайдын белегин, никени, абдан баалаарын көрсөтөт.

15. Эфестиктер 5:22—25-аяттарда кандай кеңеш берилген?

15 Никени жогору баалаган күйөө менен аял бири-бирине мамиле кылууда жыйналышка сүйүү менен мамиле кылган Иса Машаякты туурашат. (Оку: Эфестиктер 5:22—25.) Эгер жубайлар бири-бирин чындап сүйсө жана текебердиктен, көк беттенип сүйлөбөй коюудан же дагы башка жаман, никесине доо кетире турган сапаттардан алыс болушса, Жахабадан мол бата алышат.

АЛАРДЫ ЭЧ КИМ АЖЫРАТПАСЫН

16. Эмне үчүн Кудайдын айрым кызматчылары бойдок калышат?

16 Кудайдын көптөгөн кызматчылары качандыр бир убакта кимдир бирөө менен баш кошууну чечсе да, айрымдары көңүлүнө төп келген жана Жахабага жаккан жар таба албагандыктан бойдок калууну туура көрүшөт. Башкалары болсо Кудайдын башка белегин, бойдоктукту, жогору баалагандыктан эч нерсеге алаксыбай, өздөрүн бүт бойдон кызматка арнашат. Алар Жахабанын принцип-нормаларына бекем карманышса, бойдоктугунан толук пайда ала алышат (Мт. 19:10—12; 1 Кор. 7:1, 6, 7, 17).

17. а) Иса Машаяктын никеге байланыштуу айткан кайсы сөздөрүн эсибизде бекем сакташыбыз керек? б) Эгер Кудайдын кызматчысы ач көздүк менен кимдир бирөөнүн жубайын көксөй баштаса, тезинен кандай иш-аракет кылууга тийиш?

17 Бойдокпузбу, үй-бүлөлүүбүзбү, баарыбыз Иса Машаяктын никеге байланыштуу айткан сөздөрүн эсибизде бекем сакташыбыз керек. Ал мындай деген: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Мт. 19:4—6). Башка бирөөнүн жубайына көз артуу — күнөө (Мыйз. 5:21). Эгер Кудайдын кызматчысы ач көздүк кылып, башка бирөөнүн жубайын көксөй баштаса, ал дароо жүрөгүнөн ошол каалоосун тамыры менен жулуп салышы керек. Атүгүл андай каалоосун өрчүтүп алгандыктан жан дүйнөсү сыздап, кыйналып жатса да, чечкиндүү иш-аракет кылганы талап (Мт. 5:27—30). Ал ой жүгүртүүсүн оңдоп, митаам жүрөгүнүн туура эмес каалоосун түп-орду менен жок кылышы керек (Жер. 17:9).

18. Кудайдын белегине, никеге, кандай карашыбыз керек деп ойлойсуң?

18 Жахаба Кудай жана анын кереметтүү белеги болгон нике жөнүндө азыноолак билген же эчтеке билбеген көптөгөн адамдар деле никени кандайдыр бир деңгээлде баалашат. Анда биздин, бактылуу Кудай Жахабанын кызматчыларынын, никени жогору баалаганыбыз жана муну иш жүзүндө көрсөткөнүбүз канчалык маанилүү! (1 Тим. 1:11).

[Шилтеме]

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Нике бекем болсо, Жахаба даңкталып, бүт үй-бүлө бактылуу болот

[5-беттеги сүрөт]

Рут Кудайдын белегин, никени, жогору баалаарын көрсөткөн

[7-беттеги сүрөт]

Жахабанын белеги никени чындап баалаарыңды көрсөтүп жатасыңбы?