Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Так аткарылган пайгамбарлыктар

Так аткарылган пайгамбарлыктар

Так аткарылган пайгамбарлыктар

«Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай... калган жок» (ЖАШЫЯ 23:14).

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Байыркы заманда жашаган көрөгөчтөрдүн айткандары так болгон эмес жана чын чыккан эмес. Бүгүнкү күндө да жылдыздарды карап келечекти айткандардын ырастагандарына ишенүүгө болбойт. Футурологдор болсо учурда болуп жаткан нерселердин негизинде эле келечекти божомолдоп айтышат. Бирок алар бир нече кылымдан кийин боло турган кайсы бир окуяларды алдын ала айта алышпайт. Ал эми Ыйык Китепте «боло элек нерселер» кылымдар мурун эле майда-чүйдөсүнө чейин айтылып, так аткарылып келет (Ышая 46:10).

МИСАЛ: биздин заманга чейинки 6-кылымда Даниел пайгамбар гректердин кыска убакыттын ичинде эле Мадай-Персияны басып аларын аян аркылуу көргөн. Ошондой эле Грециянын жеңилбес падышасы «күчүнө киргенден» кийин, анын «мүйүзү сына» тургандыгын, башкача айтканда, падышалыгынын кулай тургандыгын алдын ала айткан. Анын ордуна ким келмек? Даниел пайгамбар анын ордуна «төрт падышалык чыгарын», «бирок алар күч жагынан ага тең келе албай турганын» айткан (Даниел 8:5—8, 20—22).

ТАРЫХЧЫЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Даниел пайгамбар алдын ала айткан убактан 200дөн ашуун жыл өткөндөн кийин, Искендер Зулкарнайн Грециянын падышасы болот. Искендер он жылга жетпеген убакыт аралыгында Мадай-Персияны басып алат да, Инд дарыясына (азыркы Пакистанда) чейинки жерлердин баарына ээлик кыла баштайт. Акыры, Кичи Азиядагы Ипсустун жанындагы салгылаштан кийин анын империясы кулайт. Ошондон кийин Искендер Зулкарнайн күтүлбөгөн жерден 32 жашында дүйнө салат. Ипсустун жанындагы согушта жеңишке жеткен анын төрт аскер башчысы Греция империясын өз ара бөлүп алышат. Бирок эч кимиси Искендердей кубаттуу падыша боло алган эмес.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Башка кайсы китепте ушундай пайгамбарлык алдын ала жазылып, кийин так аткарылган? Же чынында эле башка бир да китеп Ыйык Китепке тең келбейби?

[4-беттеги кыстырма]

«Ыйык Китепте так аткарылган пайгамбарлыктар көп болгондуктан, аларды капысынан болгон окуялар деп ырастоого болбойт» («A LAWYER EXAMINES THE BIBLE», ЭРВИН ЛИНТОН).

[4-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© Robert Harding Picture Library/SuperStock