Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Андагы кеңештер бүгүн да колдонорлук

Андагы кеңештер бүгүн да колдонорлук

Андагы кеңештер бүгүн да колдонорлук

«Сенин сөзүң — бутума чырак, жолума жарык» (ЗАБУР 119:105).

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Айрым китептер эң жакшы адабий чыгарма катары эсептелет, бирок аларда жашоодо колдонорлук кеңештер жок. Ар кандай кеңештер жазылган азыркы учурдагы китептер кайра каралып, ичиндеги кеңештер жаңыртылып турат. Ал эми Ыйык Китепте «мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылганы» айтылат (Римдиктер 15:4).

МИСАЛ: Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, анда жакшы маанайда болгонго, ден соолукту чыңдаганга жардам берген мыкты кеңештер бар. Мисалы, анда: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— деп жазылат (Накыл сөздөр 14:30). Ошондой эле: «Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет, акылмандыктын баарына каршы чыгат»,— деген эскертүү берилет (Накыл сөздөр 18:1). Анда: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген да жакшы кеңеш бар (Элчилер 20:35).

ИЗИЛДӨӨЛӨР ЭМНЕНИ ДАЛИЛДЕДИ? Сабырдуу, жакын достору бар, март кишинин ден соолугу чың болот. Алсак, «Америкалык медицина бирикмесинин журналында» мындай деп жазылат: «Ачууга алдырган кишилер сабырдуу кишилерге караганда инсультка эки эсеге көбүрөөк чалдыгышы мүмкүн» («The Journal of the American Medical Association»). Ошондой эле Австралиядагы он жыл бою жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн «жакын достору бар, ичиндегисин жакындары менен бөлүшкөн», жашы өр тартып калган кишилердин көбүрөөк жашай турганы айкын болгон. Ал эми 2008-жылы Канададагы жана Кошмо Штаттардагы изилдөөчүлөр «акчасын өзүнө гана короткон кишиге караганда башкаларга короткон киши өзүн бактылуу сезерин» аныкташкан.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? 2000 жылдай мурун жазылган, ден соолукту чыңдаганга жардам берген кеңештерди камтыган дагы кайсы китепке ишенсе болот? Же чынында эле бир да китеп Ыйык Китепке тең келбейби?

[8-беттеги сүрөт]

«Ыйык Китеп аябай жакшы китеп... себеби анда ден соолукту чыңдоого байланыштуу кеңештер бар» (ХОВАРД КЕЛЛИ, ЖОНС ХОПКИНС АТЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТТИН МЕДИЦИНАЛЫК МЕКТЕБИН НЕГИЗДЕГЕН).