Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ковердейл которгон англис тилиндеги биринчи Ыйык Китеп

Ковердейл которгон англис тилиндеги биринчи Ыйык Китеп

Ковердейл которгон англис тилиндеги биринчи Ыйык Китеп

АНГЛИС тилинде биринчи жолу жарык көргөн Ыйык Китепте аны которгон кишинин ысымы жазылган эмес. Ал киши Майлс Ковердейл болгон. Анын котормосу 1535-жылы басылып чыккан. Ал убакта анын досу Уильям Тиндаль Ыйык Китепти которгону үчүн абакта отурган. Тиндаль Ковердейл которгон Ыйык Китеп басылып чыккандан кийинки жылы өлүм жазасына тартылган.

Ковердейл Ыйык Китепти которгондо Тиндалдын котормосун колдонгон. Ошол учурда Ыйык Китепти которууга аракет кылгандардын баарын өлүм жазасына тартышчу. Бирок Ковердейл кантип андай жазадан качып кутулуп, өзү которгон Ыйык Китепти басып чыгара алган? Бул эмнеге өбөлгө түзгөн?

Иштин башталышы

Майлс Ковердейл, болжолу, 1488-жылы Англиядагы Йоркшир деген шаарда туулган. Ал Кембриж университетин бүтүргөн жана 1514-жылы Рим-католик дин кызматчысы деген наам алган. Ал Роберт Барнс деген агайынан таалим-тарбия алгандыктан католик динине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактагандардын тарабын ээлей баштаган. Роберт Барнс 1528-жылы Европа континентине качып кеткен. Ошондон он эки жыл өткөн соң католиктердин диний жетекчилери аны устунга кадап, өрттөп салышкан.

1528-жылы Майлс Ковердейл католик дининдеги айрым окуулардын, мисалы, адамдын колунан жасалган нерселерге табынуунун, дин кызматчынын алдына келип өкүнүүнүн жана дагы башка ушу сыяктуу окуулардын Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келерин айтып, чиркөөдө окута баштаган. Ошондо анын өмүрүнө коркунуч туулгандыктан, Англиядан Европага качууга аргасыз болгон. Ал жерде жети жылдай жашаган.

Германиядагы Гамбург деген шаарда ал Уильям Тиндаль менен жашап калган. Экөө тең адамдардын Ыйык Китепти окушун көксөгөндүктөн биргеликте Ыйык Китепти которууга киришишкен. Ошол убакта Майлс Ковердейл Тиндалдан Ыйык Китепти которууга байланыштуу көп нерсеге үйрөнгөн.

Өзгөрүүлөр

Ошол убактарда Англиядагы абал өзгөрө баштаган. Алсак, 1534-жылы Англиянын королу Генрих VIII Рим папасынын бийлигине ачык эле каршы чыккан. Ошондой эле Ыйык Китептин англис тилине которулуп, элге жеткирилишин колдогон. Ошентип, убакыттын өтүшү менен Ковердейл Ыйык Китепти которууга киришкен. Ал англис тилин жакшы билгендиктен ойду түшүнүктүү кылып бере алган, бирок еврей жана грек тилдерин өзүнүн досу Тиндалдай жакшы билген эмес. Ковердейл латын жана немис тилдеринде чыккан Ыйык Китептердин негизинде Тиндалдын котормосун кайра карап чыккан.

Ковердейл которгон Ыйык Китеп Европа континентинде Тиндаль өлүм жазасына тартылар алдында, 1535-жылы, басылып чыккан. Анда Англиянын королу Генрихке арналган сөздөр жазылган болчу. Ковердейл Генрихти өзү которгон Ыйык Китепке Тиндалдын котормосундагы шилтемелерди кошпогонуна ынандырган. Анткени католик чиркөөсүнүн окууларынын Ыйык Китепке карама-каршы келерин көрсөткөн ал шилтемелер талаш-тартыштарды туудурушу мүмкүн эле. Ошентип, Генрих Ыйык Китепти басып чыгарууга макулдугун берген. Ошондон тартып Ыйык Китептин котормолору жарала баштаган.

1537-жылы Англияда Ковердейл которгон Ыйык Китептин эки жаңы басылышы чыккан. Ошол эле жылы Антверпенде Генрихтин макулдугу менен «Мэтьюнун Ыйык Китеби» деп белгилүү болгон Ыйык Китеп жарык көргөн. Ал Тиндаль менен Ковердейлдин котормосунун негизинде которулган.

Кийинчерээк Кентербери архиепискобу Томас Карнмер королдун башкы кеңешчиси Томас Кромвелге «Мэтьюнун Ыйык Китебин» кайра карап чыгуу зарыл экенин айткан. Ошондуктан Томас Кромвель ал Ыйык Китепти кайра карап, өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн Майлс Ковердейлге кайрылган. 1539-жылы король Генрих кайра каралып чыккан ал жаңы Ыйык Китепти басып чыгарганга уруксат берген жана басылып чыккан Ыйык Китептерди, баары окушу үчүн, чиркөөлөргө жиберүүнү буйрук кылган. Ал Ыйык Китептин көлөмү чоң болгондуктан аны «Чоң Ыйык Китеп» деп атап коюшкан. Жаңы чыккан Ыйык Китеп элдин көбүнө жаккан.

Ковердейлдин салымы

Генрих VIII өлүп, анын ордуна Эдуард VI такка отургандан кийин, 1551-жылы Ковердейл Эксетер шаарынын эпискобу болуп дайындалган. Бирок Эдуарддын ордуна 1553-жылы Мария каныша бийликке келгенде, Ковердейл Данияга качууга аргасыз болгон. Андан кийин Швейцарияга көчүп барып, ишин ошол жерде уланткан. Ал диний жетекчилерге Жазманы изилдегенге жардам берген латын тилинде жазылган тексттерди камтыган, Ыйык Китептин көптөргө «Жаңы Келишим» деп белгилүү болгон бөлүгүн англис тилинде басып чыгарган.

Ковердейл которгон Ыйык Китепте Кудайдын «Жахаба» деген ысымы кездешпейт. Ал эми Тиндаль которгон Еврей Жазмаларында ал ысым 20 жолу кездешет. Жеймс Мозли деген жазуучу өзүнүн бир китебинде: «Ковердейл 1535-жылы чыккан котормосунда бул ысымды [Жахаба деген ысымды] бир да жолу жазган эмес»,— деп жазган. Бирок кийин Ковердейл Кудайдын Жахаба деген ысмын «Чоң Ыйык Китеп» деп аталган Ыйык Китептин үч жерине кошкон («Coverdale and His Bibles»).

Ковердейл которгон Ыйык Китеп Кудайдын ысымы тетраграмматон түрүндө — еврей тилиндеги төрт тамга — кездешкен англис тилиндеги Ыйык Китептердин алгачкыларынан болуп эсептелет. Ал тетраграмматон китептин мукабасында жазылган. Көңүлгө алчу дагы бир нерсе, ал Ыйык Китепте апокрифтик китептер Еврей Жазмаларындагы китептердин арасында эмес. Алар өзүнчө тиркеме болуп, Ыйык Китептин аркасына чыккан.

Ковердейл колдонгон айрым көркөм сөздөрдү жана сөз айкаштарын кийин башка котормочулар да колдонушкан. Буга Забур 23:4тө жазылган: «Коюу караңгылык каптаган өрөөн»,— деген сөздөрдү мисал кылса болот. Забур 23:6дагы кыргыз тилине мээримдүүлүк деп которулган еврей сөзү өз ичине күчтүү сүйүүнү жана берилгендикти да камтыйт. С. Л. Гринслейд деген профессор: «Ал сөз Кудайдын өз элин сүйөрүн жана аларга ырайым кыларын эле эмес, аларга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экендигин көрсөтүп турат»,— деген. Англис тилиндеги шилтемелери бар «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосунда» да ушул сөз кездешет.

Бир китепте айтылгандай, Ковердейлдин «Чоң Ыйык Китеби» «Тиндалдын „Жаңы Келишими“ которулган убактан тартып англис тилине которулган Ыйык Китептердин жыйынтыгы болгон» («The Bibles of England»). Чынында эле, Ковердейлдин котормосунун аркасында ошол убактагы англис тилинде сүйлгөн адамдар Ыйык Китепти окуй алышкан.

[11-беттеги сүрөт]

1537-ЖЫЛЫ ЧЫККАН ЫЙЫК КИТЕПТИН МУКАБАСЫНДАГЫ ТЕТРАГРАММАТОН (СОЛДО)

[10-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

From the book Our English Bible: Its Translations and Translators

[11-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Photo source: From The Holy Scriptures of the Olde and Newe Testamente With the Apocripha by Myles Coverdale