Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сенин жаның... мага эңкейет»

«Сенин жаның... мага эңкейет»

Кудайга жакындагыла

«Сенин жаның... мага эңкейет»

МОМУН киши адамды өзүнө тартып турат. Андай киши менен мамилелешүү жагымдуу. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө момун кишилерди чанда гана жолуктурасың. Адатта, колунда бийлиги бар кишилер текебер келет. Ал эми ааламдагы Эң Жогорку Кудай Жахаба жөнүндө эмне айтууга болот? Ал момунбу? Келгиле, Жеремия пайгамбардын сөздөрүн карап көрөлү. (Окугула: Жеремиянын ыйы 3:20, 21.)

Жеремия пайгамбар өзүнүн аты менен аталган Жеремиянын ыйы деген китепти ысрайыл элинин тарыхындагы эң оор учурда жазган. Кудай аны элге чуулгандуу кабарды, тагыраак айтканда, Иерусалимдин бабылдыктар тарабынан талкаланарын айтууга жөнөткөн болчу. Бул кабар аны кайгыга салган. Бирок Жеремия пайгамбар өзүнүн элине аябай кайгырса да, алардын жазаланууга тийиш экенин жакшы түшүнгөн. Себеби ысрайыл эли Кудайдын алдында чоң күнөөгө баткан. Жеремия пайгамбар айрымдардын куткарылышына үмүттөнө алат беле? Өкүнгөн кишилер эч нерседен үмүттөнбөй эле койсо болот, Кудай аларга ырайым кылбайт деп ойлогонбу? Эмесе, Жеремия пайгамбардын өз элинин атынан Кудайга кайрылганда айткан сөздөрүнө токтололу.

Иерусалимдин талкаланарын укканда көптөр кайгырган. Бирок Жеремия пайгамбар үмүтүн үзгөн эмес. Ал Жахаба Кудайга: «Сенин жаның * [Жахаба Кудайдын өзү] мени сөзсүз эстейт, мага эңкейет»,— деген (20-аят). Ооба, Жеремия пайгамбар Жахаба Кудайдын куткарарына эч шектенген эмес. Ал Кудайдын аны жана элинин арасындагы өкүнгөн адамдарды унутпай турганын билген. Кудурети Күчтүү Кудай чынында эле ошентти беле? (Аян 15:3).

Жеремия пайгамбар Жахаба Кудайдын чындап өкүнгөндөргө «эңкейерин» билген. Бул сөз Жахаба Кудайдын канчалык боорукер экенин көрсөтүп турат. «Жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай» Жахаба, каймана мааниде айтканда, өзүнүн кызматчыларына эңкейип, сооротуп, аларга ырайым кылат (Забур 83:18). Жахабанын ушундай Кудай экенине ишенгендиктен Жеремия пайгамбар сооронуп, жан-дүйнөсү тынчтанып калган. Ишенимдүү ал пайгамбар Жахаба Кудайдын өзүнүн өкүнгөн элин куткара турган убагы келгенге чейин чыдамдуулук менен күткөнгө чечкиндүү болгон (21-аят).

Жеремия пайгамбардын сөздөрүнөн Жахаба Кудай жөнүндө эки нерсени билдик. Биринчиден, ал — момун Кудай (Забур 18:35). Жахаба «зор күчкө ээ» болсо да, пендеси кайгырып, көңүлү чөгүп турганда, ага жардам бериш үчүн, мындайча айтканда, эңкейет (Аюп 37:23; Забур 113:5—7). Муну билүү бизди кандай гана бекемдейт! Экинчиден, Жахаба — өкүнгөндөрдү «кечирүүгө даяр» ырайымдуу Кудай. Ал кылган күнөөсү үчүн өкүнгөндөрдү четке какпайт, аларга ырайым кылат (Забур 86:5). Мындан көрүнүп тургандай, момундук менен ырайымдуулук бири-бири менен тыгыз байланышта.

Биз Жахаба Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Ал текебердиктен улам катаал, ырайымсыз болуп кеткен бийлиги бар адамдардан айырмаланып, момун жана ырайымдуу. Бул силерге өзүнүн кайгырган кызматчыларына үмүт берип, жубатып-соороткон момун Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү бербейби?

ИЮНДА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Жеремия 51 Жезекиел 5

[Шилтеме]

^ 5-абз. Байыркы убактагы көчүрмөчүлөр «сенин» деген сөздү Жеремия пайгамбарга карата колдонуп, «сенин жаның» дегенди «менин жаным» деп өзгөртүп коюшкан. Ыйык Китепте жан деген сөз адамдарга жана жан-жаныбарларга карата колдонулгандыктан, алар ал сөздү Кудайга карата колдонуу аны урматтабагандыкка жатып калат деп ойлошкон көрүнөт. Бирок Ыйык Китепте, адамдар Кудайдын айрым сапаттарын жакшы түшүнө алышы үчүн, адамдарга карата колдонулган сөздөр Кудайга карата да колдонулган. «Жан» деген сөз «биздин өмүрүбүздү» билдиргендиктен «сенин жаның» дегенди «сен» деп түшүнсөк болот.

[14-беттеги кыстырма]

Жахаба... пендеси кайгырып, көңүлү чөгүп турганда, ага жардам бериш үчүн, мындайча айтканда, эңкейет