Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн үйдөн үйгө кабар айтышат?

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн үйдөн үйгө кабар айтышат?

Окурмандардын суроолору

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн үйдөн үйгө кабар айтышат?

▪ Ыйык Китепте Иса пайгамбардын өзүнүн шакирттерине: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... үйрөткүлө»,— деп айткан сөздөрү жазылган (Матай 28:19, 20). Ал буйрук анын бардык жолдоочуларына тиешелүүбү? Анын алгачкы шакирттери ал буйруктун Иса пайгамбардын бардык жолдоочуларына тиешелүү экенин түшүнүшкөн. Алсак, элчи Петир ошол буйрук тууралуу айтып: «Кудай бизге... элге жарыялоону жана кылдат күбөлөндүрүүнү буйруган»,— деген (Элчилер 10:42). Элчи Пабыл болсо: «Бул — менин милдетим. Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!» — деп жазган (1 Корунттуктар 9:16).

Кабар айтуу тапшырмасын элчи Петир менен Пабыл эле аткарган эмес. Ал тапшырманы Иса пайгамбардын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын баары аткарышкан. Алар кабар айтканы менен белгилүү болушкан (Элчилер 5:28—32, 41, 42). Жахабанын Күбөлөрү да жакшы кабар таратканы менен белгилүү. Иса пайгамбардай болуп, алар да «Асман Падышалыгы» жөнүндө кабар айтышат (Матай 10:7).

Ал кабар кимдерге айтылышы керек эле? Иса пайгамбар анын бардык адамдарга таратылышы керек экенин айткан. Ал жолдоочуларына: «Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элчилер 1:8). Ошондой эле бул дүйнө түзүлүшү аяктаар алдында «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратыларын» айткан (Матай 24:14). Ошондуктан анын биринчи кылымдагы жолдоочулары тааныштарына же дин тутпагандарга эле эмес, адамдардын баарына кабар жеткирүүгө умтулушкан (Колосалыктар 1:23; 1 Тиметей 2:3, 4). Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрү да ар бир кишиге кабар айтканга аракет кылышат *.

Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоонун эң жакшы жолу кайсы? Иса пайгамбар кабарды мүмкүн болушунча көп адамдарга кантип жеткирсе болорун билгендиктен шакирттерин шаарларга, айыл-кыштактарга жана үйлөргө барып кабар айтууга жөнөткөн (Матай 10:7, 11, 12). Ал өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери мурдагыдай эле «үймө-үй кыдырып» кабар айта беришкен (Элчилер 5:42). Ошондой эле алар, Иса пайгамбардай болуп, эл көп жүргөн жерлерде кабар айтышкан (Жакан 4:7—26; 18:20; Элчилер 17:17). Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрү ар бир кишиге кабар айтыш үчүн ошентишет.

Иса пайгамбар кабарды баары эле уга бербесин айткан (Матай 10:14; 24:37—39). Бирок адамдардын кабарга кулак какпаганынан улам кабар айтканыбызды токтотуп коюшубуз керекпи? Бир мисал тууралуу ойлонуп көрөлү. Силер жер титирөө болуп өткөндөн кийин урандылардын астына калган кишилерди куткарууга катышып жатасыңар дейли. Бир нече кишини тапкандан кийин эле издегениңерди токтотуп коёт белеңер? Албетте жок. Дагы бир киши табылып калышы мүмкүн деген үмүт менен андан ары да издей бермексиңер. Иса пайгамбар жолдоочуларын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарга кулак кага турган адамдардын табыларынан үмүт үзбөй, аларды туруктуулук менен издей берүүгө чакырган (Матай 10:23; 1 Тиметей 4:16). Жахабанын Күбөлөрү үйдөн үйгө кабар айтып андай адамдарды издөө менен Кудайды жана адамдарды сүйөрүн далилдешет. Анын үстүнө, адамдардын өмүрү Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарга кулак кагып, ошого ылайык иш кылышынан көз каранды (Матай 22:37—39; 2 Тесалоникалыктар 1:8).

Колуңардагы журналда Ыйык Китептеги кабар камтылат. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып келгенде, алар менен сүйлөшүп көрсөңөр болот же бул журналды басып чыгаргандарга жазсаңар болот.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Учурда Жахабанын Күбөлөрү 236 өлкөдө кабар айтып жатышат. Былтыр алар кабар айтуу ишине 1,7 миллиард саат жумшашкан жана 8,5 миллион киши менен Ыйык Китепти изилдешкен.