Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тесалоника шаарында каршылыктарга карабай жарыяланган жакшы кабар

Тесалоника шаарында каршылыктарга карабай жарыяланган жакшы кабар

Тесалоника шаарында каршылыктарга карабай жарыяланган жакшы кабар

Тесалоника азыр Фессалоники же Салоники деп белгилүү. Ал Грециянын түндүк-чыгышындагы порту бар өнүккөн шаар. 1-кылымда ал шаарда Иса пайгамбардын жолдоочулары, башка элдерге жиберилген элчи Пабыл да жакшы кабар тараткан (ЭЛЧИЛЕР 9:15; РИМДИКТЕР 11:13).

БОЛЖОЛ МЕНЕН, б.з. 50-жылы элчи Пабыл жана аны менен чогуу жүргөн Сылас Тесалоникага барышкан. Ага чейин алар көп жерлерди кыдырып, Кудай жөнүндө жакшы кабар таратып жүрүшкөн. Бирок Пабылдын бул экинчи миссионердик сапарында алар жакшы кабар таратыш үчүн биринчи жолу азыркы Европадагы ошол шаарга барышкан.

Элчи Пабыл менен Сылас Тесалоникага келишкенде, Македониянын чоң шаарларынын бири болгон Филипиде жүргөндө азап тарткандары дагы деле эстеринде болчу. Алар ал жактан ур-токмокко алынган, түрмөгө камалган. Кийинчерээк элчи Пабыл тесалоникалыктарга «Кудайдын жакшы кабарын катуу каршылыкка карабай жарыялагандыгын» жазган (1 Тесалоникалыктар 2:1, 2). Тесалоника шаарында абал кандай эле? Алар ал шаарда Кудай жөнүндө жакшы кабар айтып жүргөндө, кандай окуялар болду эле? Элдер аларды угушканбы? Бул суроолорго жооп алардан мурун, келгиле, Тесалоника шаарынын тарыхына токтолуп көрөлү.

Согуш-жаңжал көп болгон шаар

Шаардын Тесалоника деген аты согуш жана күрөш дегенди билдирет, себеби «Тесалоника» деген сөз «фессалиялыктар» жана «жеңиш» дегенди билдирген эки грек сөзүнөн куралган. Б.з.ч. 352-жылы Македониянын падышасы, Искендер Зулкарнайндын атасы Филипп II Грециянын чыгышындагы Фессалия аймагын басып алган. Жеңишинин урматына Филипп II кыздарынын бирине Фесалонике деген ат койгон. Кийинчерээк ал кызы Искендер Зулкарнайндын аскер башчысы Кассандрга турмушка чыккан. Болжол менен, б.з.ч. 315-жылы Кассандр Халкидики жарым аралынын батышына шаар куруп, аны аялынын аты менен атаган. Тесалоника шаарынын тарыхында согуш-жаңжалдар көп болгон.

Тесалоника өркүндөп-өскөн шаар болчу. Ал Эгей деңизиндеги порту бар эң жакшы шаарлардын бири болгон. Рим империясындагы Виа Эгнатия деген негизги жол Тесалоника аркылуу өтчү. Ошондой эле ал аябай жакшы жерде жайгашкандыктан, Рим империясындагы соода-сатык жүргүзүлгөн чоң шаарлардын бири болчу. Тесалоника өнүккөн шаар болгондуктан кылымдар бою готтор, славяндар, француздар, венециялыктар, түрктөр ал шаарга суктанып, басып алгысы келген. Алардын айрымдары аны күч менен, кан төгүү менен басып алышкан. Азыр болсо, келгиле, элчи Пабылдын ал шаарда жакшы кабар айтып жүргөндө кандай каршылыктарга туш болгонун карап чыгалы.

Элчи Пабылдын Тесалоникага барышы

Элчи Пабыл кайсы бир шаарга биринчи жолу барганда адегенде жүйүттөргө кабар айтчу. Анткени жүйүттөр Ыйык Жазманы жакшы билишчү, ошондуктан алар менен талкуу жүргүзүү оңой болгон жана алар Пабылдын Кудай жөнүндө айткандарын жакшы түшүнүшкөн. Бир окумуштуунун айтымына караганда, элчи Пабыл мекендештерин ойлоп тынчсыздангандыгы үчүн же жүйүттөр жана Жахаба Кудайдан корккон дагы башка адамдар аркылуу жүйүт эместерге кабар айтыш үчүн ошентсе керек (Элчилер 17:2—4).

Пабыл Тесалоникага барары менен синагогага кирип, «ал жердегилер менен... Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөн». «Ал Машаяктын азап чегиши жана өлүп, кайра тирилиши керек болгонун түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирген». Анан: «Мен силерге жарыялап жаткан Иса — ошол Машаяктын өзү»,— деген (Элчилер 17:2, 3, 10).

Элчи Пабылдын Машаяктын ким экени жана анын эмне кылары жөнүндө айткандары талаш-тартышты туудурган. Мисалы, ал Машаяктын азап чегери жөнүндө айткан, ал эми жүйүттөр Машаяк аларды Римдин бийлигинен эркиндикке чыгарат деп ишенип келишкен. Элчи Пабыл жүйүттөрдү ынандырыш үчүн мыкты окутуучу колдонгон ыкмаларды колдонгон, тактап айтканда, «талкуу жүргүзгөн», «түшүндүргөн», «Ыйык Жазмадан далилдерди келтирген» *. Анын айткандарына жүйүттөр кандай жооп кайтарышкан?

Кыйынчылык менен коштолсо да, жакшы натыйжа берген кызмат

Айрым жүйүттөр, жүйүттөрдүн динин кабыл алган көптөгөн гректер жана «таасирдүү аялдар» элчи Пабылдын айткан жакшы кабарын угушкан. Македонияда аялдар чоң кызматтарда иштегендиктен, алар жөнүндө «таасирдүү аялдар» деп айтылганы жөндүү. Андай аялдар мамлекеттик кызматтарда иштешкен, мүлккө ээ болушкан, кандайдыр бир укуктары болгон жана соода-сатык иштерин жүргүзүшкөн. Ал тургай, алардын урматына эстелик тургузулган. Тесалоникадагы жогорку абалды ээлеген аялдар, филипилик Лидия деген аялдай болуп, жакшы кабарды кабыл алышкан. Сыягы, ал аялдар жакшы үй-бүлөдөн болгон же кадыр-барктуу кишилердин аялдары болгон (Элчилер 16:14, 15; 17:4).

Бирок жүйүттөрдүн көпчүлүгү көрө албай, «базар аянтындагы бекерпоздордун арасынан айрым кара ниет кишилерди ээрчитип, сүрмө топту чогултушуп», «шаарга тополоң салышкан» (Элчилер 17:5). Алар кандай адамдар эле? Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу алардын «бузулган, адамгерчиликсиз» болгонун айткан. Ошондой эле мындай деп кошумчалаган: «Элчи Пабылдын эмне жөнүндө кабар айтып жүргөнү алар үчүн баары бир болгон. Ал сүрмө топ жүйүттөрдүн шыкагы менен зордук-зомбулук кылганга даяр болгон».

Алар «Пабыл менен Сыласты сүрмө топтун алдына алып чыгыш үчүн Жасондун үйүнө [Пабыл токтогон үйгө] кирип барышкан». Бирок Пабылды ал жактан таппай коюшкандыктан шаар башкаруучуларына кайрылууну чечишкен. Алар «Жасон менен айрым бир туугандарды шаар башкаруучуларына» сүйрөп барышып: «Бүт жерге дүрбөлөң салган тиги экөө эми бул жакка да келишиптир»,— деп кыйкырышкан (Элчилер 17:5, 6).

Тесалоника Македониянын борбор калаасы болгондуктан кээ бир маселелерди өз алдынча чече алчу. Ал жерде элдин ишин караган жарандардан турган кеңеш жана «шаар башкаруучулары» бар болчу. Жогорку абалды ээлеген «шаар башкаруучулары» * шаарда тынчтык сакталышына, Римдин кийлигишүүсүн талап кылган жагдайлардын болбошуна жооптуу болушчу. Эгер чоң көйгөй болуп, Рим кийлигише турган болсо, шаар кандайдыр бир артыкчылыктардан айрылып калмак. Ошондуктан шаар башкаруучулары элчи Пабыл менен Сыластын шаардагы тынчтыктын сакталышына коркунуч туудуруп жаткандыгын билишсе, сөзсүз кандайдыр бир чара көрүшмөк.

Жүйүттөр Иса пайгамбардын жолдоочуларына: «Булардын баары Иса деген башка падыша бар деп айтып, цезардын буйругуна каршы чыгып жатышат»,— деп да жалаа жабышкан (Элчилер 17:7). Мындай айып, бир түшүндүрмөдө айтылгандай, алар императорго «каршы чыгып, козголоң чыгарып жатышат» дегенге эле тете болгон. Императорлор «өздөрү басып алган шаарларда башка падыша жөнүндө сөз жүрүшүнө жол бермек эмес». Анын үстүнө, элчи Пабылдын Иса Машаякты Падыша деп айтып жүргөнү аябай эле кооптуу болгон. Себеп дегенде Рим бийлиги Иса Машаякты козголоң чыгарган кылмышкер катары өлүмгө кыйган болчу. Ошондуктан жүйүттөрдүн айыбы чындай көрүнгөн (Лука 23:2).

Жүйүттөрдү укканда шаар башкаруучулары аябай тынчсызданышкан. Бирок жүйүттөрдүн таккан айыбы негизсиз болгондуктан жана далилденбегендиктен, «шаар башкаруучулары Жасон менен башкалардан күрөөгө жетиштүү акча алышкандан кийин аларды коё беришкен» (Элчилер 17:8, 9). Жасон менен анын жанындагылардын шаар башкаруучуларына күрөөгө акча бергени элчи Пабылдын шаардан кетерине жана кайра келип, элди дүрбөлөңгө салбай тургандыгына кепилдик беришкенин билдириши мүмкүн. Элчи Пабыл Тесалоника шаарына барууга Шайтандын «тоскоолдук кылганы» жөнүндө сөз кылганда, кыязы, ошол жөнүндө айткан (1 Тесалоникалыктар 2:18).

Ушундай жагдайдан улам элчи Пабыл менен Сылас түн ичинде Бероя шаарына жөнөп кетишкен. Ал шаардын тургундары элчи Пабыл айткан кабарды жакшы угушкан. Муну угуп, каары кайнаган тесалоникалык жүйүттөр 80 чакырымдай жол басып, Берояга келишкен да, элди үгүттөп, элчи Пабылга каршы тукурушкан. Ошондо элчи Пабыл Афин шаарына кеткен, бирок кыйынчылыктар ошону менен эле бүтүп калган эмес (Элчилер 17:10—14).

Тесалоникалыктар кабылган кыйынчылыктар

Бактыга жараша, ошол учурда Тесалоникада жыйналыш уюшулуп калган. Бирок Иса пайгамбардын ал жердеги жолдоочулары каршылык-куугунтуктан башка да кыйынчылыктарга кабылышкан. Алар жалган кудайларга сыйынган, адеп-ахлаксыз адамдардын арасында жашашкан. Ошон үчүн элчи Пабыл аларды ойлоп аябай тынчсызданган. Алар андай кыйынчылыктарга кантип туруштук беришкен? (1 Тесалоникалыктар 2:17; 3:1, 2, 5).

Иса пайгамбардын Тесалоникада жашаган жолдоочулары айрым иштерге жана диний каада-салттарга катышпай калганда, достору, тааныштары аларга нааразы болорун, ар тараптан кысымга алынарын жакшы билишкен (Жакан 17:14). Ошондой эле Тесалоникада гректердин Зевс, Артемида, Аполлон деген кудайларынын, ошондой эле мисирликтердин кудайларынын ибадатканалары көп болгон. Императорго сыйынуу да кеңири тараган болчу. Ага сыйынуу менен коштолгон каада-салттарды аткаруу ар бир жарандан талап кылынган. Алардан баш тартуу Рим бийлигине каршы чыкканга жаткан.

Андай жалган кудайларга сыйынуу төбө чачты тик тургузган жыныстык адеп-ахлаксыздык менен коштолчу. Тесалоникалыктардын колдоочу кудайы Кабируска, ошондой эле Дионис, Афродита кудайларына жана мисирликтердин Исида деген кудайына табынгандар сыйынуу учурунда мас болгончо ичип, бири-бири менен жыныстык катнашта болуп, жийиркеничтүү иштерди кылышчу. Тесалоникада никеге турбай эле чогуу жашоо жана сойкулук кеңири жайылган. Бузуктук кылуу күнөө деп эсептелген эмес. Тесалоникалыктарга Римдин маданияты аябай таасир эткен. Бир билдирүүгө ылайык, «ал шаарда элдин ар бир каалоосун канааттандырган аялдар да, эркектер да болгон. Дарыгерлер болсо андай каалоолорду такыр тыйбаш керектигин айтышчу». Мына ошондуктан элчи Пабыл ал шаарда жашаган ишенимдештерине кат жазганда «бузуктуктан алыс болушу», «ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбеши» жана «ыпыластыктан» качышы керектигин баса белгилеген (1 Тесалоникалыктар 4:3—8).

Кыйынчылыктарды жеңишкен

Иса пайгамбардын Тесалоникадагы жолдоочулары Кудайга болгон ишенимин бекем сакташ үчүн көп кыйынчылыктар менен күрөшкөн. Элчи Пабыл аларды каршылыктарга, кыйынчылыктарга карабай, жалган кудайларга сыйынган, бузулган адамдардын арасында жашаганына карабай, ишеним менен иш кылып, сүйүү менен эмгектенип, туруктуу болгондугу жана жакшы кабардын таратылышына салым кошкондугу үчүн мактаган (1 Тесалоникалыктар 1:3, 8).

Б.з. 303-жылы Рим империясында Иса пайгамбардын жолдоочуларына каршы катуу куугунтук башталган. Ал куугунтукту Тесалоника шаарында жашап, ал жерге көптөгөн кооз имараттарды курган Галерий деген император баштаган. Ал курган айрым имараттардын урандылары азыр деле бар.

Бүгүнкү күндө Фессалоники шаарында Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбардын жолдоочуларын жок кылам деген так ошол киши курган имараттардын жанында жакшы кабар айтышат. Ал шаардагы Жахабанын Күбөлөрү 20-кылымдын ичинде көп кыйынчылыктарга туш болушса да, азыр ал жерде Жахабанын Күбөлөрүнүн 60тай жыйналышы бар. Бул алардын кылымдар мурун жарыялай баштаган жакшы кабарды каршылыктарга карабай азыркы убакка чейин ийгиликтүү жарыялап жатканын көрсөтүп турат.

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Элчи Пабыл, кыязы, төмөнкү аяттарга шилтеме кылган: Забур 22:7; 69:21; Ышая 50:6; 53:2—7; Даниел 9:26.

^ 16-абз. Бул сөз грек адабияттарында кездешпейт. Бирок Тесалоника шаарынын аймагынан ушул сөз камтылган 1-кылымга таандык жазуулар табылган. Бул элчилер китебинде жазылгандардын так экендигин көрсөтүп турат.

[18-беттеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Виа Эгнатия

МАКЕДОНИЯ

Филипи

Амфипол

Тесалоника

Бероя

ФЕССАЛИЯ

Эгей деңизи

АФИН

[20, 21-беттердеги сүрөттөр]

ҮСТҮНКҮСҮ: АЗЫРКЫ ФЕССАЛОНИКИ ШААРЫ

АСТЫНКЫСЫ: АРКАДА ЖАНА АГОРАДАГЫ РИМ МОНЧОСУ

[21-беттеги сүрөт]

ГАЛЕРИЙДИН АРКАСЫНЫН ЖАНЫНДАГЫ РОТОНДА; ГАЛЕРИЙДИН СҮРӨТҮ; ГАЛЕРИЙДИН АРКАСЫНЫН ЖАНЫНДА КАБАР АЙТЫП ЖАТКАН ЖАХАБАНЫН КҮБӨСҮ

[18-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Head medallion: © Bibliothèque nationale de France; stone inscription: Thessalonica Archaeological Museum, copyright Hellenic Ministry of Culture and Tourism

[20-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Two bottom left images: 16th Ephorate of Prehistoric and Classical Antiquities, copyright Hellenic Ministry of Culture and Tourism

[21-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Middle image: Thessalonica Archaeological Museum, copyright Hellenic Ministry of Culture and Tourism