Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча тартыш болгондо эмне кылсак болот?

Акча тартыш болгондо эмне кылсак болот?

Акча тартыш болгондо эмне кылсак болот?

ЭКИ уулдун атасы Обет Африканын чоң шаарларынын бириндеги беш жылдыздуу мейманканада он жыл эмгектенип келген. Анын үй-бүлөсү жакшы тургандыктан каалаганын жеп, каалагандай кийинишчү. Алар акчанын көзүнө карабай мезгил-мезгили менен өлкөсүндөгү жакшы жерлерге барып эс алып турушчу. Бирок мейманканага көп киши келбей калгандыктан, жумуш орундары кыскартылып, Обет жумушунан чыгып калганда, алардын майкөл-сүткөл жашоосу бүткөн.

Бир банкта 22 жыл иштеп келген Стивен кызматынан көтөрүлүп отуруп, акыры, жетекчи болуп дайындалган. Чоң кызматка иштегенинин аркасында көп нерселерге ээ болгондон тышкары, ага жумушунан үй, машине берилген. Үйүндөгү жумуштардын баарын үй кызматчылары кылышчу. Балдары болсо чоңдордун балдары окуган мектепте окушчу. Бирок Стивен иштеген банктагы кызматкерлердин жумуш орундары алмаштырылганда, ал жумушсуз калган. Стивен мындай дейт: «Ошондо эмне кыларыбызды билбей калдык. Көңүлүм катуу чөгүп, кайгырып, эртеңки күнүбүз кандай болот деп аябай тынчсыздангам».

Мындай жагдайга кабылгандар миңдеп саналат. Каржы каатчылыгынын айынан миллиондогондор жумушунан айрылып, кирешесиз калууда. Көптөр жумуш тапканы менен, маянасы аз болгондуктан жана баалар барган сайын асмандап бараткандыктан, тапкан акчасы эч нерсеге жетпейт. Өнүккөн өлкөдөбү же жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөдөбү, кайсы өлкөдө болбосун, акча-тыйындын тартыштыгынан кыйналбаган киши жок.

Акылмандык керек

Жумушсуз калганда же акча тартыш болгондо жаман ойлор келбей койбойт. Адам болгондон кийин эми кантем деп тынчсызданасың. Бирок Сулайман пайгамбар мындай деген: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың» (Накыл сөздөр 24:10). Андыктан экономиканын барган сайын начарлап баратканына тынчсыздана бербей, Ыйык Китептеги: «Акылмандыкты сакта»,— деген кеңешке кулак кагышыбыз керек (Накыл сөздөр 2:7).

Ыйык Китеп акча жөнүндөгү китеп болбосо да, андагы акчага байланыштуу кеңештер көптөгөн адамдарга акылдуулук менен иш кылганга жардам берип келет. Келгиле, ал кеңештердин айрымдарына токтолуп көрөлү.

Чыгымды эсептегиле. Ыйык Китепте Иса пайгамбардын: «Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» — деген сөздөрү жазылган (Лука 14:28). Бул сөздөргө ылайык иш кылыш үчүн акча-тыйыныңарды эмнеге сарптаарыңарды алдын ала эсептеп алып, ошого бекем кармангыла. Бирок Обет айткандай, бул оңойго турбашы мүмкүн. Ал мындай дейт: «Жумушуман чыгып калганга чейин биз кереги барын деле, кереги жогун деле ылгабай сатып ала берчүбүз. Каалаган нерсебизди сатып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар болгондуктан, акчаны эмнеге сарптаарыбызды эч качан эсептечү эмеспиз». Акчабызды эмнеге сарптаарыбызды алдын ала эсептеп алсак, аны зарыл нерселерге гана жумшайбыз.

Ылайыкташа билгиле. Жашоо-шарт өзгөргөндөн кийин жөнөкөй жашоого көнүү оңой эмес. Бирок бул абдан зарыл. Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— делет (Накыл сөздөр 22:3). Стивен мындай дейт: «Акчабызды үнөмдөш үчүн өзүбүздүн бүтө элек анча чоң эмес үйүбүзгө көчүп барганга туура келди. Балдарыбызды болсо мурунку мектебине караганда азыраак акча төлөнгөн, ошол эле учурда сапаттуу билим берген мектепке котордук».

Жаңы жашоо-шартка көнүп кетиш үчүн үй-бүлөңөр менен чогуу кеңешип иш кылганыңар маанилүү. Тогуз жыл банкта иштеп, кийин жумушсуз калган Остин мындай дейт: «Келинчегим экөөбүз бизге чынында эле керек болгон нерселердин тизмесин жазып чыктык. Ошондон кийин кымбат тамак-аш албай калдык, акча көп кеткен эс алууга барбай калдык, жөнү жок эле жаңы кийим сатып албай калдык. Үй-бүлөмдүн жагдай-шартка ылайыкташып, мени колдогонуна ыраазы болом». Балдар эмнеге мындай өзгөрүүлөрдү кылышыңар керектигин жакшы түшүнбөшү мүмкүн. Бирок балдарыңарга мунун себебин түшүндүрүп беришиңер керек.

Жумуш тандабагыла. Балким, кара жумуш кылып көрбөгөндүктөн андай жумушка көнүп кете аларыңарга күмөн санашыңар мүмкүн. Остин мындай дейт: «Мурун банкта жетекчи болгондуктан кара жумушта кантип иштейм, эл эмне дейт деп тынчсыздангам». Бул таң калыштуу эмес, анткени Ыйык Китепте: «Адамдардан коркуу тузак коёт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 29:25). Ырас, башкалар эмне дейт деп отура берген киши ачка калат. Анда терс ойлорду жеңгенге эмне жардам берет?

Ал үчүн момун болушубуз керек. Обет мейманканадагы жумушунан бошоп калгандан кийин, аны мурда чогуу иштешкен кесиптеши өзүнүн унаа оңдоочу жайына жумушка чакырган. Ал башка жумуштарды кылгандан тышкары, чаң-топурак көчөлөр менен узак жол басып, машине сырдай турган сыр жана машиненин ар кандай тетиктерин алып келиши керек болчу. Обет мындай деп ой бөлүшөт: «Бул жумуш мага такыр жакчу эмес, бирок башка аргам жок болчу. Мурунку жумушума караганда төрт эсе аз алчумун. Бирок алган айлыгым үй-бүлөмдү бакканга жетчү. Жаңы жумушума көнгөнгө мага момундук жардам берди». Силерге да момундук жардам берет.

Топук кылгыла. Кыргыз тилинин фразеологиялык бир сөздүгүндө топук кылуу деген сөз айкашы «канааттануу, каниет кылуу, ыраазы болуу» деп түшүндүрүлөт. Акча жагынан кыйналган кишиге бул мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Бирок жокчулук деген эмне экендигин жон териси менен сезип көргөн Кудайдын бир кызматчысынын айткандарына көңүл бурсаңар. Ал: «Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм. Ооба, мен жокчулук эмне экенин да, молчулук эмне экенин да билем»,— деген (Филипиликтер 4:11, 12).

Турмушта өйдө-ылдый боло берет. Балким, азыркы жашообуз жакшыдыр. Бирок эртеңки күнүбүз кандай болорун билбейбиз. Ошондуктан Ыйык Китептеги: «Кудайга берилгендик көрсөтүп, колдо бар нерсеге ыраазы болсок, көп нерсеге ээ болобуз. Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деген сөздөрдү жүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек. Аяттагы сөздөр жалкоо болуш керек дегенди билдирбейт. Ал аятта муктаждыктарыбызды канааттандырууда канткенде тең салмактуу боло аларыбыз баса белгиленет (1 Тиметей 6:6, 8).

Чыныгы бакыт

Адам дүнүйө-мүлк топтосо же жашоо-турмушу жакшы болсо эле бактылуу болуп кетпейт. Иса пайгамбар: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген. Ооба, муктаж болгондорго колубузда болгон нерселерди берип, жардам берсек жана аларга дем-күч берсек, чындап бактылуу болобуз (Элчилер 20:35).

Жаратканыбыз Жахаба Кудай биздин эмнеге муктаж экенибизди эң жакшы билет. Ал өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу бизге пайдалуу кеңештерди берет. Ал кеңештер көптөргө жашоосун жакшыртканга жана ашыкча эле тынчсыздана бербегенге жардам берип келет. Албетте, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсок эле керемет болуп, капчыгыбыз кампайып калбайт. Ошентсе да Иса пайгамбар «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегендерге» жашоодо зарыл болгон нерселердин баары берилерин айткан (Матай 6:33).