Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Жүйүттөр өздөрүнүн ата-тегине эмне үчүн аябай маани беришкен?

Кимдин кайсы уруудан жана кайсы тукумдан чыкканын аныктоо үчүн санжыра абдан маанилүү болгон. Жер жана мурас кишинин кайсы уруудан чыкканына жараша бөлүштүрүлгөн. Жүйүттөр, өзгөчө, Машаяк чыга турган тукумдун санжырасына кызыгышкан. Алар анын Жүйүт уруусунан болгон Дөөтү пайгамбардын тукумунан чыгарын жакшы билишкен (Жакан 7:42).

Ошондой эле Ыйык Китепти изилдеген Иоахим Иеремиас деген окумуштуу айткандай, «леби же дин кызматчы болуп леби уруусундагылар жана алардын укум-тукуму гана кызмат кыла алгандыктан... ал уруудагылардын каны таза сакталышы аябай маанилүү болгон. Ошондуктан дин кызматчылардын тукумундагыларга турмушка чыга турган ысрайылдык кыздар өздөрүнүн ошол тукумдан экенин далилдеши керек болчу». Некемия пайгамбар жашаган убакта Леби уруусунан болгондор «ата-тегин аныкташ үчүн санжырадан өздөрүнүн атын издешкен», бирок таппай койгондуктан дин кызматчы болгонго жараксыз болуп калышкан (Некемия 7:61—65).

Андан сырткары, Муса пайгамбарга берилген мыйзамга ылайык, «никесиз төрөлгөн эркек,.. Амондун тукумдары,.. Мааптын тукумдары... Жахабанын жыйналышынын мүчөсү боло албайт» болчу (Мыйзам 23:2, 3). Ошондуктан Иоахим Иеремиас мындай деп кошумчалайт: «Кайсы бир нерсеге ээ болуш үчүн ысрайылдык киши өзүнүн кайсы уруудан чыкканын далилдеп бериши керек болчу... ушундан улам ар бир ысрайылдык киши өзүнүн ата-тегин, Ысрайылдын он эки уруусунун кайсынысынан чыкканын жакшы билген деп жыйынтык чыгарууга болот».

Жүйүттөр санжырасын кантип түзүшкөн жана сакташкан?

Инжилди жазууга катышкан Матай менен Лука Иса пайгамбардын санжырасын так жазышкан (Матай 1:1—16; Лука 3:23—38). Андан башка да сакталып калган санжыралар болгон. Мисалы, жүйүттөрдүн мидрашында, Ыйык Жазмага берилген түшүндүрмөлөрүнүн жыйындысында, Иса пайгамбардын убагында жашаган Хиллел деген рабби жөнүндө мындай деп айтылган: «Иерусалимден Хиллелдин Дөөтү пайгамбардын тукумунан чыкканын далилдеген санжыра жазылган түрмөк табылган». Ошондой эле 1-кылымдагы Иосиф Флавий деген тарыхчы бир эмгегинде өзүнүн диний жетекчилердин тукумунан чыкканын, ал эми апасы «падышалардын тукумунан» болгонун жазган. Бул маалыматты ал «санжыралар жазылган бир документтен» тапканын айткан («The Life»).

Дин кызматчылардын санжырасына байланыштуу Иосиф Флавий өзүнүн дагы бир эмгегинде алардын санжырасына «жоопкерчиликтүү, Кудайдан корккон» кишилердин жооптуу болгонун айткан («Against Apion»). Ал эми «Жүйүт энциклопедиясында»: «Кыязы, санжыралар жогорку кызматта иштеген бирөөгө тапшырылган, ошондой эле Иерусалим шаарында санжыраны изилдеген жана ага байланыштуу суроолорго жооп берген комиссия болгон көрүнөт»,— деп жазылган. Дин кызматчы болбогон жүйүттөр ата-бабаларынын жерине барып, каттоодон өтүшчү (Лука 2:1—5). Сыягы, Инжилди жазгандар ошол архивдерге кайрылышкан. Ар бир үй-бүлө да өзүнүн санжырасын сактап жүргөн көрүнөт.