Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык кызматыбыз аркылуу ачылган «сыр»

Ыйык кызматыбыз аркылуу ачылган «сыр»

Өмүр баян

Ыйык кызматыбыз аркылуу ачылган «сыр»

АЙТЫП БЕРГЕН: ОЛИВЕР РАНДРИАМУРА

«Мен жокчулук эмне экенин да, молчулук эмне экенин да билем. Бардык жагынан жана бардык жагдайларда ток жүрүүнүн да, ачка жүрүүнүн да... сырын билдим. Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (Флп. 4:12, 13).

ЭЛЧИ Пабылдын бул сөздөрү көп жылдардан бери жубайым Оли экөөбүздү кайраттандырып келет. Мадагаскарда кызмат кылып жатып биз ал «сыр» эмне экенин билдик. Ал сыр — Жахабага бардык жагдайда толугу менен таянуу.

1982-жылы Жахабанын Күбөлөрү кайненем менен Ыйык Китепти изилдей баштаганга чейин эле, Оли экөөбүз баш кошууга убадалашып койгон болчубуз. Мен да Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум, кийинчерээк мага Оли да кошулду. Экөөбүз 1983-жылы баш коштук. Ал эми 1985-жылы чөмүлтүлүп, дароо эле көмөкчү пионер болуп кызмат кыла баштадык. 1986-жылдын июлунда болсо үзгүлтүксүз пионердик кызматка кириштик.

1987-жылдын сентябрында атайын пионер болуп дайындалдык. Алгач Мадагаскардын түндүк-батышындагы бир да жыйналыш жок шаарчага жөнөтүлдүк. Мадагаскарда 18 негизги этностук топ жана сансыз уруулар бар; алардын каада-салттары, ырым-жырымдары бири-бириникинен кыйла айырмаланат. Ал жактагылардын расмий тили малагаси тили болсо да, анын бир канча диалектиси бар. Ошондуктан өзүбүз дайындалган аймактагылар сүйлөгөн диалектини үйрөнө баштадык. Бул жергиликтүү элдин бизди жакшы кабыл алышына шарт түздү.

Адегенде мен ар жекшемби сайын жалпыга арналган баяндама айтып турдум. Баяндаманын соңунда жалгыз эле Оли кол чапчу, анткени жолугушууда экөөбүз эле болчубуз. Ошондой эле Теократиялык кызмат мектебинин программасын толугу менен өткөрчүбүз. Оли үй ээси менен сүйлөшүп жатканын элестетип тапшырмаларды аткарар эле. Кийинчерээк райондук көзөмөлчү келип, жолугушууларды өзгөртсөк болорун кеңеш кылганда, ушундай бир жеңилдей түшкөнбүз!

Ал жакта почта жакшы иштебегендиктен, чөнтөк акчабызды ай сайын ала алчу эмеспиз. Ошондуктан жокчулук эмне экенин өз тажрыйбабыздан билгенбиз. Бир жолу 130 км алыс жерде өтө турган райондук жыйынга автобус менен барып келүүгө жол киребиз жок болуп калды. Ошондо бир бир туугандын: «Көйгөйлөрүңөрдү Жахабага айткыла. Анткени силер анын ишин аткарып жатасыңар да»,— деген кеңеши эсибизге түштү. Андыктан тилендик да, жөө эле бара берели деп чечтик. Үйдөн чыгайын деп жатсак, күтүлбөгөн жерден бир ишенимдешибиз келип калып, жол киреге канча керек болсо, так ошончо акча берип калса болобу!

РАЙОНДУК ИШ

1991-жылы февралда райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Ошол учурда кичинекей тобубузда 9 жарчы болуп калган, алардын үчөө чөмүлтүлгөн эле. Ал эми жолугушууларыбызга орто эсеп менен 50 киши катышчу. Райондук ишти аткарууга окутулгандан кийин борбор калаа Антананаривудагы райондо кызмат кыла баштадык. 1993-жылы өлкөнүн чыгыш тарабына дайындалдык. Ал жактын жашоо шарты шаардыкынан таптакыр айырмаланат экен.

Жыйналыштарга жана алыскы аймактардагы топторго жетүү үчүн кээде жөө чытырман токойлуу тоолор аркылуу 145 кмге чейин жол жүрүүгө туура келчү. Ошондуктан мүмкүн болушунча аз жүк алууга аракет кылчубуз. А эгер райондук көзөмөлчүнүн жалпыга арналган сөзү слайддарды көрсөтүүнү камтыса (ал кезде кээде слайд көрсөтүшчү), жүгүбүз оорлой түшчү: Оли слайд көрсөткүчтү, мен болсо 12 вольттуу аккумуляторду көтөрчүмүн.

Кийинки жыйналышка жетиш үчүн көбүнчө күнүнө 40 кмдей жол жүрөр элек. Жолдо карай улам бир тоону ашып, дарыяларды, балчыктарды кечип өтчүбүз. Кээде жолдун жээгинде эле түнөп калган учурларыбыз болгон, бирок көбүнчө баш паанек табыш үчүн айыл-кыштактарды издечүбүз. Айрым учурда таптакыр эле чоочун кишилерден үйүнө түнөп кетүүнү суранчубуз. Түнөк-жай тапкандан кийин тамак-аш белендөөгө киришчүбүз. Оли казан-аяк сурап алып, жакын жердеги дарыядан же көлдөн суу алып келе турган. Ал ортодо мен балта сурап, тамак бышырганга отун жарчумун. Буларга бир топ убакыт кетер эле. Кез-кезде тоок сатып алып, союп жечүбүз. Ан үчүн, албетте, жүнүн жулуп, тазалаш керек болчу.

Тамактангандан кийин жуунганга дагы суу алып келчүбүз. Кээде ашканага жатканга туура келчү. Ал эми жамгыр жаап, чатырдан суу тамганда, дубалга жөлөнүп алып уктачубуз.

Биз дайыма өзүбүз түнөгөн үйдүн тургундарына кабар айтууга аракет кылчубуз. Көздөгөн жерибизге жетип, ал жактагы бир туугандарыбыздын боорукердигин, меймандостугун көргөндө, жүрөгүбүз ушунчалык козголчу. Алардын биздин келгенибизге чын жүрөктөн ыраазы болгону жолдо карай кездешкен ыңгайсыздыктардын баарын жаап кетчү.

Ишенимдештерибиздин үйүнө токтогондо аларга үй иштерин кылууга кол кабыш кылчубуз. Мунун аркасында алар биз менен бирге кабар айтуу кызматына көбүрөөк катыша алышчу. Биз бир туугандарыбыздан колунан келбеген нерселерди, мисалы, эң жакшы шарттарды түзүп же өзгөчө тамактарды жасап беришин күтчү эмеспиз.

АЛЫСКЫ АЙМАКТАРДАГЫ ТОПТОРДУ КЫДЫРУУ

Алыскы аймактардагы топторду кыдырууну аябай жакшы көрчүбүз. Ал жактагы бир туугандар бизди жылуу тосуп алышчу жана бизге абдан тыгыз күн тартип түзүп коюшчу. Ошондуктан «бир аз эс алып алууга» чанда эле убактыбыз болчу (Мр. 6:31). Мисалы, бир жердеги топко барганыбызда, бир жубайлар үйүнө кызыгуучуларынын баарын — 40 кишини — чакырып коюптур. Оли менен эже алардын 20дайы менен, байке экөөбүз болсо калган 20дайы менен изилдөө өткөрүүгө кириштик. Бир изилдөөнү бүтөр замат, экинчисин баштап жаттык. Кечке жуук изилдөөнү токтото туруп, жыйналыш жолугушууларын өткөрдүк да, кайра изилдөөнү уланттык. Ал жактан көбүнчө кечки саат 8ден кийин гана жаныбыз жай алар эле.

Башка топко барганыбызда, баарыбыз эски-уску кийимдерди кийип алып, эртең мененки 8дерде коңшу кыштакка карай бет алдык. Токой аралап узак жол жүргөндөн кийин түшкө жакын көздөгөн аймакка жеттик. Анан таза кийимдерибизди кийип, дароо үймө-үй кабар айтууга кириштик. Үйлөр аз, ал эми жарчылар көп болгондуктан, бүт аймакты 30 мүнөттөй эле убакыттын ичинде иштетип койдук. Андан соң башка айылга жөнөдүк. Ал жакта кабар айткандан кийин, кайра үйдү көздөй узак сапар тартышыбыз керек болду. Ушундан улам адегенде бир аз көңүлүбүз чөгө түштү, себеби ушунча көп убакыт, күч жумшап келип, үймө-үй бир эле сааттай кабар айта алдык. Анткен менен жергиликтүү бир туугандар буга нааразы болбостон, күйүп-жанып турушту.

Тавиранамбо шаарчасындагы бир топто кызмат кылган жарчылар тоонун чокусуна жакын жашашчу. Ал жактан үй-бүлөсү менен бир бөлмөлүү үйдө жашаган бир туугандыкына бардык. Жыйналыш жолугушуулар алардын үйүнүн жанындагы бир кичинекей жайда өткөрүлөт экен. Биз барган үйдө жашаган байке бир маалда эле: «Бир туугандар!» — деп кыйкырып кирди. Ошондо башка чокудан: «Эмне болду?» — деген үн угулду. Байке кайра: «Райондук көзөмөлчү келди!» — деп кыйкырды. Анан: «Азыр барабыз!» — деген жооп угулду. Ал кабар алысыраак жашагандарга да жеткирилген көрүнөт. Көп өтпөй эле эл чогула баштады. Жолугушуу башталганда, келгендердин саны 100дөн ашып кетти.

ЖОЛ АЗАБЫ

1996-жылы биз Антананаривуга жакын жайгашкан тоолуу аймактагы районго дайындалдык. Ал райондун да өзүнүн кыйынчылыктары бар эле. Мисалы, алыскы аймактарга каттай турган коомдук транспорт жок болчу. Бир жолу биз Антананаривудан 240 км алыс жайгашкан Беянкана (Бисекей) шаарчасындагы топко барууну пландаштырганбыз. Ошол жакка бараткан бир кичинекей жүк ташуучу машиненин шопуру менен сүйлөшүп, аны менен бармай болдук. Анда 30дай киши бар экен: кээ бирлери машиненин ичине отуруп, айрымдары үстүнө жатып, дагы бирөөлөрү артына жабышып алыптыр.

Адаттагыдай эле, машине көп узабай бузулуп калды да, жолубузду жөө уладык. Кыйналып-кысталып бир нече саат баскандан кийин, бир чоң жүк машине келип калды. Машинеси кишиге, оокатка жык толгон болсо да, шопур баары бир деле токтоду. Эптеп бир жерине кыпчылып алдык. Жүрүп отуруп бир дарыяга туш болдук. Тилекке каршы, көпүрө оңдолуп жатыптыр. Кайрадан жөө жөнөп, акыры, атайын пионерлер жашаган бир кичинекей кыштакка жеттик. Аларга барууну мурун пландаштырбаган болсок да, көпүрө жасалып, башка машине өткүчө, алар менен кызматташып турдук.

Машине бир жумадан кийин келди. Ага түшүп алып, чоң чуңкурларга толгон жол менен сапар уладык. Биз утуру-утуру түшүп, машинени тизеден келген суудан өткөрүү үчүн чалынып-чулунуп түртүп жаттык. Ошентип, таңга маал бир чакан кыштакка жетип, түшүп калдык. Анан чоң жолду артта калтырып, күрүч талааларын аралай, белчеден келген кир сууну кечип, көздөгөн жерибизге бет алдык.

Ал жакка биринчи жолу бараткандыктан күрүч талаасында иштеп жаткандарга кабар айтып, жергиликтүү Күбөлөрдүн каякта жашаарын сурайлы дедик. Алардын бир туугандарыбыз экенин билгенде сүйүнгөнүбүздү айтпа!

БАШКАЛАРДЫ ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТ КЫЛУУГА ҮНДӨШҮБҮЗ

Көптөгөн жылдардан бери биз башкаларды толук убактагы кызматты баштоого үндөө кандай сонун жемиш алып келерин көрүп, зор кубаныч алып келебиз. Бир жолу 9 үзгүлтүксүз пионер кызмат кылган бир жыйналышка барганда алардын ар бирин бирден жарчыга үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштоого жардам берүүнү максат кылып коюуга үндөгөнбүз. 6 айдан кийин ал жыйналышка кайра барсак, пионерлердин саны 22ге жетиптир! Эки пионер карындашыбыз аксакал болуп кызмат кылган аталарын пионер болууга үндөптүр. Алар болсо жыйналыштагы үчүнчү аксакалды үндөшүптүр. Көп өтпөй ал аксакал атайын пионер болуп дайындалып, кийинчерээк жубайы менен райондук ишти аткара баштаган. Берки эки аксакалчы? Бири райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылса, экинчиси ыктыярдуу кызматчы катары Падышалык залдарын куруу ишине катышууда.

Бизди колдоп жатканы үчүн Жахабага күн сайын ыраазычылык билдиребиз, анткени өзүбүздүн күчүбүз менен эч нерсе кыла албайт болчубуз. Албетте, кээде чарчап-чаалыгып, ооруп калабыз, бирок кызматыбыздын натыйжасы жөнүндө ойлонгонубузда, жүрөгүбүз кубанычка толот. Жахаба өз ишин дайыма алдыга жылдырып келет. Биз атайын пионер катары ал ишке, аз да болсо, өз үлүшүбүздү кошуп жатканыбызга абдан сүйүнөбүз. Ооба, бизге күч-кубат берген Жахабага таянуунун аркасында биз «сырдын» эмне экенин билдик.

[6-беттеги кыстырма]

Бизге күч-кубат берген Жахабага таянуунун аркасында «сырдын» эмне экенин билдик

[4-беттеги карта/сүрөт]

Чоң кызыл арал деп аталган Мадагаскар — дүйнөдөгү төртүнчү ири арал. Топурагы кызыл ал аралда эч жерде кездешпеген жандыктар, өсүмдүктөр бар

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдөн кубаныч алабыз

[5-беттеги сүрөт]

Сапар тартуу эң эле чоң кыйынчылыктардан эле