Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — «сырларды ачкан Кудай»

Жахаба — «сырларды ачкан Кудай»

Жахаба — «сырларды ачкан Кудай»

«Чынында эле, силердин Кудайыңар кудайлардын Кудайы, падышалардын Теңири, сырларды ачкан Кудай» (ДАН. 2:47).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

Жахаба келечек жөнүндө эмнелерди ачып берген?

Жырткычтын алты башы эмнени билдирет?

Жырткыч менен Небухаданасардын түшүндөгү айкелдин кандай байланышы бар?

1, 2. Жахаба бизге эмнелерди ачып берген жана эмне үчүн?

КУДАЙДЫН Падышалыгы адамдар башкарган өкмөттөрдү кыйратканда, жер бетинде кайсы өкмөттөр үстөмдүк кылып турган болот? Биз бул суроонун жообун билебиз, анткени «сырларды ачкан Кудай» Жахаба алардын кайсы өкмөттөр экенин Даниел пайгамбар менен элчи Жакан аркылуу ачып берген.

2 Жахаба аларга биринин артынан бири чыккан жырткычтар жөнүндө бир канча аян көрсөткөн. Ошондой эле Даниел пайгамбарга чоң металл айкел жөнүндөгү түштүн маанисин чечмелеп берген. Жахаба ал билдирүүлөрдүн биздин пайдабыз үчүн Ыйык Китепке жазылып, сакталып калышына кам көргөн (Рим. 15:4). Себеби ал биздин анын Падышалыгы жакында адам баласынын бардык бийликтерин жок кыларына бекем ишенишибизди каалайт (Дан. 2:44).

3. Пайгамбарлыктардын маанисин так түшүнүш үчүн алгач эмнени түшүнүшүбүз керек жана эмне үчүн?

3 Даниел пайгамбар менен элчи Жакан жазган билдирүүлөр сегиз падышаны, адамдардын башкаруусун, аныктоого эле эмес, алардын кандай тартипте пайда болмоктугун билүүгө да жардам берет. Бирок алардын так маанисин аңдаш үчүн адегенде Ыйык Китепте жазылган эң алгачкы пайгамбарлыкты түшүнүшүбүз керек. Эмне үчүн? Анткени Ыйык Китепте жазылгандардын, алардын ичинде пайгамбарлыктардын бардыгы ошол пайгамбарлык менен тыгыз байланышта. Аны, мындайча айтканда, калган пайгамбарлыктардын баары шурудай тизилген жипке салыштырууга болот.

ЖЫЛАНДЫН ТУКУМУ ЖАНА ЖЫРТКЫЧ

4. Аялдын тукумун кимдер түзөт жана ал тукум эмне кылат?

4 Эйден багында козголоң чыккандан көп өтпөй, Жахаба «аялдын» «тукуму» болорун убада кылган *. (Оку: Башталыш 3:15.) Ал тукум акыр-аягы жыландын, Шайтандын, башын жанчымак. Кийинчерээк Жахаба анын Ыбрайым пайгамбардын тукумунан, ошондой эле ысрайыл элинен, анын ичинде Жүйүт уруусунан чыгарын жана Дөөтү падышанын урпактарынан болорун ачып берген (Башт. 22:15—18; 49:10; Заб. 89:3, 4; Лк. 1:30—33). Ал тукумдун негизги бөлүгү — Иса Машаяк (Гал. 3:16). Ал эми экинчи даражадагы бөлүгүн Машаяктын ыйык рух менен майланган жолдоочулары түзөт (Гал. 3:26—29). Иса Машаяк менен анын майланган жолдоочулары Шайтандын башын жанчый турган Кудайдын Падышалыгын түзүшөт (Лк. 12:32; Рим. 16:20).

5, 6. а) Даниел пайгамбар менен элчи Жакан канча улуу держава жөнүндө айткан? б) Аян китебинде айтылган жырткычтын баштары эмнелерди билдирет?

5 Эйденде айтылган ошол алгачкы пайгамбарлыкта Шайтандын да «тукуму» болору айтылган. Анын тукуму аялдын тукумуна кас болмок, башкача айтканда, аны жек көрмөк. Жыландын тукумуна кимдер кирет? Ага окшоп, Кудайды жек көргөндөрдүн жана анын элине каршы болгондордун баары. Тарых бою Шайтан диний жана аскердик уюмдардан сырткары ар кандай падышалыктардан өзүнүн тукумун түзүп келген (Лк. 4:5, 6). Бирок салыштырмалуу аз эле падышалык Кудайдын элине: ысрайыл элине же Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышына катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул эмне үчүн көңүл бурарлык? Анткени мунун аркасында Даниел пайгамбар менен элчи Жакандын аяндарында эмне үчүн ал улуу державалардын сегизи эле көрсөтүлгөнүн түшүнө алабыз.

6 Тирилген Иса Машаяк б.з. 1-кылымынын аяк жагында элчи Жаканга жүрөк толкутарлык бир нече аян көрсөткөн (Аян 1:1). Алардын биринде Жакан чоң деңиздин жээгинде турган ажыдаарды көргөн. Ал Ибилисти билдирет. (Оку: Аян 13:1, 2.) Жакан бир коркунучтуу жырткычтын ошол деңизден чыгып келип, Ибилистен чоң бийлик алганын да көргөн. Кийинчерээк ал Аян 13:1де айтылган ошол жырткычтын сөлөкөтү болгон жети баштуу кыпкызыл жырткычты да көргөн. Периште ага кыпкызыл жырткычтын жети башы «жети падышаны» билдирерин айткан (Аян 13:14, 15; 17:3, 9, 10). Элчи Жакан Аян китебин жазып жаткан учурда ал падышалардын бешөө кулаган, бирөө бийлик кылып жаткан, «бирөө али келе элек» болчу. Ал жети падыша, тактап айтканда, жети дүйнөлүк держава кайсылар? Келгиле, Аян китебинде айтылган жырткычтын ар бир башы кайсы падышалыкты билдирерин талкуулайлы. Ошондой эле Даниел пайгамбардын ал падышалыктардын көбү жөнүндө, кээде алар пайда болгондон жүздөгөн жылдар мурун эле, майда-чүйдөсүнө чейин эмнелерди айтканын карап чыгалы.

МИСИР ЖАНА АШУР — БИРИНЧИ ЭКИ БАШ

7. Жырткычтын биринчи башы эмнени билдирет жана эмне үчүн?

7 Жырткычтын биринчи башы Мисирди билдирет. Эмне үчүн? Анткени Мисир Кудайдын элине кастык кылган эң алгачкы дүйнөлүк держава болгон. Аялдын убадаланган тукуму чыга турган Ыбрайым пайгамбардын урпактары Мисир жеринде көбөйгөндөн көбөйө берген. Ошондуктан Мисир бийлиги аларга кысым көрсөтө баштаган. Убадаланган тукум чыкпашы үчүн, Шайтан Кудайдын элин жок кылууга аракет кылган. Кантип? Ал фараонду ысрайылдыктардын жаңы төрөлгөн эркек балдарынын баарын өлтүрүүгө түрткөн. Бирок Жахаба анын оюн ойрон кылып, өзүнүн элин Мисир кулчулугунан бошоткон (Чыг. 1:15—20; 14:13). Кийинчерээк аларды Убадаланган жерге алып барган.

8. Жырткычтын экинчи башы эмнени билдирет жана ал эмне кылууну көздөгөн?

8 Жырткычтын экинчи башы Ашурду билдирет. Ал күчтүү падышалык да Кудайдын элин жер менен жексен кылууга далалат кылган. Ырас, Жахаба Ашурду колдонуп, он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын бурканга табынганы, тил албастыгы үчүн жазалаган болчу. Бирок Ашур андан кийин Иерусалимге каршы аттанган. Шайтан аны колдонуп, Иса Машаяк төрөлө турган падышалардын тукумун жок кылууну көздөсө керек. Бирок Жахаба Иерусалимдин талкаланышын ниет кылган эмес болчу, ошондуктан ашурлуктарды күм-жам кылып, өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын кереметтүү түрдө сактап калган (2 Пад. 19:32—35; Ыш. 10:5, 6, 12—15).

БАБЫЛ — ҮЧҮНЧҮ БАШ

9, 10. а) Жахаба бабылдыктарга эмне кылууга жол берген? б) Пайгамбарлык аткарылышы үчүн, эмне кылынышы керек эле?

9 Элчи Жакан көргөн жырткычтын үчүнчү башы борбор шаары Бабыл болгон падышалыкты билдирет. Жахаба бабылдыктарга Иерусалимди кыйратып, ысрайыл элин туткундап кетүүгө жол берген. Бирок буга жол берерден мурун ал козголоңчул ысрайылдыктарга аларды ошондой каргаша күтүп турарын эскерткен (2 Пад. 20:16—18). Андан сырткары, ошол убактан кийин Иерусалимде «Жахабанын тактысында» отура турган падышалардын болбой турганын айткан (1 Жылн. 29:23). Анткен менен Дөөтү падышанын тукумунан бийлик кылууга «укугу бар» бирөө чыгып, Анын тактысына отурарын да убада кылган (Жез. 21:25—27).

10 Дагы бир пайгамбарлыкта убадаланган Машаяк келген убакта жүйүттөрдүн Кудайга Иерусалимдеги ибадатканада сыйынып жатмактыгы жазылган (Дан. 9:24—27). Ал эми ысрайыл эли Бабылга туткундалып кетерден мурун жазылган башка пайгамбарлыкта Машаяктын Бетлехемде төрөлөрү айтылган (Мик. 5:2). Ал пайгамбарлыктар аткарылышы үчүн, жүйүттөр туткундан бошотулушу, мекенине кайтып барышы жана ибадаткананы калыбына келтириши керек эле. Бирок бабылдыктар адатта туткундарын бошотушчу эмес. Анда Кудайдын эли кантип мекенине кайтып бармак? Жахаба муну пайгамбарларына ачып берген (Амос 3:7).

11. Бабыл империясы дагы кандайча сүрөттөлгөн? (Шилтемени карагыла.)

11 Бабылга туткундалып кеткендердин арасында Даниел пайгамбар да бар болчу (Дан. 1:1—6). Жахаба ага ошол дүйнөлүк державадан кийин кайсы падышалыктар пайда болорун бир нече аян аркылуу ачып берген. Мисалы, ал Бабылдын падышасы Небухаданасарга ар кандай металлдардан жасалган чоң айкел жөнүндө түш көрсөткөн. (Оку: Даниел 2:1, 19, 31—38.) Анан Даниел пайгамбар аркылуу айкелдин алтын башы Бабыл империясын билдирерин айткан *. Ал эми Бабылдан кийинки дүйнөлүк держава айкелдин күмүш көкүрөгү менен колдору катары сүрөттөлгөн. Ал кайсы держава болмок жана Кудайдын элине кандай мамиле кылмак?

МАДАЙ-ПЕРСИЯ — ТӨРТҮНЧҮ БАШ

12, 13. а) Жахаба Бабылдын багындырылышы жөнүндө эмнени ачып берген? б) Мадай-Персиянын жырткычтын төртүнчү башына салыштырылганы эмне үчүн орундуу?

12 Даниел пайгамбардын күндөрүнөн жүз жылдан ашуун убакыт мурун Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу Бабылды жеңе турган дүйнөлүк держава жөнүндө майда-баратына чейин айтып берген. Ал Бабыл шаарынын кандайча багындырыларын эле эмес, аны басып ала турган кишинин ысмын да алдын ала айткан. Ал персиялык Кореш болгон (Ыш. 44:28—45:2). Даниел пайгамбар Мадай-Персия дүйнөлүк державасына байланыштуу дагы эки аян алган. Алардын биринде ал падышалык бир капталын көтөрүп турган аюу катары сүрөттөлгөн жана ага: «Көп эт же»,— деп айтылган (Дан. 7:5). Дагы башкасында ошол дүйнөлүк кош держава эки мүйүздүү кочкор катары сүрөттөлгөн (Дан. 8:3, 20).

13 Жахаба Мадай-Персия империясын колдонуп, Бабылдын кыйратылышына жана ысрайылдыктардын мекенине кайтып барышына байланыштуу пайгамбарлыкты аткарган (2 Жылн. 36:22, 23). Бирок ошол эле империя кийинчерээк Кудайдын элин аз жерден тукум курут кылып коё жаздаган. Ыйык Жазмадагы Эстер китебинде Персиянын Аман деген жогорку даражалуу төрөсүнүн кара өзгөйлүгү жөнүндө жазылат. Ал Персия империясынын чар тарабында жашаган жүйүттөрдүн баарын кырууну пландаштырып, атүгүл күнүн да белгилеп койгон. Бирок бул жолу да Жахаба кийлигишип, өзүнүн элин Шайтандын тукумунун азуусунан аман алып калган (Эст. 1:1—3; 3:8, 9; 8:3, 9—14). Ошол себептен Мадай-Персиянын Аян китебинде айтылган жырткычтын төртүнчү башына салыштырылганы орундуу.

ГРЕЦИЯ — БЕШИНЧИ БАШ

14, 15. Жахаба байыркы Греция империясы жөнүндө эмнелерди ачып берген?

14 Аян китебинде айтылган жырткычтын бешинчи башы Грецияны билдирет. Мурунураак Даниел пайгамбар Небухаданасар падышанын түшүн жоруп бергенде түшүндүргөндөй, ушул эле держава айкелдин жез ичи менен сандары катары сүрөттөлгөн. Даниел пайгамбар дагы эки аян алган. Алардан ал империя менен анын эң атактуу падышасы жөнүндө көп нерсе билүүгө болот.

15 Ал аяндардын биринде Даниел пайгамбар Грециянын төрт канаттуу кабылан катары сүрөттөлгөнүн көргөн. Бул анын көп жерди бат эле басып аларын билдирген (Дан. 7:6). Башка аянда Даниел пайгамбар чоң мүйүздүү текенин эки мүйүздүү кочкорду, Мадай-Персияны, бир заматта өлтүрүп салганын сүрөттөгөн. Жахаба ага текенин Грецияны, ал эми чоң мүйүзү анын падышаларынын бирин билдирерин ачып берген. Пайгамбар андан ары текенин чоң мүйүзүнүн сынып, анын ордуна кичирээк төрт мүйүз чыкканын айткан. Ал пайгамбарлык Греция дүйнөнү бийлегенге чейин 200 жылдай мурун эле жазылса да, ийне-жибине чейин так аткарылган. Байыркы Грециянын атагы таш жарган падышасы Искендер Зулкарнайн Мадай-Персияга каршы кол баштап барып, жеңишке жеткен. Бирок көп өтпөй эле ал чоң мүйүз сынып калган: улуу падыша доорон сүрүп турган кезинде, 32 эле жашында каза болуп калган. Андан кийин анын падышалыгын төрт аскер башчысы бөлүп алган. (Оку: Даниел 8:20—22.)

16. Антиох IV эмне кылган?

16 Персияны жеңгенден кийин Греция Кудайдын эли жашаган жерге да үстөмдүк кыла баштаган. Ал убакка чейин жүйүттөр Убадаланган жерге кайтып келип, Иерусалимдеги ибадаткананы калыбына келтиришкен эле. Алар дагы эле Кудайдын эли болушкан, ал эми калыбына келтирилген ибадаткана дагы эле чыныгы сыйынуунун борбору болгон. Бирок б.з.ч. 2-кылымда Греция, жырткычтын бешинчи башы, Кудайдын элине чабуул жасаган. Искендер Зулкарнайндын бөлүнгөн империясынын мурасчыларынын бири Антиох IV Иерусалимдеги ибадатканага бутпарастардын курмандык жайын орнотуп, жүйүттөрдүн динин тутууну өлүм жазасына тете кылмыш деп жарыялаган. Бул Шайтандын тукумуна кирген ошол падышалыктын Кудайдын элин канчалык жек көргөнүн көрсөтүп турган жокпу?! Бирок көп өтпөй Греция дүйнөлүк державасынын күнү бүтмөк. Ал эми жырткычтын алтынчы башы кайсы держава болмок?

РИМ — «КОРКУНУЧТУУ, ҮРӨЙДҮ УЧУРГАН» АЛТЫНЧЫ БАШ

17. Жырткычтын алтынчы башы Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктын аткарылышында чоң роль ойногон деп эмне үчүн айта алабыз?

17 Элчи Жакан жырткыч жөнүндө аян алганда, Рим дүйнөлүк держава болуп турган (Аян 17:10). Жырткычтын бул алтынчы башы Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктын аткарылышында чоң роль ойногон. Шайтан Римдин башкаруучуларын колдонуп, аялдын тукумунун «согончогун чагып», убактылуу жарадар кылган. Кандайча? Алар Иса Машаякка мамлекетке каршы козголоң чыгарып жатат деген жалаа жаап, өлүм жазасына тартышкан (Мт. 27:26). Бирок көп өтпөй анын жарааты айыккан, анткени Жахаба аны тирилткен.

18. а) Жахаба кайсы жаңы элди тандап алган жана эмне үчүн? б) Жыландын тукуму аялдын тукумуна кантип кастык кыла берген?

18 Ысрайылдын диний жетекчилери Римдин өкүлдөрүнө Иса Машаякты өлтүрүүгө жардам беришкен, ошондой эле ысрайыл элинин көбү анын Машаяк экенине ишенишкен эмес. Ошондуктан Жахаба ал элди четке каккан (Мт. 23:38; Элч. 2:22, 23). Анан алардын ордуна жаңы элди, «Кудайдын Ысрайылын», тандап алган (Гал. 3:26—29; 6:16). Ал жаңы эл жүйүттөрдөн жана башка улуттагылардан турган Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышы болгон (Эф. 2:11—18). Иса Машаяк өлүп, кайра тирилгенден кийин деле жыландын тукуму аялдын тукумуна кастык кыла берген. Мисалы, Рим өкмөтү анын жолдоочуларынын жыйналышын, аялдын экинчи даражадагы тукумун, жок кылууга бир нече жолу далалат кылган *.

19. а) Даниел пайгамбар алтынчы дүйнөлүк державаны кандай сүрөттөгөн? б) 14-беттеги макалада эмне талкууланат?

19 Небухаданасардын Даниел пайгамбар жоруп берген түшүндө Рим империясы айкелдин темир буттары катары сүрөттөлгөн (Дан. 2:33). Андан сырткары, Даниел пайгамбар Рим империясы эле эмес, андан чыга турган кийинки дүйнөлүк держава да сүрөттөлгөн аян көргөн. (Оку: Даниел 7:7, 8.) Кылымдар бою Рим душмандарына «коркунучтуу, үрөйдү учурган, абдан күчтүү» жырткычтай болуп көрүнгөн. Бирок пайгамбарлыкта ошол империядан «он мүйүз» өсүп чыгары жана алардын арасынан анча чоң эмес дагы бир мүйүз өсүп чыгып, атак-даңкка жетери алдын ала айтылган болчу. Ошол он мүйүз менен анча чоң эмес мүйүз эмнени билдирет? Анча чоң эмес мүйүз Небухаданасардын түшүндөгү чоң айкелдин кайсы бөлүгү катары сүрөттөлгөн? Бул суроолорго 14-беттеги макаладан жооп алабыз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Аял Жахабанын асмандагы рухий жаратуулардан турган жана аялга салыштырылган уюмун билдирет (Ыш. 54:1; Гал. 4:26; Аян 12:1, 2).

^ 11-абз. Бабыл Даниел китебинде айкелдин башы катары, ал эми Аян китебинде жырткычтын үчүнчү башы катары сүрөттөлгөн. 12, 13-беттердеги таблицаны карагыла.

^ 18-абз. Б.з. 70-жылы Рим Иерусалимди талкаласа да, бул Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктын аткарылышына кирген эмес. Анткени ага чейин эле ысрайылдыктар Жахабанын эли болбой калган.

[Изилдөө суроолору]