Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен»

«Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен»

«Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен»

«Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес, аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан» (2 ПЕТ. 1:21).

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН

Кудай өзүнүн кабарын Ыйык Китепти жазгандарга ыйык руху аркылуу кантип жеткирген?

Ыйык Китептин Кудайдан экенине кандай далилдер бар?

Кудай Сөзүнө болгон ыраазычылыгыңды арттыра берүү үчүн күнүгө эмне кылсаң болот?

1. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүнө муктажбыз?

БИЗ кайдан келгенбиз? Эмне үчүн бул жердебиз? Кайда баратабыз? Эмнеге дүйнөдөгү абал ушундай? Өлгөндө эмне болобуз? Мындай суроолор дүйнө жүзү боюнча көптөрдү түйшөлтүп келет. Эгер Кудайдын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзү жок болсо, ушу сыяктуу маанилүү суроолорго жооп ала алат белек? Ыйык Жазма болбосо, көп нерсеге өзүбүздүн тажрыйбабыздан үйрөнүүгө туура келмек. Анда кантип забурчунун «Жахабанын мыйзамына» карата айткан сөздөрүнө кошула алат элек? (Оку: Забур 19:7.)

2. Кудайдын баа жеткис белеги болгон Ыйык Китепти дайыма баалоого эмне жардам берет?

2 Тилекке каршы, Жахабанын айрым кызматчыларынын Ыйык Китептеги чындыкка болгон алгачкы сүйүүсү убакыттын өтүшү менен муздап калган. (Салыштыр: Аян 2:4.) Алар Жахабага жаккандай жашабай калышкан (Ыш. 30:21). Биз эч качан андайга жол бербейли. Бул Ыйык Китепти жана андагы окууларды мындан ары да баалаш үчүн күч-аракет жумшоону талап кылат. Ыйык Китеп — мээримдүү Жаратканыбыздын баа жеткис белеги (Жкп. 1:17). Анда «Кудайдын сөзүнө» болгон ыраазычылыгыбызды арттырууга эмне жардам берет? Мунун негизги жолу — Ыйык Китепти жазууга катышкан адамдардын аны кантип жазышканы жөнүндө ой жүгүртүү. Ан үчүн аны Кудай жаздырганын ырастаган айрым далилдерди карап чыгышыбыз керек. Бул бизге Кудайдын Сөзүн күнүгө окууга жана андагы кеңештерди колдонууга түрткү берет (Евр. 4:12).

КАНДАЙЧА «КУДАЙДЫН ЫЙЫК РУХУНА ЖЕТЕКТЕЛИШКЕН»?

3. Ыйык Китепти жазгандар жана пайгамбарлар кандайча «Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен»?

3 Ыйык Китепти 40ка жакын киши б.з.ч. 1513-жылдан б.з. 98-жылына чейин 1610 жылдын ичинде жазган. Алардын айрымдары «Кудайдын ыйык рухуна жетектелген» пайгамбарлар болушкан (Оку: 2 Петир 1:20, 21.) Бул аятта «жетектелүү» деп берилген грек сөзү «бир жерден экинчи жерге жылуу» деген маанини туюнтат. Аны «жылдырылуу, айдалуу» деп да которсо болот *. Элчилер 27:15те ал сөз катуу шамалга айдалган кемени сүрөттөөдө колдонулган. Ыйык Китепти жазгандар менен пайгамбарлар «Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен», башкача айтканда, Кудай иш-аракет кылуучу күчү аркылуу аларды жетектеген, алар менен сүйлөшкөн, иш-аракет кылууга түрткү берген. Ошондуктан алар өздөрүнүн эмес, Кудайдын ойлорун жазышкан. Ал кишилер кээде атүгүл өздөрү жазган же айткан пайгамбарлыктардын маанисин түшүнүшкөн эмес (Дан. 12:8, 9). Ооба, «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган». Анда адамдын ою жазылган эмес (2 Тим. 3:16).

4—6. Кудай өзүнүн кабарын Ыйык Китепти жазгандарга кандай жолдор менен жеткирген? Мисал менен түшүндүр.

4 Кудай өзүнүн кабарын Ыйык Китепти жазгандарга ыйык руху аркылуу кантип жеткирген? Аларга сөзмө-сөз айтып жаздырганбы же өздөрүнүн сөзү менен жазышы үчүн, ойлорду гана бергенби? Мисалы, жетекчинин кантип кат жазарын карап көрөлү. Кайсы сөздөрдүн колдонулары маанилүү болгондо, ал катты өзү жазат же катчысына сөзмө-сөз айтып жаздырат. Анан каттын аягына кол коёт. Ал эми башка учурларда ал катчысына негизги ойлорду эле айтат. Катчы катты өзүнүн сөзү менен, өзүнө мүнөздүү стилде жазат. Андан соң жетекчи аны бир сыйра текшерип, кайсы бир жерин өзгөртүш керек болсо, катчысына айтат. Кат даяр болгондо, ага кол коёт. Ошондуктан ал жетекчинин каты катары кабыл алынат.

5 Анын сыңарындай, Ыйык Китептин айрым бөлүктөрүн «Кудай өз колу» менен жазган (Чыг. 31:18). Кайсы сөздөрдүн колдонулары абдан маанилүү болгондо, сөзмө-сөз айтып жаздырган. Алсак, Чыгуу 34:27ден мындай дегенди окуйбуз: «Жахаба Мусага: „Бул сөздөрдү жазып ал, анткени сени менен жана Ысрайыл менен ушул сөздөрдүн негизинде келишим түзөм“,— деди». Ошондой эле ал Жеремия пайгамбарга: «Сага айткан сөздөрүмдүн баарын китепке жазып ал»,— деген (Жер. 30:2).

6 Бирок көп учурда Кудай Ыйык Китепти жазгандардын жүрөгү менен акылына керемет жолу менен белгилүү бир сөздөрдү эмес, жалпы ойду салган жана аларга аны өз сөзү менен жазууга мүмкүнчүлүк берген. Алсак, Насаатчы 12:10до: «Насаатчы көркөм сөздөрдү табууга, чындык сөздөрүн так жазууга аракет кылды»,— делет. Инжилди жазгандардын бири Лука «бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыккандан кийин» аларды «ирети менен жазган» (Лк. 1:3). Анткен менен Кудай, өзүнүн сөзү адамдардын жеткилеңсиздигинен улам өзгөрүп кетпеши үчүн, ыйык руху аркылуу көзөмөлдөп турган.

7. Жахабанын Ыйык Китепти жаздырууга адамдарды колдонгону кандайча анын акылмандыгын айгинелеп турат?

7 Жахабанын Ыйык Китепти жаздырууга адамдарды колдонгону анын абдан акылман Кудай экенин айгинелеп турат. Андагы сөздөр аркылуу маалымат эле берилбестен, эмоциялар, сезимдер да чагылдырылган. Эгер Жахаба Ыйык Китепти жаздырууга периштелерди тандаса, эмне болот эле? Алар адамдарга көнүмүш болгон коркуу, кайгыруу, көңүл кайттык сыяктуу сезимдерди жүрөгүбүзгө жеткидей кылып бере алышат беле? Кудай өзүнүн кабарын жеткилеңсиз адамдарга өз сөзү менен жазууга жол бергендиктен, ал ар түрдүү, жандуу жана жүрөгүбүздү козгогудай жазылган.

ЫЙЫК КИТЕПКЕ ИШЕНҮҮГӨ КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР БАР?

8. Эмне үчүн Ыйык Китеп башка бир да диний китепке окшош эмес?

8 Ыйык Китепти Кудай жаздырганын тастыктаган далилдер арбын. Анда Кудай жөнүндө чындык камтылган. Ал чындык башка бир да диний китепте жок. Маселен, индуизм жазмаларына Веда гимндери жана ал гимндерге байланышкан ырым-жырымдардын түшүндүрмөлөрүнүн жыйнагы, Упанишаддар деп аталган философиялык түшүндүрмөлөр, ошондой эле «Рамаяна», «Махабхарата» деп белгилүү болгон эпостор кирет. «Махабхаратанын» бир бөлүгү болгон «Бхагавадгита» деген китепте адеп-ахлактыкка байланышкан жол-жоболор камтылган. Ал эми буддизмдеги «Трипитака» («Үч себет») жыйнагынын бир томунда, негизинен, кечилдердин жашоосуна тиешелүү эреже-көрсөтмөлөр берилген. Дагы бир томунда көбүнчө буддизм дининин окуулары талкууланса, үчүнчү томунда Будданын окуулары тууралуу жазылган. Будда өзүн кудай деп эсептеген да эмес, Кудай жөнүндө дээрлик эч нерсе айткан да эмес. Конфуцийчиликтин жазмаларында мурда болуп өткөн окуялар, адеп-ахлак жол-жоболору, сыйкырчылык жөнүндөгү билдирүүлөр, ырлар жазылган. Ислам дининин ыйык китебинде болсо бир эле Кудай бар экени, анын баарын көрүп-билип турары жана келечекти көрө билери айтылат. Анткен менен Кудайдын ысмы — Ыйык Китепте миңдеген жолу кездешкен «Жахаба» деген ысым — анын бир да жеринде жок.

9, 10. Ыйык Китептен Кудай жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

9 Ооба, жогоруда сөз кылынгандай, диний китептердин басымдуу бөлүгүндө Кудай жөнүндө кичине эле айтылат же эчтеке айтылбайт. Ал эми Ыйык Китептен Жахаба Кудай, анын иштери жана сапаттары жөнүндө көп нерсе биле алабыз. Анда Кудайдын кудурети күчтүү, акылман, адилеттүү экени эле эмес, бизди сүйөрү да айтылат. (Оку: Жакан 3:16; 1 Жакан 4:19.) Андан сырткары, «Кудайдын бет карама эмес экени» жана «Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагары» жазылат (Элч. 10:34, 35). Муну Ыйык Китептин көптөгөн тилдерге которулганы тастыктап турат. Тилчилер дүйнө жүзү боюнча 6700дөй тил бар экенин жана алардын 100гө жакынында дүйнөдөгү калктын 90 пайызы сүйлөөрүн айтышат. Ал эми Ыйык Китеп толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 2400дөн ашуун тилге которулган. Демек, дээрлик ар бир киши Ыйык Китепти же анын айрым бөлүктөрүн өзүнүн тилинде окуй алат.

10 Иса Машаяк: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деген (Жкн. 5:17). Жахаба «түбөлүктөн түбөлүккө Кудай» болгондуктан, анын буга чейин канча деген иштерди кылганы жөнүндө ойлонуп көрсөң! (Заб. 90:2). Ыйык Китепте гана Жахабанын мурунку жана азыркы иштери, ошондой эле келечекте эмнелерди кылары, ага эмне жагары, эмне жакпай турганы баяндалат. Андан сырткары, ага кантип жакындай аларыбыз түшүндүрүлөт (Жкп. 4:8). Андыктан жеке мүдөө-максаттарыбыздын же түйшүктөрүбүздүн айынан андан алыстап кетпөөгө чечкиндүү бололу.

11. Ыйык Китептин барактарында кандай эбегейсиз зор акылмандык камтылган?

11 Ыйык Китепте эбегейсиз зор акылмандык камтылганы да анын автору адам баласынан алда канча жогору турган бирөө экенин көрсөтүп турат. Ышая пайгамбар замандаштарынан: «Жахабанын рухун ким өлчөгөн? Ага кеңеш берип, аны үйрөтө ала турган ким бар?» — деп сураган (Ыш. 40:13). Кийинчерээк элчи Пабыл да ишенимдештеринен: «Жахабаны үйрөткүдөй, анын акылын ким таанып-билген?» — деп сураган (1 Кор. 2:16). Албетте, бул суроолорго «эч ким» деген жооп берилет. Ошондуктан Ыйык Китептеги никеге, балдарга, көңүл ачууга, чөйрөгө, эмгекчил болууга, чынчылдыкка жана адеп-ахлактыкка байланышкан кеңештерди колдонуу эң сонун натыйжа берери таң калыштуу эмес. Анда бир да жаман кеңеш берилбейт. Ал эми адамдар, акылы чектелүү болгондуктан, ар дайым пайда алып келе турган кеңеш бере алышпайт (Жер. 10:23). Ошол себептен алардын кеңештери көп учурда туура эмес болуп чыгат да, аларды кайра карап чыгып, өзгөртүүгө туура келет. Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, «адамдардын ойлору» «дем сыяктуу» (Заб. 94:11).

12. Ыйык Китепти жок кылууга кылымдар бою кандай аракеттер жасалып келген?

12 Ыйык Китептин автору чыныгы Кудай экенин аны жок кылуу үчүн кандай аракеттер жасалганы жөнүндөгү тарыхый билдирүүлөр да тастыктап турат. Б.з.ч. 168-жылы Сирия падышасы Антиох IV Мыйзам китептеринин баарын издеп таап, өрттөөгө буйрук берген. Ал эми б.з. 303-жылы Рим императору Диоклетиан Машаяктын жолдоочулары чогулган жайларды талкалап, Ыйык Жазмаларын өрттөөнү буйрук кылган. Андай куугунтук он жылдай убакытка созулган. 11-кылымдан кийин христиан дүйнөсүнүн жетекчилери Ыйык Жазманын карапайым эл сүйлөгөн тилдерге которулушуна тоскоолдук кылуу менен андагы кабардын таратылышына бут тосушкан. Бирок Шайтан менен анын таламдаштарынын ушундай каршылыктарына карабай, Ыйык Китеп азыркыга чейин сакталып келатат. Ырас, Жахаба өзүнүн адамзатка берген белегин жок кылууга эч кимге жол берген эмес.

КӨПТӨРДҮ ЫНАНДЫРГАН БАШКА ДАЛИЛДЕР

13. Ыйык Китептин Кудайдан экенин тастыктаган кандай далилдер бар?

13 Ыйык Китептин Кудайдан экенин тастыктаган дагы башка далилдер бар. Аларга анда камтылган маалыматтардын шайкештиги, илимий жана тарыхый жактан тактыгы, аткарылган пайгамбарлыктар, аны жазгандардын чынчылдыгы, 1-абзацта кеп кылынган суроолорго канааттандырарлык жооп бергендиги жана адамдардын жашоосун өзгөртө турган күчкө ээ экендиги кирет. Анда эмесе, айрымдарга Ыйык Китепти Кудай жаздырганына ишенүүгө эмне жардам бергенин карап көрөлү.

14—16. а) Мусулманды, индуистти, Кудайдын бар экенине шектенген адамды Ыйык Китептин Кудайдан экенине эмне ынандырган? б) Сага кызматта Ыйык Китептин Кудайдын жетеги менен жазылганын тастыктаган кайсы далилдерди колдонгон жагат?

14 Ортоңку Чыгыш өлкөсүндө чоңоюп-өскөн Анвар * бала кезинен эле ислам динин тутчу. Ал Түндүк Америкада убактылуу жашап турганда, бир күнү үйүнө Жахабанын Күбөлөрү келген. «Мен крест жортуулдарынан, инквизициядан улам христиан диндерин жаман көрчүмүн. Ошентсе да табиятыман көп нерсени билүүгө кызыккан адам болгондуктан Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум»,— дейт Анвар. Ошондон көп өтпөй ал мекенине кайтып барып, Жахабанын Күбөлөрү менен болгон байланышы үзүлүп калган. Бирок бир нече жылдан кийин Европага көчүп барып, кайрадан Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал: «Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылганы, анда жазылгандардын шайкештиги, бири-бирине карама-каршы келген маалыматтардын жоктугу жана Жахабага сыйынгандардын ортосундагы сүйүү мени Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине ынандырды»,— деп бөлүшөт. Анвар 1998-жылы чөмүлтүлгөн.

15 16 жаштагы Аиша индуизм динине катуу кармаган үй-бүлөдө чоңойгон. «Кудайга ибадатканага барганда же башыма кыйынчылык түшкөндө гана тиленчүмүн. Баары жакшы болуп турганда, аны ойлоп да койчу эмесмин,— дейт ал.— Бирок Жахабанын Күбөлөрү эшигимди тыкылдаткандан тартып, жашоом 180 градуска бурулду». Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Аиша Кудайды досу катары көрүп калган. Аны Ыйык Китептин Кудай экенине эмне ынандырган? Ал: «Ыйык Китептен бүт суроолорума жооп алдым. Ал мага Кудайды көрбөй туруп эле ишенүүгө, башкача айтканда, ага ибадатканага барып, бурканга таазим кылбай туруп эле ишенүүгө жардам берди»,— дейт.

16 Паула католик динин туткан үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Бирок чоңойгондо Кудайдын бар экенине шектене баштаган. Күндөрдүн биринде анын жашоосунда бир окуя болот. Ал мындай дейт: «Мен бир нече айдан бери көрө элек бир досума жолугуп калдым. Ошол учурда „хиппи“ кыймылы күч алып, көптөр чачын узун кылып өстүрүп, баңгизат колдонушчу. Досумдун канчалык өзгөргөнүн: сакал-мурутун алып, чачын тегиздетип, жүзүнөн нур жанып турганын көрүп: „Сага эмне болгон? Каякта жүрдүң?“ — деп сурадым. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатканын айтып, мага кабар айта баштады». Ыйык Китептеги чындыктын ушундай зор күчкө ээ экенин көрүп, мурда Кудайдын бар экенине шектенип жүргөн Паула Ыйык Китепке кызыга баштаган жана бара-бара анын Кудайдан экенине ынанган.

«СЕНИН СӨЗҮҢ — БУТУМА ЧЫРАК»

17. Кудайдын Сөзүн күнүгө окуп, окугандарың тууралуу ой жүгүртүүдөн кандай пайда аласың?

17 Ыйык Китеп — Жахабанын бизге ыйык руху аркылуу берген кереметтүү белеги. Аны күнүгө окуудан кубаныч ал, ошондо ага жана анын Авторуна болгон сүйүүң артат (Заб. 1:1, 2). Аны окуур алдында дайыма тиленип, Кудайдан ыйык руху аркылуу ойлоруңду туура нукка салышын сура (Лк. 11:13). Ыйык Китепте Кудайдын ойлору жазылгандыктан, анда айтылгандар тууралуу ой жүгүртсөң, Кудай ой жүгүрткөндөй ой жүгүртүүгө үйрөнө аласың.

18. Эмне үчүн мындан ары да Ыйык Китепти окуп-изилдей бергиң келет?

18 Ыйык Китептеги чындыкты тереңирээк окуп-изилдөө менен бирге билгендериңди иш жүзүндө колдон. (Оку: Забур 119:105.) Ыйык Жазмага күзгүгө карангандай «каран». Эгер кайсы бир жагынан өзгөрүшүң керектигин байкасаң, иш-аракет кыл (Жкп. 1:23—25). Ошондой эле аны өзүң ишенген окууларды коргош үчүн жана момун кишилердин жүрөгүндөгү жалган окуулардын тамырын кыя чабыш үчүн кылыч катары колдон (Эф. 6:17). Ыйык Китепти колдонгон сайын аны жазгандардын жана пайгамбарлардын «Кудайдын ыйык рухуна жетектелгени» үчүн ыраазычылыгыңды арттыра бер.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Жаңы Келишимдин жана Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын башка адабияттарынын грекче-англисче сөздүгү».

^ 14-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти күнүгө оку, ошондо анын Авторуна болгон сүйүүң өсөт

[26-беттеги сүрөт]

Кат ага кол койгон кишинин каты катары кабыл алынат