Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай күнөөбүздү биротоло унутабы?

Кудай күнөөбүздү биротоло унутабы?

Кудайга жакындагыла

Кудай күнөөбүздү биротоло унутабы?

ООБА, биротоло унутат. Жахаба Кудай өзү ырайым кыла турган адамдарга: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деген убада берген (Жеремия 31:34). Жахаба Кудай өкүнгөн күнөөкөрдү кечиргенде экинчи анын күнөөсүн эскербей тургандыгына ынандырат. Бирок бул ааламды жараткан Кудай күнөөкөрдүн кылган күнөөсүн эстей албай калат дегенди билдиреби? Келгиле, Кудай адамдын күнөөсүн кантип кечирерин жана унутарын жакшы түшүнүш үчүн Жезекиел пайгамбардын сөздөрүн талдап чыгалы. (Окугула: Жезекиел 18:19—22.)

Жахаба Жезекиел пайгамбар аркылуу Жүйүт жериндеги жана Иерусалимдеги ишенимсиз элге сот өкүмүн жарыялаган. Алар Жахабага сыйынбай калышкан жана Жүйүт жеринде, Иерусалимде зордук-зомбулук кеңири жайылып кеткен. Ошондуктан Кудай Иерусалимди бабылдыктардын талкалап, жок кыларын алдын ала айткан. Бирок Кудай сот өкүмүн жарыяласа да, адамдарга үмүт байлаткан сөздөрдү айткан. Ар бир киши өзү чечим чыгармак жана кылган ишине жараша жооп бермек (19, 20-аяттар).

Эгер адам жаман иштерин таштап, өзгөрсөчү? Жахаба мындай дейт: «Эгер ыймансыз адам кылып жүргөн бардык күнөөлөрүн таштап, бүт көрсөтмөлөрүмө карманса, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса, ал сөзсүз тирүү болот, өлбөйт» (21-аят). Ооба, жаман ишин таштап, чын жүрөктөн өкүнгөн кишини Жахаба Кудай «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5).

Ал эми ал адамдын күнөөлөрү жөнүндө эмне дешке болот? Анын күнөөлөрү жөнүндө Жахаба: «Кылган кылмыштарынын бири да эскерилбейт. Ал адил иштерди кылгандыгы үчүн тирүү болот»,— дейт (22-аят). Бул аятта чындап өкүнгөн кишинин күнөөлөрү «эскерилбей» турганы айтылып жатат. Бул кандай мааниге ээ?

Ыйык Китепте «эскерүү» деп которулган еврей сөзү өткөндү эстеп коюудан да көптү билдирет. Бир эмгекте бул сөздүн иш-аракетти билдирери айтылат. Ошондуктан «эскерүү» деген сөз «иш-аракет кылуу» дегенди да билдириши мүмкүн. Жахаба Кудайдын өкүнгөн күнөөкөрдүн «кылмыштарынын бири да эскерилбейт» дегени Анын күнөөкөрдү мурунку күнөөлөрү үчүн айыптабай, жазалабай тургандыгын билдирет *.

Жезекиел китебинин 18-бөлүмүнүн 21, 22-аяттарынан Жахаба Кудайдын канчалык кечиримдүү экендиги айкын көрүнүп турат. Жахаба кечиргенден кийин бизди мурунку күнөөлөрүбүз үчүн кайра эч качан жазалабайт. Тескерисинче, ал биздин күнөөлөрүбүздү артына ыргытып таштайт (Ышая 38:17). Жахаба Кудай, мындайча айтканда, биздин күнөөлөрүбүздү эсинен чыгарып салат (Элчилер 3:19).

Биз жеткилеңсиз болгондуктан Кудайдын ырайымына муктажбыз. Баарыбыз күнөө кетиребиз (Римдиктер 3:23). Бирок Жахаба чын жүрөктөн өкүнсөк, кечирүүгө даяр экендигин билишибизди каалайт. Ал күнөөлөрдү кечиргенде аларды унутуп коёт, башкача айтканда, бизди жазалаш үчүн аларды кайрадан эстебейт. Бул бизди кандай гана жубатат! Ушундай ырайымдуу Кудайга жакындагыңар келбейби?

ИЮЛДА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Жезекиел 6—20

[Шилтеме]

^ 7-абз. Ошондой эле «кылмыштарды эстөө» деген сөз «күнөөкөрдү жазалоо» дегенди билдириши мүмкүн (Жеремия 14:10).