Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай кызматчыларына ишенимдеши болбогон адам менен баш кошууга эмне үчүн тыюу салган?

Кудай кызматчыларына ишенимдеши болбогон адам менен баш кошууга эмне үчүн тыюу салган?

Окурмандардын суроолору

Кудай кызматчыларына ишенимдеши болбогон адам менен баш кошууга эмне үчүн тыюу салган?

▪ Кудай ысрайыл элине башка элдер менен кандай мамиледе болушу керектигине байланыштуу мындай мыйзам берген: «Алар менен куда-сөөк болбо: кыз алышып, кыз беришпе» (Мыйзам 7:3, 4). Ал эмне үчүн мындай мыйзам берген?

Биринчиден, Жахаба Кудай Шайтандын анын элин жалган кудайларга сыйынууга азгырып, аларды бузарын билген. Ошондуктан аларга: «[Жалган кудайларга сыйынгандар] уулдарыңды Кудайдын жолунан буруп кетишет, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калат»,— деп эскерткен. Алардын башка элдер менен куда-сөөк болгону аябай эле кооптуу болгон. Алар башка кудайларга сыйынып кетишсе, Кудайдын ырайымынан айрылып калышмак жана аларды Кудай коргобогондуктан, душмандарына жем болушмак. Ал элден алдын ала айтылган Машаяк да чыкпай калмак. Мына ошондуктан Шайтан ысрайыл элин жалган кудайларга сыйынган адамдар менен куда-сөөк болгонго азгырган.

Экинчиден, Жахаба Кудай ар бир адамга кам көрөт. Ал адам баласынын аны менен жакшы мамиледе болгондо гана бактылуу болорун билет. Жахаба өзүнүн кызматчыларынын ишенимдеши болбогон адам менен баш кошушуна эмне үчүн тынчсызданган? Келгиле, Сулайман падышанын мисалын карап көрөлү. Ал Жахаба Кудайдын ага сыйынбаган аялдар жөнүндө: «Алар жүрөгүңөрдү өздөрүнүн кудайларына буруп кетет»,— деген эскертүүсүн билген. Ал өзүнүн акылына таянып: «Кудайдын ал эскертүүсүнүн мага тиешеси жок»,— деп ойлогон чыгар. Ошондуктан Кудайдын эскертүүсүнө кулак каккан эмес. Натыйжада «аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишкен». Бул кандай гана өкүнүчтүү болгон! Сулайман падыша Кудайдын ырайымынан айрылып калган. Ошондой эле анын ишенимсиздигинин айынан ысрайыл эли эки падышалыкка бөлүнүп кеткен (1 Падышалар 11:2—4, 9—13).

Айрымдар: «Сулайман падышадан башка кишилер деле Жахаба Кудайга сыйынбаган адамдарга үйлөнбөдү беле»,— деши мүмкүн. Алсак, ысрайыл элинен болгон Махлон мааптык Рутка үйлөнгөн. Рут кийин Жахаба Кудайга бекем ишенген адам болгон. Бирок Махлондун мааптык кызга үйлөнгөнү кооптуу болгон. Махлон мааптык аялга үйлөнүп туура кылган деп айтууга болбойт. Анткени Махлондун көзү тирүүсүндө Рут Жахаба Кудайга сыйына элек болчу. Махлондун бир тууганы Килион да мааптык Орпа деген кызга үйлөнгөн. Ал Руттан айырмаланып, «өз кудайларына» сыйына берген. Ал эми Бууз Рутту алганда, Рут Жахабага көп жылдан бери ишенген адам болгон. Кийинчерээк ал жүйүттөр арасында Жахабага сыйынган мыкты келин катары белгилүү болгон. Рут менен Бууздун баш кошушу экөөнө тең бата алып келген (Рут 1:4, 5, 15—17; 4:13—17).

Анда Махлон менен Руттун баш кошкону Жахаба Кудайдын өзүнүн кызматчыларына ишенимдеши болбогон киши менен баш кошууга тыюу салган мыйзамын бузса болот дегенди билдиреби? Бир мисалга токтололу. Кимдир бирөө лотерея ойнотуп, чоң утушка ээ болду дейли. Ал бир жолу утуп алганы үчүн эле андан ары да лотерея ойнотуп, акча таба берсе болот деп айтууга болобу?

Ыйык Китепте Иса пайгамбардын жолдоочулары Жахаба Кудайга ишенген адам менен гана турмуш курууга чакырылат. Кудай: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле»,— деп эскертет. Бул кеңештин учурда жар издеп жүргөн Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочуларына түздөн-түз тиешеси бар. Ал эми күйөөсү же аялы Жахабага кызмат кылбаган жубайлар үчүн Ыйык Китепте үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды чечкенге жардам берген кеңештер бар (1 Корунттуктар 7:12—16, 39; 2 Корунттуктар 6:14). Андай кеңештер никени негиздеген Жахаба Кудай өзүнүн кызматчыларынын, бойдок болобу, үй-бүлөлүү болобу, баарынын бактылуу болушун каалаарын көрсөтүп турат.