Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяк качан Падыша болгон?

Иса Машаяк качан Падыша болгон?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Иса Машаяк качан Падыша болгон?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Кудай Иса Машаякка кандай Падышалыкты убада кылган?

Кудай Дөөтү падышага анын урпактарынан түбөлүккө падышалык кыла турган бирөө чыгарын убада кылган. Ал Иса Машаяк болгон. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк азыр асмандан башкарып жатат. (Окугула: Забур 89:4; Лука 1:32, 33.)

Жахаба Кудай Дөөтүнү бала кезинде эле өзүнүн ысрайыл элине падыша кылып тандаган. Дөөтү падышадан кийин Жахаба Кудай өзүнүн «тактысына» анын уулу Сулайманды отургузган (1 Жылнаама 28:4, 5; 29:23). Сулаймандын көзү өткөндөн кийин, Иерусалимде көп падышалар бийлик кылган, бирок алардын көбү Кудайдын алдында ишенимдүү болушкан эмес. Кийин Жахаба Кудай бабылдыктардын аскеринин Иерусалимди талкалап, ошол учурдагы падышаны тактыдан кулатышына жол берген. Бул б.з.ч. 607-жылы болгон. Ошондон тартып Дөөтүнүн тукумунан чыккан бир да падыша Иерусалимде башкарбай калган. (Окугула: Жезекиел 21:27.)

2. Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалардын бийлиги канча убакытка чейин токтогон?

Иерусалим талкалангандан көп өтпөй Жахаба Кудай Даниел пайгамбарга асмандан башкара турган падышаны тандай турганын айткан. Ал падыша качан башкара баштамак? (Окугула: Даниел 7:13, 14.)

Даниел пайгамбар Кудайдын буйругу менен кыйылган чоң дарак жөнүндө аян көргөн. Ал пайгамбар аяндагы чоң дарактын кыйылганы Иерусалимдеги падышалыктын кулаарын жана жок кылынарын билдирерин айткан. Бирок дарак «жети мезгил өткөндөн» кийин өсүп чыгышы үчүн, дүмүрү жерде калтырылышы керек болчу. Ыйык Китепке ылайык, үч жарым «мезгил» 1260 күнгө барабар. Демек, «жети мезгил» 2520 күнгө барабар болот (Аян 12:6, 14). Ыйык Китепте көп учурда күн жылды билдирет (Сандар 14:34). Мындан Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар 2520 жыл башкарбай калган деп жыйынтык чыгарууга болот. (Окугула: Даниел 4:10—17.)

3. Иса Машаяк качан Падыша болгон?

Кудай Иса Машаякты 1914-жылы — Иерусалимдин талкаланышынан туура 2520 жыл өткөндөн кийин — тактыга отургузган. Падыша болор замат Иса Машаяк Шайтанды жин-перилери менен кошо асмандан жерге кулаткан (Аян 12:7—10). Аны адамдар көргөн эмес. Бирок Шайтан менен жин-перилер жерге куулуп түшкөндөн кийин, жерде азап-кайгы көбөйгөн (Аян 12:12). 1914-жылдан бери болуп жаткан окуялар Иса Машаяктын ошол жылы падыша болгондугун далилдеп турат. (Окугула: Матай 24:14; Лука 21:10, 11, 31.)

4. Иса Машаяктын Падышалыгы силер үчүн эмнелерди кылып берет?

Иса Машаяктын качан падыша болоруна байланыштуу айтылган пайгамбарлыктардын аткарылганы Кудайдын Сөзүнө толук ишенсек болорун көрсөтүп турат. Жакында Иса Машаяк жер үстүнөн башкарып, адамзатты азап-кайгыдан арылтат. (Окугула: Забур 72:8, 12, 13; Даниел 2:44.)

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 215—218-беттерин карагыла.

[17-беттеги таблица]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Октябрь

Б.з.ч. 607-жыл Б.з. 1914-жылы

← 2 520 жыл →

Б.з.ч. 1000-ж Б.з.ч. 1-ж Б.з. 1000-ж Б.з. 2000-ж

← 606 жыл 3 ай →← 1913 жыл 9 ай →

Иерусалимдеги Эсептеп көргүлө: Кудай Иса Машаякты

падышалык 606 жыл 3 ай Падыша кылып

кулаган +1913 жыл 9 ай дайындаган

= 2520 жыл