Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышалыктын жараны катары жаша

Падышалыктын жараны катары жаша

Падышалыктын жараны катары жаша

«Жакшы кабарга татыктуу жашагыла» (ФЛП. 1:27).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Кимдер Падышалыктын жараны боло алат?

Падышалыктын тили, тарыхы жана мыйзамдарына байланыштуу биз эмне кылышыбыз керек?

Падышалыктын жарандары Кудайдын талаптарын жакшы көрөрүн кантип көрсөтүшөт?

1, 2. Эмне үчүн элчи Пабылдын кеңеши Филипидеги жыйналыш үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон?

ЭЛЧИ Пабыл Филипидеги жыйналыштагыларды «жакшы кабарга татыктуу жашоого» үндөгөн. (Оку: Филипиликтер 1:27.) Бул жердеги «жашагыла» деп берилген грек тилиндеги сөздү «жарандардай жашагыла» деп да которууга болот. Ал сөз айкашы Филипидеги жыйналыш үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон. Эмне үчүн? Сыягы, Филипи шаары тургундарына Римдин жарандыгы берилген шаарлардын бири болгон. Филипиде жана Рим империясынын башка аймактарында жашагандар Римдин жараны экенине жана анын мыйзамы алардын укугун коргогонуна сыймыктанышкан.

2 Филипидеги жыйналыштын мүчөлөрүндө сыймыктанууга андан да орчундуу себеп болгон. Элчи Пабыл Машаяктын ал майланган жолдоочуларына алардын «асман жарандары» экенин эскерткен (Флп. 3:20). Ооба, алар жөн эле бир империянын эмес, Кудайдын Падышалыгынын жарандары болушкан. Ал Падышалык аларды эң мыкты жол менен коргоп, эң чоң артыкчылыктарга ээ кылган (Эф. 2:19—22).

3. а) Кимдер Падышалыктын жараны болуу сыймыгына ээ? б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?

3 Элчи Пабылдын «жарандардай жашагыла» деген кеңеши негизинен асманда Машаяк менен падышалык кыла тургандарга тиешелүү (Флп. 3:20). Бирок кеңири мааниде аны Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында жерде жашай тургандарга карата да колдонсо болот. Эмне үчүн? Себеби Машаяктын жолдоочуларынын баары бир эле Падышага, Жахабага, кызмат кылышат жана бирдей талаптар боюнча жашашат (Эф. 4:4—6). Бүгүнкү күндө адамдар бай өлкөлөрдүн жараны болуш үчүн бүт күч-аракетин жумшашат. Анда Кудайдын Падышалыгынын жараны болуу сыймыгын андан бетер баалашыбыз керек эмеспи? Ал сыймыкты дагы да жогору баалаш үчүн адамдык өкмөттөрдүн жараны болууга коюлган талаптар менен Кудайдын Падышалыгынын жараны болууга коюлган талаптардын айрым окшоштуктарына токтолуп көрөлү. Андан соң Падышалыктын жараны болуу сыймыгынан ажырабаш үчүн кайсы үч нерсени кылышыбыз керектигин карайбыз.

ЖАРАНДЫК АЛУУГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

4. Таза тил деген эмне жана канткенде ал тилде «сүйлөгөн» болобуз?

4 Тил үйрөнүү. Айрым өкмөттөр жарандык алууну каалагандардан ал өлкөнүн негизги тилин үйрөнүүнү талап кылат. Атүгүл айрымдарга жарандык алгандан кийин да ал өлкөнүн тилинде эркин сүйлөө үчүн жылдар талап кылынат. Алар тилдин грамматикасын бат эле өздөштүрүп алышы мүмкүн, бирок сөздөрдү туура айтууга үйрөнүшү үчүн бир топ убакыт кетиши ыктымал. Анын сыңарындай, Кудайдын Падышалыгынын жараны болууну каалагандардан да жаңы тил үйрөнүү талап кылынат. Ыйык Китепте ал «таза тил» деп аталат. (Оку: Сепания 3:9.) Ал эмне болгон тил? Ал — Кудай жана анын ой-максаты жөнүндөгү Ыйык Китепте камтылган чындык. Биз Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык иш кылганыбызда ошол тилде «сүйлөгөн» болобуз. Кудайдын Падышалыгынын жарандары катары Ыйык Китептеги негизги окууларды бат эле үйрөнүп, чөмүлүшүбүз мүмкүн. Бирок чөмүлгөндөн кийин да ар бирибиз таза тилде барган сайын жакшы сүйлөгөнгө аракет кыла беришибиз кажет. Кантип? Ыйык Китептеги принциптерди билип эле тим болбостон, аларды жашообузда колдонууга аракет кылышыбыз зарыл.

5. Эмне үчүн Кудайдын уюмунун тарыхы жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билишибиз керек?

5 Тарыхын изилдөө. Кайсы бир өлкөнүн жараны болууну каалагандардан ошол өлкөнүн тарыхын билүү талап кылынышы мүмкүн. Анын сыңарындай эле, Кудайдын Падышалыгынын жараны болгусу келгендер ал Падышалык жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билиши керек. Байыркы убакта Ысрайылдагы ибадатканада кызмат кылган Корактын уулдарынын үлгүсүнө токтолуп көрөлү. Алар Иерусалим шаарын жана андагы сыйынуу жайын жакшы көрүшчү, ошондой эле ал шаардын тарыхы жөнүндө шыктануу менен айтып беришчү. Аларды шаар менен сыйынуу жайынын көз жоосун алган кооздугу эмес, башка нерсе таасирленткен. Иерусалим таза сыйынуунун борбору болгондуктан «Улуу Падышанын», Жахабанын, шаары болгон. Ал жерде Жахабанын Мыйзамы окутулчу. Андан сырткары, Иерусалимдин падышасы катары Жахаба анда жашаган элге мээримдүүлүгүн көрсөткөн. (Оку: Забур 48:1, 2, 9, 12, 13.) Сенин да Жахабанын уюмунун тарыхын изилдеп, билгендериңди башкалар менен бөлүшкүң келеби? Кудайдын уюму жана анын өз элин кантип коргоп келгени жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, Кудайдын Падышалыгы сен үчүн ошончолук реалдуу боло берет. Анын натыйжасында Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого болгон каалооң да өсөт (Жер. 9:24; Лк. 4:43).

6. Жахабанын бизден Падышалыктын мыйзам-принциптерин билүүнү жана аларды аткарууну талап кылганы эмне үчүн жөндүү?

6 Мыйзамдарын билүү. Өкмөттөр жарандарынан өлкөнүн мыйзамдарын билип, аларга баш ийүүнү талап кылат. Андыктан Жахабанын да Падышалыктын жарандарынан анын мыйзамдары менен принциптерин окуп-изилдеп, аларды аткарууну талап кылганы жөндүү (Ыш. 2:3; Жкн. 15:10; 1 Жкн. 5:3). Адамдар чыгарган мыйзамдардын кандайдыр бир жетишпеген жактары болгондон тышкары, алар адилетсиз болушу мүмкүн. Ал эми «Жахабанын мыйзамы жеткилең» (Заб. 19:7). Кудайдын мыйзамын жакшы көрөбүзбү? Анын Сөзүн күн сайын окуйбузбу? (Заб. 1:1, 2). Кудайдын мыйзамын жакшы билүүнүн бир гана жолу — аны өз алдыбызча изилдөө. Биз үчүн аны эч ким изилдей албайт.

ПАДЫШАЛЫКТЫН ЖАРАНДАРЫ КУДАЙДЫН ТАЛАПТАРЫН ЖАКШЫ КӨРҮШӨТ

7. Падышалыктын жарандары Кудайдын мыйзамдарына эмне үчүн баш ийишет?

7 Падышалыктын жарандары бойдон калышыбыз үчүн Кудайдын талаптарын билип эле койбостон, аларды сүйүшүбүз керек. Көптөр өздөрү жашаган өлкөнүн мыйзамдары менен талаптарын туура деп эсептээрин айтышат. Бирок өздөрүнө ыңгайсыз болгондо же эч ким көрбөгөндө, мыйзамды буза беришет. Ырас, алар көбүнчө «адамдарга жагынууга аракет кылышат» (Кол. 3:22). Ал эми Падышалыктын жарандары жөнүндө минтип айтууга болбойт. Биз Кудайдын мыйзамдарына эч ким көрбөгөн учурда да чын көңүлдөн баш иебиз. Эмне үчүн? Анткени Мыйзам чыгаруучуну жакшы көрөбүз. (Ыш. 33:22; оку: Лука 10:27.)

8, 9. Кудайдын мыйзамдарын чындап жакшы көрөр-көрбөсүбүздү кантип билсек болот?

8 Кудайдын мыйзамдарын чындап жакшы көрөр-көрбөсүңдү кантип билсең болот? Сага ар ким өзү чече тургандай көрүнгөн нерселерге, алсак, сырткы көрүнүшүңө жана кийимиңе байланыштуу кеңеш берилгенде, кандай жооп кайтарарыңды текшерип көр. Падышалыктын жараны болгонго чейин, балким, шалбырап-шулбурап, тыкан эмес же сезимди козгогудай кийинчүсүң. Ал эми Кудайга болгон сүйүүң өскөн сайын, аны даңктагыдай кийине баштадың (1 Тим. 2:9, 10; 1 Пет. 3:3, 4). Азыр өзүңө жөнөкөй эле кийинип жүргөнүңдөй сезилиши мүмкүн. Бирок аксакал сырткы көрүнүшүң жыйналыштагы көп жарчыларды ыңгайсыз абалга калтырып жатканын айтса, кандай кабыл аласың? Актанып киресиңби? Таарынып, кеңешти укпай коёсуңбу? Кудайдын Падышалыгынын жарандары аткарышы керек болгон эң негизги мыйзамдардын бири — Машаякты тууроо (1 Пет. 2:21). Элчи Пабыл Машаяктын үлгүсү жөнүндө: «Ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдеш үчүн анын пайдасын көздөйлү. Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»,— деп жазган (Рим. 15:2, 3). Жыйналышта тынчтык сакталышы үчүн, жетилген бир туугандар дайыма башкалардын абийирин эске алып иш кылышат (Рим. 14:19—21).

9 Дагы эки маанилүү маселеге: жыныстык мамилеге жана никеге болгон көз карашыбызга токтолуп көрөлү. Кудайдын Падышалыгынын жараны боло электер гомосексуализмге көз жумуп коюшу, порнография көрүүнү эч зыяны жок көңүл ачуу деп эсептеши же ойноштук менен ажырашууну ар ким өзү чече турган маселе деп ойлошу мүмкүн. Ал эми Падышалыктын жарандары кылган иштеринин кесепети кандай болорун, башкаларга кандай таасир этерин эске алууга үйрөнүшкөн. Көп бир туугандар мурун адеп-ахлаксыздык кылып келишсе да, азыр никени жана жыныстык мамилени Кудайдын белеги катары көрүшөт. Алар Кудайдын бийик талаптарын жогору баалашат жана жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганын токтотпогондор Кудайдын Падышалыгынын жараны болууга татыксыз болуп каларын жакшы түшүнүшөт (1 Кор. 6:9—11). Анткен менен алар жүрөктүн митаам экенин да билишет (Жер. 17:9). Ошондуктан бийик адеп-ахлактык нормаларга карманып жашоого жардам берген эскертүүлөрдү баалашат.

ПАДЫШАЛЫКТЫН ЖАРАНДАРЫ ЭСКЕРТҮҮЛӨРДҮ БААЛАШАТ

10, 11. Кудайдын Падышалыгы өз убагында кандай эскертүүлөрдү берип келет? Сен аларга кандай карайсың?

10 Адамдардын өкмөттөрү тамак-ашка, дары-дармекке байланыштуу эскертүүлөрдү бериши мүмкүн. Албетте, тамак-аштын, дары-дармектин бардык эле түрү жаман эмес. Бирок кайсы бир нерсе зыяндуу болсо, өкмөттөр атуулдарын коргош үчүн ал тууралуу эскертет. Эгер антпесе, милдетин жакшы аткарбаган болмок. Кудайдын Падышалыгы да жарандарына рухий жана адеп-ахлактык жактан коркунуч туудурган нерселер тууралуу өз убагында эскертип турат. Маселен, Интернет мамилелешүүгө, билим алууга, көңүл ачууга жол ачат. Кудайдын уюму Интернетти колдонуп, көп жакшы иштерди бүтүрүүдө. Анткен менен андагы сайттардын көбү адеп-ахлактык жана рухий жактан кооптуу. Порнографиялык материалдар камтылган сайттар Падышалыктын жарандарынын рухий саламаттыгына чоң коркунуч туудурат. Ишенимдүү кул тобу ондогон жылдар мурун эле алардан сак болушубуз керектигин эскерткен. Андай эскертүүлөр үчүн кандай гана ыраазыбыз!

11 Акыркы жылдарда веб-сайттын дагы бир түрү — социалдык тармактар деп белгилүү болгон сайттар — кеңири таралууда. Аларды колдонууда өтө этият болушубуз керек. Анткени алардын пайдалуу жактары болгону менен, коркунуч туудурган жактары да бар. Андай веб-сайттардын айынан адам жаман чөйрөгө аралашып кетиши мүмкүн (1 Кор. 15:33). Ошондуктан Кудайдын уюмунун аларды колдонууда сак болуу керектигин эскертип жатканы таң калыштуу эмес. Социалдык тармактар жөнүндө ишенимдүү кул тарабынан жакынкы арада чыгарылган макалалардын баарын окудуңбу? Аларды окубай туруп андай веб-сайттарды колдонуу акылдуулукка жатпай калат *. Бул кайсы бир күчтүү дары-дармекти бөтөлкөсүндөгү эскертүүнү окубай туруп эле ичкенге барабар болмок.

12. Эскертүүлөрдү этибарга албоо эмне үчүн акылсыздыкка жатат?

12 Ишенимдүү кулдун эскертүүлөрүн этибарга албагандар өздөрүнө жана жакындарына сөзсүз зыян келтирет. Айрымдар порнографиянын торуна чырмалып калышат же адеп-ахлаксыздык кылышат, анан өздөрүн кылып жаткан иштеримди Жахаба көрбөйт деп алдашат. Кылган ишибизди Жахабадан жашыра алабыз деп ойлоо кандай гана акылсыздык! (Накыл 15:3; оку: Еврейлер 4:13.) Кудай андай адамдарга жардам берүүнү каалайт, ошондуктан жердеги өкүлдөрүнө аларга көмөк кылууга түрткү берет (Гал. 6:1). Бирок адамдык өкмөттөр кайсы бир туура эмес ишти кыла бергендерди жарандыктан ажыратып койгондой эле, Жахаба өкүнбөстөн анын мыйзамдарын буза бергендерди Падышалыктын жарандыгынан ажыратат * (1 Кор. 5:11—13). Анткен менен ал ырайымдуу. Өкүнүп, жаман жолунан бурулгандар кайрадан Жахаба менен жакшы мамиледе болуп, Падышалыктын жараны бойдон калышат (2 Кор. 2:5—8). Ушундай мээримдүү Падышага кызмат кылуу кандай гана зор сыймык!

ПАДЫШАЛЫКТЫН ЖАРАНДАРЫ БИЛИМДИ БААЛАШАТ

13. Падышалыктын жарандары билимди баалаарын кантип көрсөтүшөт?

13 Көптөгөн өкмөттөр жарандарына билим берүүгө көп күч жумшашат. Алар сабаттуу болууга, кайсы бир өнөрдү өздөштүрүүгө жардам бере турган мектептерди уюштурушат. Падышалыктын жарандары андай мектептерди баалашат жана окуганды, жазганды, ошондой эле өздөрүн материалдык жактан камсыз кылууга керектүү өнөрдү бүт дитин коюп үйрөнүшөт. Бирок алар Кудайдын Падышалыгы берип жаткан билимди андан да жогору баалашат. Жыйналыш аркылуу Жахаба сабаттуу болууга жардам берет. Ошондой эле ал ата-энелерди балдарына окуп берүүгө чакырат. Ай сайын ишенимдүү кул «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарына Ыйык Китепке негизделген маалымат басып чыгарат. Эгер күнүнө эки беттей окусаң, аларды ай сайын окуп жетишип турасың. Ошентип, Падышалык берип жаткан билимден толук пайда ала бересиң.

14. а) Биз кандай билим алуудабыз? б) Үй-бүлө менен сыйынуу кечине байланыштуу кайсы кеңештерди колдоно алдың?

14 Падышалыктын жарандары жума сайын жыйналыш жолугушууларынан билим алышат. Алсак, Теократиялык кызмат мектеби 60 жылдан ашуун убактан бери андан билим алгандарга Кудайдын Сөзүн чебер окутууга жардам берип келет. Ал мектепке жазылгансыңбы? Акыркы жылдары ишенимдүү кул тобу бизди жума сайын үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө үндөп келет. Бул чара үй-бүлөлөрдүн биримдигин чыңдайт. Үй-бүлө менен сыйынуу кечине байланыштуу биздин адабияттардагы кеңештерди колдоно алдыңбы? *

15. Биз кандай зор сыймыкка ээбиз?

15 Адамдык өкмөттөрдүн жарандары өздөрү жактаган саясий партияны колдой тургандарды табыш үчүн үгүт жүргүзүп, атүгүл үймө-үй кыдырышат. Ал эми Кудайдын Падышалыгынын жарандары дүйнө жүзү боюнча ал Падышалыкты жактап, көчөдө жана үймө-үй кыдырып ынталуу кабар айтышууда. Мурунку макалада айтылгандай, Жахабанын Падышалыгын жарыялаган «Күзөт мунарасы» журналы дүйнөдөгү эң эле кеңири таралган журнал болуп эсептелет. Ал Падышалык жөнүндө кабар айтуу — биз үчүн зор сыймык! Сен да ал ишке жигердүү катышып жатасыңбы? (Мт. 28:19, 20).

16. Кудайдын Падышалыгынын жакшы жараны экениңди кантип далилдей аласың?

16 Жакында жер үстүнөн жалгыз гана Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзөт. Ошондо бүт адамзат күнүмдүк жашоосунун бардык тармагында Падышалыктын гана мыйзамдарына жетектелет. Ошол учурда Падышалыктын жакшы жараны болосуңбу? Азыр ошону далилдей турган убак. Күн сайын баарын Кудайды даңктагыдай кылып, Падышалыктын жакшы жараны экениңди айгинелей бер (1 Кор. 10:31).

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Мисалы, «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарын кара: 2011-ж., июль, 24—27-б., ор.; 2011-ж., август, 10—13-б., ор.; 2012-ж., апрель—июнь, 1, 2, 3-макалалары.

^ 14-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2011-ж., 15-август, 6, 7-б.; «Падышалык кызматыбыз», 2011-ж., январь, 3—6-б.

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги кыстырма]

Интернетти колдонууга байланыштуу Ыйык Китепке негизделген эскертүүлөргө кулак кагасыңбы?

[12-беттеги сүрөт]

Корактын уулдарындай болуп, таза сыйынуудан жана анын тарыхын башкаларга айтып берүүдөн ырахат аласыңбы?

[15-беттеги сүрөт]

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи сага жана жакындарыңа Падышалыктын жакшы жараны болууга чоң жардам берет