Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биримдик баса белгиленип, жүрөк толкуткан жаңылыктар айтылды

Биримдик баса белгиленип, жүрөк толкуткан жаңылыктар айтылды

Жылдык жолугушуу

Биримдик баса белгиленип, жүрөк толкуткан жаңылыктар айтылды

АРИЙНЕ, Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жылдык жолугушуусу дайыма жүрөк козгоорлук болот. 2011-жылы 1-октябрда, ишембиде, өткөн 127-жылдык жолугушуу тууралуу да ушуну айтууга болот. Дүйнөнүн чар тарабынан келген коноктор Жахабанын Күбөлөрүнүн Жерси-Ситидеги (Нью-Жерси, АКШ) Жыйындар залына чогулушту.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш залга жык толгон, кубанычы койнуна батпай турган бир туугандар менен жылуу учурашты. Ал 85тей өлкөдөн келген делегаттарга алардын ортосунда өзгөчө биримдик өкүм сүрөрүн жана андай эл аралык биримдиктин башкаларга жакшы күбөлөндүрүү берип, Жахаба Кудайга даңк алып келерин айтты. Ырас, ал жолугушууда биримдик баса белгиленди.

МЕКСИКАДАГЫ ФИЛИАЛДЫН ЖАГЫМДУУ ОТЧЁТУ

Программанын биринчи бөлүгүндө Жахабанын эли биримдиги менен айырмаланып турары бир мисал менен бышыкталды. Балтасар Перла бир тууган Мексикадагы Бейтел үй-бүлөсүнүн 3 мүчөсү менен Борбордук Америкадагы 6 филиалдын Мексикадагы филиал менен бириктирилгени туурасында маек курду. Филиалдар бириккендин аркасында Мексикадагы Бейтел үй-бүлөсү ар кайсы өлкөдөн болгон, маданияты, улуту ар башка бир туугандардан турган чоң үй-бүлөгө айланды. Бул аларга бири-бирин бекемдөөгө сонун шарт түздү. Мындайча айтканда, Кудай чоң өчүргүчтү алып, улуттук чек араларды өчүрүп салгандай эле болду.

Филиалдар бириккенден кийин, өлкөсүндө филиал жоюлган бир туугандар өздөрүн Жахабанын уюмунан бөлүнүп калгандай сезбеши үчүн, аларга жардам көрсөтүлгөн. Мисалы, ошол максатта ар бир жыйналышка, атүгүл алыскы аймактагыларына да, филиал менен түзмө-түз байланышууга коопсуз электрондук почта ачылган.

ЖАПОНИЯДАН АКЫРКЫ КАБАРЛАР

Жапониядагы филиалдан келген Жейм Линтон бир тууган 2011-жылы мартта Жапония жергесине чоң бүлгүн салган жер титирөө менен цунамиден улам ишенимдештерибиздин кандай зыян тартышканын айтып берди. Көптөгөн бир туугандарыбыз сүйүктүү жакындарынан, мүлкүнөн ажырашкан. Жабыр тарткан аймактардан тышкары жашаган ишенимдештерибиз аларды 3100дөн ашуун үй, жүздөгөн унаалар менен камсыз кылышкан. Ыктыярдуу кызматчылар Региондук курулуш комитеттери менен кызматташып, бир туугандардын үйлөрүн калыбына келтирүү үчүн тыным албай эмгектенишкен. 1700дөн көп ыктыярдуу кызматчы, каякка жардам керек болсо, ошол жакка даярдуулук менен барышкан. Падышалык залдарын калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн Кошмо Штаттардан ыктыярдуу кызматчылардан турган бир топ келген. Ал ишке катышкан кызматчылардын жалпы саны 575ке жеткен.

Зыян тарткандарга рухий жана эмоциялык жактан колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Мисалы, 400дөн ашык аксакал ошондой бир туугандарга барып, аларды сооротуп-бекемдешкен. Ошондой эле аларды кайраттандырыш үчүн башкы башкармалыктан эки зоналык көзөмөлчү жиберилген. Бул Жетектөөчү Кеңештин алар үчүн аябай тынчсызданып жатканын айгинелеген. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү ишенимдештеринин аларды ойлоп, тынчсызданып жатканы жергиликтүү бир туугандарга тоодой дем берген.

СОТ МАЙДАНЫНДАГЫ ЖЕҢИШТЕР

Улуу Британиядагы филиалда кызмат кылган Стивен Харди бир тууган жакын арада сот майданында кандай жеңиштерге жеткенибизди айтып жатканда, угуучулар демин ичине катып угушту. Алсак, Франция өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол өлкөдөгү диний борборунан 82 миллион АКШ доллары өлчөмүндө салык төлөөнү талап кылган болчу. Ал чиелүү маселеге Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) биздин пайдабызга чечим чыгарганда чекит коюлган. Сот Франция өкмөтүнүн Европа конвенциясынын дин тутуу эркиндигин коргогон 9-беренесин бузганын айткан. Соттун чечиминен көрүнүп тургандай, кеп акчада эмес болчу, анткени анда мындай делген: «Кайсы бир диний бирикмени кабыл алуудан баш тартуу, аны жоюу, кайсы бир диний агымга карата кемсинтерлик сөздөрдү колдонуу — баары Конвенциянын 9-беренесинде айтылган укукту бузгандыкка жатат».

АУЕС Арменияга байланышкан ишти караганда да биздин пайдабызга чечим чыгарган. 1965-жылдан тартып АУЕС Европа конвенциясы милдеттүү аскердик кызматтан баш тарткандарды коргобойт деп эсептечү. Бирок Чоң Палата — АУЕСтин эң жогорку палатасы — адам күчтүү диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тартканда, Европа конвенциясы анын укугун коргошу керектигин айткан. Бул чечим Арменияны жана Азербайжан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү адамдардын ошол укугун сыйлоого милдеттендирет.

КУРУЛУШ ДОЛБООРЛОРУ

Кийинкиси болуп Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гай Пирс бир тууган сөз сүйлөдү. Ал жолугушууга келгендерге: «Баарыңардын Нью-Йорк штатындагы курулуш долбоорлору жөнүндө билүүгө аябай куштар болуп жатканыңар шексиз»,— деп айтты. Анан Уолкилл шаарчасында, Патерсон шаарында жана Уорик шаары менен Такседо сейил багынан (Нью-Йорк штаты) жакында эле сатылып алынган жерлерде жүрүп жаткан иштер тууралуу видео көрсөттү. Уолкиллде бейтелдиктер жашай турган 300дөн ашуун бөлмөлүү жаңы имарат курулууда. Аны 2014-жылы куруп бүтүү пландаштырылууда.

Уориктеги 100 гектар жерде курулуш иштерин жүргүзүү ойлонуштурулууда. «Азырынча Жахабанын Уорикке байланыштуу эрки кандай экенин так билбейбиз,— деди Гай бир тууган,— ошентсе да Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгын ошол жакка көчүрүү максатында иш-аракет кыла баштадык». Ал эми Уориктен түндүктү көздөй 10 км алыстыкта жайгашкан 20 гектар жерди курулуш техникаларын, материал-жабдыктарды сактоого колдонуу пландаштырылууда. «Курулуш ишине уруксат алсак, бүтүндөй долбоорду 4 жылдын ичинде ишке ашырабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Анан Бруклиндеги жерибизди, имараттарыбызды сатсак болот»,— деди Гай бир тууган.

Ал: «Жетектөөчү Кеңеш улуу алааматтын жакын калгандыгына байланыштуу оюн өзгөрттүбү?» — деп сурады. Анан өзү: «Албетте, жок! Эгер улуу алаамат келип калып, пландарыбыз бузулса, анда сонун болот, абдан сонун болот!» — деп жооп берди.

АРЫЛДАГАН АРСТАНДАН САК БОЛГУЛА

Жетектөөчү Кеңештин дагы бир мүчөсү Стивен Летт бир тууган 1 Петир 5:8деги: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деген сөздөрдү талкуулады. Стивен бир тууган, арстандын бир нече өзгөчөлүгүн эске алганда, элчи Петирдин Ибилисти арстанга салыштырганы абдан орундуу болгонун айтты.

Арстандар адамдардан алда канча кубаттуу, ыкчам. Шайтан да ошондой, андыктан өзүбүздүн күчүбүз менен ага каршы турууга же андан качууга аракет кылбашыбыз керек. Биз Жахабанын жардамына муктажбыз (Ыш. 40:31). Арстан жемине жашыруун кол салгандай эле, Шайтан да олжосун рухий караңгылыктан издейт. Ошол себептен рухий караңгылыктан оолак болушубуз зарыл. Арстан эч кимге зыяны жок антилопаны же зебранын уктап жаткан кулунун жара тарткандай эле, Шайтан да абдан ырайымсыз жана ал бизди рухий мааниде жеп-жутууну көздөйт. Арстандын курсагы тойгондон кийин, анын олжосу таанылгыс болуп калат. Ошол сымал, Шайтанга олжо болгондордун «абалы мурункусунан да жаман» болот (2 Пет. 2:20). Ошондуктан Шайтанга каршы турууга жана Ыйык Китептен окуп-билген принциптерге бекем карманууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (1 Пет. 5:9).

ЖАХАБАНЫН ҮЙҮНДӨГҮ ОРДУҢАРДЫ БААЛАГЫЛА

«Баарыбыздын Жахабанын үйүндө ордубуз бар»,— деди кийинки баяндамачы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд. Кудайдын «үйү», башкача айтканда, рухий ибадатканасы болуп анын Иса Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде сыйынуу үчүн караштырган чарасы эсептелет. Ал «үйдө» Кудайдын ар бир кызматчысынын орду бар. Биз ал ордубузду сыймык катары көрүп, абдан баалашыбыз керек. Ооба, Дөөтү пайгамбардай болуп, биз да «өмүр бою Жахабанын үйүндө болгубуз» келет (Заб. 27:4).

Сэмюэл бир тууган Забур 92:12—14-аяттарга көңүл буруп: «Жахаба гүлдөп-өсүшүбүзгө кантип жардам берүүдө?» — деп сурады. Ал: «Кудай рухий бейиште бизди мээримине бөлөп, коргоп, чындыктын жан сергиткен суусу менен суусунубузду кандырууда»,— деп жооп берди. Анан угуучуларды: «Бул үчүн Жахабага ыраазычылыгыбызды билдирели. Келгиле, Жахабанын үйүндө бир азга эле эмес, түбөлүккө болууга чечкиндүү бололу»,— деп үндөдү.

МАШАЯКТЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫ КУДАЙДЫН СӨЗҮН ТУУ ТУТУШАТ

Андан кийинки баяндамада Жетектөөчү Кеңештин дагы бир мүчөсү Дэйвид Сплэйн бир тууган Машаяктын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Сөзүн дайыма туу тутуп келишкенин айтты. Мисалы, 1-кылымда алар сүннөткө отургузууга байланыштуу көтөрүлгөн маселени чечүүдө Ыйык Жазмага бекем карманышкан (Элч. 15:16, 17). Бирок 2-кылымда өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп ырастаган жана грек философиясын окуган айрым кишилер Ыйык Жазманы бедел тутпай, өздөрүн билимдүү кылып көрсөтүүгө умтулушкан. Кийинчерээк башкалар ыйык китептик окууларды чиркөө аталары деп аталгандардын жана Рим императорлорунун ой-толгоолоруна алмаштырып, далай жалган окуулардын үрөнүн себишкен.

Дэйвид бир тууган Иса пайгамбардын бир мисалында чындыкты жактай турган майланган жолдоочулары дайыма болорун айтканын белгиледи (Мт. 13:24—30). Биз алардын ким болгонун так билбейбиз. Бирок тарых бою Ыйык Жазмага каршы келген окуулар менен иштерди ашкерелеген көп адамдар жашаган. Алардын айрымдары: 9-кылымда жашаган архиепископ Лиондук Агобард, 12-кылымда жашаган Питер де Брюи, Лозанналык Генрих жана Вальдес (же Вальдо), 14-кылымда жашаган Жон Уиклиф, 16-кылымда жашаган Уильям Тиндаль, ошондой эле 19-кылымда жашаган Генри Гру менен Жорж Сторрз. Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө да Ыйык Жазмадагы нормаларга бекем карманып, аны ишениминин пайдубалы деп эсептешет. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш 2012-жылдын аяты катары Жакан 17:17деги: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген сөздөрдү тандады.

ОКУУГА ЖАНА КЫЗМАТКА БАЙЛАНЫШТУУ КУБАНЫЧТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис миссионерлер менен атайын пионерлердин кызматына байланыштуу өзгөрүүлөр болгонун кулактандырды. 2012-жылдын сентябрынан тартып тандалган өлкөлөрдө Жубайлар үчүн ыйык китептик мектеп өткөрүлө баштайт. Ошондой эле Гилат мектебинин максаты өзгөртүлдү. Былтыркы жылдын октябрынан баштап Гилат мектебине ага чейин эле атайын толук убакыттагы кызматты аркалап келген бир туугандар гана: Гилат мектебине бара элек миссионерлер, атайын пионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана бейтелдиктер чакырыла баштады. Бүтүрүүчүлөр филиалдарда же кыдыруучулук иште, же эл жыш отурукташкан жерлерде Кудайдын элин бекемдеп, жыйналыштарга кабар айтуу кызматына ынталуу катышууга түрткү берүү үчүн жиберилет.

Алыскы же обочо аймактарда кабар айтуу ишине чыйыр салууга кошумча атайын пионерлер жиберилет. 2012-жылдын январынан тартып Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептен же Жубайлар үчүн ыйык китептик мектептен билим алгандардын айрымдары убактылуу атайын пионер катары дайындалып, алыскы аймактарда кабар айтуу ишин баштоого жана илгерилетүүгө жиберилишет. Алар 1—3 жыл убактылуу атайын пионер болуп кызмат кылышат. Ал эми кызматта жемиштүү болгондору биротоло дайындалышы мүмкүн.

Ырас, 2011-жылдын жылдык жолугушуусу абдан кубанычтуу болду. Биз Жахаба Кудайыбыз кабар айтуу ишин илгерилетүү жана бир туугандардын ортосундагы биримдикти чыңдоо үчүн, аны мактап-даңкташ үчүн, жасаган бардык жаңы өзгөрүүлөргө батасын берет деп үмүттөнөбүз.

[18-беттеги кутача/сүрөттөр]

Дил Маек

Программада мурун жолдошу Жетектөөчү Кеңеште кызмат кылган 9 жесир бир туугандын бешөө менен маек курулду. Марина Сидлик, Эдит Сьютер, Мелита Ярач, Мельба Бэрри жана Сидней Барбер бир туугандар чындыкты кантип табышканын, толук убакыт кызматты кантип башташканын айтып беришти. Ар бири өзүнүн жолдошу жана экөө чогуу кызмат кылганда алган баталары жөнүндө айтып, жагымдуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Маектин аягында катышуучулардын баары «Жахабага даңк алып келген аялзаты» деген аталыштагы 86-ырды ырдап, программанын ал бөлүгү жүрөк толкутарлык болуп бүттү.

[Сүрөттөр]

Жогоруда: Дэниел жана Марина Сидлик, Грант жана Эдит Сьютер, Теодор жана Мелита Ярач

Төмөндө: Ллойд жана Мельба Бэрри, Кэри жана Сидней Барбер

[16-беттеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

6 филиал Мексикадагы филиалга кошулду

МЕКСИКА

ГВАТЕМАЛА

ГОНДУРАС

САЛЬВАДОР

НИКАРАГУА

КОСТА-РИКА

ПАНАМА

[17-беттеги сүрөт]

Уорикте (Нью-Йорк штаты) жайгаша турган Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын көрүнүшү