Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»

«Кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»

«Кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»

АСА падыша жоокерлерин Жүйүт жеринин тоолуу аймагынан төмөн жакта жайгашкан өрөөнгө баштап бара жатат. Өрөөнгө келгенде көргөн көзүнө ишенбей бир саамга токтоп туруп калат. Алдыда душмандын кошууну, калдайган кара кол, жатат. Эфиопиялык ал жоокерлердин саны бир миллионго жетет. Ал эми Асанын жоокерлери эфиопиялыктардын жарымынан ашса ашат, ашпаса жок.

Аса душмандын жер жайнаган аскерин көргөндө дароо эле эмне жөнүндө ойлонгон? Жоокерлерине кандай буйрук бериштиби? Жоокерлерин кайраттуу болууга чакыруунубу? Үй-бүлөсүнө кат жазуунубу? Жок, ал ошондой оор учурда Кудайга жардам сурап кайрылган.

Келгиле, анын Кудайга эмне деп кайрылганын жана андан кийин эмне болгонун караардан мурун Асанын кандай киши болгонун карап көрөлү. Ал эмне үчүн Кудайга жардам сурап кайрылган? Кудайдын ага жардам берерине эмне үчүн ишене алган? Аса жөнүндө жазылгандардан Жахабанын өзүнүн кызматчыларына кылган иштери үчүн кандай сыйлык берерине байланыштуу эмнени биле алабыз?

АСАНЫН ИШТЕРИ

Ысрайыл эки падышалыкка бөлүнүп кеткенден кийинки 20 жылдын ичинде жүйүт эли жалган кудайларга сыйынып, абдан бузулуп кеткен. Аса б.з.ч. 977-жылы падышалык такка олтурган убакта атүгүл падыша сарайында кызмат кылгандар да канаандыктар сыйынган тукумдуулуктун кудайларына табынышкан. Бирок Асанын башкаруусу жөнүндө жазылган билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, ал «Жахаба Кудайынын алдында жакшы, туура иштерди кылган». Ошондой эле «бөтөн жерликтердин кудайларынын курмандык жайлары менен бийик жерлерди талкалап, ыйык мамыларды кыйратып, ыйык устундарды кыйып салган» (2 Жылн. 14:2, 3). Андан тышкары, динге шылтап эркектер менен жыныстык катнашта болгон «ибадатканадагы бузулган эркектерди» Жүйүт падышалыгынан кууп чыккан. Бирок Аса ошону менен эле чектелген эмес. Ал элди «ата-бабаларынын Кудайы Жахабага кызмат кылууга», «анын мыйзам-осуяттарын аткарууга» үндөгөн (1 Пад. 15:12, 13; 2 Жылн. 14:4).

Жахаба Кудай Асанын жалган кудайларды жана аларга сыйынгандарды жок кылгандыгына абдан ыраазы болуп, анын элине тынчтык берген. Ошондуктан Аса: «Биз Жахаба Кудайыбызды издегендиктен,.. биз аны издегендиктен, ал бизди тегерегибиздеги душмандардан коргоп, тынчтык берди»,— деген. Ошондой эле Ыйык Китепте жүйүт элинин «шаарларды куруп, ийгиликке жетишкени» айтылат (2 Жылн. 14:1, 6, 7).

МАЙДАН ТАЛААСЫНДА

Асанын Ыйык Китепте айтылган жоокерлердин ичинен эң эле көп сандуу болуп эсептелген жоокерлер менен беттешер алдында эмне үчүн Кудайга жардам сурап кайрылганы анын жогоруда карап өткөн иштеринен айкын көрүнүп турат. Ал Кудайдын ага ишенип иш кылгандарга батасын берерин билген. Ошондуктан Кудайга жардам сурап жалбарган. Ошондой эле жоо канчалык күчтүү, канчалык көп болбосун, Кудайдын жардамы менен жеңе аларына көзү жеткен. Ал согуш Жахабанын ысмы менен байланыштуу болгондуктан, Аса Жахабага өз ысмы үчүн жардам беришин сурап кайрылган. Ал: «Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз. Бул сансыз элге да сенин ысмың менен каршы чыктык. Жахаба, сен биздин Кудайыбызсың. Көр пенденин сенден күчтүү болуп кетишине жол бербе»,— деп тиленген (2 Жылн. 14:11). Башкача айтканда, ал: «Жахаба, эфиопиялыктар сага каршы чыгып жатышат. Көр пенделердин сенин ысмың менен аталган элди жеңип, ысмыңды каралашына жол бербе»,— деп суранган. «Ошондо Жахаба Аса менен жүйүттөргө эфиопиялыктарды талкалаганга жардам берген». «Эфиопиялыктар качып жөнөшкөн» (2 Жылн. 14:12).

Жахабанын бүгүнкү күндөгү элинин да душмандары күчтүү. Биз алар менен кадимки курал-жарак көтөрүп, кайсы бир майдан талаасында кармашпайбыз. Биз катышып жаткан согуш каймана маанидеги согуш болуп эсептелет. Жахаба Кудайдын анын ысмы үчүн ал согушка катышып жаткан бардык кызматчыларына жеңиш тартуулай турганына эч шектенбесек болот. Биз адеп-ахлактуу болуш үчүн, алсыздыктарыбызды жеңиш үчүн жана үй-бүлөбүздү жаман таасирлерден коргош үчүн күрөшүп жатабыз. Кандай гана кыйынчылыктарга кабылбайлы, Асанын Кудайдан жардам сурап кайрылгандагы сөздөрү бизге дем-шык берет. Анын жеңишке жеткени Жахабанын жеңишке жеткенин билдирген. Асанын сөздөрүнөн Жахабага таянгандардын баары эмнеге ишенсе болорун көрө алабыз. Ооба, Жахаба Кудайга бир да адам туруштук бере албайт.

ДЕМ-ШЫК БЕРГЕН, ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА ЭСКЕРТҮҮ ИРЕТИНДЕ АЙТЫЛГАН СӨЗДӨР

Аса согуштан кайтып келе жатканда, астынан Азария пайгамбар тосуп чыккан. Ал пайгамбар Асага дем-шык берген, ошол эле учурда эскертүү иретинде айтылган сөздөрдү айткан. Ал: «Аса, бүт Жүйүт менен Бенжемин, сөзүмө кулак салгыла! Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот. Эгерде аны издесеңер, табасыңар, ал эми аны таштай турган болсоңор, ал да силерди таштап коёт... Кайраттуу болгула, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»,— деген (2 Жылн. 15:1, 2, 7).

Азария пайгамбардын сөздөрү ишенимибизди бекемдейт. Ал сөздөрдөн Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылсак, анын бизди таштабай тургандыгын биле алабыз. Жахабага жардам сурап кайрылганыбызда, анын бизди угарына толук ишенсек болот. Азария пайгамбар: «Кайраттуу болгула»,— деген. Чынында, туура иштерди кылуу дайым эле оңойго тура бербейт. Ал үчүн кайраттуу болушубуз керек. Жахаба бизге дайыма туура иштерди кылганга сөзсүз жардам берет.

Асанын чоң энеси Мааха «ыйык устунга сыйыныш үчүн жийиркеничтүү буркан жасаган». Ошондо Аса оңой болбосо да, чоң энесин «канышалык» наамынан ажыратып, бурканын өрттөп салган (1 Пад. 15:13). Чечкиндүүлүк жана кайраттуулук менен кылган бул иши үчүн Кудай Асага батасын берген. Жакын туугандарыбыз Кудайга берилген адамдарбы же жокпу, биз да, Асадай болуп, Жахабага ишенимдүү болуп, анын мыйзамдарына бекем карманышыбыз керек. Ошентсек, Жахаба Кудай бизге батасын мол төгөт.

Жахаба Кудайдан баш тартып кеткен түндүк падышалыктагы ысрайылдыктардын көбүнүн Жахаба Кудайдын Аса менен экенин көрүп, Жүйүт жерине агылып келе баштаганы да Кудайдын Асага берген сыйлыгы болгон. Алар Жахаба Кудайга гана табынгысы келгендиктен өздөрүнүн мекенин таштап, Жахабага табынган жүйүт элине кошулушкан. Аса падыша менен жүйүт эли «бүт жүрөгү менен ант берип, Кудайды чын көңүлдөн издешкен». Ошондуктан Жахаба «аларга жооп берип», «айланасындагы душмандарынын баарынан коргоп, тынчтык берген» (2 Жылн. 15:9—15). Адилеттикти сүйгөндөр жалган кудайларды таштап, Жахабага табына баштаганда, кандай гана сүйүнөбүз!

Азария пайгамбардын сөздөрүндө эскертүү да камтылган. Ал: «[Жахабаны] таштай турган болсоңор, ал да силерди таштап коёт»,— деген. Андыктан биз эч качан Жахабаны таштабайлы. Мунун арты кесепеттүү болот (2 Пет. 2:20—22). Ыйык Китепте Кудайдын Аса падышага эмне үчүн мындай эскертүү бергени айтылбайт. Кандай болбосун, падыша ал эскертүүгө кулак каккан эмес.

«СЕН АКЫЛСЫЗ ИШ КЫЛДЫҢ»

Аса падышанын башкаруусунун 36-жылы Ысрайылдын падышасы Бааша Жүйүт жерине каршы аттанган. Кыязы, өзүнүн падышалыгындагы адамдар Аса тарапка өтүп кетпеши үчүн жана Жахаба Кудайга сыйынганы Жүйүт жерине барбашы үчүн, ал Иерусалимдин түндүгүнөн 8 километрдей алыс жайгашкан Рама шаарын чыңдай баштаган. Ага чейин Аса падыша, эфиопиялыктар кол салганда, Кудайдан жардам сурап кайрылган. Бирок бул жолкусунда ал Кудайга кайрылбай, жардам сурап адамга кайрылган. Ал Сириянын падышасына белек-бечкек жиберип, андан Ысрайыл түндүк падышалыгына кол салышын суранган. Ошентип, сириялыктар кол салганда, Бааша артка чегинип кеткен (2 Жылн. 16:1—5).

Аса падышанын ошондой иш кылганы Жахабага жаккан эмес, ошондуктан ага Ханани пайгамбарды жөнөткөн. Жахаба Кудай ага эфиопиялыктарды жеңгенге жардам бергендиктен, Аса Кудайдын «өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турарын» билиши керек болчу (2 Жылн. 16:7—9). Балким, Аса падыша кимдир бирөөнүн кеңешин угуп ошондой иш кылгандыр. Же болбосо: «Бааша менен анын жоокерлери анчалык деле кубаттуу эмес, аларды өзүм эле жеңип алам»,— деп ойлогондур. Кандай болбосун, ал өз акылына таянгандыктан Жахабага жардам сурап кайрылган эмес. Ханани пайгамбар ага: «Сен акылсыз иш кылдың, ошондуктан мындан ары жериңде дайыма согуш болот»,— деген (2 Жылн. 16:7—9).

Бул Аса падышага жаккан эмес. Ал Ханани пайгамбарга ачуусу келип, аны «кишендеп, түрмөгө отургузуп койгон» (2 Жылн. 16:10). Ал: «Кудайга көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келатам. Ашкерелене тургандай деле иш кылган жокмун»,— деп ойлогонбу? Же карып калганда туура ой жүгүртө албай калганбы? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт.

Башкаруусунун 39-жылында Аса падыша бут оорулуу болуп, катуу ооруп калган. «Бирок ооруп жатканында да ал жардам издеп Жахабага эмес, дарыгерлерге кайрылды»,— деп айтылат Ыйык Китепте. Ошол убактарда анын Жахаба менен болгон мамилеси мурункудай бекем болбой калган көрүнөт. Сыягы, ал башкаруусунун 41-жылы көз жумганга чейин ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн эмес, Кудай менен болгон мамилесин да бекемдеген эмес (2 Жылн. 16:12—14).

Ошондой болсо да Аса падышанын кетирген каталарына караганда жакшы сапаттары көп болгон. Ошондой эле эл Жахаба Кудайга гана сыйынышы үчүн, ал ынтызарлык менен колунан келгендин баарын кылган. Ал Жахаба Кудайга кызмат кыла берген (1 Пад. 15:14). Анда Аса падышанын жашоосу жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз? Биз Жахаба Кудайдын мурда бизге кантип жардам бергенин эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Бул бизге кийин башка кыйынчылыктарга кабылганда ага жардам сурап кайрылганга түрткү берет. Биз: «Жахаба Кудайга көп жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келатам, ошондуктан Ыйык Китептеги кеңештерге муктаж деле эмесмин»,— деп ойлогондон алыс болушубуз керек. Жахаба Кудайга кызмат кылып жатканыбызга канча убакыт болбосун, ката кетирсек, Жахаба бизди ашкерелейт. Андайда кеңешти момундук менен кабыл алганыбыз маанилүү, себеби бул өзүбүзгө эле пайда алып келет. Баарынан маанилүүсү, биз Жахаба менен болсок, ал да биз менен болот. Кудай ага берилген адамдарды табыш үчүн бүт жер жүзүн карап турат. Ал аларга сыйлык бериш үчүн өзүнүн күчүн колдонот. Жахаба Кудай, Асага кылган иштери үчүн сыйлык бергендей, бизге да сыйлык берет.

[9-беттеги сүрөт]

Жахаба Кудай каймана мааниде согушуп жаткан ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берет

[10-беттеги кыстырма]

Жахабанын алдында туура иштерди кылыш үчүн кайраттуу болушубуз керек