Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарыңарды үйрөткүлө

Ач көздүктүн кесепетин тарткан Гехази

Ач көздүктүн кесепетин тарткан Гехази

БИР нерсени аябай алгың келген учурларың болду беле? ~ * Бардыгыбыздын эле бир нерсени аябай каалаган учурларыбыз болот. Каалаган нерсеңди алыш үчүн калп айтышың керекпи? ~ Жок, калп айтпашың керек. Анткени бул ач көздүк болуп калат. Гехази деген бир киши ач көздүктүн айынан Кудайдын ырайымынан айрылып калган. Ал Жахаба Кудайга кызмат кылган Элиша деген пайгамбардын кызматчысы болчу.

Элиша пайгамбар менен Гехази Иса пайгамбар жерге келгенге чейин миң жылдай мурун жашашкан. Жахаба Кудай Элиша пайгамбарга көп кереметтерди жасаганга күч берген. Мисалы, Ыйык Китепте анын пес оорусу менен ооруган, сириялыктардын аскер башчысы болгон Нааманды айыктырганы айтылат. Аны Элиша пайгамбардан башка эч ким айыктыра албай койгон.

Элиша пайгамбар адамдарды Кудайдын жардамы менен айыктырганда алардан эч качан акча алчу эмес. Кандай деп ойлойсуң, эмне үчүн алчу эмес? ~ Анткени ал кереметтерди өзүнүн күчү менен эмес, Кудайдын күчү менен жасап жатканын билчү. Ал Нааманды айыктырганда, Нааман ага кооз кийимдерди жана алтын, күмүш белек кылгысы келген. Бирок Элиша пайгамбар Наамандан эч нерсе алган эмес, ал эми Гехази аябай алгысы келген.

Нааман кеткенден кийин, Гехази Элиша пайгамбарга эч нерсе айтпай Наамандын артынан жөнөйт. Гехази Нааманды кууп жеткенде ага эмне дегенин билесиңби? ~ Гехази Нааманга: «Мени сизге Элиша пайгамбар жиберди. Ал сизден үйүнө келген эки кишиге кийим бериш үчүн эки сыйра кийим сурап жатат»,— деп айтат.

Бирок бул карандай калп болчу! Гехази Элиша пайгамбарга эки киши келгенин оюнан чыгарып айтып койгон. Ал кийим алгысы келгендиктен калп айткан. Нааман анын калп айтып жатканын билген эмес. Ошондуктан сураганын берген. Ал тургай, ал сурагандан да көптү берген. Андан ары эмне болгонун билесиңби? ~

Гехази кайтып келгенден кийин, Элиша пайгамбар андан: «Каякка барып келдиң?» — деп сурайт.

Гехази: «Эч жакка барган жокмун»,— деп жооп берет. Бирок Жахаба Кудай Элиша пайгамбарга Гехазинин каякка барып келгенин билдирген болчу. Ошондуктан Элиша пайгамбар ага: «Азыр акча, кийим ала турган убак эмес!» — деп айтат.

Гехази өзүнө таандык болбогон кийимдерди жана акчаны ач көздөнүп алып алганы үчүн, Жахаба аны Наамандыкындай пес оорусуна чалдыктырган. Бул окуядан эмнеге үйрөнө алабыз? ~ Биз калп айтпашыбыз керек.

Гехази эмне үчүн жок нерсени оюнан чыгарып, калп айткан? ~ Анткени ал ач көз болчу. Ал калп айтып, өзүнө таандык болбогон нерсени алгысы келген. Ошондой иш кылганы үчүн ал өмүрү өткөнчө пес оорусу менен ооруган.

Гехази ден соолугунан ажырагандан тышкары, дагы бир нерседен айрылып калган. Кандай деп ойлойсуң, эмнеден? ~ Ал Кудайдын ырайымынан, сүйүүсүнөн айрылып калган. Ошондуктан биз да Кудайдын ырайымынан айрылта турган иштерди кылгандан сак болушубуз керек. Ошондой эле ач көз болбой, колубузда бар нерселер менен бөлүшкөнгө даяр болгонубуз маанилүү.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ТӨМӨНКҮ АЯТТАРДЫ ОКУ:

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.