Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Миң жыл бою жана түбөлүккө тынчтык болот!

Миң жыл бою жана түбөлүккө тынчтык болот!

«Кудай баарынын башчысы болот» (1 КОР. 15:28).

1. «Эбегейсиз көп адамдарды» кандай келечек күтүп турат?

АДИЛЕТТҮҮ, боорукер башкаруучу бийлик кылган кубаттуу өкмөттүн миң жылдын ичинде өзүнүн эли үчүн канчалаган жакшы иштерди кыларын элестетсең. Ооба, азыркы каардуу дүйнө толугу менен жок кылына турган «улуу алааматтан аман өтө» турган «эбегейсиз көп адамдар» келечекте кереметтүү окуяларга күбө болушат (Аян 7:9, 14).

2. 6000 жылдан бери адамзат эмнелерге кабылууда?

2 6000 жылдан бери адамзат өзүн өзү башкарып, азап-кайгынын чеңгелинен чыга албай келет. Ыйык Китепте эбак эле: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп айтылган (Нас. 8:9). Бүгүнкү күндөгү абал жөнүндө эмне айтууга болот? Адамзат согуштар менен көтөрүлүштөрдөн тышкары жакырчылык, оору-сыркоо, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн кыйратылышы сыяктуу көйгөйлөрдөн жапа чегүүдө. Өкмөт башчылары, эгер адамдар жаратылышка кылган мамилесин кескин өзгөртпөсө, арты каргашалуу болорун эскертишет.

3. Миң жылдык башкарууда эмне аткарылат?

3 Кудай дайындаган Падыша Иса Машаяк менен анын 144000 кошо башкаруучусунун бийлиги астында Кудайдын Падышалыгы адамзатка жана Жер планетасына келтирилген зыянды толугу менен жоюуга чара көрөт. Миң жылдык башкарууда Жахабанын: «Мен жаңы асман менен жаңы жерди жаратып жатам. Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деген жүрөк толкуткан убадасы аткарылат (Ыш. 65:17). Бизди бул айтылгандарга байланыштуу кандай кереметтүү окуялар күтүп турат? Анда эмесе, Кудайдын Сөзүндө жазылган пайгамбарлыктардын жардамы менен ошол «көрүнбөгөн» окуяларга сереп салып көрөлү (2 Кор. 4:18).

«ҮЙЛӨРДҮ КУРУП,.. ЖҮЗҮМ ОТУРГУЗУШАТ»

4. Көптөр үй-жайга байланыштуу кандай көйгөйгө туш болууда?

4 Өзү жана үй-бүлөсү коопсуз жашаган үйү болушун ким эле каалабайт? Бирок азыркы учурда үйлүү-жайлуу болуу — чоң көйгөй. Канчалагандар эл кайнаган шаарларда кир, эскилиги жеткен үйлөрдө жашоого аргасыз болууда. Ооба, үйлүү болуу алар үчүн кыял бойдон калууда.

5, 6. а) Ышая 65:21 жана Микей 4:4 кандайча аткарылат? б) Канткенде ошол баталарды алабыз?

5 Падышалык башкарганда, ар бир кишинин өз үйү болот. Анткени Кудай Ышая пайгамбар аркылуу: «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет»,— деп айткан (Ыш. 65:21). Бирок келечекте ар биринин үйү болору гана убада кылынган эмес. Бүгүнкү күндө көптөр өз үйүндө, айрымдары атүгүл заңгыраган үйлөрдө жашашат. Анткен менен алар үйүн күтүүгө кеткен чыгымдарды жапканга каражаты жетпей калышы же уурулар тоноп кетиши мүмкүн экенин ойлоп тынчсызданышат. Ал эми Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта баары таптакыр башкача болот. Микей пайгамбар: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт»,— деп жазган (Мик. 4:4).

6 Бизди ушундай кереметтүү келечек күтүп турганын билгендиктен эмне кылышыбыз керек? Албетте, баарыбызга эле үй-жай керек. Бирок эңсеген үйүбүзгө, карызга батып болсо да, азыр жетүүгө аракет кылгандан көрө, Жахабанын убадасына көңүл топтогонубуз акылдуулук эмеспи? Иса пайгамбардын өзү жөнүндө: «Түлкүлөрдүн ийини, көктө учкан канаттуулардын уясы бар, ал эми адам Уулунун баш калкалаар жайы жок»,— деп айтканын эстесең (Лк. 9:58). Анын эч кимде жок үй куруп же сатып алууга кудурети жетмек. Анда эмне үчүн анткен эмес? Ал эч бир нерсенин Падышалыкты биринчи орунга коюуга тоскоолдук кылышын каалаган эмес. Биз да, андан үлгү алып, материалдык нерселерге алаксыбай же турмуш түйшүгүнө батпай, көзүбүздү бир эле нерсеге багыттайбызбы? (Мт. 6:33, 34).

«КАРЫШКЫР МЕНЕН КОЗУ БИРГЕ ЖАЙЫЛАТ»

7. Жахаба башында адамдарга кандай укук берген?

7 Жахаба жер бетиндеги жандуу-жансыз нерселерди жараткандан кийин акырында адамды жараткан. Ал ага байланыштуу өзгөчө ой-ниети жөнүндө чебер Устага, тун Уулуна, мындай деген: «Өзүбүздөй кылып, өзүбүзгө окшоштуруп, адам жараталы. Ал деңиздеги балыктардын, асманда учкан канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын, бүт жердин үстүнөн бийлик кылсын» (Башт. 1:26). Ошентип, Жахаба Адам ата менен Обо энеге, ошондой эле келечектеги бардык адамдарга жан-жаныбарлардын үстүнөн бийлик кылууга укук берген.

8. Жаныбарлар жөнүндө эмне айтууга болот?

8 Адамдар бардык жаныбарлардын үстүнөн бийлик кылып, алар менен тынчтыкта жашашы мүмкүнбү? Көптөр жакшы көргөн жаныбарына, мисалы, итине же мышыгына аябай жакын болушат. Ал эми жапайы жаныбарлар тууралуу эмне айтууга болот? Бир билдирүүдө: «Жырткычтар жашаган жерде жашап, аларды изилдеген окумуштуулар бардык сүт эмүүчүлөрдүн сезимдери күчтүү келерин аныкташкан»,— делет. Албетте, биз жаныбарлардын, коркунуч туулганда, үрккөнүн же жаалданганын көрүп эле жүрөбүз дечи, бирок алар назик сезимдерди чагылдырышабы? Ошол эле билдирүүдө мындай делет: «Балдарын чоңойтуп жатканда сүт эмүүчү жырткычтардын укмуштуудай өзгөчөлүгү — назик сезимдерди көрсөтүүгө жөндөмдүү экени — байкалат».

9. Жаныбарларга байланыштуу кандай өзгөрүүнү күтүүгө болот?

9 Андыктан Ыйык Китептен келечекте адамдар менен жаныбарлардын бири-бирине эч кандай зыян келтирбей турганын окуганда таң калбашыбыз керек. (Оку: Ышая 11:6—9; 65:25.) Эмне үчүн? Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү Топон суудан кийин кемеден чыгышканда, Жахабанын аларга: «Жер бетиндеги тирүү жандыктардын... баары силерден коркуп, титиреп турушсун»,— деп айтканын эстесең. Ошондон тартып жаныбарлар өздөрүн коргош үчүн адамдардан качышат (Башт. 9:2, 3). Бирок Жахаба, башында ниет кылгандай, жаныбарлар адам баласынан коркуп, үркүп турбагыдай кылып коё алат (Ош. 2:18). Армагедондон аман калып, жер бетинде жашай тургандарды кандай сонун келечек күтүп турат!

«КУДАЙ АЛАРДЫН КӨЗҮНӨН БАРДЫК ЖАШТЫ ААРЧЫЙТ»

10. Эмне үчүн көз жаш төккөн учурлар болот?

10 Сулайман падыша «күн астында ар кандай кордук көрсөтүлгөнүн» көргөндөн кийин: «Кордук көргөндөр көз жашын төгүп жатыптыр, бирок аларды соороткон эч ким жок экен»,— деп кейиген (Нас. 4:1). Азыр дүйнөдөгү жагдай андан начарлап эле кетпесе, эч жакшырган жок. Кайсы бир себептен улам көз жашын төкпөгөн ким бар? Албетте, кээде кубанганыбыздан улам көзүбүзгө жаш алышыбыз мүмкүн. Бирок көбүнчө жүрөгүбүз сыздагандыктан ыйлайбыз.

11. Ыйык Китептеги кайсы билдирүү жүрөгүңдү абдан козгойт?

11 Ыйык Китептеги адамды кайдыгер калтырбаган көптөгөн окуяларды эстесең. Аялы Саара 127 жашында каза болгондо, «Ыбрайым чатырга кирип, аны жоктоп ыйлаган» (Башт. 23:1, 2). Наами эки жесир келини менен коштошкондо, «алар боздоп ыйлай башташкан» (Рут 1:9, 14). Хиския падыша катуу ооруп, өлүм алдында жатканда Жахабага кайрылып, «өксөп ыйлаган»; буга Жахаба кош көңүл караган эмес (2 Пад. 20:1—5). Элчи Петирдин Машаякты билбейм деп танып койгону жана короз кыйкырганын укканда сыртка чыгып, «өксөп ыйлаганы» жөнүндө окуганда кимибиздин эле жүрөгүбүз козголбойт? (Мт. 26:75).

12. Падышалык башкарган убакта адамзат кандайча сооронот?

12 Башына түшкөн чоң же кичине кыйынчылыктардан улам бардык адамдар сооротууга абдан муктаж болуп келет. Миң жылдык башкарууда «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт», ошондо «өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4). Элестетсең, кайгы, өкүрүк, оору жок болсо, кандай сонун болот! Бирок Кудай андан да сонун нерсени — адамзаттын акыркы душманы болгон өлүмдү да жок кыларын — убада кылууда. Ал кандайча ишке ашат?

«МҮРЗӨЛӨРДӨ ЖАТКАНДАРДЫН БААРЫ... МҮРЗӨДӨН ЧЫГЫШАТ»

13. Адам ата күнөө кетиргенден тартып, өлүм адамдарга кандай таасир этип келет?

13 Адам ата күнөө кетиргенден тартып, өлүм адамзаттын үстүнөн падыша катары бийлик кылып келатат. Ал — күнөөкөр адамдардын эч бири качып кутула албаган, жеңе албаган, канчалагандардын шорун кайнатып, күйүт тарттырган душман (Рим. 5:12, 14). Чынында, миллиондогондор «өлүмдөн коркуп, өмүр бою кулчулукта жүрүшөт» (Евр. 2:15).

14. Өлүмдүн жок кылынышынын натыйжасы кандай болот?

14 Ыйык Китепте «акыркы душман — өлүм — жок кылына» турган убак жөнүндө айтылат (1 Кор. 15:26). Андан адамдардын эки тобу пайда алат. Азыр жашап жаткан «эбегейсиз көп адамдар» Кудай убада кылган жаңы дүйнөгө аман өтүп, түбөлүк өмүр сүрүшөт. Ошондой эле өлүм алып кеткен миллиарддаган адамдар тирилип, түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк алышат. «Эбегейсиз көп адамдар» тирилгендерди тосуп алганда кандай зор кубанычка бөлөнүшөрүн элестетсең! Ыйык Китептеги тирилгендер жөнүндөгү билдирүүлөрдүн айрымдарын тереңирээк карап чыгуу ошол учурда кандай сезимде болорубузду туюп көрүүгө жардам берет. (Оку: Марк 5:38—42; Лука 7:11—17.)

15. Көз жумган жакыныңдын тирилгенин көргөндө кандай сезимде болмоксуң?

15 Жогорудагы аяттардагы «баары абдан кубанды», «Кудайды даңктап жатышты» деген сөздөр жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң. Ал окуяларды өз көзүң менен көрсөң, балким, сен да ошондой сезимде болмоктурсуң. Көз жумган жакындарыбыздын тирилгенин көргөндө бир чети таң калсак, бир чети жүрөгүбүз кубанычка толору шексиз. Иса пайгамбар: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп айткан (Жкн. 5:28, 29). Андай нерсени эч кимибиз көрө элекпиз. Анын «көрүнбөгөн нерселердин» катарына кирген зор окуя болору күмөнсүз.

«КУДАЙ БААРЫНЫН БАШЧЫСЫ БОЛОТ»

16. а) Келечектеги баталар жөнүндө башкаларга күйүп-жанып айтып бергенибиз эмне үчүн маанилүү? б) Элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерин кайраттандырыш үчүн эмне кылган?

16 Ооба, азыркы оор убакта Жахабага берилгендигин сактагандарды кереметтүү келечек күтүп турат! Алдыдагы зор баталарды али көрө элек болсок да, аларды эсибизде бек сактоо чындап маанилүү нерселерге көңүл топтоого жана бул дүйнөнүн азгырыктарына алаксыбоого жардам берет (Лк. 21:34; 1 Тим. 6:17—19). Келгиле, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде, ишенимдештерибиз менен пикирлешкенде, Ыйык Китепти изилдеп жаткандар менен жана жакшы кабарга кызыккандар менен сүйлөшкөндө ошол кереметтүү үмүтүбүз, келечегибиз жөнүндө күйүп-жанып айтып берүүгө умтулалы. Бул бизге ошол нерселерди жүрөгүбүздө жана акылыбызда тунук сактоого көмөк кылат. Элчи Пабыл ишенимдештерин кайраттандырыш үчүн так ошондой кылган. Мындайча айтканда, ал аларды Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягына чейин алып барып келген. Анын 1 Корунттуктар 15:24, 25, 28-аяттарда жазылган сөздөрүнүн мааниси жөнүндө ой жүгүртүп, алардын аткарылышын элестетип көр. (Аяттарды оку.)

17, 18. а) Адамзат тарыхынын башында Жахаба кандай мааниде «баарынын башчысы болгон»? б) Адамдардын Кудай менен болгон мамилесин, биримдигин калыбына келтирүү үчүн Иса Машаяк эмне кылат?

17 Миң жылдыктын аягында жашоо кандай болорун «Кудай баарынын башчысы болот» деген сөздөр эң сонун сүрөттөп турат. Ал сөздөр эмнени билдирет? Эйден багында жашаган жеткилең адамдардын, Адам ата менен Обо эненин, Жахабанын биримдүү үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгон убак тууралуу ойлонуп көрсөң. Ааламдын Эгедери Жахаба бардык жаратууларына: периштелерге да, адамдарга да түзмө-түз башчылык кылган. Алар аны менен түзмө-түз сүйлөшө алышкан, ага сыйынышкан жана андан бата алышкан. «Кудай баарынын башчысы болгон».

18 Адамдар Шайтанга азгырылып, Жахабанын эгедерлигине каршы чыкканда, алардын Аны менен болгон ынак мамилесине доо кеткен. Бирок 1914-жылдан тартып Машаяк башкарган Падышалык ошол мамилени жана биримдикти калыбына келтирүү үчүн чара көрүп келет (Эф. 1:9, 10). Миң жылдык башкарууда азырынча «көрүнбөгөн» кереметтүү нерселер аткарылат. Анан «эң аягы» келет, башкача айтканда, Машаяктын Миң жылдык башкаруусу соңуна чыгат. Андан кийин эмне болот? «Асмандагы жана жердеги бийликтин баарына» ээ болсо да, Иса Машаяк атак сүйүүчү эмес. Жахабанын ордун ээлеп алуу анын оюна да келбейт. Ал момундук менен «Падышалыкты өзүнүн Кудайына жана Атасына өткөрүп берет». Ал дайыма өзүнүн теңдешсиз абалын, бийлигин Кудайды даңкташ үчүн колдонот (Мт. 28:18; Флп. 2:9—11).

19, 20. а) Падышалыктын эли Жахабанын эгедерлигине баш иерин кантип көрсөтөт? б) Бизди кандай келечек күтүп турат?

19 Ошол убакта Падышалыктын жердеги эли жеткилеңдикке жеткен болот. Иса Машаяктан үлгү алып, алар момундук жана даярдуулук менен Жахабанын эгедерлигине баш ийишет. Алар Кудайга баш ийгиси келерин акыркы сыноодо ишенимдүү калуу менен көрсөтүшөт (Аян 20:7—10). Андан соң козголоңчул периштелер менен адамдардын баары түбөлүккө жок кылынат. Ошондо баарыбыз кандай гана кубанып-шаттанабыз! Жахабанын бүт үй-бүлөсү аны кубанычтуу даңктайт жана ал «баарынын башчысы болот». (Оку: Забур 99:1—3.)

20 Падышалык жакын арада ишке ашыра турган ошол кереметтүү нерселер сага Кудайдын эркин аткарууга бүт көңүлүңдү топтоп, бүт күчүңдү жумшоого түрткү береби? Шайтандын дүйнөсү сунуш кылган жалган үмүткө, сооротууга алданып калбаш үчүн сак болосуңбу? Жахабанын эгедерлигин колдоого, жактоого ого бетер чечкиндүүсүңбү? Түбөлүккө ушундай кылгың келерин иш-аракеттериң менен далилдей бер. Ошондо миң жыл бою жана түбөлүктөн түбөлүккө тынчтыкта, бейкуттукта өмүр сүрөсүң!