Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба менен Машаяктан чыдамдуулукка үйрөнөлү

Жахаба менен Машаяктан чыдамдуулукка үйрөнөлү

«Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептегиле» (2 ПЕТ. 3:15).

1. Кудайдын ишенимдүү кызматчыларын кандай суроо ойлондурат?

ЖАХАБАГА ондогон жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткан жана башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн бир эже: «Бул дүйнөнүн акыры көзүм тирүү турганда келет болду бекен?» — деген. Көп убакыттан бери чындык жолунда жүргөн айрым ишенимдештерибизди ушундай суроо ойлондурат. Кудай бүт кыйынчылыктарыбыздан арылтып, бардыгын жаңы жарата турган күндү баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Аян 21:5). Бирок Шайтандын дүйнөсү жок болоруна абдан аз калганына ишенүүгө толук негиз бар болсо да, ал күндү чыдамдуулук менен күтүү оңой болбошу мүмкүн.

2. Чыдамдуулукка байланыштуу кандай суроолорду карап чыгабыз?

2 Ошентсе да Ыйык Китеп бизди чыдамдуу болууга чакырат. Эгер Кудайга бекем ишенип, анын убадалары жүзөгө аша турган убакты чыдамдуулук менен күтсөк, анын байыркы убактагы кызматчыларындай болуп, алардын аткарылышын өз көзүбүз менен көрөбүз. (Оку: Еврейлер 6:11, 12.) Жахаба өзү да чыдамдуулук көрсөтүп келет. Ал жамандыкты качан эле жок кылып коё алмак, бирок ылайыктуу учурду күтүп жатат (Рим. 9:20—24). Ал эмне үчүн ушул кезге чейин чыдап келет? Иса Машаяк кандайча Кудайга окшоп чыдамдуу болуп, бизге үлгү көрсөтүп келет? Кудайды туурап, чыдамдуу болсок, кандай пайда алабыз? Бул суроолорго жооп алуу, Жахабанын күнү кечигип жаткандай сезилсе да, аны чыдамдуулук менен күтүүгө жана Ага бекем ишенүүгө жардам берет.

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫДАП КЕЛЕТ?

3, 4. а) Кудай жерге болгон ой-ниетин ишке ашырууда эмне үчүн чыдамдуулук көрсөтүп келет? б) Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин албай койгондо, ал эмне кылган?

3 Жахаба олуттуу себептерден улам чыдап келет. Ооба, ал ааламдагы эң жогорку бийликке ээ. Бирок Эйден багында аң-сезимдүү жаратуулардын баарына тиешеси бар талаш маселелер көтөрүлгөн. Жахаба алардын эң туура жол менен чечилишине убакыт талап кылынарын билгендиктен ушул убакка чейин чыдап келет. Ал асмандагы жана жердеги аң-сезимдүү жаратууларынын иштерин, көз караштарын эң жакшы билгендиктен, баарыбыздын жыргалчылыгыбызды көздөп иш кыларына шектенбесек болот (Евр. 4:13).

4 Жахаба Кудай жер бетин Адам ата менен Обо эненин урпактарына толтурууну ниет кылган. Шайтан Обо энени азгырганда жана Адам ата Кудайдын осуятын бузганда, Кудай ал ниетин өзгөрткөн эмес. Ошондой эле эмне кыларын билбей, шашылыш чечим чыгарып койгон эмес же сезимдерге алдырып, адамзатка кол шилтеп койгон эмес. Анын ордуна, адамдарга жана жерге болгон ой-ниетин ишке ашыруунун жолун ойлонуштурган (Ыш. 55:11). Ой-ниети эң сонун жол менен ишке ашышы жана эгедерлиги акталышы үчүн миңдеген жылдар бою күтүүгө туура келсе да, Жахаба зор чыдамдуулук көрсөтүп келет.

5. Жахабанын чыдамдуулугунун аркасында кандай баталарга ээ болобуз?

5 Жахаба көп адамдардын түбөлүк өмүр сүрүшүн каалагандыктан да чыдамдуулук көрсөтүп келет. Ал азыр «эбегейсиз көп адамдардын» аман калышына чара көрүп жатат (Аян 7:9, 14; 14:6). Биздин кабар айтуу ишибиз аркылуу ал башкаларды өзүнүн Падышалыгы жана адил нормалары жөнүндө билим алууга чакырууда. Падышалык жөнүндөгү кабар — адамзат үчүн эң жакшы кабар (Мт. 24:14). Жахаба өзүнө жакындаткан ар бир киши адилдикти сүйгөн чыныгы достордон турган бүткүл дүйнөлүк жыйналышка мүчө болот (Жкн. 6:44—47). Мээримдүү Кудайыбыз андай адамдарга анын ырайымына ээ болууга жардам берет. Андан сырткары, ал адамдардын арасынан асмандагы өкмөтүнүн келечектеги мүчөлөрүн тандап келет. Асманга барганда Кудайдын ал берилген кызматчылары тил алчаак адамдарга жеткилеңдикке жетип, чексиз өмүргө ээ болууга жардам берет. Ооба, Жахаба чыдамдуулук менен күтүп, ошол эле учурда биздин жыргалчылыгыбызды ойлоп, өзүнүн убадаларын аткарыш үчүн эмгектенип келет.

6. а) Нух пайгамбардын күндөрүндө Жахаба кантип чыдамдуулук көрсөткөн? б) Бүгүнкү күндө Жахаба кантип чыдамдуулук көрсөтүп жатат?

6 Жахабанын төбө чачты тик тургузган иштер кылынганда да чыдамдуулук көрсөтөрүн Топон суу жөнүндөгү билдирүүдөн биле алабыз. Ошол убакта жер адеп-ахлаксыздыкка, зордук-зомбулукка толуп кеткен. Адамдардын ушунчалык бузулганын көрүп, Жахабанын «жүрөгү ооруган» (Башт. 6:2—8). Ал жамандыкка түбөлүк чыдай бермек эмес. Ошондуктан ыймансыздарды жок кылуу үчүн топон суу каптатууну чечкен. Жахаба Кудай «Нухтун күндөрүндө... чыдамдуулук менен күтүп», аны үй-бүлөсү менен куткарып калуу үчүн чара көргөн (1 Пет. 3:20). Өз убагы келгенде, ага эмне кылганы жатканын айтып, кеме курууну буйруган (Башт. 6:14—22). Нух пайгамбар кеме кургандан тышкары, «адилдиктин кабарчысы болгон»: ал замандаштарына жакындап келаткан алаамат жөнүндө кабарлаган (2 Пет. 2:5). Иса пайгамбар биздин күндөр Нух пайгамбардын күндөрүнө окшош болорун айткан. Жахаба бул дүйнөнү качан жок кыларын чечип койгон. Бирок «ал күндү жана саатты» бир да адам билбейт (Мт. 24:36). Ал убакыт келгенге чейин, биз Кудай тапшырган ишти аткарышыбыз, башкача айтканда, адамдарга алдыда боло турган алаамат жөнүндө эскертип, куткарылуу үчүн эмне кылуу керектигин айтышыбыз керек.

7. Кудай убадаларын аткарууну кечеңдетип жатабы? Түшүндүр.

7 Албетте, Жахабанын чыдамдуулугу анын жөн эле убакыттын өтүшүн күтүп отурганын билдирбейт. Биз эч качан анын чыдамдуулугун кайдыгерлик же көңүл коштук менен чаташтырбашыбыз керек. Чынын айтканда, жашыбыз өр тартып баратса же азыркы каардуу дүйнөдө кайсы бир кыйынчылыктан улам азап чегип жатсак, муну эсибизде сактоо оңойго турбашы мүмкүн. Андайда ындыныбыз өчүшү же Кудай убадаларын аткарууну кечеңдетип жатат деп ойлошубуз ыктымал (Евр. 10:36). Бирок анын чыдамдуулук көрсөтүшүнө жүйөлүү себептер бар экенин жана ал убакытты ишенимдүү кызматчыларынын жыргалчылыгы үчүн колдонуп жатканын унутпайлы (2 Пет. 2:3; 3:9). Келгиле, азыр Иса Машаяктын, Кудайга окшоп, кандайча чыдамдуулук көрсөтүп келерин карап көрөлү.

МАШАЯК — ЧЫДАМДУУ БОЛУУ ЖАГЫНАН МЫКТЫ ҮЛГҮ

8. Иса Машаяк кандай жагдайларда чыдамдуулук көрсөткөн?

8 Иса Машаяк Кудайдын эркин миллиарддаган жылдардан бери жан-дили менен аткарып келатат. Шайтан Кудайга каршы чыкканда, Кудай өзүнүн тун Уулун жерге Машаяк катары жиберүүнү чечкен. Бул Иса Машаяк үчүн эмнени билдиргенин ойлоп көрсөң. Ал миңдеген жылдар бою чыдамдуулук менен күтүшү керек болгон. (Оку: Галатиялыктар 4:4.) Бирок ал ошончо жыл жөн эле күтүп отура берген эмес. Ал Атасы тапшырган иштерди бүт дитин коюп аткара берген. Жерге келгенде пайгамбарлыкта айтылгандар боюнча Шайтандын колунан өлөрүн билген (Башт. 3:15; Мт. 16:21). Ошондой эле Кудайдын эркине баш ийип, азап чегип өлүүгө даяр болгон. Бул анын Кудайга болгон зор берилгендигин көрсөтүп турат. Ал биринчи кезекте өзү жана ээлеген абалы жөнүндө ойлогон эмес. Бул биз үчүн кандай сонун үлгү (Евр. 5:8, 9).

9, 10. а) Иса Машаяк Жахаба иш-аракет кыла турган убакты күтүү менен бирге эмне кылып келет? б) Жахаба белгилеген убакыт-мөөнөткө кандай карашыбыз керек?

9 Иса Машаяк тирилгенден кийин, ага асмандагы жана жердеги бийликтин бардыгы берилген (Мт. 28:18). Ал бийлигин дайыма Жахаба белгилеген убакта анын ой-ниетин ишке ашыруу үчүн колдонот. Иса Машаяк Кудайдын оң жагында отуруп, 1914-жылы душмандары бут алдына жыгылганга чейин, чыдамдуулук менен күткөн (Заб. 110:1, 2; Евр. 10:12, 13). Жакында ал Шайтандын дүйнөсүн жок кылуу үчүн ишке киришет. Ал эми азыр адамдарга Кудайдын ырайымына ээ болууга жардам берип, аларды «өмүр суусуна» багыттоодо (Аян 7:17).

10 Анын үлгүсүнөн Жахаба белгилеген убакыт-мөөнөткө кандай карашыбыз керектигин байкадыңбы? Иса Машаяк Атасы тапшырган ишти аткарууга абдан дилгир болсо да, ал белгилеген убакытты даярдуулук менен күткөн. Биз да Шайтандын дүйнөсүнүн талкаланышын күтүп жатып чыдамдуу болушубуз керек, тактап айтканда, Кудайдан алдыга озуп кетпешибиз же көңүлүбүздү чөктүрүп, ал күндүн жакында келеринен үмүт үзүп койбошубуз керек. Чыдамдуулук өрчүтүү үчүн эмне кылуу зарыл?

КАНТКЕНДЕ ЧЫДАМДУУЛУК ӨРЧҮТӨ АЛАБЫЗ?

11. а) Ишеним менен чыдамдуулуктун ортосунда кандай байланыш бар? б) Ишенимибиздин бекем болушуна кандай себептер бар?

11 Иса Машаяк жерге келгенге чейин, Кудайдын пайгамбарлары менен башка кызматчылары атүгүл жеткилең эмес адамдардын да чыдамдуулук көрсөтө аларын далилдешкен. Алардын чыдамдуулугу ишеним менен түзмө-түз байланышта болгон. (Оку: Жакып 5:10, 11.) Эгер алар Жахабанын убадаларына бекем ишенишпесе, алардын аткарылышын чыдамдуулук менен күтүшөт беле? Кудайдын акыр-аягы убадаларын аткарарына бекем ишенгендиктен алар далай жолу оор сыноолорго чыдашкан (Евр. 11:13, 35—40). Бизде ишенимибиздин бекем болушуна алардыкынан да чоң себеп бар. Себеби азыркы учурда Иса Машаяк ишенимибизди «жеткилең кылуучу» катары кызмат кылууда (Евр. 12:2). Ал алдын ала айтылган пайгамбардыктарды аткарган жана Кудайдын ой-ниетин бизге ачып берген. Бул болсо ишенимибиздин бекем болушуна өбөлгө түзөт.

12. Ишенимибизди бекемдөө үчүн эмне кылсак болот?

12 Ишенимибизди бекемдеп, чыдамдуулугубузду өрчүтүү үчүн кандай кадамдарды жасасак болот? Эң алды, Кудайдын кеңештерин колдонуу маанилүү. Мисалы, эмне себептен жашоодо Падышалыкты биринчи орунга коёруң жөнүндө ойлонуп көр. Матай 6:33төгү кеңешти колдонууга көбүрөөк күч жумшай аласыңбы? Бул кызматка көбүрөөк убактыңды арноону же жашооңдун кайсы бир тармагын өзгөртүүнү билдириши мүмкүн. Жахаба ушуга чейин кылган аракеттериңе кандайча батасын берип келгенин көз жаздымыңда калтырба. Балким, ал сага ыйык китептик изилдөө баштап, аны өткөрүүгө же өзүнүн «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» ээ болууга жардам бергендир. (Оку: Филипиликтер 4:7.) Эгер Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен кандай пайдаларды алганың тууралуу ой жүгүртсөң, чыдамдуу болуу канчалык пайдалуу экенин баамдайсың (Заб. 34:8).

13. Ишенимибизди бекемдеп, чыдамдуулугубузду өрчүтүүнү эмнеге салыштырууга болот?

13 Бул процессти үрөн себүүгө, өстүрүүгө жана түшүм жыйноого салыштырууга болот. Дыйкан мол түшүм алган сайын, кийинки жылы да үрөн себүүгө дилгир болот. Албетте, ага түшүм жыйнаганга чейин белгилүү бир убакыт күтүүгө туура келет. Бирок ал ошондон улам эле үрөн сеппей койбойт. Тескерисинче, мурунку жылга караганда көбүрөөк себиши мүмкүн. Ал түшүм аларына толук ишенет. Анын сыңарындай, биз да Жахабанын көрсөтмөлөрүн жылдан жылга көбүрөк билип, аларды колдонуп, үзүрүн көрө берсек, Жахабага болгон ишенимибиз арта берет. Ал эми ишенимибиз өскөн сайын, келечекте ала турган баталарды күтүү кыйынга турбай калат. (Оку: Жакып 5:7, 8.)

14, 15. Адамдардын кыйналып жатканына кандай карашыбыз керек?

14 Чыдамдуулук өрчүтүүнүн дагы бир жолу — бул дүйнөгө жана өзүбүздүн жагдай-шартыбызга туура көз карашта болууга үйрөнүү. Бардык нерсеге Жахабанын көз карашы менен кароого умтул. Маселен, анын адамдардын кыйналып жатканына кандай караары тууралуу ойлонуп көр. Ал эзелтен бери эле адам баласынын азап чеккенин көрүп, жүрөгү ооруп келет. Бирок кайгыга чөгүп, жакшылык кылууга жөндөмсүз болуп калган жок. Ал «Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн» жана адамзатка келтирилген бардык зыянды жоюу үчүн тун Уулун жерге жиберген (1 Жкн. 3:8). Ырас, азап-кайгы убактылуу эле болот; жакында Кудай аны түбөлүккө жок кылат. Андыктан Шайтандын дүйнөсүндө болуп жаткан жамандыкка көңүл топтоп, ындыныбызды өчүргөндүн же бул дүйнө качан бүтөт деп чыдамсыздык көрсөткөндүн ордуна, түбөлүккө созула турган, «көрүнбөгөн нерселердин» болоруна ишеним арталы. Жахаба жамандыкка убактылуу эле жол берген жана өз убагы келгенде иш-аракет кылат (Ыш. 46:13; Нкм. 1:9).

15 Биз бул дүйнөнүн акыркы оор күндөрүндө жашап жаткандыктан, ишенимибиз катуу сыналышы мүмкүн. Эгер зордук-зомбулукка кабылсак же жакын адамыбыз кыйналып жатса, ачууга алдыргандын ордуна, Жахабага толугу менен таянууга чечкиндүү бололу. Биз жеткилең эмеспиз. Андыктан Жахабага таянуу оңойго турбашы мүмкүн. Бирок Матай 26:39да Иса пайгамбардын эмне дегенине көңүл бурсаң. (Аятты оку.)

16. Бул дүйнөнүн соңунда кандай ой жүгүртүүдөн качышыбыз керек?

16 Чыдамдуу болууга «көрө жатарбыз» деп ой жүгүртүү тоскоолдук кылат. Кандайча? Бул дүйнөнүн акыры жакында келерине толук ишенбеген адам: «Кокус Жахабанын убадалары аткарылбай калсачы» — деп, өзүнүн мүдөө-максаттарын ишке ашырууну ойлонуштурушу мүмкүн. Башкача айтканда, ал: «Жахаба сөзүнө турабы же жокпу, көрө жатарбыз»,— деп ойлонушу мүмкүн. Анан Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга койбой, бул дүйнөдө өзүнүн атын чыгарууга, баюуга умтула башташы же азыр майкөл-сүткөл жашаш үчүн жогорку окуу жайына тапшырууну чечиши мүмкүн. Бирок мындай кылуу ишенимдин жетишсиздигинен кабар бермек. Элчи Пабыл «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында» Жахабадан убадаларды алган ишенимдүү кызматчылардан үлгү алууга чакырган (Евр. 6:12). Жахаба бул бузулган дүйнөнүн өзү туура көргөн убакка чейин гана созулушуна жол берет (Хаб. 2:3). Андыктан биз Жахабага илең-салаң кызмат кылуудан качышыбыз керек. Анын ордуна, сергек болуп, жакшы кабарды башкаларга тырышчаактык менен айта беришибиз кажет. Бул бизге эч нерсеге салыштырылгыс канааттануу тартуулайт (Лк. 21:36).

ЧЫДАМДУУ БОЛСОК, КАНДАЙ БАТАЛАРГА ЭЭ БОЛОБУЗ?

17, 18. а) Кудайдын күнүн күтүп жатып бизде эмнени далилдөөгө мүмкүнчүлүк бар? б) Чыдамдуу болсок, келечекте кандай баталарды алабыз?

17 Кудайга бир нече айдан бери кызмат кылып жатабызбы же ондогон жылдардан бериби, ага түбөлүккө кызмат кылгыбыз келет. Бул дүйнөнүн бүтөрүнө канча убакыт калбасын, чыдамдуулук бизге аягына чейин туруктуу болуп, куткарылууга жардам берет. Жахаба азыр бизге анын чечимдеринин тууралыгына ишенерибизди жана зарыл болсо, анын ысмы үчүн жамандыкка чыдоого даяр экенибизди далилдөөгө мүмкүнчүлүк берип жатат (1 Пет. 4:13, 14). Ошондой эле ал бизди чыдамдуу болууга үйрөтүүдө. Бул болсо куткарылышыбыз үчүн абдан зарыл (1 Пет. 5:10).

18 Иса Машаякка асмандагы жана жердеги бардык бийлик берилген. Өзүң эле жол берип койбосоң, анын колунан сени эч ким тартып ала албайт (Жкн. 10:28, 29). Келечектен, атүгүл өлүмдөн коркууга эч кандай себеп жок. Аягына чейин чыдагандар куткарылат. Андыктан бул дүйнөгө азгырылып, Кудайга таянбай калуудан сак бололу. Ошондой эле ишенимибизди бекемдеп, Кудай чыдамдуулук кылып жаткан убакытты акылдуулук менен колдонууга чечкиндүү бололу. (Мт. 24:13; оку: 2 Петир 3:17, 18.)