Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал күндү да, сааты да билбейсиңер»

«Ал күндү да, сааты да билбейсиңер»

«Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер» (МТ. 25:13).

1—3. а) Иса пайгамбардын эки мисалында кандай жагдайлар сүрөттөлгөн? б) Кайсы суроолорго жооп алышыбыз керек?

ЧОҢ кызматта иштеген жетекчинин сенден аны бир маанилүү жолугушууга алып барып келүүнү суранганын элестетсең. Бирок жолго чыгайын деп жатканда, машинеңдин майы түгөнүп калганын билесиң. Ошондуктан учкан бойдон май куйдуруп келгени жөнөйсүң. Кетериң менен, жетекчи келип, сени таппай калат. Сени күткөнгө убактысы жок болгондуктан ал башка бирөөнөн суранат. Келсең, кетип калган болот. Ошондо өзүңдү кандай сезет элең?

2 Эми өзүңдүн жетекчи экениңди жана үч жөндөмдүү кишиге бир маанилүү иш тапшырганыңды элестетсең. Аларга эмне кылышы керектигин түшүндүрөсүң, алар болсо шак эле макул болушат. Анткен менен кайтып келсең, алардын экөө эле тапшырган ишиңди аткарган болот. Үчүнчүсү болсо ар кандай шылтоолорду айтып актанат. Атүгүл аракет да кылбаптыр. Ошондо кандай сезимде болот элең?

3 Кыздар жана таланттар жөнүндөгү мисалдарында Иса пайгамбар ушу сыяктуу жагдайды сүрөттөп, эмне себептен акыркы күндөрдө өзүнүн майланган жолдоочуларынын айрымдары ишенимдүү жана акылдуу болорун, ал эми башкалары андай болбой турганын түшүндүргөн * (Мт. 25:1—30). Ал: «Ошондуктан сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер» — деп, сөзүнүн төркүнүн айткан. Муну менен ал шакирттеринин анын Шайтандын дүйнөсүнө чыгарылган өкүмдү качан ишке ашырарын билбей турганын айткан (Мт. 25:13). Иса Машаяктын кеңеши бүгүн биз үчүн да маанилүү. Анын кеңешине кулак кагып, сергек болгонубуздун кандай пайдасы бар? Кимдер куткарылууга даяр экенин далилдеп келет? Сергек болуш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

СЕРГЕК БОЛУУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

4. Эмне үчүн «сергек болуу» канча убакыт калганын билиш үчүн дайыма саатты карап турууну билдирбейт?

4 Завод-фабрикада иштесек, доктурга бара турган болсок же коомдук транспорт менен бир жакка барганы жатсак, саат канча болгонун карап туруу маанилүү. Бирок өрт өчүрүү, кырсыктан кийин адамдарды куткаруу сыяктуу иштерде кайра-кайра саатты кароо алаксытышы, атүгүл опурталдуу болушу мүмкүн. Андай жагдайларда убакытка эмес, ишке көңүл топтоо көбүрөөк маанилүү. Бул дүйнөнүн акыры барган сайын жакындап келаткандыктан, азыр башкаларга Кудайдын адамзатты куткаруу үчүн караштырган чаралары тууралуу айтуу болуп көрбөгөндөй маанилүү. Бирок сергек болуп, Жахаба тапшырган ишти аткаруу үчүн, бул дүйнөнүн акыры качан келерин так билүүнүн зарылдыгы жок. Чынында, ал күндү же саатты билбегенибиздин, бери дегенде, беш пайдасы бар.

5. Дүйнөнүн акыры качан келерин билбегенибиз ниетибизди текшерүүгө кандайча жардам берет?

5 Биринчиден, дүйнөнүн акыры качан келерин так билбегенибиз ниетибиздин кандай экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал күндү билбесек да, чечим чыгаруу эркиндигибизди туура колдонуп, Жахабага берилгендик менен кызмат кылганыбыз ниетибиздин таза экенин айгинелейт. Бул болсо бизге кубаныч тартуулайт. Бул дүйнөнүн акыры келгенде куткарылып калууну чыдамсыздык менен күтүп жатсак да, биз Жахабага аман калуу үчүн эле эмес, аны сүйгөндүктөн кызмат кылабыз. (Оку: Забур 37:4.) Ошондой эле Кудайдын эркин аткаруудан кубаныч алабыз жана анын бизди пайдалуу нерсеге үйрөтүп жатканын түшүнөбүз (Ыш. 48:17). Биз үчүн анын осуяттарын аткаруу оор эмес (1 Жкн. 5:3).

6. Кудайга аны сүйгөндүктөн кызмат кылганыбызда, ал кандай сезимде болот жана эмне үчүн?

6 Экинчиден, ал күндү жана саатты билбегенибиз бизге Жахабанын жүрөгүн кубантууга мүмкүнчүлүк берет. Кудайга анын күнүнө аз калгандыктан же сыйлык алууну каалагандыктан эле эмес, аны сүйгөндүктөн кызмат кылганыбызда, ал каршылашы Шайтандын жалаасын төгүнгө чыгара алат. (Аюп 2:4, 5; оку: Накыл сөздөр 27:11.) Шайтандын адамзатты кандай азапка салганын билгендиктен биз анын каардуу башкаруусун четке кагып, Жахабанын эгедерлигин жактоого чечкиндүүбүз.

7. Өз кызыкчылыгыбызды көздөбөй жашаганыбыз эмне үчүн жакшы деп ойлойсуң?

7 Үчүнчүдөн, дүйнөнүн акыры кайсы күнү, кайсы саатта келерин билбегенибиз бизге өз кызыкчылыгыбызды көздөбөй жашаганга көмөк кылат. Бүгүнкү күндө Кудайды билбеген айрым адамдар да бул дүйнө жок болот деп ишенишет. Алар жакында кандайдыр бир алаамат болот деп коркушуп: «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деген ой менен жашашат (1 Кор. 15:32). Бирок, алардан айырмаланып, биз кооптонбойбуз. Ошондой эле обочолонуп, жеке каалоолорубузду канааттандырууга умтулбайбыз (Накыл 18:1). Тескерисинче, өзүбүздөн баш тартып, убактыбызды, күч-кубатыбызды жана колдо бар нерселерибизди башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтууга жумшайбыз. (Оку: Матай 16:24.) Биз Кудайга кызмат кылуудан, айрыкча, адамдарга ал жөнүндө билүүгө жардам берүүдөн ырахат алабыз.

8. Жахабага жана анын Сөзүнө таянышыбыз керектигин Ыйык Китептеги кайсы окуя көрсөтүп турат?

8 Ал күндү же саатты билбегенибиздин төртүнчү пайдасы, бул бизге Кудайга көбүрөөк таянууга жана жашообузда анын Сөзүндө айтылгандарды ынтызарлык менен колдонууга жардам берет. Жеткилеңсиз болгондуктан биз өзүбүзгө таянууга жакын келебиз. Элчи Пабыл Машаяктын бардык жолдоочуларын: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун»,— деп үндөгөн. Жашыя ысрайыл элин убада кылынган жерге алып кирерде, 23000 киши Жахабанын ырайымынан айрылып калган. Пабыл айткандай, «алардын башынан өткөндүн баары... дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 Кор. 10:8, 11, 12).

9. Кыйынчылыктар кандайча бизди тазалайт жана Кудайга жакындатат?

9 Дүйнөнүн акыры качан келерин так билбегенибиздин бешинчи пайдасы, бул бизге азыркы кыйынчылыктарыбыздын аркасында такшалууга, ишенимибизди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. (Оку: Забур 119:71.) Биз бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө, «өзгөчө оор мезгилде», жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Шайтандын дүйнөсүндө көптөр бизди жек көрөт, андыктан куугунтукка алынышыбыз мүмкүн (Жкн. 15:19; 16:2). Андай сыноо учурунда момундук менен Кудайдын жетекчилигине баш ийсек, от металлдын сапатын жогорулаткандай, кыйынчылыктар ишенимибизди бекемдейт. Андыктан кызматыбызды токтотпой, Жахаба менен өзүбүз элестеткенден да жакын мамиледе болобуз (Жкп. 1:2—4; 4:8).

10. Эмнеден улам убакыт бат өткөндөй сезилиши мүмкүн?

10 Айрымдар үчүн убакыт бат өтсө, башкалар үчүн жай өтөт. Эгер саатты карай бербей, бүт бойдон иш менен алек болсок, убакыт учкан куштай тез өтөт. Анын сыңарындай, Жахаба тапшырган ишти жан-дилибиз менен аткара берсек, ал күндүн кантип келип калганын билбей да калышыбыз мүмкүн. Бул жагынан майлангандардын көбү бизге сонун үлгү көрсөтүп келишет. Келгиле, 1914-жылы Иса Машаяк Падыша болгондон кийин, эмне болгонун жана кандайча айрымдардын даяр турганын, ал эми башкалардын даяр турбаганын карап көрөлү.

МАЙЛАНГАНДАР ДАЯР ТУРУШАТ

11. 1914-жылдан кийин эмне үчүн айрым майлангандар Мырзасы кечигип жатат деп ойлошкон?

11 Иса пайгамбардын кыздар жана таланттар жөнүндөгү мисалдарын эстесең. Эгер мисалдардагы кыздар үйлөнө турган жигиттин же кулдар мырзасынын качан келерин билишсе, аларга сергек туруунун зарылдыгы болмок эмес. Бирок алар аны билбегендиктен сергек болушу керек эле. Майлангандар ондогон жылдар бою 1914-жыл өзгөчө жыл болот деп күтүп келишсе да, ошол жылы эмне болорун так билишкен эмес. Анан алар күткөндөй болбой калганда, аларга үйлөнө турган жигит кечигип жаткандай көрүнгөн. Бир ишенимдешибиз кийинчерээк: «Айрымдарыбыз 1914-жылдын октябрынын биринчи жумасында асманга барабыз деп бекем ишенгенбиз»,— деп эскерген.

12. Майлангандар өздөрүнүн ишенимдүү жана акылдуу экенин кантип далилдешкен?

12 Дүйнөнүн акыры алар күткөн убакта келбей калганда, кандай гана жаман болушканын элестетсең. Анын үстүнө, бир туугандар Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда куугунтукка кабылышкан. Ошондо кабар айтуу иши дээрлик токтоп калган. Мындайча айтканда, майлангандар рухий жактан уктап калышкан. Бирок 1919-жылы аларды бир нерсе ойготкон: Иса Машаяк анын жолдоочусумун дегендердин баарын текшерүү үчүн келген. Кээ бирлери ал текшерүүдөн өткөн эмес жана Падышанын ишин улантуу артыкчылыгынан айрылып калышкан (Мт. 25:16). Алар, акылсыз кыздардай болуп, рухий чырагына май толтуруп алышкан эмес. Ошондой эле, жалкоо кулга окшоп, Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн курмандыктарга барууга даяр болушкан эмес. Анткен менен майлангандардын көбү Кудайга толук берилген адамдардан экенин жана согуш учурунда да Мырзасына кызмат кылууга чын ыкластан даяр экенин көрсөтүшкөн.

13. 1914-жылдан кийин кул тобунун маанайы кандай болгон жана азыр кандай?

13 1914-жылдан кийин «Күзөт мунарасына» мындай маанилүү ой жазылган: «Бир туугандар, ким Кудайга карата туура көз карашта болсо, эч качан анын көңүлү кайт болбойт. Биз өзүбүздүн эркибиздин аткарылышын каалаган эмеспиз. Андыктан 1914-жылдын октябрь айында туура эмес нерсени күтүп жатканыбызды түшүнгөндө Теңирибиз биздин кызыкчылыгыбыз үчүн ой-ниетин өзгөртпөгөнүнө кубанганбыз. Чынында, өзгөртүшүн деле каалаган эмеспиз, тек гана анын ой-ниетин тереңирээк түшүнүүнү каалаганбыз». Азыркы күндө да Машаяктын майланган жолдоочулары момундугу, Кудайга болгон берилгендиги менен айырмаланып турушат. Алар Кудайдан аян алып жатабыз деп ырасташпайт. Алар Мырзабыздын жердеги ишин жигердүү аткарышат. «Башка койлорго» кирген «эбегейсиз көп адамдар» — Жахабанын жерде жашоого үмүттөнгөн кызматчылары — майлангандардан үлгү алуу менен сергек туруп, Жахабага ынталуу кызмат кылышууда (Аян 7:9; Жкн. 10:16).

ДАЯР ТУР

14. Рухий тамак берүүгө дайындалган кул тобунун жетекчилигине баш ийүү бизди кандайча коргойт?

14 Машаяктын майланган жолдоочуларындай эле, эбегейсиз көп адамдарга кирген сергек турган бир туугандар рухий тамак берүүгө дайындалган кул тобунун жетекчилигине баш ийишет. Натыйжада алар да, мындайча айтканда, Кудайдын Сөзүнөн жана рухунан өздөрүнүн рухий чырактарына май толтурушууда. (Оку: Забур 119:130; Жакан 16:13.) Ошентип, алар ишенимин бекемдеп, оор сыноолорго карабай, жигердүү кызмат кылып, Машаяктын кайтып келишине даяр турушат. Мисалы, бир нацисттик концлагерде бир туугандарда Ыйык Китептин бир эле нускасы болгон. Ошондуктан алар Кудайдан көбүрөөк рухий тамак беришин тиленишкен. Ошондон көп өтпөй лагерге жаңы түшкөн бир ишенимдешибиз жыгач протез бутуна «Күзөт мунарасынын» бир нече жаңы санын катып кирген. Лагерден аман-эсен чыккандардын бири Эрнст Вауер деген майланган бир тууган болгон. Ал кийинчерээк: «Жахаба бизге ошол макалалардагы кайраттандырарлык ойлорду көңүлүбүзгө түйүп калганга кереметтүү түрдө жардам берди»,— деп эскерген. Анан мындай деп сөзүн улаган: «Азыр рухий тамак алуу аябай эле жеңил. Бирок аны дайыма баалайбызбы? Мен Жахабанын ага таянгандарга, ага берилгендерге жана анын дасторконунан тамактангандарга батасын мол берерине бекем ишенем».

15, 16. Кандайча бир жубайлардын ынталуу кызмат кылганынын акыбети кайткан?

15 Ошондой эле башка койлор Машаяктын бир туугандарын колдоп, ал тапшырган ишти жан-дили менен аткарып жатышат (Мт. 25:40). Иса пайгамбардын мисалындагы жаман, жалкоо кулдан айырмаланып, алар Падышалыктын ишин жашоосунда биринчи орунга коюу үчүн бүт күч-аракет жумшап, курмандыктарга барышууда. Маселен, Жон менен Мосако деген жубайлар Кениядагы кытай тилинде сүйлөгөн кишилер жашаган аймакта кызмат кылууга чакырылганда адегенде анча көңүлдөнүшкөн эмес. Бирок тиленип, жагдай-шартын таразалап көргөндөн кийин ал жакка барууну чечишкен.

16 Алардын иш-аракетинин акыбети кайткан. «Ал жакта кызмат кылуу жөн эле керемет»,— дешет алар. Ал жубайлар жети изилдөө башташкан жана башынан көптөгөн кызыктуу окуяларды өткөрүшкөн. Алар: «Бизге ушул жакта кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн Жахабага күн сайын ыраазычылык билдиребиз»,— деп кошумчалашат. Албетте, дүйнөнүн акыры качан келбесин, Кудайга кызмат кылууга өздөрүн толугу менен арноого чечкиндүү экенин чыгарган чечимдери менен көрсөткөн бир туугандарыбыз арбын. Мисалы, чет өлкөдө кызмат кылып жаткан же Гилат мектебин бүтүрүп, миссионердик кызматты аркалап жаткан миңдеген жан аябас бир туугандар жөнүндө ойлонуп көр. Жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерге көчүп барып кызмат кылуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» 2012-жылдын 15-июлундагы санына чыккан «Жан аябас кызматчылар Эквадордо» деген макаланы окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? Чет өлкөдө кызмат кылып жаткан бир туугандардын айткандары жөнүндө окуганыңда өзүңдүн кандай жолдор менен Кудайга көбүрөөк кызмат кылып, кубанычыңды арттыра аларың жөнүндө ойлонуп көр.

СЕРГЕК БОЛ

17. Кандайча дүйнөнүн акыры кайсы күнү, кайсы саатта келерин билбегенибиз бизге пайда алып келүүдө?

17 Ооба, дүйнөнүн акыры кайсы күнү, кайсы саатта келерин билбегенибиз бизге пайда алып келүүдө. Капа болуп, көңүлүбүздү чөктүргөндүн ордуна мээримдүү Атабыз Жахабанын эркин жан-дилибиз менен аткаргандыктан, аны менен болгон мамилебиз барган сайын бекемделүүдө. Каймана мааниде айтканда, сокону кармап, Мырзабыз тапшырган ишти эч нерсеге алаксыбай аткарганыбыз бизге зор кубаныч тартуулап келет (Лк. 9:62).

18. Эмне себептен Кудайга ишенимдүү кызмат кыла бергибиз келет?

18 Биз Кудайдын сот күнүнө тездик менен жакындап баратабыз. Эч кимибиз Кудайды же Машаякты капа кылгыбыз келбейт. Алар бизге ушул акыркы күндөрү аткара турган баа жеткис ишти ишенип тапшырышкан. Алардын бизге ушундай ишеним артканына кандай гана ыраазыбыз! (Оку: 1 Тиметей 1:12.)

19. Кудайдын күнүнө даяр экенибизди кантип көрсөтөбүз?

19 Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеги Бейиште жашоогобу, келгиле, Кудай тапшырган кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин берилгендик менен аткара берели. Ырас, биз Жахабанын күнү качан келерин так билбейбиз. Бирок чынында муну билүүнүн зарылдыгы барбы? Биз дайыма даяр тура алабыз жана даяр турабыз (Мт. 24:36, 44). Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянып, анын Падышалыгын биринчи орунга койсок, эч качан көңүлүбүз калбайт (Рим. 10:11).