Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Теократиялык мектептер — Жахабанын сүйүүсүнүн далили

Теократиялык мектептер — Жахабанын сүйүүсүнүн далили

ЖАХАБА — биздин «Улуу Насаатчыбыз» (Ыш. 30:20). Ал жаратууларын сүйгөндүктөн аларды окутуп-үйрөтөт. Алсак, сүйүүсүнөн улам ал Иса Машаякка «өзү жасагандын баарын көрсөтөт» (Жкн. 5:20). Ошондой эле бизди да, өзүнүн Күбөлөрүн, жакшы көрөт. Андыктан аны даңктаганга, башкаларга жардам бергенге аракет кылсак, бизди да үйрөтөт (Ыш. 50:4).

Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитети Жахабадан үлгү алып, билим алгысы келгендер жана билим алууга жагдай-шарты жол бергендер үчүн 10 теократиялык мектеп уюштурган. Силер ал мектептерди Жахабанын сүйүүсүнүн далили катары көрөсүңөрбү?

Келгиле, теократиялык мектептер жөнүндө окуп көрөлү, ошондой эле ал мектептерди бүтүргөндөрдүн айткандарын карап чыгалы. Аларды карап чыккандан кийин: «Ал мектептерден билим алыш үчүн эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көргүлө.

ТЕОКРАТИЯЛЫК МЕКТЕПТЕРДЕН БИЛИМ АЛГЫЛА

«Сүйүүнүн Кудайы» Жахаба бизге жашообузду маңыздуу кылган, кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берген, кызматтан кубаныч алганга көмөк кылган билим берет (2 Кор. 13:11). Кудай бизди да, Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай эле, адамдарга Иса Машаяктын айткандарынын «баарын аткарууну» үйрөтүүгө аябай жакшы даярдап жатат (Мт. 28:20).

Ошол мектептердин баарынан билим ала албасак да, алардын биринен же бир нечесинен билим ала алабыз. Ал мектептерден алган билимибизди колдонсок жана Жахабанын андай мектептерди бүтүргөн кызматчылары менен кызматташсак, кызматыбыздын сапатын жакшырта алабыз.

«Жагдай-шартым андай мектептердин биринен билим алганга жол береби?» — деп ойлонуп көргүлө.

Жахабанын кызматчылары андай мектептерден билим алууну жана алардын өткөрүлүшүнө салымын кошууну сыймык катары көрүшөт. Ал мектептерден алган билимиңер Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдегенге, анын алдындагы милдетиңерди аткарганга, айрыкча, кабарды создуктурбай жарыялаганга жардам бере берсин.