Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Паракорчулук күч алган заманда чынчыл боло алабызбы?

Паракорчулук күч алган заманда чынчыл боло алабызбы?

«Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (ЕВРЕЙЛЕР 13:18).

КҮНӨӨ кылууга жакын болсок да, дүйнөнүн жана Шайтандын таасири күчтүү болсо да, биз чынчыл боло алабыз. Ал үчүн эмне кылсак болот? Кудай менен ынак мамиле өрчүтүп, Ыйык Китепте жазылган, мезгил сынагынан өткөн мыйзам-принциптерди жашообузда колдонушубуз керек. Келгиле, алардын экөөнө токтололу.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле» (Римдиктер 12:2).

Мисал: Бразилияда жашаган Гилерме деген ишкер чынчыл болуу оңойго турбасын моюнга алып, мындай дейт: «Ишкер адам ишканасындагы адамдардын кысымынан жана дүйнөдөгү атаандаштыктан улам оңой эле арам жол менен пайда тапканга азгырылышы мүмкүн. Адамдардын көбү пара берүүнү, пара алууну туура эмес деп эсептешпейт. Чоң акча менен иш баштагандарга чынчыл болуу оңойго турбайт».

Ушундай болсо да Гилерме чынчылдык менен иш жүргүзүп келе жатат. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Айланаңдагы адамдар туура эмес жол менен иш жүргүзүп жатышса да, чынчыл боло аласың. Ал үчүн карманып жашаган белгилүү бир принциптериң болушу керек. Ыйык Китепте жазылгандар мага чынчыл болуунун пайдасын түшүнгөнгө жардам берди. Чынчыл кишинин абийири таза, жан дүйнөсү тынч болот жана андай адамда өзүн өзү сыйлоо сезими болот. Ошондой эле ал тегерегиндеги адамдарга да жакшы таасир этет».

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Баюуга умтулгандар азгырылып, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет. Себеби акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры» (1 Тиметей 6:9, 10).

Мисал: Коопсуздук системаларын орноткон ишканасы бар Андре футбол клубу менен да иштешет. Бир жолу оюн бүткөндөн кийин, ал футбол клубунун администрациясына барып, кылган ишинин акысын сураган. Бухгалтерияда иштегендер кассадан түшкөн акчаны эсептеп бошобой жаткан. Кеч кирип калгандыктан, администрацияда иштеген бир киши акыларын алганы келгендерге шаша-буша акчаларын төлөп бере баштаган. Андре да алчу акчасын алып, үйүнө кайткан.

Андре мындай деп эскерет: «Жолдо баратып алган акчамды санасам — тиги киши мага ашык берип коюптур. Ал ашык акчанын кимге кеткенин эч качан билмек эмес болуш керек. Бирок ал байкуш киши ашык берип койгонун өз чөнтөгүнөн төлөмөк. Ошондуктан акчаны кайра алып барып берүүнү чечтим. Стадиондон чыгып келаткан элдерди аралап өтүп, баягы акчаны алып барып бердим. Ал буга абдан таң калды. Ага бир да киши минтип ашык акчаны кайрып берген эмес болуш керек».

«Ошондон кийин ал киши мени аябай сыйлап калды,— деп сөзүн улайт Андре.— Андан бери бир топ жыл өттү. Ал клуб менен иштешип келгендердин ичинен учурда жалгыз мен эле иштешип жатам. Ыйык Китепте жазылган мыйзам-принциптерди колдонуунун аркасында ушундай кадыр-баркка жеткеним үчүн Кудайга ыраазымын».

Дүйнөдө паракорчулук кеңири кулач жайса да, Кудайдын бизге чынчыл болууга жардам берерин билүү бизди абдан кубантат. Бирок паракорчулукту түп-тамыры менен жок кылуу чынчыл адамдардын колунан келбейт. Паракорчулук бул дүйнөдө абдан терең тамыр алгандыктан, анын тамырын жулууга пенденин кудурети жетпейт. Бирок бул паракорчулукту эч ким жок кыла албайт дегенди билдиреби? Бул суроого Ыйык Китептен жооп ала алабыз. Буга кийинки макалада токтолобуз.