Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте жазылгандардын индус үй-бүлөсүнө таасир этиши

Ыйык Китепте жазылгандардын индус үй-бүлөсүнө таасир этиши

ЭКИ МИҢ БЕШИНЧИ жылдын 22-августу, дүйшөмбү күнү, такыр эсимден кетпейт. Эртең менен үй-бүлөбүз менен чогуу тамактанууга отурдук. Мээмде чоң шишик бар болгондуктан өлүп калышым мүмкүн эле. Жолдошум Кришна алдыбыздагы ырыскы үчүн Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин, айтчумду айтайын деп сөз баштадым.

Мен аларга мындай дедим: «Мага оор операция жасалганы турат. Кандай болуп кетерин ким билет, баарына даяр болгула. Сөөк коюуга керектүү нерселердин баарын даярдап койдум. Жахаба Кудайга кызмат кылып жаткандарыңар, силерден өтүнөрүм, ушул жолдон чыкпагыла. Жахаба Кудайдын жолуна түшө электериңерден болсо Ыйык Китепти изилдеп, биздин жыйналышка барышыңарды өтүнөм. Ошондо жер бети бейишке айланганда, Кудайдын кызматчыларынын баары түбөлүк өмүр сүрүп, чың ден соолукта жашай турган убак келгенде, мени менен көрүшө аласыңар».

Операциянын жыйынтыгы кандай болгонун айтардан мурда, адегенде өзүм жөнүндө, чыныгы Кудайды кантип таанып-билгеним жөнүндө айтып берейин.

Бала чагым

Биз Түштүк Африкадагы океанды жээктеген Дурбан шаарында турчубуз. Жыгач менен темирден тургузулган үйүбүз дөңдүн үстүндө болчу. Дөңдүн төмөн жагындагы жолдон үйүбүзгө чейин 125 тепкич менен чыкчубуз. Тепкич менен чыккандан кийин үйүбүздүн темир дарбазасына чейин эки тарабында бадал өскөн кыска жол бар болчу. Ал дарбазанын бир тарабында чоң энемдин ибадатканасы бар эле. Ибадаткананын ичинде индустар сыйынган сүрөттөр, кудайлардын айкелдери толтура болчу. Чоң энем мени «ибадаткананын кызысың» (хинди тилинде «мандер ке беча» деп айтылат) деп айтар эле, себеп дегенде ал мени биз сыйынган кудайлар берген кыз деп эсептечү. Ошол ибадатканадан так үйүбүздүн эшигине чейин салынган жылмакай, кызыл тепкич бар болчу. Үйүбүз абдан чоң эле. Үйдүн ичинде узун далис, жети уктоочу бөлмө, үйгө уланып салынган дагы бир уктоочу бөлмө, чоң ашкана, ашканада таштан жасалган меш бар болчу. Ал үйдө чоң атам, чоң энем, атам, атамдын үч иниси, бир карындашы, алардын үй-бүлөсү — бардыгы болуп 27 киши жашачубуз.

Биздикиндей чоң үй-бүлөнүн жеп-ичкени да чоң болчу. Бирок баарыбыз бир жерде чогуу жашап, эстен кеткис сонун күндөрдү өткөрдүк. Үй жумуштарынын баары үч жеңем менен апам Гарги Девинин мойнунда болчу. Алар кезектешип үйдөгүлөрдүн кирин жууп, тамак жасашчу. Үй-бүлөбүздүн башчысы чоң атам болчу; азык-түлүктүн баарын ал сатып келчү. Шаршемби сайын чоң энем экөө базарга барып, бир жумага жеткидей эт, жашылча, жер-жемиш сатып келишчү. Биз аларды базардан келгенге чейин дөңдүн кырында өскөн бир кызыл карагайдын түбүнө отуруп алып күтчүбүз. Чоң атам менен чоң энемдин автобустан түшүп жатканын алыстан көргөндө 125 тепкичтен чуркап түшүп, баштыктарын үйгө көтөрүшүп келчүбүз.

Бакчабызда бийик пальма дарагы өсө турган. Ал даракка майна деп аталган чымчыктар учуп келип, уя салышчу. Биз чымчыктардын учуп келип, учуп кетип жатканын көрүп, сайраганын укчубуз. Чоң энем эшиктин алдындагы тепкичке отуруп алып майналардын эмне деп сайрап жатканын чечмелегендей болуп бизге көп нерсе айтып берчү. Ошол үйдө эң сонун күндөр өттү. Баарыбыз чогуу жашап жүрүп, бирге күлдүк, бирге ыйладык, бирге ойнодук. Баарынан да маанилүүсү, Жаратканыбыз Жахаба Кудай, анын Уулу Иса Машаяк жөнүндө ошол үйдө жашап жүргөндө билдик.

Жахаба Кудайды таанып-билгенге чейин туткан динибиздеги ар кандай ырым-жырымдарды күн сайын кылчубуз. Ошондой эле белгилүү бир мөөнөт сайын кудайларга арналган майрамдары өткөрүп турчубуз. Ал майрамдарда үйгө көп конок келчү. Ошондой майрамдарды белгилеп жатканда чоң энем рухтар менен сүйлөшчү жана так түн ортосунда ал рухтарды ыраазы кылыш үчүн курмандыкка мал чалчу. Чоң атам болсо мектептердин, индустардын ибадатканаларынын курулушуна акча-каражат жагынан колдоо көрсөткөн март киши катары белгилүү болчу.

Жахаба Кудайды таанып-билишибиз

1972-жылы чоң атам ооруп, каза болуп калды. Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин, Индервати деген жеңем (аны Жейн деп да коюшчу) эки Жахабанын Күбөсүнөн «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарын алыптыр. Жеңем Жахабанын Күбөлөрүн үйгө кир дебей, алар менен сүйлөшпөй койгонуна өкүнүп калыптыр. Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып келгенде, аларды үйгө киригизчү эмеспиз. Жахабанын Күбөлөрү кийинки жолу келгенде, жеңем аларды үйгө киргизип, күйөөсүнүн ичип жатканынан улам экөөнүн мамилеси жакшы эмес экенин айтыптыр. Кошуна-колоңдор менен тууган-туушкандар жеңеме ажырашып эле кет дешчү. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү жеңеме Кудайдын никеге карата көз карашын түшүндүрүп беришиптир (Матай 19:6). Алардын Ыйык Китептен окуп берген кеңештери, ошондой эле жакында боло турган жаңы заман жөнүндө айтып бергендери жеңеме аябай жагыптыр *. Ошондон кийин байкем менен ажырашам деп жүргөн жеңем оюн өзгөртүп, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, берки жеңелерим өз бөлмөлөрүнөн алардын айткандарын угуп отурушчу.

Кийинчерээк ал жеңелерим да Ыйык Китепти изилдей башташты. Жейн жеңем билгендерин бизге айтып берчү, ошондой эле «Улуу Окутуучуну ук» * деген китепти окуп, түшүндүрүп берчү. Байкелерим алардын Ыйык Китепти изилдеп жатканын билгенде каршы болушту. Бир байкем биз окуп жүргөн адабияттардын баарын, Ыйык Китепти да өрттөп салган. Алар бизди жыйналышка барып жүргөнүбүз үчүн урушуп, кол көтөргөн учурлары да болду. Жахаба Кудай жөнүндө билим алышыбызга атам гана тоскоолдук кылган жок. Төрт жеңем тең каршылыктарга карабай жыйналышка барып, Жахаба Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүтө беришти.

Жейн жеңем 1974-жылы өзүн Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болду. Ошондон көп өтпөй апам менен үч жеңем да Жахабанын Күбөсү болушту. Убакыттын өтүшү менен чоң энем да тутуп жүргөн дининдеги ырым-жырымдарды кылбай калды. Мен көп жылдар бою үйдөгүлөрдү ээрчип жыйналышка барып жүрдүм. Бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн бир чоң жыйынына барганымда, Шемила Ремперсад деген Жахабанын Күбөсү менден: «Качан чөмүлөйүн деп жатасың?» — деп сурап калды. Мен: «Билбейм, мен Ыйык Китепти изилдей элекмин»,— деп жооп бердим. Ошондо ал мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере аларын айтты. Ошентип, кийинки жыйында, 1977-жылы 16-декабрда, мен да Жахабанын Күбөсү болдум. Акыры, баягы чоң үйдө жашаган 27 кишинин ичинен 18 киши Жахабанын Күбөсү болду. Мен операция болоюн деп жатканда, атам Сони Дева Жахабанын Күбөсү боло элек болчу.

«Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла»

Мээмде чоң шишик бар экени аныкталган учурда мага, өзгөчө, Ыйык Китептеги Филипиликтер китебинин 4-бөлүмүнүн 6, 7-аяттарында жазылган сөздөр аябай жардам берди. Ал аяттарда мындай делет: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт». Бир күнү эле өлүп калышың мүмкүн экенин билсең, тынчсызданбай коё албайт экенсиң. Мээмде шишик бар экенин укканда аябай ыйладым. Андан кийин Жахаба Кудайга кайрылып тилендим. Ошондо «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жан дүйнөмдү тынчтандырды.

Өзүмдү Жахаба Кудай оң колуман кармап, ар дайым жетектеп жүргөндөй сездим (Ышая 41:13). Кудайымдын жардамы менен доктурларга Ыйык Китептеги кандан сактанууга байланыштуу буйрукка баш ийгендиктен кан куйдурбай турганымды түшүндүрүп бердим (Элчилер 15:28, 29). Көз карашымды түшүндүрүп бергенимде, хирург менен анестезиолог операцияны кан куйбай жасоого макул болушту. Операциядан кийин хирург операциянын ийгиликтүү болгонун, мээмдеги шишикти толугу менен алып салышканын, ошондой эле мээге жасалган меникиндей оор операциядан кийин бат эле сакайып кеткен бир да бейтапты көрбөгөнүн айтты.

Операция болгонумдан 3 жума өткөндөн кийин, төшөктө жатып, бирөө менен Ыйык Китепти изилдедим. Жети жума өткөндөн кийин, бутума туруп, кичине басып калдым. Ошондой эле кабар айтып, жыйналышка бара баштадым. Кабар айтуу ишине катышууда ишенимдештерим мага бир топ жардам беришти. Мен аларга абдан ыраазымын. Алар мени жалгыз калтырбаганга аракет кылып, үйүмө аман-эсен жетип алышыма кам көрүшчү. Жаздырылган Ыйык Китепти угуп, Жахаба Кудай менен болгон мамилемди бекемдеген нерселерге көңүл топтогондуктан бат айыгып кеттим деп ойлойм.

Операциядан кийин атамдын Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгонун билгенде кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Атам 73 жашында Жахабанын Күбөсү болду. Учурда ал Жахаба Кудайга жигердүү кызмат кылып жатат. Чоң үй-бүлөбүздөн 40тан ашуун киши Жахабанын Күбөсү болду. Сол көзүм жакшы көрбөйт, баш сөөгүм төрт темир менен бекитилген. Ошондуктан Жахаба Кудай «бардыгын жаңы жаратып», жер бетин бейишке айланта турган убакты күтүп келем (Аян 21:3—5).

Кудай берген камкор жолдошум, Клериста деген татынакай кызым бар. Жолдошум жыйналышта көзөмөлчү болуп кызмат кылат. Убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга жумшай алышым үчүн, кызым мага бир топ жардам берет. Жахаба Кудай менин ага кылган кызматыма батасын берип жатат. Ушул убакка чейин көп адамдарга Ыйык Китепти изилдегенге, жашоосун өзгөрткөнгө жардам бере алдым. Алардын отузунан көбү өмүрүн Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болушту.

Жахаба Кудай азап-тозокко толгон бул дүйнөнү жок кылып, жер бетин бейишке айланта турган убак келерине үмүттөнүп, ал убакты чыдамсыздык менен күтүп жатам.

^ 12-абз. Кудайдын жерге карата ой-ниети жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3-бөлүмүн карагыла.

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. Учурда басылбайт.