Жаш окурмандарга
Текебер болбо!
Көрсөтмө: Бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.
Негизги каармандар: Дөөтү падыша, Абышалом, Жоап.
Кыскача маалымат: Абышалом падышалык тактыны Дөөтү падышадан тартып алууну көздөйт.
ОКУЯНЫ ТАЛДА. 2 ШЕМУЕЛ 14:25—33; 15:1—17; 18:9—17, 30—33-АЯТТАРДЫ ОКУ.
Абышаломдун сырткы көрүнүшүн элестеткениң боюнча сүрөттөп бер. (2 Шемуел 14:25, 26-аяттарды дагы бир жолу оку.)
Абышалом адилеттикти издеп падышага келген кишилердин жүрөгүн өзүнө буруп алыш үчүн кантип сүйлөгөн деп ойлойсуң? (2 Шемуел 15:2—6-аяттарды дагы бир жолу оку.)
Абышаломдун кандай киши болгону жөнүндө 2 Шемуел 14:28—30-аяттардан эмнени билдиң?
ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.
Абышалом тактыны тартып алыш үчүн эмне кылган? (Жардам: 2 Шемуел 13:28, 29-аяттарды оку. Амнон Дөөтүнүн тун уулу болгон. Андыктан атасынан кийин тактыга Амнон отурмак.)
Атак-даңкка умтулуп, тактыны ээлеп алууну көздөгөн Абышаломду чуңкурга таштап, таш үйүп салышканынан элдин ага карата кандай ойдо болгону жөнүндө эмнени билүүгө болот? (2 Шемуел 18:17ни дагы бир жолу оку.)
Абышаломдун атак-даңкка умтулганына эмне себеп болгон деп ойлойсуң? (3 Жакан 9, 10-аяттарда Диотреф жөнүндө айтылгандар менен салыштырып көр.)
Абышалом атасы Дөөтүдөн тактыны тартып алгысы келгенде, Дөөтү кандай абалда болгон? (Жардам: Ошондо Дөөтүнүн эмне деп жазганын 3-забурдан оку.)
БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.
Атакка умтулуунун кесепеттүү экени жөнүндө эмнени билдиң?
Бирөөнүн жаман иш кылганы башкаларды, анын ичинде ата-энесин кандайча кайгыга салышы мүмкүн?
КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?
Атак-даңкка умтулуп, текебер болуп кетишиңе эмнелер себеп болушу мүмкүн?
Текебер болбош үчүн эмне кылса болот?
БУЛ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ ЭМНЕЛЕР ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?
Кеңеш: Бул окуянын аягы башкача болуп бүткөнүн элестетип көр. Эгер Абышалом текебер болбой, момун болсо, эмне болот эле? (Накыл сөздөр 18:12).