Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга баш ийип, убадаларынын аткарылышынан пайда ал

Кудайга баш ийип, убадаларынын аткарылышынан пайда ал

«Кудай, өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, өзү менен ант берген» (ЕВР. 6:13).

1. Жахабанын убадалары күнөөлүү адамдардыкынан кандай айырмаланат?

ЖАХАБА — «чындыктын Кудайы» (Заб. 31:5). Күнөөлүү адамдар айрым учурларда калп айтышат. Ал эми Кудай «калп айта албайт». (Евр. 6:18; оку: Сандар 23:19.) Ал адамзаттын жыргалчылыгы үчүн эмнени убада кылбасын, дайым орундатат. Алсак, ар бир жаратуу күнүнүн башында ал эмне кылууну ниет кылса, ошону аткарган. Алтынчы жаратуу күнү аяктаганда, «Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көргөн» (Башт. 1:6, 7, 30, 31).

2. Кудайдын эс алуу күнү эмнени билдирет жана ал ал күндү эмне үчүн «ыйыктаган»?

2 Колунан бүткөн нерселерди карап чыккандан кийин Жахаба Кудай жетинчи күн башталганын жарыялаган. Ал 24 сааттан турган күндү эмес, узак убакытты билдирет. Ошол убакыттын ичинде Кудай жердеги жаратуу иштеринен эс алмак (Башт. 2:2). Кудайдын эс алуу күнү дагы деле аягына чыга элек (Евр. 4:9, 10). Ыйык Китепте анын качан башталганы так айтылбайт. Ал Адам атанын аялы Обо эне жаратылгандан бир нече убактан кийин, мындан болжол менен 6000 жылдай убакыт мурун башталган. Алдыда бизди Машаяктын Миң жылдык башкаруусу күтүп турат. Ошол убакта Кудайдын жерди жаратып жаткандагы ой-ниети, башкача айтканда, аны жеткилең адамдар түбөлүк жашай турган бейишке айлантууга байланышкан ой-ниети аткарылат (Башт. 1:27, 28; Аян 20:6). Сени ушундай сонун келечек күтүп турганына ишенесиңби? Буга эч шектенбесең болот. Анткени «Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктаган». Муну менен ал, кандай гана тоскоолдуктар болбосун, эс алуу күнүнүн аягында ой-ниети толугу менен аткарыларына кепилдик берген (Башт. 2:3).

3. а) Кудайдын эс алуу күнү башталгандан кийин, кандай окуя болгон? б) Көйгөйдүн кантип чечилерине байланыштуу Жахаба эмне деген?

3 Кудайдын эс алуу күнү башталгандан кийин, бир каргашалуу окуя болгон. Анын уулдарынын бири Шайтан ага каршы чыгып, адамдарды өзүнө сыйындырууну каалаган. Ал ааламда биринчи болуп жалган айтып, Обо энени Жахабанын тилин албоого азгырган (1 Тим. 2:14). Обо эне болсо Кудайга каршы чыгууга күйөөсүн көндүргөн (Башт. 3:1—6). Жахаба тарыхтагы ошол эң оор учурда да, Шайтан анын чынчылдыгына шек туудурганда да, ой-ниетинин сөзсүз аткарыларын ырасташ үчүн ант берүүнүн зарылдыгын көргөн эмес. Анын ордуна, өзү туура көргөн убакта түшүнүктүү боло турган сөздөрдү колдонуп, ошол көйгөйдү кантип чечери тууралуу мындай деген: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, сенин [Шайтандын] тукумуң менен анын тукумунун ортосуна кастык коём. Ал [убада кылынган тукум] сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың» (Башт. 3:15; Аян 12:9).

АНТ БЕРҮҮ — АЙТЫЛГАН СӨЗДҮН ЧЫНДЫК ЭКЕНИН БЫШЫКТООНУН ЖОЛУ

4, 5. Ыбрайым пайгамбар айткан сөзүнүн чындык экенин кантип бышыктаган?

4 Адамзат тарыхынын башталышында кайсы бир нерсенин чындык экенин тастыктоо үчүн ант берүүнүн зарылдыгы болбосо керек. Анткени Адам ата менен Обо эне Кудайды сүйүшкөн, аны туурашкан жана ар дайым чындыкты сүйлөп, бири-бирине толук ишенишкен. Бирок алар күнөө кетирип, жеткилеңсиз болуп калгандан кийин, баары өзгөргөн. Адамдар үчүн жалган айтуу, алдап кетүү боло жүргөн нерсеге айлангандыктан, кайсы бир нерсенин чындык экенин тастыкташ үчүн ант берүү талап кылына баштаган.

5 Ыбрайым пайгамбар кеминде үч жолу айткан сөзүнүн чындык экенин ант менен бышыктаган (Башт. 21:22—24; 24:2—4, 9). Алсак, Эйлам падышасын жана ал тараптагыларды жеңип келгенде ант берген. Ошондо Салим жана Содом падышалары уруу башчысы Ыбрайым менен жолукканы келишкен эле. Салим падышасы Мелкиседек «Эң Жогорку Кудайдын дин кызматчысы» да болчу. Андыктан ал Ыбрайым пайгамбарга батасын берип, аны жеңишке жеткиргендиги үчүн Кудайга алкыш айткан (Башт. 14:17—20). Анан Содом падышасы душмандардан элин куткаргандыгы үчүн Ыбрайымга сыйлык берейин дегенде, ал: «Колумду көтөрүп, асман-жердин Жаратканы Эң Жогорку Кудай Жахабанын алдында ант берем: „Ыбрамды мен байыттым“,— деп айтпашың үчүн, эч нерсеңди, атүгүл жибиңди да, сандалыңдын боосун да албайм»,— деген (Башт. 14:21—23).

ЖАХАБАНЫН ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАРГА БЕРГЕН АНТЫ

6. а) Ыбрайым пайгамбар бизге кандай үлгү калтырган? б) Ыбрайым пайгамбардын тил алганынан кандай пайда алабыз?

6 Адамзаттын пайдасы үчүн Жахаба Кудай да: «„Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба“»,— деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп ант берген (Жез. 17:16). Ыйык Китепте Жахаба Кудай ант берген 40тан ашуун учур жазылган. Алардын эң эле белгилүүсү Ыбрайым пайгамбарга берген анты десе болот. Көптөгөн жылдар аралыгында Жахаба ага бир нече жолу убада берген. Алардан Ыбрайым пайгамбар убада кылынган Тукумдун анын уулу Ыскактан чыгарын түшүнгөн (Башт. 12:1—3, 7; 13:14—17; 15:5, 18; 21:12). Анан Жахаба аны сынап, сүйүктүү уулун курмандыкка чалууну буйруган. Ыбрайым пайгамбар эч буйдалбастан Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгондо, Кудайдын периштеси токтотуп калган. Ошондо Кудай минтип ант берген: «„Өзүм менен ант берем... Сен ушундай кылганың үчүн, өз уулуңду, жалгызыңды, аябаганың үчүн сага батамды берип, тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйтөм. Сенин тукумуң душмандарынын дарбазаларын ээлеп алат. Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“» (Башт. 22:1—3, 9—12, 15—18).

7, 8. а) Кудай Ыбрайым пайгамбарга эмне үчүн ант берген? б) Кудайдын анттары Иса Машаяктын «башка койлоруна» кандай пайда алып келет?

7 Кудай эмне үчүн Ыбрайым пайгамбарга берген убадаларынын сөзсүз аткарыларын ант менен бышыктаган? Ал убада кылынган «тукумдун» экинчи даражадагы бөлүгүн түзүп, Машаяк менен мурасташ боло тургандардын ишенимин бекемдеш үчүн ошенткен. (Оку: Еврейлер 6:13—18; Гал. 3:29.) Элчи Пабыл Кудайдын эмне үчүн убадасын ант менен бышыктаганын түшүндүрүп: «Кудайдын калп айта албай турганын көрсөткөн ушул өзгөрүлгүс эки нерсеси [убадасы жана анты] аркылуу биз... алдыбыздагы үмүткө бек кармануу үчүн бекемделебиз»,— деген.

8 Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга берген антынан Машаяктын майланган жолдоочулары эле пайда албайт. Жахаба Ыбрайым пайгамбардын «тукуму» аркылуу «жер жүзүндөгү бардык элдер бата аларын» убада кылган (Башт. 22:18). Бата ала тургандарга Машаяктын бейишке айланган жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн тил алчаак «башка койлору» да кирет (Жкн. 10:16). Асманда жашоого үмүттөнөсүңбү же жердеби, мындан ары да Кудайга баш ийип, ошол үмүтүңө «бекем карман». (Оку: Еврейлер 6:11, 12.)

ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАРГА БЕРИЛГЕН УБАДАГА БАЙЛАНЫШКАН АНТТАР

9. Ыбрайымдын урпактары Мисирде кулчулукта жүргөндө, Кудай эмне деп ант берген?

9 Арадан бир канча кылым өткөндөн кийин, Жахаба Муса пайгамбарды Ыбрайым пайгамбардын Мисирде кулчулукта жүргөн урпактарына жиберип, жогорудагы убадаларына байланыштуу кайрадан ант берген (Чыг. 6:6—8). Ошол окуя жөнүндө сөз кылып, Кудай мындай деген: «Мен Ысрайылды тандап алган күнү... колумду көтөрүп ант берип, аларды Мисир жеринен алып чыгууну, аларга өзүм тандаган, сүт менен бал аккан жерге алып барууну убадалагам» (Жез. 20:5, 6).

10. Ысрайылдыктар Мисирдин кулчулугунан бошонушкандан кийин, Кудай аларга кандай убада берген?

10 Андан соң ысрайылдыктар Мисирдеги кулчулуктан бошонушканда, Жахаба аларга дагы мындай деп убада берген: «Эгерде мага толугу менен баш ийип, келишимимди сактасаңар, башка элдердин арасынан силер менин өзгөчө элим болосуңар, анткени бүт жер жүзү меники. Силер мага таандык дин кызматчылардын падышалыгы, ыйык эл болосуңар» (Чыг. 19:5, 6). Кудай ысрайылдыктарга кандай гана чоң сыймык ыйгарган! Эгер алар Кудайдын тилин алышса, ал адамзатка батасын төгүү үчүн аларды дин кызматчылардын падышалыгы катары колдонмок. Кийинчерээк Жахаба ошол убадасын ант берип бышыктаганын айткан (Жез. 16:8).

11. Кудай ысрайылдыктарды анын тандалган эли болууга чакырганда, алар кандай жооп кайтарышкан?

11 Ошол учурда Жахаба ысрайылдыктардан анын тилин алабыз деп ант беришин талап кылган эмес. Ошондой эле аларды өзү менен өзгөчө мамиледе болууга милдеттендирген эмес. Ысрайылдыктар өзүлөрү: «Жахаба айткандын баарын аткарабыз»,— дешкен (Чыг. 19:8). Үч күндөн кийин Жахаба Кудай ысрайылдыктарга алардан эмне талап кыларын билдирген. Алгач алар Он осуятты угушкан. Андан соң Муса пайгамбар аларга Чыгуу 20:22ден Чыгуу 23:33кө чейинки аяттарда жазылган осуяттарды айтып берген. Ысрайылдыктар буга кандай жооп кайтарышкан? «Бүт эл бир добуштан: „Жахаба айткандардын баарын аткарабыз“,— дешкен» (Чыг. 24:3). Анан Муса пайгамбар ал мыйзамдарды «келишим китебине» жазып, бүт эл дагы бир жолу угушу үчүн, үн чыгара окуп берген. Ошондон кийин эл үчүнчү жолу: «Жахаба айткандын баарын аткарабыз, анын тилин алабыз»,— деп ант берген (Чыг. 24:4, 7, 8).

12. Жахаба жана ысрайыл эли алардын ортосунда түзүлгөн келишимге кандай карашкан?

12 Жахаба мыйзам келишимин ишке ашырууга дароо киришип, күнөөлүү адамдарга ага жакындоого мүмкүнчүлүк түзүү үчүн сыйынууга арналган чатырда кызмат кыла турган дин кызматчылардын тобун түзгөн. Ал эми ысрайылдыктар Кудайга арналган эл экенин бат эле унутуп, «Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен» (Заб. 78:41). Мисалы, Муса пайгамбар Синай тоосунда Кудайдан көрсөтмөлөрдү алып жатканда, ысрайылдыктар ал бизди таштап кетти деп ойлоп, аны күтпөй, Кудайга болгон ишенимин жоготушкан. Ошентип, алар алтындан музоонун айкелин куюп: «Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайың — ушул»,— дешкен (Чыг. 32:1, 4). Анан «Жахабага арналган майрам» деп майрам өткөрүшүп, өздөрү жасаган музоого жүгүнүп, ага курмандыктарды чалышкан. Жахаба аны көргөндө Муса пайгамбарга: «Мен буйрук кылган жолдон алар бат эле чыгып кетишти»,— деген (Чыг. 32:5, 6, 8). Ошондон тартып ысрайылдыктар Кудайга берген убадасын кайра-кайра бузуп келишкен (Сан. 30:2).

ЭКИ КОШУМЧА АНТ

13. Кудай Дөөтү падышага кандай убада берген жана анын убада кылынган Тукумга кандай тиешеси бар эле?

13 Дөөтү падышанын тушунда Жахаба тил алчаак адамдардын баарына пайда алып келе турган эки ант берген. Биринчиден, ал Дөөтү падышага тактысы түбөлүк турарын убада кылган (Заб. 89:35, 36; 132:11, 12). Бул убада кылынган Тукум «Дөөтүнүн уулу» деп аталмактыгын билдирген (Мт. 1:1; 21:9). Дөөтү падыша өзүнүн урпактарынан чыга турган тукумду «Мырзам» деп атаган. Анткени Машаяк андан жогорку абалды ээлемек (Мт. 22:42—44).

14. Жахаба убада кылынган Тукумга байланыштуу кандай убада берген жана андан кандай пайда алабыз?

14 Экинчиден, Жахаба Дөөтү пайгамбарга ошол өзгөчө Падышанын адамзат үчүн Башкы дин кызматчы катары кызмат кыларын жаздырган. Ысрайылда эч ким бир эле учурда падыша да, дин кызматчы да боло алчу эмес. Дин кызматчылар Леби уруусунан, ал эми падышалар Жүйүт уруусунан чыгышкан. Бирок келечектеги мурасчыга байланыштуу Дөөтү пайгамбар: «Жахаба менин Мырзама: „Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур“,— деди... Жахаба ант берди (ал өкүнбөйт): „Сен түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчысың!“» — деп алдын ала айткан (Заб. 110:1, 4). Учурда ошол пайгамбарлык аткарылып, Иса Машаяк асманда башкарууда. Ошондой эле ал өкүнгөн адамдарга Кудай менен жакшы мамиледе болууга жардам берүү менен Башкы дин кызматчы катары да кызмат кылууда. (Оку: Еврейлер 7:21, 25, 26.)

КУДАЙДЫН ЖАҢЫ ЫСРАЙЫЛЫ

15, 16. а) Ыйык Китепте кайсы эки Ысрайыл жөнүндө айтылат жана бүгүнкү күндө Кудай кайсынысына батасын берүүдө? б) Ант берүүгө байланыштуу Иса пайгамбар жолдоочуларына кандай осуят берген?

15 Ысрайыл эли Иса Машаякты четке каккандыктан Кудайдын ырайымынан айрылып, келечекте «дин кызматчылардын падышалыгынын» мүчөсү болуу артыкчылыгынан кол жууп калган. Иса Машаяк Жүйүт диний жетекчилерине: «Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деген (Мт. 21:43). Ал эл б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, Кудай Иерусалимге чогулган 120 шакиртке ыйык рухун төккөндө, пайда болгон. «Кудайдын Ысрайылы» катары белгилүү болгон ал эл көп өтпөй эле дүйнөдөгү ар бир улуттан чыккан адамдардан турган, миңдеп саналган элге айланган (Гал. 6:16).

16 Кадимки ысрайыл элинен айырмаланып, ал жаңы эл Кудайга дайыма тил алуу менен жакшы жемиш бере берген. Алар аткарган осуяттардын бири ант берүүгө байланыштуу болгон. Иса пайгамбар жерде жүргөндө, жалган ант берүү же анча маанилүү эмес иштерде ант берүү боло жүргөн нерсеге айланып калган болчу (Мт. 23:16—22). Ошондуктан ал: «Такыр ант бербе.. „Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин, мындан башканын баары кара өзгөйдөн»,— деген (Мт. 5:34, 37).

Жахабанын убадасы дайыма аткарылат

17. Эмки изилдөө макаласында кайсы суроолор каралат?

17 Бул ант берүү туура эмес дегенди билдиреби? «Ооба» деген сөзүңөр «ообаны» билдирсин деген эмнени билдирет? Бул суроолор кийинки изилдөө макаласында каралат. Мындан ары да Кудайдын Сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртүп, анын тилин алууга чечкиндүү бололу. Ошондо Жахаба, берген анттарына ылайык, сөзсүз бизге батасын төгөт.