Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ооба» дегениң «ообаны» билдирсин

«Ооба» дегениң «ообаны» билдирсин

«„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (МТ. 5:37).

1. Иса Машаяк ант берүү жөнүндө эмне деген жана эмне үчүн?

НЕГИЗИНЕН, Машаяктын чыныгы жолдоочуларына айткан сөзүнүн чындык экенин ырасташ үчүн ант берүүнүн же каргануунун зарылдыгы жок. Себеби алар Иса Машаяктын: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“ ...билдирсин»,— деген кеңешине ылайык иш кылышат. Анын бул сөздөрү сөзгө туруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп турат. Жогорудагы сөздөрдү айтардан мурун ал: «Такыр ант бербе»,— деген. Муну менен ал ошол учурда көптөр адатка айлантып алган нерсенин, тактап айтканда, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатып аткарайын деген ою жок эле «тигинтем», «минтем» деп убада бере берүүнүн туура эмес экенин айткан. Адамдын «ооба» же «жок» деген сөзүнө турбай, андан «башканы» кылганы чынчыл эмес экенинен жана «кара өзгөйдүн» таасирине алдырып жатканынан кабар бериши мүмкүн. (Оку: Матай 5:33—37.)

2. Эмне себептен ант берүү дайым эле жаман эмес экенин түшүндүр.

2 Иса Машаяк дегеле ант берүү туура эмес деп айтайын деди беле? Албетте, жок. Мурунку макаладан билгенибиздей, Жахаба Кудай жана анын адил кызматчысы Ыбрайым маанилүү учурларда ант беришкен. Ошондой эле Кудайдын Мыйзамында айрым келишпестиктерди чечүү үчүн ант берүү талап кылынган (Чыг. 22:10, 11; Сан. 5:21, 22). Ошондуктан Кудайдын кызматчысына сот алдында күбөлөндүрүп жатканда чындыкты айтууга ант берүүгө туура келиши мүмкүн. Же айрым учурларда ал башкаларды ниетинин таза экенине ынандырыш үчүн же көйгөйдү чечиш үчүн ант берүүнү туура көрүшү ыктымал. Жүйүт Синедрионунда башкы дин кызматчы Иса Машаяктан карганууну талап кылганда, ал каршы болгон эмес жана аларга чындыкты айткан (Мт. 26:63, 64). Чынында, Иса Машаяк үчүн кимдир бирөөгө ант берүүнүн зарылдыгы болгон эмес. Ошентсе да ал айта турган кабарынын чындык экенин баса белгилеш үчүн, көбүнчө сөзүн: «Силерге чындыкты [сөзмө-сөз: «чындыкты, чындыкты»] айтып коёюн»,— деп баштачу (Жкн. 1:51; 13:16, 20, 21, 38). Эмесе, «ооба» дегени «ообаны» билдирген Иса пайгамбардан, элчи Пабылдан жана башкалардан эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү.

ИСА МАШАЯК — ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ

3. Иса Машаяк Кудайга эмне деп убада берген жана Атасы ага кандай жооп кайтарган?

3 «Мына,.. сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим, Кудайым» (Евр. 10:7). Иса Машаяк ушу сөздөрдү айтып, убада кылынган Тукум жөнүндө айтылгандардын баарын, анын ичинде Тукумдун согончогунун чагылышына байланыштуу пайгамбарлыктарды аткаруу үчүн өзүн Кудайга арнаган (Башт. 3:15). Адамзат тарыхында бир да адам андай жоопкерчиликти өзүнө алган эмес. Жахаба Кудай асмандан Уулуна толугу менен ишенерин айткан. Ал андан сөзүнө турууга ант берүүнү талап кылган эмес (Лк. 3:21, 22).

4. «Ооба» дегени «ообаны» билдириши үчүн, Иса Машаяк берген убадасын канчалык так аткарган?

4 Иса пайгамбар дайыма өзү айткан кабарга ылайык иш кылып, «ооба» дегени «ообаны» билдирерин көрсөткөн. Ал эч нерсеге алаксыбай, Атасы тапшырган ишти аткарган: Падышалык жөнүндө кабар айткан жана Атасы ага жакындаткандардын баарын шакирт кылган (Жкн. 6:44). Ыйык Китепте Иса Машаяктын Кудайдын эркин аткарууга берген убадасын абдан так аткарганы: «Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары ал аркылуу „ооба“ болгон»,— деген сөздөр менен баса белгиленет (2 Кор. 1:20). Ырас, Иса Машаяк Атасына берген убадасын аткаруу менен эң мыкты үлгү калтырган. Эми аны тууроого бүт күчүн жумшаган бир кишинин үлгүсүнө токтололу.

ЭЛЧИ ПАБЫЛ ДАЙЫМА СӨЗҮНӨ ТУРГАН

5. Элчи Пабыл бизге кандай үлгү калтырган?

5 «Мырзам, эмне кылышым керек?» (Элч. 22:10). Бул сөздөрдү ошол учурда Шабыл деп белгилүү болгон Пабыл, Мырзабыз Иса Машаяк тирилгенден кийин аян аркылуу ага өзүнүн шакирттерин куугунтуктаганын токтотууну буйруганда, айткан. Натыйжада Шабыл күнөөлөрү үчүн өкүнүп, чөмүлтүлгөн жана Иса Машаяктын башка элдерге күбөлөндүрүүгө байланышкан өзгөчө тапшырмасын кабыл алган. Ошондон тартып Пабыл өмүрүнүн аягына чейин Иса Машаякка «Мырзам» деп кайрылган жана ошого ылайык жашаган (Элч. 22:6—16; 2 Кор. 4:5; 2 Тим. 4:8). Иса Машаяк: «Эмне үчүн мени „Мырзам! Мырзам!“ деп чакырасыңар да, айткандарымды аткарбайсыңар?» — деп айыптаган адамдардан айырмаланып, Пабыл дайыма сөзүнө турган (Лк. 6:46). Ооба, Иса Машаяк аны Мырзасы катары кабыл алгандардын баарынан, элчи Пабылдай болуп, сөзүнө турушун күтөт.

6, 7. а) Эмне себептен Пабыл Корунтка кайра барууга байланыштуу планын өзгөрткөн жана эмне үчүн анын сындагандардын сөздөрү негизсиз болгон? б) Жетекчиликти колго алгандарга кандай карашыбыз керек?

6 Элчи Пабыл Кичи Азияда жана Европада Падышалык жөнүндөгү кабарды жигердүү таратып, көптөгөн жыйналыштарды уюштурган жана аларга кайра барган. Бир жолу ага жазгандарынын чындык экенин баса белгилеш үчүн атүгүл карганууга туура келген (Гал. 1:20). Корунттагы айрым ишенимдештери аны айткан сөзүнө турбайт деп айыпташканда, ал өзүн коргоп: «Кудай ишенимдүү болгондой эле, биз да силерге „ооба“ деп, кайра ошол эле учурда „жок“ дебейбиз»,— деп жазган (2 Кор. 1:18). Пабыл бул сөздөрдү Эфестен Корунтка баратып, орто жолдон Македонияга кайрылганда жазган. Алгач ал Македонияга барганга чейин Корунтка барууну пландаштырган болчу (2 Кор. 1:15, 16). Бирок ага планын өзгөртүүгө туура келген. Азыркы учурда деле кээде кыдыруучу көзөмөлчүлөргө пландарын өзгөртүүгө туура келет. Андай өзгөрүүлөр анча маанилүү эмес иштерден же жеке кызыкчылыктардан улам эмес, күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгондо жасалат. Пабыл Корунттагы жыйналыштагылардын жыргалчылыгын көздөгөндүктөн ал жакка кийинчерээк барууну чечкен. Кандайча?

7 Корунтка барууну ойлонуштуруп койгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин, Пабыл Корунттагы ишенимдештеринин ынтымагы ыдырап, адеп-ахлаксыздыкка көз жумуп жатканын уккан (1 Кор. 1:11; 5:1). Көйгөйдү чечүү үчүн ал корунттуктарга биринчи катын жазып, олуттуу кеңеш берген. Анан Эфестен Корунтка дароо эле сүзүп барбастан, кийинчерээк барганда алар менен жолугушуусу кайраттандырарлык болушу үчүн, аларга кеңешин колдонууга убакыт берген. Аларга жолдогон экинчи катында планын өзгөрткөнү жөндүү болгонун түшүндүрүп: «Мен Кудайды өзүмө каршы күбөгө чакырам: силерди аягандыктан Корунтка ушу кезге чейин барган жокмун»,— деп жазган (2 Кор. 1:23). Биз эч качан Пабылды сындаган сынчылардай болбойлу, тескерисинче, арабызда жетекчиликти колго алгандарды терең урматтайлы. Пабыл Машаяктан үлгү алгандай, биз да Пабылдан үлгү алалы (1 Кор. 11:1; Евр. 13:7).

БАШКАЛАРДЫН ҮЛГҮСҮ

8. Ребека бизге кандай үлгү калтырган?

8 «Барам» (Башт. 24:58). Бул сөз менен Ребека, энеси менен агасы андан Ыбрайым пайгамбардын уулу Ыскактын колуктусу болуш үчүн анын үйүнө барар-барбасын сураганда, барууга даяр экенин билдирген. Ага ошол эле күнү атасынын үйүнөн кетип, чоочун киши менен 800 километрден ашуун жол жүрүүгө туура келмек (Башт. 24:50—58). Бирок Ребеканын «ооба» дегени «ообаны» билдирген. Ал Ыскакка Кудайдан корккон жакшы аял болуп берген жана өмүрүнүн акырына чейин Кудай убада кылган жерде келгин катары көчүп-конуп, чатырда жашаган. Ребека сөзүнө турганы үчүн убада кылынган Тукумдун, Иса Машаяктын, чоң энелеринен болуу сыймыгына ээ болгон (Евр. 11:9, 13).

9. Рут сөзүнө турган деп эмне үчүн айта алабыз?

9 «Жок, биз сиз менен бирге сиздин элиңизге барабыз» (Рут 1:10). Бул сөздөрдү мааптык жесир келиндер Рут менен Орпа Мааптан мекени Бетлехемге кайтып бараткан жалгыз бой кайненеси Наамиге айтышкан. Орпа кайненесинин айтканына көнүп, өз жерине кайткан. Ал эми Руттун «жок» дегени «жокту» билдирген. (Оку: Рут 1:16, 17.) Ал тууган-туушкандарын жана мааптыктардын жалган динин таштап, Наами менен жөнөп кеткен. Ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага сыйынган жана зор сыймыкка ээ болгон: Машаяктын Матай китебинде жазылган санжырасына кирген беш аялдын бири болгон (Мт. 1:1, 3, 5, 6, 16).

10. Эмне үчүн Ышая пайгамбар биз үчүн мыкты үлгү?

10 «Мен барам! Мени жибер» (Ыш. 6:8). Бул сөздөрдү айтканга чейин Ышая пайгамбар аян аркылуу Жахабанын Ысрайылдагы ибадаткананын үстүндө тактыда отурганын көргөн жана анын: «Кимди жиберсем? Биз үчүн ким барат?» — деп айтканын уккан. Муну менен Жахаба кимдир бирөөнү өкүлү катары тоң моюн элине өзүнүн кабарын жеткирүүгө жибергиси келерин билдирген болчу. Ышая сөзүнө туруп, «ооба» дегени «ообаны» билдирерин айгинелеген. Ал 46 жылдан ашуун убакыт бою Кудайдын пайгамбары катары кызмат кылып, анын өкүмдөрүн жана чыныгы сыйынуунун кайра калыбына келери жөнүндөгү сонун убадаларын жарыялаган.

11. а) Сөзүбүзгө туруу канчалык маанилүү? б) Бизге эскертүү болуш үчүн Ыйык Китепке кимдер тууралуу жазылган?

11 Эмне себептен Жахаба өзүнүн Сөзүнө жогорудагы кишилердин үлгүсүн жаздырып койгон? «Ооба» дегенибиз «ообаны» билдириши канчалык маанилүү? Ыйык Китепте «сөзүнө турбагандар» «өлүүгө тийиш» болгон адамдардын катарында саналып өтөт (Рим. 1:31, 32). Анда Мисир фараону, Жүйүт падышасы Ситкия жана Анания менен Сафира «ооба» дегени «ообаны» билдирбеген адамдар катары сыпатталат. Алар сөзүнө турбагандыктан каргашага кабылышкан жана алар жөнүндө бизге эскертүү болуш үчүн жазылган (Чыг. 9:27, 28, 34, 35; Жез. 17:13—15, 19, 20; Элч. 5:1—10).

12. Сөзүбүзгө турууга эмне жардам берет?

12 Биз акыркы күндөрдө «ишенимсиз», «Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдардын» арасында жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Андай адамдардан мүмкүн болушунча алыс болушубуз керек. Тескерисинче, «ооба» дегени «ообаны» билдирген адамдар менен чогулуп турушубуз зарыл (Евр. 10:24, 25).

«ООБА» ДЕП БЕРГЕН ЭҢ МААНИЛҮҮ УБАДАҢ

13. Машаяктын жолдоочусунун «ооба» деп берген эң маанилүү убадасы кайсы?

13 Адамдын Кудайга өзүн арнаганы анын жашоосундагы «ооба» деп берген эң маанилүү убадасы болуп эсептелет. Исанын жолдоочусу болуу максатында өзүнөн баш тартууну каалагандар өзгөчө үч учурда «ооба» деп жооп беришет (Мт. 16:24). Эки аксакал чөмүлтүлбөгөн жарчы болууну каалаган киши менен маектешип жатканда андан: «Жахабанын Күбөсү болууну чындап каалайсыңбы?» — деп сурашат. Дагы убакыттын өтүшү менен ал рухий жактан ийгиликтерди жасап, чөмүлүүнү чечкенде, аксакалдар аны менен сүйлөшүп: «Тиленүү аркылуу өзүңдү Жахабага арнадыңбы?» — деп сурашат. Акыры, чөмүлтүлөр күнү ар бир талапкерге: «Иса Машаяктын курмандыгынын негизинде күнөөлөрүң үчүн өкүнүп, Жахабага анын эркин аткаруу үчүн өзүңдү арнадыңбы?» — деген суроо берилет. Ошондо алар эл алдында «ооба» деп жооп берип, түбөлүккө Кудайга кызмат кылгысы келерин көрсөтүшөт.

14. Мезгил-мезгили менен өзүбүздү кантип текшерип турушубуз керек?

14 Жаңы чөмүлдүңбү же Кудайга ондогон жылдардан бери кызмат кылып келатасыңбы, мезгил-мезгили менен: «Иса Машаякты туурап, жашоомдогу „ооба“ деп берген эң маанилүү убадама туруп жатамбы? Машаякка баш ийип, жашоомдо кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин алдыңкы орунга коюп жатамбы?» — деген сыяктуу суроолордун жардамы менен өзүңдү текшерип турушуң кажет. (Оку: 2 Корунттуктар 13:5.)

15. Кайсы жактардан «ооба» дегенибиз «ообаны» билдириши маанилүү?

15 Арналганда берген убадабызга бек туруу өз ичине башка маанилүү нерселерде да ишенимдүү болууну камтыйт. Мисал үчүн, өмүрлүк жарың барбы? Анда аны дайыма сүйөм, ардактайм деген убадаңды эч качан унутпа. Кайсы бир иш боюнча келишимге кол койдуңбу же кайсы бир теократиялык кызматка арыз толтурдуңбу? Анда эмнени убада кылсаң, ошону аткар. Жакырыраак турган кимдир бирөө сени конокко чакырдыбы? Андан кийин башка жакка чакырылып калсаң жана ал жак жакшыраактай көрүнсө да, биринчи чакырган кишиникине барбай койбо. Же үймө-үй кабар айтып жүрүп кимдир бирөөгө кайра келүүгө сөз берип койдуңбу? Анда «ооба» дегениң «ооба» болушу үчүн бүт күчүңдү жумша. Ошондо Жахаба кызматыңа батасын берет. (Оку: Лука 16:10.)

БАШКЫ ДИН КЫЗМАТЧЫБЫЗДЫН ЖАНА ПАДЫШАБЫЗДЫН ЖАРДАМЫ

16. Сөзүбүзгө тура албай калсак, эмне кылышыбыз керек?

16 Жеткилеңсиз болгондуктан, Ыйык Китепте айтылгандай, «баарыбыз тең көп жаңылабыз», өзгөчө, тилибизден жаңылабыз (Жкп. 3:2). Анда сөзүбүзгө тура албай калсак, эмне кылсак болот? Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында «ойлонбой туруп ант берип» койгон кишиге жардам боло турган чара караштырылган (Леб. 5:4—7, 11). Бүгүнкү күндө да андай күнөө кетирип алгандар ошондой чарадан пайда ала алышат. Эгер күнөөлөрүбүздү мойнубузга алсак, Жахаба Башкы дин кызматчыбыз Иса Машаяк аркылуу аларды айкөлдүк менен кечирет (1 Жкн. 2:1, 2). Анткен менен Кудайдын ырайымынан ажырабаш үчүн өкүнгөнүбүздү иш жүзүндө көрсөтүп, кылган күнөөбүздү кайталабаганга жана ойлонбой сүйлөп алгандын аркасында келтирилген зыяндын ордун толтурганга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Накыл 6:2, 3). Бирок, албетте, аткара албай турган убада бергенден көрө алдын ала кылдат ойлонгон алда канча жакшы. (Оку: Насаатчы 5:2.)

17, 18. «Ооба» дегени «ообаны» билдиргендердин баарын кандай келечек күтүп турат?

17 Жахабага ишенимдүү кызмат кылып, «ооба» дегени «ообаны» билдириши үчүн, бүт күчүн жумшап жаткандардын баарын кандай сонун келечек күтүп турат! Машаяктын 144000 майланган жолдоочусу асманда өлбөстүккө ээ болот жана «Машаяк менен 1000 жыл падышалык кылат» (Аян 20:6). Ал эми миллиондогон адамдар Машаяктын Падышалыгынын бийлиги астында бейишке айланган жерде жашашат. Ошондо алар жеткилең ден соолукка жана акыл-эске ээ болушат (Аян 21:3—5).

18 Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун соңунда боло турган сыноодон ийгиликтүү өтсөк, андан кийин бизде эч качан бирөөнүн сөзүнүн чындыгына шектенүүгө негиз болбойт (Аян 20:7—10). Баарынын «ооба» дегени «ообаны», «жок» дегени «жокту» билдирет. Анткени ар бир киши мээримдүү Кудайга, «чындыктын Кудайы» Жахабага, абдан окшош болот (Заб. 31:5).